Күрсүкүн

Уран Рыскулов:
"Соттор биз ит болдук дешти"
- Уран сот Петровка окуясы боюнча айыпталуучуларды актагандыгы чынбы?
- Бир жылдан бери созулуп келе жаткан сот Бакиевдин бийлиги кеткенден кийин бир саатта чечип салышты.
- Ошол эле мурдагы сот, айыптоочулар чечим чыгарыштыбы?
- Ошол эле сот, ошол эле айыптоочулар. "Биз бирөөнүн буйругун аткарыптырбыз. Биз ит болдук" дешти. Мына ушулар көрсөткөндөй, мыйзамды тебелеп бир кишинин буйругун аткарып калганбыз.
- Бийлик сени түрмөдө сындырабыз деп далай аракеттерди көрсө керек?
- Сындырабыз деген аракеттер көп эле болду. Ден соолукка зыян келтиргенге аракеттерди көрүштү. Духум сынган жок. Сындыра да алышпайт болчу. Бирок ден- соолугума кичине доо кетиришти. Азыр мен эле эмес, бүтүндөй кыргыз ооруп турат.
- "Ак Жолдун" айрым адамдарынын убактылуу бийликтен да кулагы көрүнө калып жатыптыр? Сен да байкап жатсаң керек?
- Бизге сот болуп жаткан учурда, бир күндө Москва районунда үч аким алмашылды. Бирөөсүн Акшумкар партиясы коюп кетиптир. Элдин бир тарабы аянтта каза болгондорду эскерип жүрсөк, бирөөлөр бийлик талашып жүрүшөт. Аянтта эл төшүн окко тосуп жүргөндө алар ал жерде жок болчу.
- Курултайды уюштуруучулар алгач эч кандай тополоң болбойт, тынч өтөт дешти эле. Тилекке каршы адам өмүрлөрү кыйылып кетти?
- Лидерлер тактикалык жактан мүчүлүштүк кетиришти. Ар бир кадамды эсептеп, камап, атып кетүү эске алынбай калып ушул иш болуп кетти. Башкаруучулар, көз салуучулар камакта болуп, аянтта жок болуп калып, айрымдар бөөдө кырсыкка учурап калышты. Бизге Акүйдү басып кереги жок болчу. Акүйдү аласташ керек. Азыр Акүйгө барган киши бузулат. Ыплас жерге айланган, энергиясы бузук. Менимче ал жерди тазалап, жардырып, ушу каза болгон балдарга алтындан эстелик тургузуу керек.
- Сени менен камалган эки санаалашың бийликке барды деген кеп бар?
- Бөлөкбаев соттон чыгар менен Каржы полициясынын башкармалыгына барды. Сапар Аргымбаев Москва районунун акими болду. Мен аларга айттым. Экөөң бийликке кеттиң. Оппозициянын талаасы бош калды. Мен ушул жакта калайын. Эртең экөөңөр коррупцияга малынчу болсоңор көзүңөрдү чукуп, бетиңерге калпыңарды айтып турам дедим.
- Бийлик тараптан сунуш болдуб у?
- Жок. Кыргыздар илгертен шайлоого чоң маани берип келишкен. Курултайларда эл билермандарын, азаматтарын аныкташкан. Шайлоодо азыркыдай батыштын урнага жашыруун добуш (кагаз) таштаган эрежелери колдонулган эмес. Акыйкатты айткан аксакалдардын добушу угулуп турган. Азыркы убактылуу бийлик да парламенттик, президенттик башкаруу дешип элди алдап, көзүбүзгө чаң чачып жатышат. Эл бул досум, тууганым дебей киши тандаганды, сөз укканды үйрөнүшү керек.
- Эл ошону тандай албай, тилинен "бал" тамгандарды ээрчип кетип жатышпайбы?
- Эң биринчи айыл өкмөтүнөн башталат. Айылдагы короодо жайылып турган кишинин кийген кийиминен бери тааныш. Ички дүйнөлөрүнөн бери билишет. Айыл өкмөтүнө шайланган адам кийин аким, депутат, президент болот. Азыр айыл өкмөттөрүнө шайлоо системасын киргизүү зарыл.
Жашыруун добуш берүү батыштын ыплас технологиясы. Ачык айкын деморатиялык коом курабыз дейбиз да жашырынып ууру мышыкча добуш беребиз. Бул кыргыздарды эки жүздүүлүккө, куулукка, митайымдыкка үйрөтүп жатат. Бирөөнүн акчасын алып алып, экинчи бирөөгө сага салам деп калп айткан болбойт.
- Айкындуулукту камсыз кылган добуш берүүнүн механизми жок болуп жатпайбы?
- Илгери курултайларда дөбөгө таш үйүп алышып, экинчи дөбөгө алып келип добуш беришкен. Кимисиники көп болсо ошол жеңген. Алар деле чатакташкан. Бирок, чындык жеңген. Добуш берүүнүн эң туура жолу курултай.
- Кыргыз саясатында муун алмашпаса болбой калды көрүнөт?
- Ар бир адамдын кудай тарабынан берилген өз өмүрү болгондой эле, саясатта да муун 20 жылда жаңырат. Дүйнө жүзүндө саясатчы ушул убакыттын ичинде аренадан кетиши керек. Кыргызстанга 50 жакшы кадрды тандап алсак ошол жетет. Жаштардын көзү ачылып келе жатат. Американы бир ууч еврейлер башкарып жатат.
Азыркы бийликтегилердин көбү булганып калышкан. Канчалык таза жүрөйүн десе да буттары бокто. Жаңы муун, жаңы көз караш керек. Кудайды, ыйманды тааныган идеология керек. Лидер "жок" деген сөздөн башталат. Коррупция, уурулукка жол жок деген киши лидер боло алат. Азыркы бийлик да уурдай баштаса "жок" деп айтканга кудурет жетет. Аркабызда колдогон жаш балдар бар. Кыргыздар келесоо эмес. Кечээ жылаңач төшүн окко тоскон балдарды дүйнө жүзү көрдү.
Конфуций айткан: "Байлык менен бийлик бир жерге топтолгондо сасып чирийт" -деп. Эгер байлык менен бийлик элге берилгенде жугумдуу болмок. Бишкекке бийликтин баарын чогултуп алышып сасып жатышат.
Назаркул Жоошбаев




