Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Утурумдук өкмөт угасыңбы?

Жолчулар жолго чыгышты
Акыркы күндөрү кыргыз жергесинде болуп жаткан саясий жана коомдук көрүнүш дүйнө элинин чордонунда болуп жаткандыгы талашсыз. Элди белчесинен карызга матырып, кымбатчылыктын туткуну кылып, акыры элине ок жаадырган бийликтен кутулганыбыз менен арты кейиштүү уланууда. Калктын келечеги үчүн 85 адам курман болуп, 1600дөн ашыгы ден-соолугунан ажырап, эл мөгдүрөп турганда, элдин кайгысын тең бөлүшүүнүн ордуна айрымдар талап-тоноочулук иштерин уюштуруп, дыйкандардын эгин эккен үлүш жерлерине көз арткандыгы жан кейитет. Жер талашынын курмандыгына айланган 5 адамдын убалы кимге. Же мындай көрүнүштөргө бөгөт коюуга утурумдук бийлик алсыздык кылуудабы? Учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири папке талаш Ар бири өз адамын төр жакка отургузгулары келип, эски бийликтин тушундагы кызматкерлер менен саясатчыларды куугунтукка алып жатышкан сыяктанат. Саясатчыларын го түшүнсө болот, а эл үчүн кызмат кылган, өз ишин так аткарган кызматчылардын бул жерде канчалык деңгээлде тиешеси бар экенине түк түшүнө албайсың. Баш аламандыкты уюштургандарга көмөк бергенсиң деген сыяктуу ойго сыйбас жалаа менен кызмат ордунан алып, чоочун адамдарды отургузуп жатканы айдан ачык эле көрүнүп жатат. Эки күн мурун нааразычылык акциясын "Кызыл шапкечендер" өткөзсө, бүгүн "жолчулар" өткөзүп олтурат. Калайык калкты нааразы кылган нерсе учурдагы кадр саясаты.
19-апрелде Утурумдук Өкмөттүн өкүлү Нуркан Момуналиев Теңиз Сулаймановду Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар Министрлигинин Борбордук Аппаратына азыркы учурда иштеп жаткан А. Маматалиевдин ордуна министрдин жащы дайындалган орун басары катары тааныштырды.
Утурумдук Өкмөттүн өкүлүнүн сөзүн уккандан кийин жаңы дайындоо боюнча нааразычылыгын билдиришип, "бул саясий чечим" деген күңүрт түшүндүрмөнүн ордуна мындай алмаштыруунун конкреттүү себептерин ачык түшүндүрүп берүүнү өтүнүштү. Тилекке каршы, ачык-айкын жана негиздүү жооп ала алышпагандан кийин министрликтин жамааты А. Маматалиевди өз ордунда калтыруу өтүнүчү менен Утурумдук Өкмөткө кайрылышты.
Урматтуу Утурумдук өкмөттүн төрайымы жана мүчөлөрү. Силер элдин өчүп бара жаткан үмүтүн кайрадан тамызып, туман баскан келечек жолун тазалап бердиңиздер. Сиздерге ишенген эл көкүрөгүн окко тосуп, диктаторлук бийликти жок кылууга эбегейсиз салым кошту. Сиздер да буга жооп кылып, элдин ишеничинен чыкпай, үмүтүн актаңыздар. Кыргызда жакшы сөз бар, "Эсиң барда этегиңди жый" деген. Элдин кыжырдануусу күч алып кете электе кадр саясатын башаламан жүргүзүүдөн оолак болуп, ойлонуп иш кылууңуздарды өтүнөбүз. Эл сиздерди терең урматтоо менен бирге эл үмүтүн актайт деп ишенет.




  Революциянын каармандары сүйлөйт

Гүлнара Карабаева, Бишкек шаарынын тургуну:
"Ак үйдөн 14 млн. сом табылды"
- 7-апрелдеги митинге чыккандарда адамдардын духу абдан жогору болду. Мен 1990-жылдагы Ош коогалаңына, 2005-жылы болгон революцияга катышып келгем. Ал учурларда мынчалык элдин толкуну күчтүү болгон эмес. Ошон үчүн көп кишилер аянтта атылып жатса да эл качпай же биз же силер дешип бийликтин огунан коркпой турушту. Бакиевдин бийлиги үч жылдын ичинде элдин жонунан кайыш тилип алышты. Эл өзү чыкты. Аянтта бир дагы оппозициянын лидерлери болгон жок. Баары камакта отурушту.
Биз жамгырдын төккөнүнө карабай Сокулуктан чыгып саат үчтөрдө Ала Тоо аянтына кирип келдик. Ошол учурда биздин алдыңкы катардагы адамдар окко учту. Ошол күнү 40 тан ашык жарадарларды ооруканаларга жеткиздик. Түнү менен кан кечип жүрдүк. Снайперлер башка, жүрөккө атып атышты. Ак үйдүн үстүнөн келген ок адамдардын төбөсүнөн кирип желкеден чыгып кетип жатты.
Кечинде Ак үйдү алып жетинчи кабатка чейин чыктык. 1-кабатта 105 бөлмөдө кассасы бар экен. Аны балдар талкалай баштаганда, атайын элдик кошуун түзгөн патриоттор сактап калышты. Убактылуу комендант Тагай байке укук коргоо органдарынан кишилерди чакыртып, акчаны эсептешсе 11 млн. сом, дагы 2 млн. го жакын сом доллар түрүндө чыкты дешти. Анан алар Улуттук банкка тапшырдык деп келишти.




