Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Билбейм неге кетпей койдуң эсимден

Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"
(Уланысы, башы өткөн санда)
Кийин анан азыркы Ош Университети анда институт эмес беле, сессияга келсем Рыспай жолугуп аябай сүйүнүп, Абыл сени ыр үчүн урушпадыбы? Эгер урушса мени урушсун, күнөө менде, уктуңбу деди. Мен урушкан деле жок дедим. Менин досторум "бу Алмашыңдын жүрөк, боору бар немеби?" деп айтып атышат деди. Ушуга деле маани бербепмин. Анан "жакшынакай кийинип, жүдөбөй өзүңдү тыкан алып жүр, Рыспайдын Алмашын көрөбүз деп сени карагандар көп болот"-деди. Чын эле баамдасам негедир эле мени тиктей беришет. Студенттер да жабырап тиктеп калышат. Рыспай айткандан кийин анан билип жүрбөймбү.
Ошол сөздөр мага көп таасир этти. 5 балалуу болгондон кийин бир жолукту. Канча уулуң бар деди. Төртөө десем, аттиң ай, ошолор менин уулдарым болот эле да деген. Мен анда Рыспайдын уулу жок экенин билчү эмесмин. Кээде жолугуп туралы дейт эле. Эгерде мен Рыспайдын айтканына көнүп, чалды-куйду болуп ага турмушка чыгып кеткенимде, же жөн эле жолугуп жүрсөк деле жаманатты болуп, мындай кадыр-баркка ээ болбой калмакпыз. Мен каерде болсом да билип алат эле. Бир жолу Оштогу жибек комбинаты жактагы ооруканага балам ооруп жатып калдым. Тотуну ээрчитип барыптыр, чоң кызын жетелеп алып. Кийин квартирада турганыбызда да аккордеонун асынып алып барып калды. Мен ал күнү окууга барбай үйдө элем, иним келип, экөөбүз сүйлөшүп отурганбыз. Эшик тыкылдап калды, ачсам Рыспай. Кел да, келбе да дей албадым. Ушул жерде деп угуп, учурашканы келдим дегиче эле күйөөм келип калды. Чай ич десек болбой, нан ооз тийип эле Рыспай чыгып кетти.
- Ошол "Алмашым" деген ырдын пайдасы сизге көп эле тийгендир дейм?
- Зыяны тийбеди. Каерде, ким көрсө эле Алмаш экен деп таанып алышат эле. Эсимде, бизди Ош педагогикалык институтунан Бишкекке окуганы которду. Ал жерде ошол Рыспайдын ырындагы Алмаш сенсиңби деп эле, баа коюп берген окутуучулар көп болду.
- Алмашмын дедиңизби?
- Антиш кыйын экен.Анда жашмын да. Азыр ооба, ошол Алмаш эжең мен болом дечү болдум.
- Алмаш эже, өзүңүз педагогсуз, психологияны жакшы билесиз, турмуштук тажрыйбаңыз да мол дегендей. Кандай ойлойсуз, Рыспай аке сизди чындап сүйгөнбү, же жаштык наристе сезим бекен?
- Азыр ойлосом чындап жакшы көргөн экен. Өмүр бою сыйлап өтпөдүбү. Ал кезде макул, балалык дейли, кийин атамдыкына барып, ушул бир кызды мага ыраа көрбөй койдуңар, мен ушул жердин эле уулу элем го, бөтөн эмес элем деп жаш баладай ыйлаптыр. Муну мага кийин жеңем айтып жүрбөйбү. Анан эң өкүнгөнүм көзү тирүүсүндө бир ооз жылуу сөз айта албай калдым. Айылга келгенде Алмашты таап келгиле деп кыйначу экен. 50 жылдык мааракесин өткөрүптүр, анда барбаптырмын. Ошол 50 жылдыкта мааракеге баргандар "Алмашты" ырдап бер деп суранышса "Бир конвертти ыраа көрүп, куттуктап кое албаган Алмашты ырдабайм" дептир. Аны мага Кара-Кулжадан барган туугандарым айтып келишти. Бирок мен ошол 50 жылдыкка барып, Рыспайды куттуктап келсем дегем. Кайненеме айтсам экөөбүз атаңдыкына баралы, мен балаңды карап турайын, сен барып кел деди.
Мен күйөөмдөн батынып сурай албай койбодумбу! Ошентип бара албай калдым.
(Уланысы кийинки санда)




  Балалыкка кайрылуу

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз Республикасынын эл акыны:
"Шайдинди сүйүп, агарам деп айран сүйкөнгөм "
Садыр-Аке "Жашоодон жалаң гана алыш үчүн эмес, жашоого бир нерсе калтырыш үчүн, андан алып жашоо керек" деген экен. "Балалыкка кайрылуу" рубрикабыздын негизги максаты да ушунда. Бүгүн биз Майрамкан Абылкасымованын балалыгына сапар алып, эски барактарды барактап эжени маекке тарттык.


