Дилазык

Саи Бабага сапар
Лариса Асанбекова. академик, парапсихолог
Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапарым" аттуу макаласын сандан-санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!


(Башы өткөн санда)
Мухаммед пайгамбардын мындан 14 кылым мурда Саи Бабанын жерге келээри тууралуу алдын ала айтуусу ушунчалык тактык менен келгени кимди болсо да кайдыгер калтырбайт. "Парашанти Нилоям" ашрамында бардык динге тиешелүү храмдар. мечит бар. Саи Баба мурунку жашоосунда Ширди Саи Баба аттуу мусулман дининдеги ыйык адам болгон экен. Ширди Саи Баба Индиянын түндүгүндө жайгашкан шаарда жашап, 1918- жылы дүйнөдөн өткөн..Ал өмүрүнүн акырында 8 жылдан кийин Индиянын түштүгүндө бир кичинекей айыл жергесинде төрөлүп, аты Сатья Саи Баба болоорун жана бүтпөй калган жердеги миссиясын улантаарын айтып кеткени өтө кызыктуу.Ал эми ар кайсы кылымда, ар кандай ыйык адамдардын Саи Баба жөнүндөгү алдын ала жазып калтырган так маалыматтары андан да кызыктуу. Буга мисалдар китептер, жада калса 5000 жыл мурдагы пальма жалбырагына жазылган кол жазмалар сакталып калган.
Индиянын Маркандея аттуу акылманы Пандавалар менен токойдо жүргөн жеринен ага, Вишну кудайдан аян келет. Ал аянда Калиюга (Кара күчтөр басымдуу болуп турган мезгил. Биз жашап жаткан заман Калиюга же өткөөл мезгил десек болот) мезгилинде Индиянын түштүгүндө Аватар (пайгамбар же кудайдын адам денесинде жерге келиши) төрөлөт. Ал адам жерде жашап өткөн бардык пайгамбарлардын сапатын өзүнө камтыган зор күч менен жаралат деген. Ал аватар эркинин күчтүүлүгүнөн кандай оору болбосун чагылгандан тез ылдамдыкта айыктырат.Ал мурунку жашоосунда Ширди Саи Баба болот.Ал адам жердеги адамзатты каралыктан тазалап, кара күчтөрдүн көбөйгөн мезгилинде адамзатты гана эмес, жер планетасын (кыямат кайымдан) кара күчтөрдөн сакташ үчүн жерге төрөлөт. Анын аты Сатья Саи Баба (Акыйкат, Чындык) болот. Сатья- Истина дегенди билдирет экен. Сатья Саи Баба жыргал жашоонун негиздөөчүсү болот. Кара күчтөр башкарган өткөөл мезгилди жеңгенден кийин "Золотой век" ( алтын кылым) келет. Анын эң жакшы көргөн ыйык күнү бейшемби (четверг) болот деп Сукханади аттуу ыйык китепте жазылса,Бригунади аттуу ыйык китепте Ал Путтапартиде кадимки адамдардай эле жашап, анын жашаган жери "Парашанти Нилоям" деп аталат дейт. Чындыгында эле Саи Бабанын Путтапартидеги ашрамынын аты "Парашанти Нилоям" деп аталат. Индияда Саи Бабанын башка шаарларда да ашрамдары бар экен.Эң негизгиси келе турган аватар Саи Баба буга чейинки пайгамбарлардын бардык жакшы сапаттары менен гана төрөлбөстөн, алардан да күчтүү касиетке ээ болуп, ар тараптуу жана көп кырлуу болот.Ал эркинин жардамы менен ойлоор замат ар кандай предметтер абадан колунда пайда болот. Денесинин ичинде пайда болгон предметтерди оозунан чыгарат.Ал кааласа адамдарды тирилтип,өмүрлөрүн узарта алат.Жетимиш жаштан өткөн мезгилде жер жүзүндө жашаган адамзаттын көбү Саи Бабаны тааный баштайт. (Саи Баба ноябрда 85 жашка чыгат) Ал жерде 95 жыл жашап, өмүрдөн кетээрине 20 жыл калганда жердеги королдордун королу болуп, дүйнөгө аты чыгат. (175 өлкөдө Саи Бабанын представительствосу бар) дейт Махабхарате ыйык китебинде. Ал эми Шука Нади Саи Баба жөнүндө жогоркулардын баарын айтып келип, ал бир эле убакта көп жерлерде пайда боло алат. Ал адамдарга жакшылык үчүн келет. Аны көргөн адамдар сөзсүз түрдө жакшылыктарга кабылып, тагдырлары өзгөрө баштайт.Ал адамды көргөндө кандай абалда болгондорун сөз менен жеткире алышпайт. Аны ар ким өз денеси менен сезип билүү керек. (Чындыгында эле Саи Бабанын даршанында сезгенди сөз менен жеткирүү кыйын, керек болсо кантип жеткирээрди билбей турам) Ал адам мезгил мезгили менен жерге келген ар кандай каралыктарды өзүнө кабыл алуу менен адамзатты жана жер планетасын сактап калууга жөндөмдүү. Ал жерге келген кырсыктарды өзүнө алган кезде өзүнө суу чачып жиберип айыгып кетет.Саи Баба 8 күн комада жатып, денеси кыймылдабай калганда өзүнө суу чачып жиберип, ошол замат туруп кеткен экен
(Уландысы кийинки санда)




