Эркектерге эскертме

Аялзаттын мүнөзүн келбети айтып берет
Бет түзүлүшүнөн эмнени байкоого болот
Бети сүйрү аялдар-идеалдуу, интеллигентүү, ишеним туудурган жандар.
Бети тоголок-турмуштабардык ыңгайлуулукка ыкталган, эч нерседен кам санабаган, тамакты жакшы көргөн, жумшак жана назик жандар.
Бети төрт бурчтуу-башкарганды жакшы көргөн, өжөр, жумушта болобу, жеке турмушунда болобу ийгиликке умтулган, ачуусу саал чукулураак заттар.
Үч бурч кенен-интелектуалдуу, өтө сезимтал, өзүн жогору койгон, куулугу бар, бийликке умтулган, бирок өзүнүн барк-баасын билген аялзаты.
Бети узун болсо-сезимтал, интелигенттүү алысты көрө билген, калыс токтоо жандар.
Бети алмурут сыяктуу-шайыр, бирок кээде болор-болбоско жини келген, кез-кез эч нерсени жактырбаган айымдар.
Бети раиб сыяктуу-акылдуу, ойлонуп иш жасаган ,консервативдүү, бир нерсеге кумарлана баш-оту менен кирип кеткен жан.

чачынан
чаташпа
Узун болсо-көргөн кишинин көөнүн толтурган тобокелге барган жан.
Эгер чачын жазып жүрсө-өзүнө-өзү ишенген, өзүнүн барк-баасын билген адам.
Чачын тармалдатып жүрсө-табити бийик кишилерге жакын, романтикалуу жан.
Узун карэ-мүнөзү жумшак, өзүнө тиешелүү сапаттарды бекемдөөгө умтулган назик, бирок карьерага умтулган бийкеч.
Кыска карэ-ишкер, табити жакшы, элеганттуу жан.
Чачтарын жаагына түшүрүп алгандар-жаштыгын, сулуулугун жоготкусу, карыгысы келбегендер.
Коюу көкүл койсо-бир нерсеге ачуусу тез келген айымдар.
Чачына гель жана башка көбүртүп-жабыртуучу каражатты көп колдонгондор спортко кызыккан, күч кубаты толуп турган айымдар.

Көздөр, Көздөр
Бакыраң көз-боорукер, пессимист келишет.
Кой көз-ишенчээк, кең пейил адам.


мурундун
түзүлүшү эмнени айтат?
Мурду жайык болсо-чечкинсиз, көп сүйлөбөгөн, чынчыл,душманы жок жан.
Мурду учтураак-тайманбаган, эмгекчил, эстетикалык табити күчтүү жан.
Мурду кайкы-оптимист, ишенчээк жандар.
Мурду ылдый карап турса-көп сүйлөбөгөн куу айым.
Таноосу чоң-бирөөгө көз каранды, бирөөлөрдүн тилине тез кирген аял.

Делдейген кулак делебеңди козутабы?
Кулагынын көнчөгү жаагына кошо уланган болсо-таза, адептүү, чечкиндүү, тырышчаак, иштерман зат.
Кулагынын көнчөгү салаңдап турса-эрки бош дипломат аял.
Кулагы чоң-тынчтыкты сүйгөн таза жан.
Кулагы кичине-көз каранды эмес, бирөөгө сынды көп айткан жан.
Кулагы делдейген-эч нерседен кам санабаган, жүрүш-туруш маданияты төмөндөр.


Оймоктой ооз
сексуалдуу дейби?
Чоң болсо-жалкоо аял.
Узун-тартипке баш ийбеген аял.
Үстүнкү эрди калың-ишкер, чынчыл, ишенчээк аял.
Кичине ооз- аябай сексуалдуу, назиктиктин белгиси.