Улуу Жеңишти утурлай

Зоя Тюмеева:
"Өкмөт берген 500 сомду кайрып берем!"
Согуш. Кулакка кандай суук угулат. Биздин бакубат жашоо үчүн кан төккөн аталарга, энелерге кандай алкыш айтсак да аздык кылаар. Арабыздан суюлуп бара жаткан ардагерлерибиздин арасын Тюмеева Зоя Муратовна да толуктайт. Дал ушул кандуу согушту баштан кечирген Зоя апа дайым бул күндү көз жаш менен эскерет. Биз да ошол күндү эскерүү менен Зоя апаны кепке тарттык.

Карт тарыхтын күбөсү
- Сабанчиевдин; "Балкарцы: выселение и возращение" аттуу китебин алгач окуганда ыйлагам. Себеби мында биздин бүтүндөй тарыхыбыз камтылыптыр. Ошол тарыхка өзүң күбө болуп, башыңдан өткөрсөң жүрөгүңдө чоң кара так болуп калат экен. Мен 1944-жылы Кыргызстанга келгем. Анда бизди саясий куугунтукка алып, Болгариядан бул жакка 15 вагон адам чыкканбыз, жолдо бир топ адам кырылды. Жаш кыздардын эркектерден уялып, даарат ушата албай, өлгөндөрү көз алдымда. Апам абдан акылдуу киши экен. Анда мен 15 жаштагы кызмын. Жанымда кичүү сиңдим жана иним бар. Апам болсо далдоо жерге мени чакырып, эркектерден тосуп "турган боюнча даарат ушат"- деди, андан соң ал жерди чүпөрөк менен тазалады. Мени менен кошо эки бөбөгүмдү ошентип аман алып келген. Жолдо келе жатканда маска кийген автоматчан кишилер токтотуп, өлгөндөрдү поездден ыргытып салышты.
Пишпекке алып келип таштады, 3 күн эч нерсе жок талаада жашаганбыз. Анан ар кандай унаалар менен адамдар келишип, жумушчу күчтөрдү тандап кетип жатышты. Үч баласы менен аял кимге керек? Биз жана бизге окшогондордон көп калдык, жумушка жарамдууларын тандап кетишти. Кантка бараткан жакта "Красный партизан" деген айыл бар, бизди ошол жерге алып барышты. Менин билишимче болгарлыктарды ар бир үйгө таратыптыр. Бизди бир кыргыз киши алды.. Ал киши бирөө менен сүйлөшүп калды, мен болсо апамдан сурап жатпайынбы "эмнеге бул киши биздин тилде сүйлөп жатат" деп. Көрсө, кыргыз тили болгар тилине окшош экен. Мен ал кишиге азыркыга чейин ыраазы болом. Өзүнүн үч баласын, анан да бизди бөлбөстөн Дмитревкадагы "балдар үйүнө" алып келип таштап кетти. Менин оюмча ал киши көрүнүктүү киши болсо керек, мүмкүн партиянын мүчөсү болгондур. Ошол кездеги "балдар үйүндөгү" чоңураак балдарды Чоң Чүй Каналын казууга мажбурлашчу. Каналды го биз казчубуз, бирок сыйлыктарды алар алышчу. Ошол убакта мени комсомол уюмуна болгар болгондугум үчүн кабыл албай коюшкан.

Кандуу согуштан кара так
- Согуштан кийин кыйын күндөрдү баштан кечирдик. Сиңдим катуу ооруп, ооруканага жатып калды, дарыгерлер жалаң гана сүт менен тамактансын деди. Мен бир эски кружканы алып жууп тазалап, ошол тегеректеги ар бир үйдөн сүт сурачумун. Кийин сиңдим жакшы болуп кетти. Сиңдим азыр да ошол кружканы үйүндө сактайт. "Бул кружка менин тарыхымдын бир көз ирмеми"- деп эскерип калат. Азыр ал үй- бүлөсү менен Өзбекстанда жашайт. Мен болсо, 1954-жылы турмушка чыктым. 1955-жылы төрөдүм. Азыр эки неберем бар. Кудайга шүгүр, аз болсо да акылдуу балдарды өстүрдүм

Пенсиям салыктан ашпайт
- Өкмөт компенсация катары 1500 сом берет, пенсиям 3080дин тегереги. Бул акча мен каалагандай жашоого жетпейт. Балдарым кудайга шүгүр жакшы чыкты, мени эч нерседен кем кылышпайт. Батирге айына келген салыктын акчасы үч миңдин тегереги. Алган пенсиям ушуга эле кетет. Менин жолдошум согуштун ардагери, 2-топтогу майып болчу. Ага 1000 сом беришчү, кийин аны да алып салышты. Өткөндө өкмөт Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда кече өткөзүп, 65 жылдыкка карата орден, медалдарды беришти, эмнегедир мага берилген жок. Мен эмне медалга татыктуу эмесминби? Өз кезегинде 5жыл кызыл желекти башкаларга берген эмесмин, эмгегим бар. Мага конвертке салып 500 сом беришти. Мунун кереги жок, "чындык мен үчүн эң бийик сыйлык", мен бул конвертти ачпастан, кайра өкмөткө алып барып берем.Кыргызстан менин экинчи мекеним. Кыргызстанга жүрөгүм ак! Кыргыздар мени абдан сыйлашат. Кыргызча жакшы эле билем. Пенсияга чыккан соң, Политехникалык окуу жайда буфетте иштегем. Азыр көчөдө баратсаң "саламатсызбы апа" деп учурашкандар көп. Мага Союз мезгилиндеги өкмөт эмгегим үчүн "Ветеран труда", "Тридцать лет победы", "Победитель соц.соревнования" деген ордендерди ыйгарышкан. Мага окшогон саясий куугунтукка алынган жарандарга мамлекет тарабынан бир катар жеңилдиктер каралганы мыйзам тартибинде гана жазылып, иш жүзүнө ашпай жатканы менин зээнимди кейитет.
Чындыгында, биздин ата-мекенди коргоп келген мындай ардагерлерибиз саналуу гана болуп калды. Биз бул адамдарга кызмат көрсөтүп, баш ийип таазим этип, ыраазычылыгыбызды билдирүүгө милдеттүүбүз. Жаңы өкмөт ушундай ардагерлерге көңүл буруп, камкордукка алса дейбиз.