 "Ордо" жөнүндө орчундуу ойлор

ТҮРКИСТАНГА ЗИЯРАТКА БАРУУ
Казак эли Ата жолу аркылуу элдердин жан дүйнөсүн агартып келаткандарына 14 жылдан ашканданбы же казактын эл башчыларынын да ушул ак жолго ишенгендериненби айтор, Казакстандагы мазарларга жогорку деңгээлде көңүл бурулганы бир көргөндө эле сезилет.Таптаза, айлана тегереги гүл бакча. Канча кылым өткөндүгүнө карабай бардык мазарлар эми гана жаңы тургузгандай. Миңдеген адамдар тынбай сыйынып келип тургандыктан энергиясы да күчтүү. Нурсултан Назарбаев өзү көмөк көрсөтүп турат дешти. Өзүнүн да жетинчиби же канчанчы атасы экени эсимде калбай калды, Назарбаевдин аталарынын мазарына бардык. Нурсултан Абишевич мазарларга жардам гана бербестен, кез-кез Аталардан бата алып, жан дүйнөсүн агартып турат экен. Эх, биздин эл бийлеген мырзаларыбыздын жан дүйнөнү агартуу ойлоруна келээр бекен? Казакстан элинин бир топ жакшы жашоолорунун себеби, жан дүйнө тазалыгына да байланыштуу десек жаңылышпайбыз.Элибизде "арбак ыраазы болбой, тирүүгө жакшылык келбейт" дейт эмеспи. Ташка деле күндө дуба окуй берсе ал ыйык ташка айланат (энергиясы күчтүү болот) Бизде деле канча ыйык мазарлар, ыйык жерлер бар.Бирок, барктап баалаган, өкмөттүн деңгээлине көтөргөндөр аз.15- кылымда пайда болгон казактар тээ 3-7-10-кылымдагы атактууларды казактын аталары кылып алгандары ойлондурбай койбойт.Эмнеси болсо да "казактар азаматсыңар!" дегенден башка эмне дейбиз. Кайдыгерлигибизден Манасты деле тарттырып жибере жаздап жатпайбызбы...
200 дөй зыяратчылардын арасында ар кандай пенделер бар.Бири көп жылдан бери жан кейиткен оорудан арыла албай акыркы үмүт менен келгендер болсо, көбү жараткандын берген касиетин кастарлай албай ар кандай кудайдын сынагына кабылып, жол издегендер. Бир топ адамдар жин шайтан, кара жинге кабылып, өздөрүн башкара албай эс-акылдары ордунда болбой калгандар болсо, кээ бирлери кара жиндер башкарган ичкилик, баңгизат, кумардын кучагынан чыкпай калгандар. Ар кандай тагдырлар, ар кандай адамдар...Жаштары да ар кыл. Кичинекей балдардан улгайган адамдарга чейин. Биз түшкөн автобус ар дайым жолубуз шыр болуп, бардык жерге биринчи келип, башка автобустар келгенче күтүп калып жаттык. Өзгөчө бир автобус жолдон тез- тез бузулуп, көп убара тартышты. Бул дагы жөн жерден эмес, "подобное притягивает подобное" деген космостун мыйзамынын негизинде ал автобуска кара энергиясы көп, оорулуу адамдар көбүрөөк экен.Биринчи күнү Башкирядан келген бир жин оорулуу жигитти карындашы менен атасы эки жагынан жетелеп, ал буттарын сүйрөп баспай жакындарын кыйнап ар кандай алакетке салса, эки күндөн кийин кадимкидей жакшы боло баштады. Көз караштары да оңолуп, сөгүнгөндөрү азайып калды. Биринчи күнкү батадан кийин мага казактын пенделери ар кандай суроолор менен кайрылып жатышты. Ал эми казактын аккуулары да эмнегедир мага жакшы мамиле жасап, мени эзелтеден тааныгандай, менин парапсихология менен алакетенгенимди билишкендей "Сиз билесиз да" дегендери мени таң калтырды. Казакттардын чыгарган баталарын жакшы түшүнбөгөндүктөн диктофонго жаздырып, Бишкектин ордосуна келгенде казакчаны жакшы билгендерден сурап маанисин түшүнгөндө гана казак аккуларынын мага жасаган жакшы мамилесинин себебин түшүндүм. Көрсө Аталар касиетимди көп жылдан бери кастарлап, элге жардам берип жүргөнүмө ыраазы болушуп, мага бийик баа берип кетишкен экен. Мени, касиетимди бийик баалаган Аталарга мен да ыраазымын. Жана мага касиет берип мени коштоп жүргөн жогорку күчтөргө чексиз ыраазымын. Мен жеткен бийиктик, мен жеңген жеңиштер силердин гана колдооңор менен экенин ар дайым сезем. Жамандыктан коргоп, жакшылыкка жолдоп, жаа жанаштырып, жамандардан адаштырып, ар дайым мага жардам берип келаткан Жогорку күчтөргө жана жаратканга башымды ийип таазим этем.
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова