Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Дилазык

Саи Бабага сапар
Өлгөндү тирилткен, кандай оору болбосун сакайткан, жоктон бар кылган, бир эле мезгилде бардык адамзаттын оюн окуган, адамдардын тилеген тилегин орундаткан жана да адамзаттын акылына сыйбаган ар кандай кереметтерди жасаган жердеги тирүү пайгамбар Саи Баба жөнүндө билгиңиз келеби? Анда "Асман пресс" гезитинен Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапарым" аттуу макаласын сандан санга жарыялайбыз. Сиздерди келерки саныбызда Саи Бабанын кереметтери күтөт. Биз менен болсоңуздар көптү билесиздер!

Лариса Асанбекова. академик, парапсихолог
(Башы өткөн санда)
Саи Бабанын белеги
Бул квартираны сатып алганына үч жыл болуптур. Аялы кызы алмак салмак көп убакытка келип кетип турушат экен. Сашанын даамдуу жасаган этсиз тамагына аябай тоюп алып, кайра чогуубуз менен биздин бөлмөгө келдик. Бөлмөдө Саи Бабанын эки сүрөтү кроваттардын тушуна коюлуп, үч рождественский колокольчик,беш свечка (шам) үч шеренке пайда болуп калганын көрүп, жатакананын жумушчулары койгон экен деп ойлодук. Саша, Зина, Наташалар "Саи Баба силерди аябай жакшы көрөт экен, силерди белек менен тосту, бөлмөгө эч ким кирбейт, бул матрилезовать этилген белектер, баарын эле минтип тосо бербейт, силер бактылуу экенсиңер" деп биздин оозубузду ачырышты. Биз ишенээр ишенбесибизди билбей бул кереметке таң калдык. Ар кимибиз бөлмөгө кандай киргенибизди, ким кайда олтуруп, ким эмнени кайсы жерге койгонубузду баарын эстеп чыктык. Чындыгында эле бул сүрөттөр жана жок экенине барыбыз ынанып турсак да, кандайча пайда болгонуна ишене албай турдук. Кандайча пайда болсо да муну жакшы белги катары кабыл алып, жакшылыкка жоорудук. Бул жердеги жердештерибизден эртеңки күн жөнүндө, кайда, канчада бараарыбыз жөнүндө сүйлөштүк. Бул жердин мыйзамы боюнча ашрамдын ичинде пенджаб же сари деп аталган кийимдерди кийип жүрүш керек экен. Пенджаб аялдардын тизеге чейин көйнөгү жана кенен тигилген шым шарфы менен, ал эми сари болсо 5-6 метр эндей кездемени өз ыкмасы менен оронуп алган кийимдери. Европалыктар кофта жана узун юпка кийип, ийинге шарф салынып алса болот экен. Кызыгы шарфы жок ашрамдын ичинде жүрүүгө болбойт.
Даршан (кудайды көз менен көрүү)
Эртең менен саат 8 де даршан ( кудай менен көрүшүү дегенди билдирет)башталат экен. Даршанга жаныңа ачкыч, акча,документ салганга ылайыкталган капчыктан башка ашыкча эч нерсе алып кирүүгө болбойт. Даршан өтчү жерге бир киргенде 20000дей адам кирет. Бул жерге кирип алдынкы орунга олтуруу үчүн эрте келип кезек алыш керек. Кайсы катарда, канчанчы номер менен киргениң да өзгөчө мааниге ээ. Адам өзүнүн жан дүйнөсүнүн тазалыгына, ишеничине жараша кудайга жакындай алат экен, башкача айтканда Саи Бабага канча жакын олтурсаң, демек ошончолук жандүйнөңдүн тазаланганы экен. Саи Баба ар бир адамды алдыртадан эле билип, ким кандай муктаждык менен келгенин билип турат. Ошого жараша келген адамдарды көзгө көрүнбөгөн, бизге билинбеген мыйзамдын чегинде Саи Баба ким кайда олтурат,кимге эмне керек, качан керек өзү чечет экен.Даршан күнүнө эки жолу болот. Эртең менен саат 8де жана түштөн кийин саат 16 да болот. Даршанда бир саат ар кандай мантралар( Келме десек болчудай) окулат андан кийин бир саат кудайды мактаган ырлар ырдалат. Саи Баба көбүнчө даршандын экинчи бөлүгүндө эл ичине коляска менен элди аралап келет да алды жактагы өз ордуна келип, элди карап, элдин бет маңдайында олтурат.
(Уландысы
кийинки санда)




