Көзү ачыктын, сөзү ачыкпы?

Дилдара БУЛАРКЕЕВА, табып, көзү ачык:
"Саясатчылардын бешөө окко учат"
- Дилдара эже, Кыргызстандын шайлоого чейинки келечеги кандай болот. Президент ким болот деп ойлойсуз?
- 7-апрелдеги окуядан бери тынчтык болбой жатат? Кара кийингендердин жүрөгүндөгү армандары, ызалары кете элек. Бир жагынан жерлерди басып алып жатышпайбы. Жакында эле Ош базарында Ош, Жалалабат болуп 10-20 аял уюшуп алып эки-экиден урушуп кетишти. Бул стабилдүү болбой жатканын айгинелеп жатат. Айланадагы ызы-чууларды көрүп, ар кандай адамдардын сөзүн угуп жүрөгүм аябай ооруду. Кыргызстандын келечеги буюрса жакшы болот.
Бизде 5 миллионго жетпеген калк бар. Эгер түндүк-түштүк болуп бөлүнө берсек Кыргызстанды жоготуп алабыз. Бөлүндүк дейли, түштүктү Тажикстан, Өзбекстан курчап турат, алар кысым таштайт дагы жерди басып алышат. Түндүктү Кытай менен Казакстан басат да, биз маданиятыбызды, динибизди, улутубузду жоготкондон башка эч кандай пайда таппайбыз. Башка мамлекеттер 80 эмес, 80 миң адамы өлсүн, дагы согушсун, биз буларды басып алалы деген гана ойдо.
Эми катар-катар шайлоо башталат. Бизди дагы бир сыноо күтүп турат. Өз-өзүнчө партия түзүп алгандары болбойт. Жаштарды биримдикке чакырышыбыз керек. Ал жакпайбы, аны деле алып түшөбүз, тигини деле алып түшөбүз деген карапайым элдин аң сезимине сиңип калды. Милиция мурдагыдай карама-каршы чыкпайт. Аларды элдик кылып түзүп коюшту. Бийлик талашуулар боло берсе согуш чыгып кетиши мүмүкүн. Ошон үчүн элди ынтымакка чакырышыбыз керек. Кыргызстан деген касиеттүү жер. Бизди кудай эле колдоп атат.
Ал эми болочок президент жөнүндө айтсам, мага Урмат Барыктабасов болуп турат. Бирок, дагы бирөө түшүп атат. Бул Россия тараптан келип калышы мүмкүн. Путин кийлигише турган болсо президент болушу толук ыктымал. Анткени, ал көп жылдан бери ал жакта жашап, Россиянын көп сырларын билет. Эгер Россия тараптан келе турган адам болсо, ал таза кыргыз эмес. Канында кандайдыр бир аралашма бар. Андайлардан карапайым эл чарчап калды. Ал президент болуп, туура эмес иштерди жасай турган болсо эл дагы көтөрүлөт. Ошондуктан карапайым элге нукура кыргыз келиш керек. Негизи элдин башына Урмат татыктуу. Ал келсе Кыргызстан оңолот.
- Убактылуу өкмөт канча жыл бийлейт?
- Убактылуу өкмөт 4 ай иштейт. Ич-ара өзүлөрүнүн ынтымагы ыдырап, эч нерсеге жетише албай жатышат Бир гана Отунбаева эле иштеп, ал жалгыз болгондой сезилүүдө. Эл буларды күттү, күтүүдөн чарчап калды. Булар деле Бакиевдердей турбайбы деп калышты. Булар деле Бакиевдердей болот. Убактылуу өкмөт кадр жактан каталык кетирип жатышат. Ошондуктан стуруктураны, кадрды өзгөртүш керек. Анткени баардыгын кадр чечет. Убактылуу өкмөт элди аралаган жок. Карапайым эл булар Акаевдин, Бакиедин учурунда иштеген адамдар деп ирээнжий башташты. Эл Бакиевден чарчаганынан буларды жактаган. Бирок, этиканы билбеген, жолдон адашкандар болуп жатпайбы. 1 айдан өтүп калды, эч кандай жылыш болгон жок. Депутат болуп жүргөндө Дамира Ниязалиева элди алдап медикоменттерди алып келген, министр кылып койгону туура эмес. Маданият министрине Момбековду алып келди. Ошол жерге Шерниязов татыктуу болчу. Момбеков жөнүндө мага аян келген. Бул Кыргызстанды башка жагынан өнүктүрмөк. Өзүнүн эле ордуна иштей берсе болмок. Бийликтин көп нерселерин түшүнбөйт. Энергетикага дары-дармек саткан жеке менчик "Неман" фирмасын жетектеген Артыкбаевди алпарып койгондору уят иш. "Ата Мекен", СДПК партиясы бийлик үчүн чуркап жатышат.
- Эже, биз белгилүү саясатчылардын эртеңкиси тууралуу сурайлы дедик эле. Алардын тагдыры кандай болот?
