Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Келгиле биригели

Кыргыз деп аткан таңым бар,
Кыргыз деп аккан каным бар

Өткөндү эстеп турам. 2005-жыл 24-март... 2010-жыл 7-апрель... Кыргыздын башына түшкөн кыйын кырдаал. Ушундайда эстейт экенсиң Ата Журтту. Ушундайда эстейт экенсиң элиңди. Мекениңди байманасы ашкан кезде сүйүш анчалык кыйын иш эмес. Манас атабыз да чачылганды жыйнаш үчүн керек болгон. Бакай бабабыз оор кезеңде кыргыз ойрон болуп кетпеш үчүн омоктуу ой айтып, акыл калчап туруш үчүн керек болгон. Кырк чоро кыргызды кыргындан сакташ үчүн куралган. Бүгүн да чачылганды жыйнаган, омоктуу ой айткан, кыргындан сактап калган эр азаматтар керек. Бүгүндү жашап жатып эртеңкиге кам көрүш керек экен. А келечек жаштардыкы...
Бийлик талашкан бир ууч топ борбор шаарды талоончуларга талатып, элдин көз жашын агызып тынышты. Кылгылыкты кылган Бакиев кылы кыйшайбай качып кетти. Убактылуу өкмөт Бакиевдин бийликти таштап кеткенине корстон болуп, кызмат бөлүштүрүү менен убара. Бийликке жалаң "жаныжоктор" келет деген чын белем. Баягы Акаев, Бакиев кадрлары дагы бийликте. Борбор калаанын чет жагында жер талаш токтой элек. Бакиевдин жактоочулары кайрадан бириге баштады. Тартип жок. Парламенттик башкаруу кылабыз деп атышат. Сапатынан саны көп партияларга жан кире баштады. Баягы эле эскилер. Жаңы эч нерсе жок. Калың калк жаңылыкты, жаңы, таза кадрларды бийликтен көргүбүз келет дейт.
Андайды кайдан табабыз? "Кайда барба мамайдын көрү" дегендей, Акаевдин, Бакиевдин тушунда колтугуна кирип, этегинен эңилип барып өөп турган, алар бийликтен куулган соң "акмак эле" деп ашата сөгүп 180 градуска бурулган эки жүздүү, саткынчы немелер азыркы бийликтин жамбашына чап кенедей жабышып, далайлары кызмат алышты. "Уялбагандан өзүң уял" деген ушул. Мындан арылуунун жолу барбы? Бар. Мыйзам чегинде бийлике келүү. "Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба"-дейт кыргыз. Акаевди кууп Бакиев бийликке келди эле аягы эмне болду? Бир үй-бүлөлүү карышкырдан арылабыз деп атып, бир топ үй-бүлөлүү карышкырга жем боло жаздадык. Эмкиси кандай болот? Булар да бийлик даамын таткан эскилер. Балким, революцияны биз кылдык деп төш кагар. Бакиев кылыгын оппозициядан мурда Кудай көтөралбады. Кыйналган эл башчысы жок эле кандайдыр бир күчтүн таасири менен Бакиевди кубалашты. Муну Манастын руху кыргызга эми келди дедик. Чындыгы ушундай. Манасты эстеген кыргыз эми көбөйдү. Эгер Кудайдан улукмун, Манастан бийикмин дегендер болсо, "революцияны мен жасадым" деп мактана берсин. Анда өткөн кандуу окуяда курман болгон 86 эр азаматтын өлүмүнө Бакиев менен бирге азыркы бийлик башчылары да себепкер экенин моюнга алуулары керек.
Өчөшкөндүн арты өкүнүч менен бүтөт. Бакиевдин өз көмөчүнө күл тарткан кара тилеги өзүнө кара түн болуп тийди. Акаевди айдап, андан бакыт издеген Бакиевдин тагдыры эмне болду? Бакиевди кулатып мындан манчыркайм дегендер болсо анын да эсеби эртең эле табылат. Бакиевди кулатуу үчүн Акаев жөн жатпагандай эле, бүгүнкүлөрдүн бийлигин жок кылуу үчүн Бакиев тынч албайт. Өз элин аткандан тайманбаган адамдан жакшылык күтүп болбойт. Эмне кылыш керек? Дипломатиялык жол издейли. Кыргыз илгертен эки тарап тирешип келсе калыстык кылып экөөнө тең жок деп, ортодон бий шайлап келишкен. Бүгүн ушундай учур.
Элди, өлкө келечегин, тынчтыкты ойлосок, анда Акаевди, Бакиевди сооротуш үчүн алдыдагы шайлоодо бийликке убактылуу өкмөт жетекчилерин эмес, этегине эрмешип калган тигинин, мунун кадры эмес, таза, жаш, билимдүү "кыргыз деп аткан таңы бар, кыргыз деп аккан каны бар" азаматтарды иргеп таап, шанс берүү керек. Андайлар четтен чыгат. Издеп көрбөйлүбү. Тамтыгы чыгып айрылганы калган "Эски картаны" адеп жүрө берип жададыңбы? Баягы өңдү көрүп, баягы ооздон кайталама сөз угуп тажадыңбы? Өлкөнү кайрадан тополоңго салгың келбейби? Кыргызстанды оңдоого жаңыча көз карашың барбы? Кыргызга чындап күйүп чыгаарга жол таппай турасыңбы?.. Ээ, досум суроо бергизе бербей келбейсиңби. Жооп издейли. Жолго чыгалы. Жол издейли. Балким Кыргызстандын келечек тагдырын оңдоо бактысы бизге буюргандыр. Экөөбүз бириксек төрттү, төртөөбүз бириксек көптү жыябыз. Алдыда шайлоо...
Жаңы күч, таза президент, таза парламент, таза коом үчүн биригип көрбөйлүбү? Эмне дейсиң? Сөз сенде...
Керим АЙДАРОВ




