Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Илебиңди сагындым

Жаз, сүйүү жана жандүйнө
Убакыт деген зымыраган куш. Кечээ эле кычыраган кыш, ызгаарын төгүп турду эле, мына эми "өлбөгөн кулга жаз келди"дегендей асмандан күндүн илеби тие баштады. Ооба, сыртта жаз. Гүлдөр да, кыздар да ачыла баштады. "Сүйүүлөр жазда башталат" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Адам эмес табият да өз сүйүүсүн көрсөтүп, айлана жашылданып мээримин төгүп тургандай. Махабат отуна кимдер гана кабылбаган. Сүйүү азабы эмнелерди гана жасабаган. Бу жарык дүйнөдө Сүйүү, Махабат, Сагыныч, Ашыктык, сезимдери жүрөктү жалынга чырмап, кимдерди гана кучагына алган эмес. Адамга бакытты, тукум улоону, көз жашты, ажырашуу-табышууну деги эле жашоонун өзөгүн тартуулаган сүйүү жөнүндө чакан маек курганбыз. Бирге болуңуз.


- Жетпей калган сүйүү ширинби?
Айжан ГАЗИЕВА, ырчы:
- Сүйүү баардык адамдарда эле болсо керек. Мен да эки жыл мурун сүйүүгө кабылгам десем жаңылышпайм. "Сүйөмүн сени" аттуу ырым ошол кишиге арналган. Бирок, мен ал киши менен бирге боло албайм. Жашоо ушунусу менен кызык экен да. Ал эми жетпей калган сүйүү ширин жана таза сакталат дегендерге ишенем.


- Сүйүүнү көз менен билдирүүгө болобу?
Эльмира МАДИЕВА, "Обон" гезитинин редактору:
- Сүйүүнү ар ким, ар адамдын жүрөгүнө, ар кандай жеткирип жүрбөйбү. Кээ бир жазуучуларыбыз сүйүүнү том-том китеп кылып жазып жеткиралбай калса, бир акын аны төрт сап ырга эле батырып салып дегендей... Сүйүүнү сөз менен эмес, көз менен айтып жеткиргендер бар. Неси болсо да сүйүү адамзат тирүүсүндө бүтпөй турган тема.


- Сүйүү жомокпу же кудай тарабынан берилген ыйык сезимби?
Байыш МОМУНОВ, ырчы:
- Албетте бул жомок эмес, кудай тарабынан берилген ыйык сезим. Жаз келгенде улан-кыздардын сүйүүсү башталат эмеспи. "Жаз келди сүйүү башталды" - деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Негизи сүйүү экиге бөлүнөт. Узак сүйүү жана кыска сүйүү болуп.
Узак сүйүү кудай тарабынан берилген түбөлүктүү ыйык, таза сүйүү. Баш кошуп бала чакалуу болосуң дегендей. Ал эми кыска сүйүү болсо, күнүмдүк көңүл ачуу. Азыркы учурда мындай сүйүү көп болуп кетпедиби? Бүгүн сүйлөшүп, эртең ажырашып кеткендер. А мен болсо узак сүйүүгө кошулам.

- Бай аял, сага акча берем, мага эркектик милдетти аткарып жүр десе эмне кылат элеңиз?
Кулмат ТУКЕНАЛИЕВ, журналист:
- Бул нерсе сүйүүгө кошулбайт. Сүйүү деген өзгөчө сезим. Ал сезим оюнчук катары эмес, адам баласына чыныгы жашоону белек кыла турган сезим. Жашаганды билиш үчүн жашоону сүйүш керек. Жашоону сүйсөң жакындарыңды, ата-энеңди, өмүрлүк жарыңды, балдарыңды мекениңди, эне тилиңди сүйөсүң. Ошентип жашоо уланат, тамырың жайылат. Сурооңо жооп берсем. Мен баймын десем болот. Себеби менин байлыгым ден-соолугум, жаштыгым. Бул экөөнүн жардамы менен материалдык байлыкты, адал эмгек аркылуу тапканга аракет кылам. Жанагы жолго баруу жеңил оокат. Жеңил оокаттын эч качан жугуму болбойт. Маңдай тер менен таап жеген нан баарынан даамдуу.


- Бир көрүп сүйүп калганга мүмкүнбү?
Руслан ТҮМӨНБАЕВ, спортсмен:
- Сүйүп калганга кантип болбосун, эгер кыз жагып турса. Бир көрүп үйлөнүп алгандар деле бактылуу жашап жатышпайбы? Мен мындай окуяларды көп учураттым. Бирок, өзүм сүйүп кала элекмин. "Башка түшсө байтал жорго" дегендей башыма түшсө мен деле эл катары сүйүп калышым мүмүкүн. Баардыгын насип билет да.


- Эркек курсагы менен аял кулагы менен сүйөт дегенди кандай түшүнөсүз?
Бейшенбек Абдыразаков, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Эркекти тамак-аш берип сүйдүрүп алса болот деп айтып жүрүшөт. Ал эми аялзатын өтө назик гүлгө теңеп жүрбөйбүзбү. Андыктан аларды мактап, жылуу сөздөрдү айтуу менен көңүлүн алып, сүйүү сезимин жандырууга болот.Ошондон улам элибизде айтылып калса керек.
Менин алгачкы сүйүүм мектепте 6-7 класста окуп жүргөн кезимде жазында башталган. Ал мени менен чогу окуган бир чети классташым, бир чети айылдашым эле. Мектепти аяктагыча достошуп, сүйүшүп жүрүп, кийин жогорку окуу жайында биринчи курста окуп жүргөндө баш коштук. Азыр бир уул, эки кызымдын энеси. Кудайга шүгүр үйгө барсам курсагым ток.

Сага баратам,жаным!
Жайлоодо чар жайыт жайылып жүргөн койлордой, чачырап кеткен ойлорумду араң чогулттум. Дагы сен жакта жүрүптүр. Канчалык кайтарсам деле болбойт. Ашып кетсе беш мүнөт," дагы каякта жүрүшөт болду экен" деп эсимди жыйып эстесем, ойлорумдун баары сен жакта жүргөн болот .Деги эмне болуп баратам? Оюмду кубалап жетпей калчу болдум. Тузактап, магниттей тарткан сендеги күч керемет окшойт. Олтурсам,турсам жада калса уйкудан ойгонсом да сени ойлоп жаткан болом. Бул аз келгенсип ойлорума кыялдар да кошулуп алыптыр...Экөө биригип , акылга баш ийбей, айламды алты кетирмей болду. Барыдан да сендеги каалоону туюп, сезип калгандан бери, тигил экөөнү токтотуш кыйын болуп атат. Үчөө бириксе мени да сен тарапка жетелеп жөнөйбү дейм . Анда эле эмне болоорум белгисиз. Сен тараптан сүйүүнүн карааны көрүнсө, өзүм эле алардан мурда жетмекмин. Карачы, дагы кыялга жетеленип кеткенимди. Мейличи, бара көрөөрмүн. Мен сага баратам, жаным!
Элес

Даярдаган Айзада Жеңишбек кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??