Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Өмүр кайыгы

Кат жазгыла, кайгы муңга батканда
Кат жазгыла, айың, күнүн атканда
Жашоодо кандай гана күндөр баштан өтпөйт. Кайгы-мууң, ый-күлкү, достук, сүйүү дегендей. Айтор, өмүр кайыгына түшүп баштан өткөн жан кейиткен же кубандырган күндөрүнүз көкүрөгүңүздү бөгөп, айтарга жан таппай, аябай кыйналып бук болуп же кубанычыңыз коюнга батпай турса анда "Асман пресстин" "өмүр кайыгы" рубрикасына кат жазыныз. Сиздин катыңызды окурмандар менен тең бөлүшүп (ананимдүүлүк сакталат) атактуу адамдардан кеңеш сурайбыз. Жан сырыңызды кат түрүндө же Jamal555@mail.ru дарегине жөнөтүңүз. Анда кезек сизде урматтуу окурман!

- Атым Айнагүл. Атымды өзгөртпөй эле бердим. Жеримди так атабагандан кийин кайсы Айнагүл экенимди ким билмек эле. Кыргыз кыздары Москвада жүздөп саналат. Ошол себептүү Айнагүл аттуулар өтө эле көп. Москвага келгениме 5-жыл болду. Алгач жакшы жумушка орношо албай ар кайсы ишке орноштум. Көбүнчө эле менчик кафелерде идиш-аяк жууп жүрдүм. Эң эле оор иш ушул экен. Кечке тикеңден тик туруп колуң суудан чыкпайт. 8-ай идиш жууп иштегенден кийин пол жууганга өттүм. Идиш жууганга караганда пол жууган алда канча жеңилирээк экен. Бир саатта бир сүртүп коём. Бирок такай колум сууда, ар кандай порошоктор менен жуугандыктан колдорум кургап жарыла баштады. Акыры такыр эле иштей албай калдым, себеби колдорумдун жарылган жерлеринен кан агып жарага айлана баштады. Дарыгерге барсам экзема деп, май жазып берди. Бир ай дегенде колум араң айыкты. Бирок, ушу күнгө чейин дарыгер жазып берген майды сүйкөп жүрөм. Антпесем колумдун оорусу ай жаңырган сайын жаңыра берет. Эки жыл ошентип колум суудан чыкпай жүрүп, ушул оруну таптым. Андан кийин менчик ишканага тигүүчү болуп оорноштум. Өмүрү машина тигип көрбөгөм. Адегенде үтүктө турдум.Тигилип бүткөн халаттарды үтүктөп иреттейм. Жарыбаган акча. Кичине колум бошой калса бүт дитим менен машина тигүүнү үйрөнгөнгө аракет кылам. Кожоюунубуз армян улутундагы өтө эле ачуулу киши. Бир мүнөт да эс алдырбайт. Иштеген жерибиз жертөлөөдө, ным тартып караңгы, такай жарык күйүп турат. Акча үчүн түнкү нөөмөткө калышат. Мен да түнкү нөөмөткө калып акча албасам да үйрөнүш үчүн иштеп жүрдүм. Тырышып жүрүп тигүүнү үйрөндүм. Акыры өзүмчө машина алып эл катары бычылган халаттарды санап алып, тигип иштеп баштадым. Канча көп тиксең ошончо көп акча аласың .Түнкү нөөмөткө калып баарынан көп тикчүү болдум. Айлыгым көбөйүп, үйүмө ата-апама жөнөтүп, аларды сүйүнтүп жүрдүм. Өзүм да түзүгүрөөк батирге чыгууну көздөп калдым. Себеби акчамды аяп буга чейин жертөлөөдө жашоочу элем. Жертөлөө кенен. Тамак жасап ичесиң, кичиникей ток плита бар. Болгону эле даараткана, жууна турган жерибиз жок. Бирок желим бөтөлкөлөрдө суу толтура. Дааратканага күндүзү барып келебиз, кечинде тамак, чай ичмей жок. Кыргыздар толтура быкылдап жашайт. Аларга батирге караганда бул жертөлөө бейиштей эле сезилет. Канчалык акчам көбөйгөн сайын жок кылгым келбей, үйгө жарымын жөнөтүп, жарымын беките баштадым. Бир топ акча чогултуп алгандан кийин деле жертөлөөдө жашап жүрдүм.
"Черкез" базары анда укмуш болуп иштеп турчу. Издеп жүрүп, халаттык үч рулон кездемени арзан сатып алып келдим.Түнкүсүн иштен келгенден кийин баягы халаттарды сөгүп курбум Миргүл экөөбүз лекал жасадык. Бычып тиккен халаттарыбыз кожоюундукунан кем болгон жок. Күндүз кожоюунга иштеп,түнкүсүн өзүбүзгө иштейбиз. Дем алыш күндөрү халаттарды "Черкез" базарына, кыргыз эжелерге өткөрөм. Жертөлөөдө машина тиккенибизди эч ким билген жок. Акыры иштен чыгып кеттик. Бүт дитимди коюп халаттардын түрүн чыгарууга жетиштим. Азыр Тверь шаарынан чоң жер үй алгам. Тынч. Балдар халатынан 62-размерге чейин, чыт халаттан тартып фланель, бязь, мончо, бархат, халаттарды чыгарабыз. Жертөлөөдө иштеп, подвалда жашаган күндөр өтүп кетти. Азыр дагы ошол жертөлөө көзүмө ысык көрүнөт. Ошол жерден өнүп-өскөнгөбү билбейм, кээде атайын барып келем. Курбум күйөөсү экөө дагы деле ошол жерде. Алар Кыргызстандан үй, машина алышты. Тверидеги үйүмдү ага-жеңеме сатып, өзүм болсо жай келсе Бишкекке жөнөгөнү турам. 5 жылдан бери ата-энемди көрө элекмин. Акча деп жүрүп убакыт тез эле өтүп кетиптир. Билимим бар. Акчам жетиштүү. Тигүү цехин Бишкекке ачам. Анын үстүнө жашым 26 га баратат. Мен да курбумдай болуп күйөөгө чыгып балалуу болгум келет. Мен бул өткөн күндөрүм менен эмнени айткым келди. Турмуштун ачуу-таттуусу көп болот экен. Айрыкча алыс жерде. Баардык нерсеге акыл-эс менен карап,токтоолук анан да сабырдуулук,чыдамкайлык керек тура. "Сабырдын түбү сары алтын" деп бекеринен айтылбайт экен.
Баардык кыргыз кыздарына бакыт каалайм. Көп кыйынчылыктарды көрүп, сабырдуулук менен жеңген жердешиңер Айнагул.
Жазып алган
Жамал КАНЫБЕКОВА




