Тагдырдын тайгүлүк ташы

Өткөн сайын амандашып тур
Эс тутуму, алты саны аман турса да турмуштан каржалып, өксүк тагдырына наалыгандар четтен чыгат. Алар ак эмгек, бешене тер менен нан таап жегенди оор көрүшөт. Мындайлар жашоодогу чыныгы күч жетпеген тоскоолдуктарды багындырып жашап жаткан жарандын алдында албетте алсыз. Ал эми жашоо үчүн болгон күчүн жумшаган кандай жан десеңиз, колдорунун кыймылсыз экенине нааразы болбой, буту менен эмгектенген Төлөн мырза. Ал кыш мезгилинде жылуурак филармониянын жер өткөөлүндө буту менен сүрөт тартса, күн жылыганда ЦУМдун жер өткөөлүндө сүрөт тартып оокат табарын айтып берди.


- Саламатсызбы, дайыма ушул жерде олтурасызбы?
- Күн ысыганда бул жерде, кышында жылуурак филармониянын алдындагы жертөлөдө сүрөт тартам. Көк-Жарда иним келинчеги менен турат. Алар менен чогуу турам.
- Келинчегиңиз барбы?
- Болгон. Азыр жок. Айылда уулум бар. Ата-энем менен чогуу турат. Аты Муслим, окуусун бүтөйүн деп калды.
- Жубайыңыз кайда? Же төркүнүнө кетип калганбы?
- Ал балдар үйүнөн тарбия алган. Муслимдин апасы экөөбүз чогуу жашап жүргөн күндөрдүн биринде баламды ээрчитип, эжесинин үйүнө кетип калды. Ошол кеткен боюнча келбеди. Издеп жүрүп артынан барсам "барбайм" деп койду. Айтканына караганда менден тажап бүтсө керек. Жазыгым эмне экенин билбедим. Зарыга күтүп, үйүнөн такыр чыкпай койгондо айла жок үйгө келдим.
- Ошол боюнча артынан кайрылбадыңызбы?
- Экинчи жолу барганымда баламдын энеси каза болуп калыптыр. Өпкөсү ооручу, ошондон улам кайтыш болуп калды. Мындай болуп кетээрин күтпөгөн элем. Жарык дүйнө менен коштошконуна ишенип ишенбей, жалгыз калган баламды алып кайттым. Ал күндөрү жубайымдын кайтыш болгонуна катуу өкүнүп жүрдүм. Ким билет, жанымда болгондо жакшы болуп кетет беле.
Төлөн байке ар бир сөзүн сүйлөгөн сайын кабак башы жыйрыла калып, кекечтенип кыйналып жатты. Көөдөнүнүн түпкүрүндө сыртка чыга албай турган сырлары жүзүнөн байкалып турду.
- Сизге сүрөт тартып бер деп кайрылгандар болобу?
- Болот.
- Канча сомдон тартып бересиз?
- Элүү сом, жүз сом. Кээде андан көп акчаны беришет.
- Күнүнө канча акча табасыз?
- 400-500 сом. Ары-бери өткөн адамдар да сүрөт тартып отурганымды көрүп акча беришет.
- Сүрөт тартууну кимден үйрөндүңүз?
- Атамдан. Мага атайын көңүл бөлүп үйрөткөн эмес. Тарткан сүрөттөрүн карап отуруп үйрөнүп алгамын.
- Атаңыз сүрөтчүбү?
- Сүрөтчү, актер. "Айыл өкмөтү" тасмасына атам да тартылган.
- Атаңыздын аты ким?
- Мукаш Жумагулов.
- "Айыл Өкмөтү" тасмасындагы Мукаш Жумагуловбу?
- Туура таптың.
- Сүрөт тартканда музыка угуп тартасызбы?
- Ооба. Музыка укканды жакшы көрөм.
- Кайсы ырчылардын ырларын жактырып угасыз?
- Динара Акулова, "Кыз Бурак" тобундагы кыздарды.
- Магнитофонду өзүңүз коесузбу же бирөө жардам береби?
- Өзүм коюп, өзүм өчүрө алам. Бузулуп калса да өзүм оңдоп алам. Музыкасыз өзүмдү жалгыз сезип кетем. Ошондонбу күнү-түнү музыка угуудан такыр тажабайм.
- Магнитофон, сүрөттөрүңүз болуп эки чемодан экен. Күнүгө көтөрүп барып келүү кыйын эмеспи?
- Бирөөсүн бул жерге калтырамын. Ал эми экинчисин өзүм менен кошо дайыма үйгө алып кетем.
- Тапканыңыз өзүңүзгө жетеби?
- Өзүмө керектүүнүн баарын өзүм сатып алам. Чогулткан акчамды кээде балама да берем. Анткени мен балдарды жакшы көрөм. Бирок, жашоодо жалгыз күн кечирип, өмүр сүргөн кызыксыз. Жашоодо бирөөгө көз каранды болбой өз алдымча жашагым келет. Мени туура түшүнгөн аял болсо, түбөлүк бирге жашасам дейм.
- Үйлөнүү тууралуу оюңузду жакын туугандарыңыз билишеби?
- Баары билишет. Алар менин үйлөнүүмө каршы эмес. Тек гана мага ылайыктуу жар болушу керек.