  Өмүрбек Чиркешович угуп койсоңуз

Созулкан Абдрахманова, Бишкек шаарынын тургуну:
"Жээнбеков үйүмдү тартып алган"

- Азыркы убактылуу өкмөткө ишенип эле турабыз. Булардын ичинде чындык үчүн күрөшкөн адамдар көбүрөөк. Сот, аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтерине адилетүү адамдар келсе экен. Бирок мен 2007-жылдан баштап "Ата Мекен" партиясынын өтө активдүү катышуучусумун. "Ата Мекен" партиясы эмне иш уюштурса биринчилерден болуп жетебиз. Өмүрбек Чиркешович үчүн жанын аябай жүргөндөрдүн катарындамын. Азыр бизге ар кайсы жерди басып алган тополоңдун кереги жок.
Менин Убактылуу өкмөткө сунушум карапайым адамдардын көйгөйүн чечип берчү штаб керек болуп турат. Мына Акаев, Бакиевдин тушунан бери сот адилетсиздигинен улам канча адамдар жабыркап келишти. Өтө кор болгон адамдар бар. Ушундай көрүнүштөн жадаган эл көчөгө чыккандыгы чындык. Маселен, мен өз акчама Куликов деген орустан сатып алган Ош шаарында эки бөлмө үйүмдү сот болуп иштеген Каныбек Жээнбековго алдырып жибергем. 13 жылдан бери талаада жашап келе жатам. Азыр "Ата Мекен" партиясы эшигин автомат менен кайтартып кире албай калдык. Үйүм тууралуу айтып коёун дедим эле.
Н. Чокон




  Бирсобол

- Парламенттик башкарууга көз карашың кандай?
Салмоор Дыйканов, "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы:
- Парламеттик бийлик кээ бир мамлекеттерде калыптанып калган. Бирок, биздин атуулдар "Ата Мекен", "Ак Шумкар", "Асаба" партиясынын кандай айырмасы бар экенин билишпейт. Кыргызстанда айыл өкмөттөрүнө бийликти бериши керек. Ар бир айылда айыл башчыларын эл өзү шайлап алышсын. Эл айыл элинде ким кандай экенин жакшы билет. Ошолор өздөрүнүн ичинен областтык кеңешке депутат, областтык кеңештен республикалык кеңешке депутат шайлап алышса кыргыз элинин илгертен келе жаткан салт санаасына туура келет деп ойлойм. Кыргыз элинин өзүнүн бийлик түзүлүшү болушу зарыл. Анан ошолор мыйзам чыгарып, кабыл ала беришет.
Азыркы Убактылуу өкмөт айткандай Парламеттик республика болсок анда, кайра эле байлар, эски кызматкерлер бийликке барышат. Каражат да көп кетет. Акчасы жоктор шайланбайт. Акчасы барлардын баары таза эмес жол менен байышкан.
Мираслав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы:
- Бүгүн биз кантип профессионалдык парламентти түзөбүз? Убактылуу өкмөттөгүлөр ушуну бир ойлонуп көрсө болот эле. Саясый партиялардын деңгээли ошого жетеби? Тилекке каршы бул өтө терең адашуу. Эгерде парламенттик бийлик орносо анда он-жыйырма жылга дагы артка кетебиз. Биз мамлекетибизден дагы биротоло ажырап калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү бийлик өз кызыкчылыгын эле ойлоп жатат. Парламенттик республика деген элдин кызыкчылыгы эмес. Кыргызстанды талап-тоноп, эч нерсе калтырбайт. Саясый партиялардан келген 100 депутат болсо, алардын ондон туугандары болсо миң адам Кыргызстандан эч нерсе калтырбайт. Тытып салышат.
Буркан Зулкайнаров, Бишкек шаары:
- Кыргызстанда саясый партиялар көп болгон менен алар кандайдыр бир жеке адамдарга көз каранды. "Ата Мекен" Өмүрбек Текебаевге, "Ак Шумкар" Темир Сариевге, "СДПК" Алмазбек Атамбаевге дегендей. Жаңы парламенттик шайлоого башка партиялар көбүрөөк аралашса теңсалмактуулук сакталышы мүмкүн. Ошондуктан парламенттик башкаруу канчалык калыс бийлик жүргүзөт аны айтыш кыйын. Негизгиси парламенттик диктатурага жол берилбеши керек.
Анарбек Усупбаев, "Курулуш-механизация" Акционердик Коомунун президентти:
- Эки президентибиздин тагдыры жакшы болгон жок. Ушунун баары мамлекеттик бийликти президенттик бийликке топтоп алганынан улам болду. Эми Парламенттик бийлик кандай болот аны да көрөлү. Ошентсе да Президенттен такыр эле бийликтин баарын шыпырып алып койгон болбойт. Бийликтин тең салмактуулугун сактоо үчүн Президентке да Жогорку Кеңешке импичмент жарыялоо сыяктуу укуктары калышы керек. Парламентти ооздуктап турганга жакшы.
Назаркул Жоошбаев