 "Ордо" жөнүндө орчундуу ойлор

ТҮРКИСТАНГА ЗИЯРАТКА БАРУУ
Акбура -Ата,
Таң атканча бата угуп, уктабастан жолго чыктык. Эмки бара турган мазар Акбура -Атанын мазары эле. Бул атанын кереметүү аскасы жөнүндө Бишкектен эле угуп,көрүүгө ынтызар элем. Жолду карай бир топ Аталардын кабырларына актык жаап, куран түшүрүп жүрүп олтуруп.түш оой Акбура -Атанын мазарына жеттик. Алыстан эле чоң кызыл аска таш көзгө урунду. Тоодон ылдый түшкөндө кудук бар экен. Ал жерге идиштерибизди таштап коюп,бет маңдайындагы кызыл аска ташты көздөй жөнөдүк. Ал аска таш бери жактан караганда бир эле таштай көрүнгөнү менен, жанына келгенде ортосунан жарака кеткен, эки бөлөк таштан турат экен.өйдөрөөк жагында дагы бир чоң таш бар. Кызыгы ал таштын үстүнө жаныңда эмне буюм болсо баарын коюп койсоң, оң зарядга ээ болуп калат. Бул Акбура -Ата 9-12 кылымда жашап өткөн олуя, табып адам. Ал ушунчалык керемет күчкө ээ болгон экен. Анын колунан айыкпаган адам болбоптур. Оорукчан адамга дем салган кезде жанында алп буура(төө) жанында турганын көрүшчү экен.Өзү да акбуура минип жүрчү экен. Ошондон улам Акбура - Ата аталып калган дешет.Акбура-Ата касиети күчтүү адам болуп, бир жерден бир жерге учуп жүрчү экен. Мисалы эртең мененки намазды өз жеринде окуса, түшкү намазды Түркистанда,кечки намазды касиеттүү Меккеде окуучу дешет. Ал адам бай кедей дебей бардыгына бирдей мамиле жасап, колунда барын аябаган айкөл адам болуптур. Акбура -Ата өлгөндө минип жүргөн буурасы көздөн жашын куюлтуп ыйлаптыр.Ошол жердеги ыйык булак бууранын көз жашынан пайда болгон дешет.Ээсин жоктоп боздогон буура аска ташка айланып кала бериптир. Зыяратка келген эки жүздөй адам ушул асканын жаракасынан өтүш үчүн кезекке турдук. Бардык мазарларда өзүнүн чыракчысы (мазарды караган касиеттүү адам) болот. Бул таштын касиети адамдын жан дүйнөсү таза болбосо эки таштын ортосундагы жаракадан өткөрбөгөнүндө. Чыракчы менин алдымдагы аял менен көпкө убара болду. Көрсө ал аял эки таштын ортосуна кептелип калган экен. 10-15 мүнөттөй ал аялды чыгара албай убараланып жатып эптеп чыгарды. Менин кезегим келип, ортосуна чейин эч тоскоолсуз өтүп бараткам.Бир мезгилде шар өтүп баратып эле ашказан туштан кысылып калдым. Адам дем алган сайын таш ого бетер кысып, же артка же алдыга жылдырбайт. Эгер коркуу сезими пайда болсо ого бетер кыса баштайт. Чыракчы айткандай келме келтирип, кечирим сурасам деле болбой катуулап кыса баштаганда эстей калып, "ашказанымдагы илдетти алып салышыңды суранам"- деп айтаарым менен таш кенелип кеткенсип шар эле аягына чейин өтүп кеттим. Сыртка чыксам элдер "сынактан сынбай өтүшүңүз менен"- деп бир ооздон куттукташты. Менден кийин толугунан келген жигиттин өтүп келгени,ал эми арык эле аял кыпчылып өтө албай калганы таң калтырбай койбойт. Бул жердеги булактын суусу көп ооруга даба дешти.Идиштерибизди сууга толтуруп,куран окуп,ибадат кылып андан ары жөнөдүк
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
23-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Данияр Үсөновдун Үсөновдун рестораны күйүп, рестораны күйүп, кызматкерлерин кызматкерлерин күйгүзүп кетти
2-бет
Отунбаеванын акыркы чарасы
3-бет
Бийлик талаш же убактылуу өкмөттүн өз билемдиги
4-бет
Жолчулар жолго чыгышты
5-бет
Азимбек Бекназаров; Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Сот, Прокуратура тармагы боюнча координатор:
"Революциянын экинчи этабы болот деп ар дайым айтчумун"

6-бет
84 азаматтын каны агып, жамгыр жууп турду
7-бет
Элдин эрки менен ким эсептешет?
8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Атына жараша заты
10-бет
Руслан Түмөнбаев:
"Мени Япон дешип..."

11-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

12-бет
Өмүр кайыгы
13-бет
Скрытые символы науки
14-бет
Эркектерге эскертме
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
"Көзү ачыктарга ишенип бара берчүмүн"






Яндекс.Метрика