Көзачыктын сөзү ачык

Биздин кеңсебизге капыл-тапыл көзү ачык, олуя Бурулсун Төлөмүш кызы кирип келди. Айтарым бар дейт. Айтыңыз дедик. Ушул макаласын сунду. Оңдоп түздөбөй бердик. Анан чакан маек сурап алдык. Буга чейин айткандары төп келген Бурулсун эженин бу жолку айтканына да назар салыңыз.

Үйгө кирерде чыгарыңды ойло

Калайык калкым, кырчындай жаштардын өлүмү октон болду. Айла жок жакындары, кайраттуу, сабырдуу болуңуздар. Жаткан жерлери жай, жандары жаннатта болсун. Арты кайрылуу болсун. Шейит кетишти, кыргыз эли үчүн, чындык издеп чыркырап, окко төшүн тосушту, биз куран окуп эскеребиз. Бөөдө кырсык, айттырбай келчү алааматтан сактасын эли-журтубузду. Жер дагы опсуз жасаган күнөөлөрдү көтөрө албай бир силкинип өттү. "Күн каарына калса, табаары тамчы", "катын каарына калса, табаары камчы"-дейт. Элдин каарына калчу адам оңчу беле. Кыргызда мындай дагы ачуу кеп бар: "Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт"-деген. Бирөөнө жан кайгы болуп жатса, бирөөнө бийлик кайгы болуп жатат. Айланайын элим "Карынын барынын ырысы бар" дегеним ушул ак үйдү Усубалиев атабыз 25 жыл орус эли менен иштешип турганда куруп берди эле. Бул үйдү эки жолу талкалап олтурабыз. Атабыздан бата алып бул үйдү туура көрсөңөр эл менен болгон милицияга, Исаков агабызга өткөрүп берип тартипти колго алып, ишин улантса дээр элем. Атабыздын эчкидей жашы калды, тирүүсүндө батасын алалы. Ак үйдүн ордун которуп жашообузду жаңырталык. Атабыздын атасынын "Эшек минип кайкалап мен да өтөмүн дүйнөдөн", "Волга минип чалкалап сен да өтөсүң дүйнөдөн" дегени бар. Акылсызга "Арачы" болсоң, ар кай жериң томуйбайбы. Азыркы көк үйдөгү агаларыма, эжелериме калыс сөзүмдү ак барак аркылуу узатып жатам.
Калыс адамдан өткөн кастарлуу жан жок. Калыс адамды кодуулого болот, ар намыстан жайдактоого болбойт. Биз кыргыз эли, Аскасы асман тиреген ак карлуу мөңгү муз жаткан Ала-Тообуз, ак калпагыбыз менен кыргыз экенибизди даңазалай алабыз. Манас атабыздын урпактарыбыз. Адам баласы үйгө киргенден мурда үйдөн чыгып бара жатканыбызды ойлошубуз керек. Аман-соо үйгө кирээр бекенбиз. Үйдөн 7 кадам узаган соң адам мусапыр болот. Баскан жолубузда кырк жылдык чыйыр из калат. 18 миң ааламдын булуң-бурчунда кыргыз барбыз. Биз намыскөй, кайраттуу, 3 уруу, 40 канат элбиз.
Чайпалбаган Чатыр-Көлүбүз бар, соолубаган Соң-Көлүбүз бар, сатып жиберишсе дагы кошо ээрчип кетпеген Ыссык-Көлүбүз бар. Бул жагыбызда таш көмүр, нефть, ГЭСтерге бай кыргыз элибиз бар. Эки акмак бар экөө тең биздики. Бирөөсү акылдуу, бирөө өз элине ок аткан акмак. "Жатып өлгүчө атып өл" деп Кукең, "ушуну көрмөксүңөр мени жеридиңер эле" - деп Акаев атабыз жылмайып турат. "Ачыктым ууру болдум, ачындым сүйлөк болдум" дегендей айтпайын десең да айттырат тура. Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат. " Эки жинди бир кетти эсен барып, соо келсин" деп жиберген адамдарды ээрчип келип кечирим суроонун ордуна Белорусияга жетип алып президентмин, мен эми ойлонуп жатам деди. "Атан төө мас болсо, тайлагы менен дос" болот болуп, досторду ого эле көп күтүп "оолуксам 18 жаштамын" деп аянтта матрос бийин бийлеп, сауна-пауналарда жүрүп, элине тезек тердирип коюп жүргөн пендени улуу-урматтуу деп сыйлай берип ушуну көрдүк. Кайберендин каргышы менен эненин каргышы бирдей. Кайрылып элиңе келип сот алдында жооп беришиң керек "өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан дарт жаман" көз көрүнө элиңди дартка чалдыктырып кеттиң. Атадан алтоо болсо ар жалгыздык башта бар. Кылган күнөөлөрүндү Кудай да кечире албайт. Жалалабатта сүйлөдүң мен эми ойлонуп жатам деп, төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун. Эми кеч.

