Алтысы күнү түзүлгөн алгачкы кыймыл

"Бакиевчилер вирусунан арылышыбыз керек…"
Элдик ыңкылаптан кийин түзүлгөн кыймылдардын саны күндөн-күнгө өсүп, миңден ашып олтурат. Албетте, ар бир кыймылдын максаты, келечекке койгон пландары бар. "Жөжөнү күздө санайбыз" деген таризде күтө туралы. Марага кимиси оозуп чыгарын убакыт аныктайт. Кандай болгон күндө да жалпы журтка ынтымак, биримдик керек эмеспи. Элди ынтымак биримдикке үндөгөн "Эл бийлиги үчүн" кыймылынын жетекчиси Үрүстөм Кабылбеков менен ой бөлүштүк.

- Алгачкы түзүлгөн кыймылдын башкы максаты эмнеде?
- Биздин кыймылдын максаты коомду кайра калыбына келтирип, шайлоого жакшы маанай менен баруу. Коом 6-апрель күнү түзүлүп, аракет көрө баштадык. Кан чыкпаса деген далалатты кылдык. Тилекке каршы кан чыгып кетти. Жакшы эмес иштер болду. Эми элибиздин кийинки жашоосун ойлошубуз керек. Бийликке булар келди, тигилер келди деген коомчулуктун ичинде карама-каршылыктар болуп жатат. Коом өзүн-өзү тазалай турган учурга келди. Кайсы бийликтин учурунда иштебесин жакшы иш жасаса мүмкүн сыйын алат. Балким туура эмес иштерди жасап келсе тиешелүү жазасын ала турган болушу керек. Мына ушундай учур келе жатат. Бирок, коомчулукту кайра-кайра дүрбөтө бербейли, Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Исаковнаны ишенип койгондон кийин алты ай иштөөгө шарт түзүп берүүбүз керек.
- Силердин кыймыл кандай багытты көздөйт?
- Биз юридикалык тарап эмеспиз,бизде саясий да кызыкчылыктар жок. Тез аранын ичинде Кыргызстанды баштапкы тынч абалына алып келүүбүз керек. Алты айдан кийин шайлоо болот деп жатышпайбы, ошол шайлоодо коомду биротоло тазалап, катачылык кетирбегенге аракет көрөбүз. Биз Кыргызстанды түндүк, түштүк деп бөлүнүүгө жол бербей, өлкөбүздө жашаган жалпы улуттар ынтымагын бекемдейбиз. Ушул нерсени эске алып кыймылга Өзбек улутунан Патаховду кошуп алдык.
- Учурда жазгы козу карындай жайнаган кыймылдар көбөйүп кетти, дал ошол коомдорду бириктирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатат?
- Бизге чейин "Ала-Тоо айымдары" деген кыймыл 12-февралда Роза Исаковнанын кабинетинде эң көрүнүктүү аялдардын негизинде түзүлгөн. Төрөгасы болуп ошол киши шайланган. Биздин эсеп боюнча бийликти кан төгүүсүз алмаштыруу эле. Ойлогондой болбой кан төгүлүп кетти. Бүгүнкү күндө 2000-3000ден ашуун коомдор түзүлүп кетти. "Талас эл биримдиги", Нарында ,тиги жак, бул жак болуп дегеле көп. Эми ошолордун баарынын башын бириктирип, бөлүнбөстөн бир талапка келсек дейбиз . Баарыбыз бир кыргыз деген түшүнүктүн астында бириксекпи деп жатабыз. Элдин, коомдун ичинде таза кишилер бар да, алар буга чейин демин ичтерине тартып жүрүшкөн. Алар "мындан ары чыдабайбыз, коомду тазалап киребиз" - дешип жатышат. Чукул арада Ошто жаштардын курултайы болот, ошол жерде бүт өрөөндөрдөн келген жаштар ой-мүдөөсүн, талаптарын айткандан кийин "Эл бийлиги" кыймылына ишеним беребиз дешти. Мындан сырткары улуттук курултай өткөрсөкпү деп турабыз. Анда тиешелүү инсандардан, жетекчилерден элдин сурай турганы бар. Тиги кайда кеткен? Бул кайда? Момундай эмес беле?-деген өңдүү суроо талаптар коюлат.
- Өлкөдөгү башаламандыкты токтотуу үчүн кандай иш-чараларды өткөрүү керек?
- Азыркы акыбал ат суудан чыкканда суусун силкинет го, дал ошого окшош. Коом өзүн-өзү тазалаган учурда биз ошону туура жетектеп барышыбыз керек. Бизде Бакиевчилердин вирусу бар. Ошондон улам эл ичинде козголуулар болуп жатат. Ошол вирустан арылуубуз керек. Тиги жагында Лукашенко жинди болуп жатат. Мындан сырткары Аскар Акаев келип, кечирим сурайт деген сөз да жүрүп жатат. Кечирим менен эл тыйылбайт, андан көрө карызын төлөө менен өткөн ишине жооп бериши керек.
- Өлкөнү орчундуу абалдан чыгарып кетүүнүн амалы туурасында ойлонуп, баш катырып көрдүңүзбү?
- Мен буга чейин мөңгүлөрдү байлык деп изилдеп келгем. Азыр деле ушундай ойдомун. Биз Борбордук Азия көмөк доорунун башталышы жана экологиялык саясаттын башталуусу менен башка мамлекет болобуз. Биздин мөңгүлөргө катылган отун энергетикалык патенциялыбыз өзүбүздү эле эмес, бүтүндөй борбордук Азияны камсыздап, гүлдөгөн абалда кармап турууга жеткирет. Биз сурап жашабайбыз. Сурап жашаган жакшыбы же берип жашаган жакшыбы? Андыктан биз келечекке татыктуу турмуш алып келишибиз керек.