Мээрим Айталиева





  Документиң барбы, жаран?

Дүйшүн Сатыбалдиев, КРнын калкты каттоо департаментинин директору:
" 74 кишиге бекер паспорт берилет"
- Дүйшүн Туйбасович, Бакиев бийлиги коррупцияга малынып кеткен эле, ошол себептен элге паспорт жетпей тоскоолдуктар болгон. Айтсаңыз, кыргыз жарандарына канча паспорт жетпейт экен?
- Мынча паспорт жетпейт деп айтыш кыйын. Анткени, мисалы, бир жаран өздүк паспортун жоготуп алып, айтпай жүрө берсе, биз билбейбиз да. Ошол себептен кыргыз жарандарына канча паспорт жетишпейт айта албайм. Жакындатып айтканда 20 пайыз жетпейт. Быйыл Кыргызстан боюнча 63 миң 121 бүтүрүүчү паспорт алышты. Менин бул кызматка келгениме эки жума болду. Байкашымча паспорт аябай көйгөйлүү маселе экен. Арыз-муң айткандар, чалгандар көп. Баарын өз деңгээлинде карап жатабыз.
- Паспорт алыш үчүн канча акча керектелет? Дегеним, көпчүлүк кандай паспортту канча каражатка аларын биле беришпейт.
- Тез аранын ичинде жасала турган чет жакка чыгуучу паспорттор Бишкек, Сокулук, Ош, Жалалабатта гана жасалат. 2 күндө жасала турганы 6 миң171 сом турат. 4 күндө жасалганы 5 миң 249 сом. 8 күндүгү 4миң 328 сом турат. Кыргыз Республикасынын жарандык (ID карт) паспорту 2 күндүгү 3 миң 155 сом, 4 күндүгү 2 миң 848 сом, 8 күндүгү 2 миң 540 сом турат. Ал эми ушу эки паспортту бир айдын ичинде ала турган болсо, 700 сом төлөнөт. Эгер өздүк (ID карт) паспортун гана алам десе 170 сом турат.
- Паспорт алалбай атам деп, көйгөй айткан жарандар көп. Эмне үчүн паспорттор узак мөөнөткө чейин кармалып калат?
- Андай учурлар көп кездешет. Бирок, узак мөөнөттө кармалып калганына жарандар өздөрү күнөөлүү болушат. Көпчүлүк учурда даярдап келген документтери туура эмес болуп, кайрадан толуктап, тактап келгени жиберебиз. Анын үстүнө 6-7 справка чогултуш керек. Ошол себептен узак мөөнөттө жасалып жатат.
- Кечээки 7-апрелдеги окуяда курман болгондордун жана жарат алгандардын көбүнүн паспорту болгон эмес дешет. Ушул максатта сиздер кандай иш жасап жатасыңар?
- 7-апрель күнү жарат алгандардын ичинен өздүк паспорту жок 74 киши катталды. Алардын ичинен тез арада чет өлкөгө дарыланууга кете турган үч кишиге бекер чет элдик паспорт жасап бердик. 17 жарат алган Бишкек шаарынын тургундарына өздүк паспорт жасап колдоруна тапшырылды. Чүй өрөөнү боюнча 6 кишиге, Оштон 10 кишиге бекер өздүк паспорт жасап бердик. Анын ичинен 15 киши ар кандай себептер менен керектүү документтери жок болгондугуна байланыштуу азырынча жасала элек.
- Мындан беш жыл мурун өлкө ичинде да, чет жакка чыкканда да бир эле паспорт менен жүрчүбүз. Бүгүнкү күндө эки паспорт менен жүрөбүз. Дагы өзгөрүп кетиши мүмкүнбү?
- Эки паспорт көтөргөндүн дагы өзүнчө кыйынчылыктары бар. Мурда бир паспорт менен жүргөндө жоготуулар аз эле. Азыр Кыргыз Республикасынын жарандык (ID карт) паспорту кичинекей болгондуктанбы, тез жоготуп алышат экен. Ал эми, дагы башкача паспорттор чыгат деп азырынча айта албайм.
- Алдамчыларга алданып, жасалма паспорт менен кармалгандар кездешеби?
- 1994-жылы чыккан паспорттордо көп кездешчү. Жаңы чыккан паспорттордо кездеше элек.
Жамал КАНЫБЕКОВА


.