  Эски чокоюңарды эстегиле

ЭЛГЕ БИЙЛИК ЭМЕС, БИРИМДИК КЕРЕК
Кыргызда таамай айтылган сөз бар "Эшегине жараша тушагы" деген. Анын сыңары, "элдик" деп эдиреңдешкен утурумдук өкмөт өлкөдөгү абалды бүгүнкүгө чейин стабилдештирүүгө кудуреттери жетпей келет. Түндүктө жер басып алуучулук күчөп, улуттар аралык ынтымакка доо кетип жатса, ал эми түштүктө белгисиз адамдар ар бир үйгө, базарларга компакт дисктерди, баракчаларды жана канкор Курманбек Бакиевдин Белоруссиядан жолдогон дубай саламдарын таркатып Кыргызстанды бөлүү максатын көздөшүүдө.
Анда минтип айтылат: Анти-БЭК оппозиционный народный фронт к Временному правительству Кыргызской Республики.
Цели и деятельности:
1. Добиться приоритету во властных структурах представителей юга до 60% и севера до 40%
2. Создание на юге банковских и других финансовых структур в расчете до 60% от существующих в Кыргызской Республике
3. Рассмотреть создание не унитарного, а федерального государства в Кыргызской Республике в составе южно-кыргызской народно-демократической Республики и Северо-Кыргызской демократической Республики, где общими является армия, МЧС, денежная единица, защита прав человека и охрана государственных границ
4. В паспорте граждан Кыргызской Республики не указывать национальность, а указывать "Гражданин Кыргызской Республики" или же "Кыргызстанец"
Алакандай бир ууч кыргыз элин ушул өңдүү ыплас чакырыктар менен бөлүп жарууну көздөгөн журт бузар күчтөр күн санап өсүп барат. Мунун артында кимдер турат? Бакиевчилерби же болбосо дагы башка үчүнчү тараптарбы? Эмнеге муну иликтеп, күнөөкөрлөргө тийиштүү жазасын берүүнүн ордуна Кеңешбек Дүйшөбаев башында турган коопсуздук кызматы ооздоруна талкан толтуруп алышкандай үн катпайт? Деги Кеңешбек мырзанын бул кызматты ээлөөгө моралдык укугу барбы? Себеби, анын ким экенин мен айтпасам дагы калайык журт беш колдой жакшы билет десем жаңылышпайм.
Бакиевчилердин өлкөдөн чыгып кетүүсүнө, колго түшкөн Жаныш Бакиевди кетирип жиберишине да Кеңешбек Дүйшөбаев жол бергендигин кан какшап айтышып, ачарчылык жарыялаган курман болушкан эр азаматтардын жакындарынын утурумдук өкмөт башчы Роза Отунбаевага болгон кайрылууларынан да эч бир майнап чыккан жок. Бир бүдүр иш жазабаган Кеңешбек мырза, эмнеси менен убактылуу өкмөттүн сүймөнчүлүгүнө арзыды экен. Болбосо "Жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка чап" демекчи, Бакиевчилерди көз алдында качырып жиберип, түштөн кийин аларга издөө салымыш этип колго түшүрүүгө көмөктөшкөндөргө 20 миңден 100 миң америка долларына чейин сыйлык жарыялаганы утурумдук өкмөткө кадыр-барк алып келбеси бышык. Анткени мунун баарысы ууруну карма деп, ууру жүрөт дегендей эле кеп болууда.