Бакалардын үнүнөн
ыракат алчумун
- Эх, балалыкка кайрылуу, аны эскерүү өзүнчө бир ыракат. Кемин районуна караштуу Кызыл Суу айылында төрөлгөм. Биздин айылдын кооздугуна дайым суктануу менен карачумун. Жамгыр жааганда суу кыпкызыл агат эле, анан кызыл сууга бир кашык сүт кошуп койсок, кызыл чопосу чаканын алдына тунуп калчу. Ошондон улам айылыбыз Кызыл Суу деп аталып калса керек деп ойлойм. Айылым тоонун этегинде, мазар булактар, жапайы алма, алчалары керемет эле да. Мен булакка такыр бетимди жуучу эмесмин. Анткени чоң атам жаратылышты сактоону кичинемен үйрөткөн. Апам 25 жашында үчүнчү төрөттөн кайтыш болду. Бир ата, бир энеден Бурул деген сиңдим бар. Ал эми, кийинки апамдан Муканбет деген иним бар. Өзүм чоң атамдын колунда чоңойдум. Ушундай шок кыз элем. Айылда Бака деген булак бар. Бакалар көп болуп, түнкүсүн чырылдашса коркчумун. Кийин бакалардын чырылдаган үнү оркестрдай болуп угулуп, укканда ыракат алчумун.


Алгачкы ырым
3-класста жаралган
- Бала кезимде эле лидер болгонду жакшы көрчүмүн. Чогу окуган балдар менин сөзүмдү угушчу. Жазуучулук өнөрүм 3-класста окуп жүргөн кезимде башталды. Ал мезгилде "Дубал" деген гезит бар эле. Гезиттин жарымы менин ырларым менен толчу. Ал эми "Алымкулдун короосунда" деген алгачкы пьесамды 5-класста жаздым. Кийин пьесамды айылга коюп бердик. Көрсө айылдагы болгон турмушту жазып коюпмун да.


"Светой" сезим
- Балалык сезим "светой" болот экен. 5-класста окуп жүргөн кезимде Шайдин деген классташ баламды жакшы көрдүм. Ал сабакты жакшы билчү, ага жагыш үчүн мен да тырышып бешке окудум. Шайдин, башка айылдан келип, кетип окучу. Эс алууга тарагандан кийин сагынып кадимкидей куса болуп ооругам. Эң кызыгы мен кара тору кыз болчумун, агарам деп бетиме айран сүйкөп, жышый берет элем. Ошентсем деле агарган жокмун. Эл акыны наамын алгандан кийин шаардан кезигип, рестаранга киргиздим. Ал да билимдүү адам эле.


Чокморов Байтик
тоосуна чакырчу
- Сүймөнкул жаз келгенде Майрамкүл жүрү байчачекей гүлдөрүн жыттап келели деп калаар эле. Айрыкча акыркы күндөрүн жашап жаткан кезинде баардык нерсени аяп, коштошкусу келчү эмес. Биз да анын ою менен болуп, Байтик тоого барып, Сүймөнкулдун машинасындагы апасы тиккен кичинекей төшөкчөлөрдү салып алып, Төлөмүш Океев болуп жаратылышка суктанганды жакшы көрчүбүз. Биздин жерлерибиз абдан кооз.


Дикая киргизка
- Таланттуу адамдар, дүйнөнү сүйөт. Мени башка өлкөнүн жазуучулары "Дикая киргизка", "Царица праздников" деп атап коюшчу. Ар бир майрамда, "скучаю" деген каттарды жазып жиберишчү. Жолдошум эч качан ал каттарга мени кызганчу эмес, тескерисинче сыймыктануу менен "дүйнөнүн жазуучулары жазып жиберген кат" деп кызыгып окучу.


Бир сүйгөнүм тирүү
- Аз убакыттан бери сүйүүлөр күнүн майрамдоо адатка айланбадыбы. Быйыл окуучуларым, башкача айтканда шакирттерим мени сүйүү күнүнө чакырышты. Барсам он бештей эркек, мен жалгыз. Башка кыздар жокпу десем, күлүшөт. "Сиздин сүйгөндөрүңүздүн баары өтүп кетпедиби, жалгыз калтырбайлы дедик" дешет. Анда мен чочуп кетиптирмин баары өлгөн жок, бир сүйгөнүм тирүү деп.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
23-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Данияр Үсөновдун Үсөновдун рестораны күйүп, рестораны күйүп, кызматкерлерин кызматкерлерин күйгүзүп кетти
2-бет
Отунбаеванын акыркы чарасы
3-бет
Бийлик талаш же убактылуу өкмөттүн өз билемдиги
4-бет
Жолчулар жолго чыгышты
5-бет
Азимбек Бекназаров; Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Сот, Прокуратура тармагы боюнча координатор:
"Революциянын экинчи этабы болот деп ар дайым айтчумун"

6-бет
84 азаматтын каны агып, жамгыр жууп турду
7-бет
Элдин эрки менен ким эсептешет?
8-бет
Саи Бабага сапар
9-бет
Атына жараша заты
10-бет
Руслан Түмөнбаев:
"Мени Япон дешип..."

11-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

12-бет
Өмүр кайыгы
13-бет
Скрытые символы науки
14-бет
Эркектерге эскертме
16-бет
Гүлнара Тойгонбаева, ырчы:
"Көзү ачыктарга ишенип бара берчүмүн"






Яндекс.Метрика