  Сандан-санга

БАЛАСЫН ИЗДЕП БОЗДОГОН ЭНЕ
(Башы гезитибиздин
өткөн санында)
- Силер менин гүлдөй өмүрүмө кол салдыңар. Окутуп диплом алып беребиз дегенсиңер, диплом эмес аттестатты да өзүм араң алдым. Үйлүү кылабыз дегенсиңер, канакей? Силер чыккынчысыңар, мен бардык жерге жарыялайм, ушу иттигиңерди.
- Ай көп алкылдабачы, сени эмнеден кем кылдык? Төрөсөң баары болмок, төрөбөй койбодуңбу? - деди апам.
- Сизге төрөп берем деп беш жыл өмүрүм текке кетти. А эмне үчүн күйөөмөн төрөп атам? Ойлонбойсузбу, күнөөнүн кимде экенин. Бирок ушул кылганыңар үчүн кудай алдында жооп бересиңер.
- Айтчуңу айтып бүтсөң, бар эми, эшикти сыртынан жаап коюп кете бер - деп атам сөзгө аралашты эле Анар эжем чыңырып кое берди:
- Эмне-е? Мага эшикти сыртынан жаптырчу сизби? Кечээ эле аялыңыздын туубас экенин, сиздин башыңызды айлантып алганын, ошон үчүн балаңызды төрөт үйүнөн сатып алганыңызды айтып, койнумда жатып боздободуңуз беле? Башыңызды айлантып алганын же чындап мойнуңузга алганыңызбы? Балканактай бала тууп берсең катынымы талаага таштап салам дегендериңизге чейин соткама жаздырып алгам.
Эжемин ушу сөзүнөн кийин бир саам дымый түшүштү да эжемин кыйкырганы, андан кийин апамын чыңырганы кулакты жарды. Эшикти түртсөм ачылбайт. Жулкулдатып кирдим, ачылбайт. Көрсө апам кулптап коюптур. Атам Анар эжеми уруп, апам болушуп ортого түшүп келтек жеп жаткандай туюлду. Үнүмүн болушунча "ата" деп кыйкырып, эшикти тепкиледим. Дагы дымый түшүштү да, апам эшикке чуркап келип ачып эле мени кучактап, бооруна кысып калды да:
- Баргыла, эшикке чыгып тытышкыла, баламын жүрөгүн түшүрбөй - деп билмексен болуп коеюн деди эле, от алып алган Анар эжем:
- Тытышканды эми көрсөтөм силерге, ошо баланын төрөгөн энесин жетелеп келип шермендеңерди чыгарам. Жалгыз бакма балаңардан да ажыратам силерди - деп кекенген бойдон эшикти тээп чыгып кетти.
Мен ата-энеме ал күнү да, кийин да эчтеке деп суроо берген жокмун. Алар да мага эч нерсе айтышкан жок. Мен аларга айтпай Анар эжемкине сабактан кийин барып турчумун. Балдарын эркелетип, ойнотуп келе берчүмүн. Мени баса калып өпкүлөп, кээде ыйлап узатчу. Кантсе да бакма энем да. Бирок, биздин үй менен байланышпай калды.
Мектепти жакшы аяктадым. Апамдар бир эмес эки жогорку окуу жайына тапшыртышты. Экөөнөн тең өтүп кеттим, бирок бирөөсүн тандадым. Биринчи курста окуп жүргөндө сабактан эрте чыгып, машинамы жакыныраак жашаган группалашымкына токтотуп коюп, Анар эжемин үйүнө жөө бардым. Эжем дароо эле, "сабакка эмне барган жоксуң?" деди, келгениме шектүү карап. Эгер азыр башка жооп кайтарсам, дагы айталбай арманда кетмекмин, ошон үчүн дароо эле "атайы сизге келдим, баягы сөздүн аягына чыгып бериңиз?" дедим. Ушул эле суроону 9-классты бүткөндө бергем.