Муну менен катар акыркы мезгилдерде эл арасында ыңкылапта курман болгондордун кыркынан кийин 17-майда дагы бир элдин толкундоосу болот деген имиш,кептер калкты дүрбөлөңгө салып келет. Аны иликтеген бир жан, бир орган жок. Баарысы эле укса да укмаксан, билсе да билмексен болушуп ийин куушурушат.
Мындан кем эмес орчундуу маселелердин бири бул Казакстан чек арасынын бүгүнкү күнгө чейин ачылбай жатышы. Натыйжада товар жүгүртүү эки эсеге төмөндөп, ал эми күйүүчү, майлоочу майларга болгон баалар асмандагандан асмандап барат. Мунун баарысы дыйкандардын жазгы талаа иштерине өзүнүн терс таасирин тийгизип келет.Утурумдук өкмөт мүчөлөрү Казакстандын жетекчилиги менен бир нече жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшпөсүн боордош казак туугандардын чек араны чептеп тосконуна караганда ал жакында ачылчудай эмес. Анткени, апрель окуясынан кийин Казакстандын да оппозициясы баш көтөрө баштаганы маалым.
Учурда утурумдук өкмөт бийлик бөлүшүү жана баш мыйзамды талкуулоо менен гана алектенип, мамлекетибиздин коопсуздугуна, бүтүндүгүнө доо келтирүү, өлкөдөгү кырдаалдан пайда көрүү максатын көздөгөн күчтөрдүн аракетине анчейин маани бербей жаткандай. Буга чейин жети ирет өзгөртүп толукталган баш мыйзамыбыз бул жолу канчалык деңгээлде туруктуу болорун мезгил көрсөтөр. Ошондуктан жети өлчөп бир кескен шарт. Болбосо эртең эле түн жамынып шампан аттырып шарактап бир түндө Конституциябызды жаңылаган учурлар да болбодубу. А-бу дегенибиз менен өлкөбүздө бекем тартип болбосо алтын тамгалап Конституция жазганың да, ээлеген кызматың да бир тыйынга арзыбай калары бышык. Ал тургай темир тор да бийликти элдин толкунунан сактай албасын өткөн апрель окуясы дагы бир ирет тастыктабадыбы.
Андыктан 7-апрель Шералынын чокоюн элестеткендей утурумдук бийликке ачуу сабак болушу зарыл.
Б.Кытайбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
6-май, 2009-ж.:
1-бет
Кеңешбек дүйшөбаев бакиевди кантип качырды?
2-бет
Бирбүркүм
3-бет
Келгиле биригели
4-бет
- Мурдагы шаар башчы Нариман Түлеевдин ишине кандай баа бересиз?
5-бет
Зоя Тюмеева:
"Өкмөт берген 500 сомду кайрып берем!"

6-бет
Билегиң күчтүү болсо бийликке келесиң
7-бет
Дилазык
8-бет
Ырчырайлуу келин
9-бет
Гавайини өрттөп, пешене терди "өкчөп" кетишти
10-бет
"Бакиевчилер вирусунан арылышыбыз керек…"
11-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

12-бет
Башыбыз байлыгыбыз же төртөөнө төлгө
13-бет
Изат Артыков,
Эл аралык спорттун чебери:
"Жеңиш оңой болгон жок"

14-бет
7-14-майга чейин
16-бет
Азат Болотбек, ырчы:
"Ырымды жандүйнөм менен жаратам"






а ­е¦Є.НҐй«