  "Үчүнчү күч чыгып, өлкөнү дагы ок аралайт"

- Бурулсун эже, Кыргызстандын бүгүнкү абалын кандай көрөсүз?
- Мал-жанды, техниканы өнүктүрсөк жакшы турмуш келет. Ар нерсе орду менен иш жүргүзсө жакшы болот. Туура бийлик орнотобуз деген соң, орнотушубуз керек. "Мага жамбаш тийди, мага күн жилик тийди" деп устукан талашкансыбай, ойлонуп иш кылуу зарыл. Алла Тааланын берген буйругу менен 1994-жылдан баштап эмне болорун айтып келгем. 2005-жылдан бери боло турган нерсенин баарын гезит беттерине айтып эле келатам. Бирок, элдин баары гезит окуй беришпейт экен. Телеберүүдөн айтайын десем ар кандай кырдаал болуп кетет, чыгарышпайт. Ошон үчүн силердин гезит аркылуу элге жеткирейин деп жатам. Бул келген бийлик да, кандуу жол менен келди. Өлүмгө баштарын байлап келишти. Курманбек Салиевич дагы эле кетпейм деп турат. Ок атам деп жатат. Бакиевдер күнөөлөрүн моюундарына алмайынча, балдардын каны коё бербейт. Бул жерден күнөөлөрүн алдыралышпаса, Беларусиядан алдырышсын.
- "Кыргызда эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт"-дейт. Убактылуу өкмөттү бир топ адам башкарууда. Булардын абалы кандай болот?
- Булар азыр алды-артын карап иш жүргүзүшөт. Элдин күчү, карапайым калктын каны менен келип отуруп калышты. Шайлоого чейин эч нерсе билдирбегенге аракет кылышат. "Ак үйдүн жарыгы, көк үйгө тийбет" деп айтылып келет. Андыктан булар туура иш алып барышпаса, кан деген жаман. Ар кайсы областардан келгендерди, айылдарына жеткирип, баардыгын өз ордуларына жайгаштырышы керек. Душмандарга колтук ачып бербей биримдикке келели.
- Жакында шайлоо боло турган болду. Парламентке канча партия келет?
- "Ата Мекен" жана "Замандаш" партиялары күчтү . "Замандаш" партиясынын жетекчиси Муктар Өмүракунов депутаттыка койсо, ордун табат. Парламенттик шайлоону коё туруп, президентти шайлоо керек. Азыр калкка шайлоонун кереги жок. Эл чабышып кетет. Бул өкмөт жаңы президент менен 1 жыл иштеш керек. Анан кийин көрсө болот. Болбосо үчүнчү күч чыгат да, буларды да ок аралайт.
- Сиз мурда кыргызстанды 7 бий башкарат деген экенсиз. Ал мезгил келди. Азыр Убактылуу өкмөттү Отунбаева, Атанбаев, Текебаев, Сариев, Бекназаров, Шерниязов, Исаков ж.б. башкарууда. Булардын бүгүнкүсүн жана келечегин айтып бере аласызбы. Кимисинин саясый бедели күчтүү. Кимиси жеңишке жетет? Бизди ким башкарат?
- Менин аяным боюнча, Урмат Барыктабасов хан болот. Текебаев Парламенти жетектеп, аягына чейин иш алып барат. Анын орду ошол жерде. Өкмөт башчы аял киши болот деп силердин гезитке мурда айттым эле. Отунбаева орунда калат.Атамбаев, вице-премьер-министр болот. Жанына бир жигитти алып, экөөлөп иш жүргүзөт. Сариев, экономиканы, акча жаатын жетектейт. Бекназаров кетпейт. Шерниязов, денсоолугуна карасын. Бирок, бул кишинин карапайым калкка эмгеги сиңди. Исаков, ордунда калат. Булар бир жылга чейин жаңы президент менен иштешсе жакшы болот.
- Бакиевдер эмне болот?
- Булар өз жазаларын кудайдан алышат. Бияка кетти, тияка кетти деп атышпайбы, эч жака кетпей эле камданып үйүндө жатышат.
Жамал КАНЫБЕКОВА
P.S. Саясат төлгөбүздүн уландысы кийинки санда.