Кабырга кайышат

84 азаматтын каны агып, жамгыр жууп турду
Эл муктаждыгы менен зарылдыгы күчөгөн учурда айтылган акылдуу сөздөрдү тыңдап, уккусу келбейт. Мындайда каржалган калктын суроо, талабы күч алат эмеспи. Ошондой муктаждыктан улам нааразычылык митинги келип чыкты. Аянтта чогулган жаштар бийлик тарабынан жамгырдай жааган октон жер кучактап каларын күтүшпөгөн чыгар. Маркумдардын жакындары жана жарадар болгон жарандар менен жолугуп, аларды эскерүүнү эп көрдүм.

Миргүл Айнидинова, 7-апрел күнү каза болгон Айнидинов Адилеттин эжеси:
- Адилет иним менден бир жаш кичүү. №72 мектепте эгиз козудай ээрчишип барып окучубуз. Апам Нуриса ушул 2009-жылдын ноябрь айында рак оорусунан каза болгон. Өзүбүз көп жылдан бери батирде турабыз. Үч бир тууганбыз. Менден улуу бир туугандарымдын турмуштары өз алдынча. Жетиси күнү Адилет достору менен чыгып баратып "үйдө олтур, эч кайда чыкпагын" деп кеткен. Ошол боюнча тирүү кайрылып келбеди.
Адилет менен спорт мектебинде чогуу окуган досторунун эскерүүсүндө ошол күнү Алматы көчөсүндө чогулушуп, борбордук аянтка келишкен. Көкүрөгүндө жалыны бар жигит көпчүлүктөн суурулуп алдыга чыкканда табарсык тушуна ок жаңылат. Алгачкы жардамды көрсөткөн достору ооруканага жетиришкенине карабай акыбалы начарлаган. Он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек Адилеттин досторуна айткан соңку сөзү "Суу ичем" - дегени болуптур.
Чынара Турсуналиева, Турсуналиев Акылбектин жубайы:
- Ивановка айылында турабыз. Үч балабыз бар. Улуу кызым жыйырма эки жашта. Үч балабызды багамын деп Акылбек өз кесиби боюнча иштебеди. Батирде турабыз. Минтип алаамат болуп кетерин күткөн эмесмин. Ошол күнү айылдаштар менен чогуу кеткен. Анан ок жаңылып ооруканага түшкүнүн, ал жерден каза болгонун уктум.
Эми мындан ары шаарда батирде туруунун деле кажети жок. Жалгыз балдарымды кантип бага алмакмын. Айылга Жумгалга кетсемби деп турам.
Топчубек Касымов Жалал-Абад облусунан, 7-апрелде жарат алган:
- Бакиевдин үй-бүлөөсү башкарган бийлик жалпы карапайым элди кыйнап, азапка салды. Жашаганга турагы жок батирде турган карапайым эл коммуналдык төлөмдөрдөн кыйналды. Буга эл чыдабады. Акыры 17-мартта "Форум" газетасынын кеңсесинде оппозиция лидерлери тарабынан уюшулган митингде элдин талабы айтылган жакшы сөздөр сүйлөндү. Бул маселе туурасында бийлик өкүлдөрүнө билдиришкен. Бирок, талапты бийлик башында тургандар тыңдабады. 17-мартта болгон митингде Турсунбек Акун да барыптыр. Ал эки жүздүүлөнүп Бекназаров менен Болот Шерниязовду кучактап өөп жиберди. Ошондо кыжырым келип, анын кошаматчылыгын ачуу сөз менен айтып жибердим. Артымдан белгисиз адамдар келип "Сен эмне деп сүйлөп жатасың, тиги сүйлөгөндөргө кошуп көрсөтөм айтканды" деди. Алар үйүмө чейин ээрчип келишип артыман сая түшкөндүктөн Сокулукта жашаган инимдин үйүндө жан калкалап жүрдүм. Ал эми 7-апрель күнү саат 9 да митинг болуп жатканын угуп Форумга бардым. Ал жерде Үмөталиева сөз сүйлөп жатканда милиция кызматкерлери чогулган балдарды бир четтен колун кайрып, автобустарга салып кете башташты. Ошондо толкуп турган эл кыжыры келди, чыдашпады. Милиция кызматкерлерине таш менен урушуп, каршылык көрсөтүштү. Көпчүлүк ак үйдү көздөй жөнөдүк. Аянтта Бакиевдин түзгөн "арстан" деген спецназдары элге ок атышты. Андан ары баары сиздер көргөндөй 84 эр азаматтын каны жаап жаткан жамгыр менен кошо агып, жамгыр канды жууп турду. Жарадар болгон балдарды көтөрүшүп жатканымда колум тыз дей түштү. Карасам колумдан кан агып жатат. Жарадар болгон жигиттер менен бирге төртүнчү бейтапканага барып жаратымды таңдырып келдим. Колумдун ооруганына карабай бизге ок аткандарды ак үйдөн кууп чыгарууга келип, ак үйдү алганча ошол жерде болдум.
Эми Убактылуу өкмөт мурдагы Акаевдин, Бакиевдин учурунда иштегендерди бийликке алып келүүсү туура эмес. Менимче көкүрөгүн окко тосуп, жанын курман кылган 84 баатырдын туугандары иштегенге эмнеге болбосун. Алар деле жогорку билимдүү адамдар. Ушул маселени да эстерине алышса. Менин каалоом Ала Тоо жеринде, Манас урпактарынын элинде тынчтык бейкуттук орносун.
Чынара Абдраева