- Саясатчылардын арасынан 4-5ө окко учат. Булардын артынан кишилерди жалдап коюшкан. Бакиевдин кишилери өч алмайынча булар тынчышпайт.
Өмүрбек Текебаев Конституция менен алектенип жүрөт. Ага деле ар кандай сын айткандар көп. Ал деле мүмкүн болушунча биздин менталитетке туура келе турган иш жасайын деп жатат. Бирок, азыр жасап жаткан конституциясы ишке ашпайт. Элдин турмушуна туура келбейт. Текебаев канча жылдан бери оппозицияда жүрүп тажрыйба топтоду. Өзүнүн билгенин жасап жатканына жардам бергендер жок эмес. Конституция жазып жатам деп эле өзүнүн колун байлап алгансыйт.
Алмазбек Атамбаев деле кудай деген адам. Кыргыздын мындан кийинки жашоосу жакшы болсо экен деп аракет кылып атат. Бирок, анын аракети бир беттүү болбойт.
Темир Сариев мыкты адам. Кыргыздын казынасын байытайын, акчасына акча кошуп, экономикасын көтөрөйүн деген ойдо болуп жүрөт. Негедир Сариев жөнүндө толук маалымат бербей атат мага.
Урмат Барыктабасов ду Кыргызстанга киргизбей жатышат. Аны киргизсе эле президент болот. Эгерде аны киргизбесе эл көтөрүлүп, дагы революция чыгат. Анткени элди көтөрсө көтөрүлөт. Барыктабасов келип президент болсо, өзү эле Кыргызстанды багып алат эле. Мага ошол бала көрүнүп жатат. Урмат кыргыз үчүн күйөт. Алыста кыргыз элин сагынып жүрөт. Аны Кыргызстанда күткөн эл көп. Жомоктогу адамдай болуп Кыргызстанды азап-тозоктон коргоп алчудай сезилип атат. Ал келсе өзүнүн башы менен иштейт, эч кимдин сөзүн укпайт. Үйбүлөсүн деле саясатка аралаштырбайт. Элди багат. Кыргызстандын байлыгын албайт, чачпайт. Урмат президент болсо Кыргызстандагы кайырчылар деле жок болот. Ошол келет. Анткени аны эл күтүп атат.
Азимбек Бекназаров эски адам. Ага прокуратураны берип койду. Бирок, ал киши убагында Акаевди, Аксы тууралуу минтем-тигинтем деп айткан сөзүн аткара алган жок. Бакиевдерге издөө салып атам дегени менен, сөзү менен иши төп келбей жатат. Чындыкты айтып жатам деп эле жүрөт. Кандайдыр бир күчтөр муну алагды кылып атат. Кыргыз үчүн жүрөгү таза, мыйзамды мыкты билген киши да, кеңешип кескен бармак оорубайт деп, 2-3 адам менен кеңешүүдө. Кызматка деле умтулбайт. Партиясын жандандырып, чоң эмес орточо бийликте жүрөт. Акырындык менен саясаттан алыстап кетет. Айланасындагы адамдардын кылган ишине нааразы болуп атат.
Исмаил Исаков элдин башына келе турган адам. Барыктабасов келеби же башкасы келеби, элдин ынтымагы үчүн өзүнүн ордунда эле калат. Анткени акыйкат үчүн отуруп келди, ал жактын жашоосун дагы көрдү.
Роза Отунбаева нын башы аябай иштейт. Акылдуу, тажрыйбалуу кыргыз үчүн күйгөнадам. Өз өмүрү өлүмдүн алдында турса дагы, өлүмгө кайыл болуп, эркектер сүйлөбөгөн сөздү сүйлөп Бакиевдерди кетирди. Отунбаева болбогондо, Кыргыз эли Бакиевдердин эзүүсүндө жүрө бермек. Кыргыздын бактысына туулган аял. Эркектерден кем калбаган кыргыздын Курманжан даткасы, Каныкей энеси болуп калды окшойт. Анын сөзүн эч ким укпай жатат. Калп эле угумуш болуп, тигиндей чыккандан кийин өз билгенин жасап жатышат. Азыр бийликтен кетип калгысы келет. Опурталдуу ишти таштай албай, башаламандык болуп кетпесин деп турат. Жүрөгү ар дайым кыргыз деп согот. Өкмөт башында эл үчүн иштейт. Жолу ачык, сырткы күчтөрдүн касиети колдоп турат. Кийин кандайдыр бир убакта башка мамлекетке кетет. Дүйнө эли буга суктанып турган кези. Мисалы: Украина, Америка Роза Отунбаева укмуш экен деп, күчүнө, энергиясына суктанып таң калып атат. Президент болуп деле калмак, бирок ага жутунбайт. Ага бир гана кыргыздын өнүп-өсүүсү керек.
Айзада
ЖЕҢИШБЕК кызы