  Атып кеткенче качып кет

Мекендештериме азалуу кат
Кагылайын мекендештерим, кымбаттуу кыргыз элим!
Аттиңай, бири кем дүнүйө деген ушул экен, беш жыл бою Кыргызстанды кыпкызыл канга бөлөгөн ташбоор бийликтен кутулгандагы кубанычыбыз, тилекке каршы, терең кайгы, чексиз күйүт менен коштолду. Биздин каарман жаштарыбыз, улуттук баатырларыбыз Бакиевдерди акыры жүрүп Бишкектен бир күндө айдап чыкса да, аларды курмандыксыз кубалай албадык. Бакиевдердин бандиттерге айланган үй-бүлөсүн тынчтык жол менен, жыланга ак чачкандай кылып кетирүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Башка жол да жок болду сыяктанат. Мен ушуга ичим ачышат.
Башынан кан төгөм деп убадасын берип, бийлигимди автомат менен коргойм деген кылмышкерлер берген "убадасын" так аткарды. Бийлик бетпактык менен өз элине аеосуз ок атты. Кырчындай болгон жаш өмүрлөр мезгилсиз кыйылып, шейит кетти. Мекенибиздин ыйык деп саналган башкы аянты канга жуулду. Ак карлуу Ала-Тообуз аза кийди. Ата-энелердин, урук-туугандардын, жалпы калайык-калктын көзүнөн жаш акты. Азыркы тапта баарыбыз азадабыз. Анын ичинде мен да бармын. Мен да терең азадамын. Бул кабарды укканда менин да көзүмөн жаш мончоктоду…
Адилеттүүлүк, азаттык үчүн шейит кеткен азаматтарыбыздын аттары эми эч качан унутулбайт. Алардын орду мындан ары тарыхыбыздын так төрүнөн өз ордун алат, аттары тарых барактарына алтын тамга менен жазылат. Мен буга эч бир шектенбейм.
Кайрат кылгыла, шейит кеткен уул-кыздарыбыздын ата-энелери, жакындары. Кайрат айтам эли-журтума, мекендештериме ушул оор, тарыхый, терең маанилүү күндөрдө.
Шейиттердин жаткан жерлери жайлуу болсун да, топурактары торко болсун.
Кыргызстан силердин аттарыңарды эч качан эсинен чыгарбайт жана унутпайт!

Аскар Акаев, Москва шаары




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
23-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Данияр Үсөновдун Үсөновдун рестораны күйүп, рестораны күйүп, кызматкерлерин кызматкерлерин күйгүзүп кетти
2-бет
Отунбаеванын акыркы чарасы
3-бет
Бийлик талаш же убактылуу өкмөттүн өз билемдиги
4-бет
Жолчулар жолго чыгышты
5-бет
Азимбек Бекназаров; Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Сот, Прокуратура тармагы боюнча координатор:
"Революциянын экинчи этабы болот деп ар дайым айтчумун"

6-бет
84 азаматтын каны агып, жамгыр жууп турду
7-бет
Элдин эрки менен ким эсептешет?
8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Атына жараша заты
10-бет
Руслан Түмөнбаев:
"Мени Япон дешип..."

11-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

12-бет
Өмүр кайыгы
13-бет
Скрытые символы науки
14-бет
Эркектерге эскертме
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
"Көзү ачыктарга ишенип бара берчүмүн"