Чынара Абдраева




  Ат жалында алты ооз кеп

Кыргыз-өзбек улуттар ортосуна от жагышты
Борбор шаарыбыздагы башаламандык акырындык менен жөнгө салына баштаганда эле өлкөбүздүн региондорунда ар кандай козголуулар, интригалар чыгууда. Бул ирет түштүк жергесинде болгон улуттар арасындагы чырды угуп, чын-төгүнүн билүү максатында Кара-Суу райондук прокурорунун ага жардамчысы, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси Мамат Арыновго суроо узаттык.

- Мамат Арынович, айтсаңыз, азыр ар кандай багыттагы шыбыр кептер тарады. Тактап айтканда экс-президент Бакиев "түштүк мамлекетин түзөбүз" деген мааниде баракчалар жана дисктерди таратуу туурасында кабардарсыздарбы?
- Баракчаларын билбейм, бирок дисктер таратылды деп уктук. Издөө, тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Тилекке каршы, ал дисктер биздин колубузга тие элек.
- Элдик ыңкылаптан кийин түштүк регионунда да улуттар аралык кагылышуулар чыкты дейт?
- Түштүк жергесинин Ош, Жалал-Абад областарынын айрым региондорунда улуттар аралык түшүнбөстүктөр катталды. Атап айтсам, 2010-жылдын 1-3-май күндөрү Кара-Суу районунун Шарк айыл округуна караштуу Фурхат айылында кыргыз-өзбек улуттар ортосундагы жаш өспүрүмдөр тобу түзүлүп, балдар ортосунда ич ара пикир келишпестиктер жаралган. Мунун натыйжасында хулигандык аракеттер жасалып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде эки кылмыш иши козголду. Өспүрүмдөрдүн ичинен бирөө камакка алынды. Мындан сырткары тартип бузгандарга алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
- Ноокат окуясычы, бул маселе өлкөнүн коопсуздугун бузууга тиешеси жокпу?
- Ноокат окуясына катышкан кылмышкерлерди бүгүнкү күндө сот залынан бошотуу маселеси коюлууда. Мен бул чечимге кошула албайм. Себеби Кыргыз Республикасынын Түштүгүндө "Хиз-бутт-Тахри" партиясына кирген адамдардын тобу көп. Бул партияга кирген адамдар тарабынан жасалган кылмыштуулуктун саны да күндөн-күнгө көбөйүп, өсүүдө. Албетте, бул жагдай өлкөнүн коопсуздугун бузууга жол берет. Ошондуктан муну жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын КЖКсына 299-беренесинде көрсөтүлгөн санкцияны күчөтүү зарыл. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын КЖКне тез аранын ичинде өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү керек.
- Түштүк аймагында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иш таштоо да болуп өттү. Маселе эмне үчүн чыкты, ушул туурасында кеп козгой кетсеңиз?
- Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жумушка чыкпай, Ош областык администрациясынын алдына жыйналышты. Алар максаттуу түрдө койгон талаптары эмгек маяналарынын аз болгондуктары, чынында милиция кызматкерлеринин алган маяналарына үй-бүлөлөрүн багууга эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт. Эң башкысы 2010-жылдын 6-7-апрелдеги Талас, Бишкек шаарларындагы болуп өткөн окуяга көптөгөн укук коргоочулар, милиция кызматкерлери тартылган. Ошол күндөгү окуяга катышкандар денелеринен ар кандай жараттарды алышып, кээ бирөөлөрү ушул күнгө чейин ооруканада жатышат. Арасында каза тапкандары да бар. Милиция кызматкерлери туурасында эч кандай маалымат болбогондуктан иш таштоолор болду. Муну мен да туура деп эсептейм.
- Эмгек акыны жогорулатуу туурасында коюлган маселелерди Убактылуу өкмөт кандай кабыл алды?
- Ички иштер министрлигинин кызматкерлери эмгек акысын 80 пайызга чейин көбөйтүү туурасында маселени коюшкан. Азыркы Убактылуу өкмөт курамы, Кыргыз Республикасында өзгөчө жайылган илдет болгон коррупцияга каршы орчундуу иш аракеттерди жүргүзүү менен тийиштүү иш чараларды алып барышууда. Бирок, коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжалуулугу укук коргоо органдарынын эмгек маяналарынын көбөйүшүнө карата жыйынтыкталат деп эсептейм.
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорун колдойсузбу же?..
- Жаңы сунушталган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча Конституциянын ичинен кээ бир беренелерди кайрадан карап чыгуу керек. Миселен:
1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп кыргыз тили саналат.
2.Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылат деп көрсөтүлгөн, бул туура эмес. Себеби мамлекеттик тил болуп кыргыз тили гана калыш керек, ал эми расмий тилди алып коюу зарыл деп эсептейм. Анткени 1999-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө кабыл алынган мыйзам ушул күнгө чейин аткарылбай келүүсүнүн себеби, расмий тилдин жолтоо болушу.

Чынара Абдраева