P.S. Сүрөт тартууга керектүү шаймандарды алдына коюп, бутунун манжасына калемин кыстара изденүү менен тарткан ар бир сүрөтүн көргөн сайын ойго баттым. Үмүт - түнкү асман, жылдыздарды көзүң көргөн менен колуң жетпейт. Бирок, адам көз көрүп турган нерседен эч качан үмүтүн үзбөйт. Ошондуктан үмүтсүз жан болбойт, дейт акылман элибиз. Эгер адамдын турмуш жолунан үмүтү үзүлсө, анда жашоонун баркы, кадыры кетет.
Төлөн байке ары-бери өткөн кайрымдуу адамдарга жылмайып гана ыраазычылыгын билдирип жатты. Тагдырына наалыбай эртеңки күнүнө болгон үмүттүү көздөрү менен бизди узата коштошуп: "Өткөн сайын амандашып турбасаң таарынам" деп калды. Ооба, амандашуу адамдын ыйык парзы. Сөзсүз амандашам Төлөн байке.
Чынара Абдраева



  Балбанбилек

Изат Артыков,
Эл аралык спорттун чебери:
"Жеңиш оңой болгон жок"
Изатты Республика ичиндеги бир нече мелдештердин жеңүүчүсү катары тааныйм. Жакында Ташкент шаарында болуп өткөн Эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын коргоп III орунга ээ болуп келди. Өзү теңдүүлөрдүн арасында өжөрлүк мүнөзү менен айырмаланып турганын байкадым. Алдыда боло турган эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерге кызуу даярданып жүргөн жеринен сөзгө тартып, маектешип калдым.

- Оор атлетикага келип калганыңдын себеби эмнеде?
- 6 жашымда ата-энемдин суранычы менен оор атлетикага келгем. Ал жерде Эсен Майназаров агайга кайрылып, жоон топ менен кошо машыга баштадым. Мындай мелдештерге катышып жакшы ийгиликтерге жетишем деп ойлогон эмесмин.
- Демек, спортко келүүңө ата-энең көмөк берген турбайбы?
- Ооба, ата-энемдин өтүнүчүн аткардым. Эгер алар айтпаса спорт дүйнөсүнө аралашат белем же жокпу бир кудай билет. Анткени ал кезде спортко болгон кызыгуум азыркыдай эмес болчу.
- Жакында Ташкент шаарында болгон мелдеште III орунга ээ болгонуң жөнүндө айтсаң?
- Ал жакта Корея, Япония, Түркия, Өзбекстан, Кыргызстан мамлекеттеринин спортчулары болду. Атаандаштар аябай күчтүү экен. Жеңиш оңой болгон жок. Бул мелдеште Султан Молдодосов II орун, мен III орунга ээ болуп, кичине болсо да Кыргызстандын намысын коргоп, жакшы ийгиликтерге жетиштик.
- Негизи ийгиликтериңди эстеп жүрөсүңбү?
- Көп эле ийгиликтерге жетиштим. Бирок, эсимде жок, ушуну эсептебейт экем.
- Демек, алдыда боло турган чоң мелдештерге жолдомо алган турбайсыңбы?
- Ооба, анүстүнө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Үсөн Майназаров агайдын колуна өткөнүмө 3 жылдын жүзү болду. Мен үчүн чоң сыймык. Ал кишиден көптү үйрөнүп жатам. Жеңиштин үзүрү да ушунда. Эсен агайым да буга ыраазы.
- Кимди кумир тутасың?
- Каныбек Осмоналиевди кумир тутуп жүрөм. Ошол агайдай болуп Олимпиада чемпиону болгум келет.
- Стипендия аласыңбы?
- Азыркы убакта 5000 сом стипендия алам. Ушуга да шүгүр.
- Канча салмакка чейин көтөрөсүң?
- Учурда жулкуп 93 кг, ийинге коюп 160 килограммды көтөрөм.
- Алдыда боло турган мелдештерге кандай даярдык болуп жатат?
- Эң жакшы, болгон күчүбүздү жумшап, "Аракет кылсаң берекет" деп аракет кылып жүргөн учурубуз. Түркияда боло турган мелдешке даярданып жатабыз. Жакында жолго чыгабыз. Буюрса, Манас атабыз колдосо, дагы бир намыс алып келебиз деп турабыз.
Айзада ЖЕҢИШБЕК кызы