Өлкөгө өлө күйгөндөр барбы?

Бийлик талаш же убактылуу өкмөттүн өз билемдиги
Элибиздин көкөйүнө көк таштай тийген кара жолтой Курманбек Бакиевдин үй-бүлөөлүк башкаруу бийлигинин ойрон болуп, Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттүн иш алып барып жатканына бүгүн туптуура 16 күн болду. К.Бакиевдин режиминин кулашы элибиздин келечекке болгон зор үмүтүн жандырганы менен, жаңы өкмөт өз ишинде кыйла чабалдык кылып жатканы куралданбаган көзгө деле даана көрүнүп калды.
Эмесе, кыргызстандын бай тарыхында "элдик" деп аталган экинчи бийликтин бул мезгил аралыгында жасаган иштерине кыскача саресеп салып көрсөк. "Чу" дегенде эле убактылуу өкмөттө кызмат орундарын бөлүштүрүү сыяктуу тымызын интригалар күч алганы байкалды. Орусча айтканда "ключевой" деген мамлекеттик кызматтарга "СДПК", "Ата Мекен" "Ак шумкар" партиялары өз партиялаштарын колдон келсе көбүрөөк коюуга жан далбас урушуп, натыйжада бийликке келген партиялар арасында кандайдыр бир деңгээлде атаандашуу жүрүп жаткандай. Алардын мындай аракетин алдыдагы шайлоолорго кам көрүү катары баалагандар да жок эмес. Минтип отурса, шайлоонун шайтан оюндары бул жолу да кайталанбайт деп эч ким кепил боло албайт.
Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт
Дагы бир калктын көңүлүн айнытып иренжиткени баягы эле отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Акаев, Бакиевдин мезгилиндеги атка минерлердин Убактылуу өкмөттө да үндөрү катуу чыгып, майлуу сүттүү кызматтарды ээлеп отурушканы. Кече эле алар качкын Акаычтын, канкор Бакиевдин камчысын чаап, аларды апендинин кызындай мактап келишпеди беле. Ошондой эле учурунда Бакиевди саясий өлүккө теңеп, ал эми ажобуз май токоч көрсөтсө жаш баладай баарын унутуп көчүккө тепмейинче акүйдүн обондуу ырын созуп келгендер да азыркы "элдик" деп аталган бийликтин алдыңкы катарында жүрүшпөйбү. Же буларга баары боло береби? Шумдугуң кур! Деги булардын канча жүзү бар?
Бир сөз менен айтканда кыйкыргандардын баарысы эле каалаган кызматын басып алып, учурда демократиялык жол менен эмес, күчтөп, мажбурлап бийликке жетүү ыкмалары күч алып бараткандай. Натыйжада элибиздин коопсуздугу экинчи планга жылып, жергебиздеги абал али да болсо оор, курч бойдон калып келет.Өлкөбүздүн стабилдүүлүгү болбогондон кийин анын экономикасы, келечеги туурасында сөз кылуу ашыкча деп ойлойм.
Андыктан убактылуу өкмөт мамлекеттик башкаруунун системасын түп тамырынан өзгөртүп, бийликке колдон келсе булганбаган жаштарды тартса оң болмок. Себеби эшик беттериндеги жазуулар Акаев, Бакиевге, алмашканы менен ирип-чирип, коррупцияланышып бүткөн системанын канын алмаштырмайынча а-бу деп ооз көптүргөнүбүздөн натыйжалуу майнап чыкпасын мезгил өзү көрсөтпөдүбү.
Үмүт акталабы?
Дүйнө мамлекеттери, анын ичинде Россия да амбициясы күчтүү Убактылуу өкмөткө анчейин ишене бербей ири долбоорлорду каржылоодон баш тартып, азырынча гуманитардык жардамдар менен гана чектелип жатканы да бекерден болбосо керек.
Ошондой эле бул мезгил аралыгында Убактылуу өкмөт Бакиевчилерге каршы "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, алдамчылык, адам өлтүрүү, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзгөн" ж.б.ушул өңдүү фактылар боюнча 20дан ашуун кылмыш иши козголгондугун жана бир катар стратегиялык мааниге ээ мекеме ишканалардын кайтарылгандыгын жар салды. Иш козголуп, мекемелердин жеке колдон алынгандыгы колдоого аларлык деңизчи, бирок алардын ээси эми эл болуп, козголгон кылмыштар кылдат иликтенип, күнөөлүүлөр жазага тартылышабы? Кеп ушунда. Муну убакыт көрсөтөр…
Ал эми өз элине ок аткан К.Бакиевди өлкөбүздөн чыгууга жол бергендиги да чыркыраган чындык, калыс бийлик орнотуу үчүн жанкечтиликке барышкан эр жүрөк азаматтарыбыздын кан жуткан жакындарынын, ошондой эле жалпы калың журттун нааразычылыгын жаратты. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн "К.Бакиевди сөзсүз колго түшүрөбүз, ал сөзсүз мыйзам чегинде өз жазасын алат"-деп бакылдашканы менен ушул күнгө чейин анын кайсыл мамлекетте жашырынганын аныктай албагандыгы жаңы өкмөттүн ишинин чабалдыгы десек болот. Ал эми К.Бакиевдин отставкасын эле Кудайдан тилеп жатышканбы айтор, арызын алганы убактылуу бийлик өкүлдөрүнүн Бакиевдин артынан сая түшүүсү солгундай түшкөндөй сезилет. Канткен күндө да карапайым элдин канын митедей соргон кара жолтой К.Бакиевди кармап, жазаламайынча, кан жуткан калкыбыздын жандары жай албаары бышык. Андыктан, өз элине ок аткан, өлкөсүн талап-тоногон эргулдарды башка мамлекеттерде тайраңдатпай тез арада таап аларды жазалоо, жаңы бийликтин алдында турган эң биринчи орчундуу маселелерден болушу зарыл.
Үч мушкатер жазыксыз калабы?
Баарынан да мени кыргыз улутуна, тилине кастык менен мамиле жасап балта чаап келген Оксана Малеваная башында турган бир ууч еврейлер тобу убактылуу өкмөттүн көз жаздымында калып келгени айраң таң калтырат. Болбосо дал ушул "мать тереза" атка конгон Оксана айымдын бригадасы тилибизди тебелеп тепсөөгө, улутубузду басынтууга жан үрөп келишпедиби. Президенттин алдындагы тил комиссиясынын деңгээлин төмөндөтүп аны маданият агенттигинин алдына калкалаткан пландын автору да Оксана айым болгон десем жанылышпайм. Ал эми Президенттин басма сөз кызматындагы патриот улан-кыздардын баарысын кызматтан айдап, өзү жетектеген Президенттин катчылыгына жалаң балык ооз, "киргиздерди" топтоп алганын да алардын бири катары кароого болот. Бийликтин бакма маалымат каражаттарынын баарысын өз колуна алып, Бакиевдин үй-бүлөлүк режимин айга-күнгө теңеген бир жактуу маалыматтарды таркатуунун башында да Оксана айым турганы маалым. Андыктан, кыргыздын керемет таза абасы менен дем алып, мөлтүр суусун ичип, нанын жеп жатып, өз элине кастык кылгандыгы үчүн Бакиевчилер менен катар Малеваныйчылар, Жороевчилер, Сатыбалдиевчилерди да тийиштүү жоопко тартыш керек. Анткени ушул үч топ Акүйдө отуруп алышып, сыйкырдуу таякчалары менен бийлик бутактарын каалагандай калчап келишпедиби.
Бир сөз менен айтканда "элдик"деп эдиреңдешкен жаңы бийлик электр энергиясына, коммуналдык төлөмдөргө болгон бааларды мурунку калыбына келтиргендиги жана уюлдук байланышка болгон кошумча 60 тыйынды алып салганы гана болбосо 16 күндө жасаган орошон иштеринин бүдүрү байкалбайт.
Б.Кытайбеков