Көчөмаек
- Президенттике ким татыктуу?
Нурлан Субанкулов, Кочкор району, дизайнер:
- Президент болууга Өмүрбек Текебаев татыктуу деп ойлойм. Анткени ал башкаларга караганда таза деп эсептейм. Ошондой эле Кыргызстандын келечеги үчүн бир топ иштерди кылып, элдин жашоо-турмушун жашырта алат деген ишеним бар.


Доктурбек Эмиров, Бишкек шаары:
- Бир гана Равшан Жээнбеков татыктуу. Калганы боло деле алышпайт. Мындай караганда Президент бул же тиги боло алат дегенден эл коркуп жана ишенбей калышты. Эми бир тилегенибиз туура бийлик келип, эл, жери үчүн ичип жебей иштеп беришсе болду.


Абдусамат Мамарахимов, Бишкек шаары:
- Убактылуу бийлик башында турган Роза Отунбаева татыктуу. Биринчиден ишти билет, экинчиден таза, чынчыл, тайманбай бетке сүйлөгөн айым. Мындай адамдар иш жүзүндө өздөрүн көргөзө алат деп ойлойм. Ошентсе да алдыда алты ай бар эмеспи, балким жаштардын арасынан да лидерлер чыгып калар.


Нуркамал Усенгазиева, Ыссык-Көл облусу:
- Ким болсо да татыктуу кызмат кылып, элдин жашоо, турмушун оңдоп берсе болду. Элибизге кан төгүүлөрдү алып келбей иштеген адам татыктуу деп эсептейм. Анткени бир кезде баарыбыз ишенип шайлаган бийлик кандай кан төгүүлөр менен аяктады.


Кайрат Карабеков, Ыссык-Көл облусу, студент:
- Жеке өз оюмду айтсам, мамлекет башчысы болгонго Өмүрбек Текебаев татыктуу. Бул адам чынчыл, жана таза. Эгер президент болсо, эли, жери үчүн чын дили менен кызмат кылып берет деген ишеним бар.


Жамал Каныбекова