- Эсиңен чыгарып кой күчүгүм, кызуу кандуулук кылып алдым, ишенбе, жалган- деген анда.
Бирок мен балалык суроому берип алгам:
- Анда эмне үчүн сиз атам менен жатып алчусуз - деп. Эжемин көзү алайып, качан? - деген.
- Эже, кечирип коюңуз туура эмес сүйлөсөм, бирок мен бүт билем.
- Азыр да кичинесиң, ал эми чоңойгондо менсиз эле өзүң баарын билип аласың. Азыр менден эч нерсе сураба - деп туруп кеткен.
Бирок эжемин атам менен жатып алганын чындап эле унутуп баратам. Ошондогу урушта ачык эле айтылгандыктан, мен дароо түшүнгөм. Себеби апам жокто атам эжем жаткан бөлмөгө кирип жатчу. Мен аңдучумун. Экөөнүн кучакташып жатканын апама айтып койсом, апам мени урушкан:
- Сен жигит болосуң, жигиттер андай ушакты айтпай чоңойушу керек ...
- Бул ушак эмес, мен өз көзүм менен көрдүм - деп ыйлап жибергем.
- Болду жетишет. Мен азыр атаң менен урушсам сөзсүз ажырашып кетебиз. А сен биздин жалгыз балабыз болосуң. Сени талашабыз, соттошобуз, ушуну каалайсыңбы? - дегенде апамын көзүнө жаш толуп кеткен.
- Анда кетсин эжем - деп өңгүрөгөм.
- Болуптур кетет, сени азырынча багып турсун, мектепке барарың менен эжең айылга кетет - деген.


***
Анар эжем жүрөгүн мыжып отуруп калды. Бир топтон кийин:
- Мен силердин үй-бүлөңөрдү бузуп, чыккынчы болдум. Мындай ишке барбашым керек эле, же сен укпай коюшуң керек болчу? Атаң, апаңын бетин кантип карайм?
(Уландысы кийинки санда)






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
23-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Данияр Үсөновдун Үсөновдун рестораны күйүп, рестораны күйүп, кызматкерлерин кызматкерлерин күйгүзүп кетти
2-бет
Отунбаеванын акыркы чарасы
3-бет
Бийлик талаш же убактылуу өкмөттүн өз билемдиги
4-бет
Жолчулар жолго чыгышты
5-бет
Азимбек Бекназаров; Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Сот, Прокуратура тармагы боюнча координатор:
"Революциянын экинчи этабы болот деп ар дайым айтчумун"

6-бет
84 азаматтын каны агып, жамгыр жууп турду
7-бет
Элдин эрки менен ким эсептешет?
8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Атына жараша заты
10-бет
Руслан Түмөнбаев:
"Мени Япон дешип..."

11-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

12-бет
Өмүр кайыгы
13-бет
Скрытые символы науки
14-бет
Эркектерге эскертме
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
"Көзү ачыктарга ишенип бара берчүмүн"






Яндекс.Метрика