Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Капчыкту айымдын "кампасы"

Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"
- Бурул эже, убакыт деген зымыраган куш экен. 2005-жылдын 24-мартынан бери билинбей 5 жыл өтүп кетти. Акыбалыңыз, ишиңиз кандай?
- Эми, мурдагыдан кыйла түзүк болуп калдык. Ал учурду силер деле билесиңер да. Биз кандай абалга калганыбызды. Тонолгонубузду, кыйналганыбызды. Андан бери 5 жыл өттү. Буюрса, ошол жабыр тарткандарга, өкмөттөн алган жардамдарды, жеңилдетилген кредитти берип, бир топ жолго коюп алдык. Азыр өзүбүздүн кредиттик союзубузду мындан ары өнүктүрүү жолун издеп жатабыз. Алган кредиттерибизди эмки жылдан бөлүп-бөлүп кайтара баштайбыз. Германиялык техникалык борбор (ГТБ) кредиттик багыт боюнча жакшы жардам берет экен. Булар менен иштешели деп турабыз. Өзүбүздүн кредиттик союздун ичинде айыл чарба продукцияларын өндүрүү, мал чарбасын көбөйтүү багытында кооператив түзүүнү пландап жатабыз. Анан филиалдарыбызды айыл жергесине, райондорго ачсак деп турабыз. Буюрса 2005-жылдагы окуя эстен чыгып калды.
- Баягы, Алмаз Атамбаев берем деген 10 млн сомду алдыңарбы?
- Алмаз Шаршенович премер-министр болуп тургандагыбы? Ооба, алдык.
- Кредиттик союзда канча мүчөңүз бар. Акчаңардын саны канчага жетти?
- Көп эле, 600 дөн ашык мүчөбүз бар. Кудайга шүгүр иш жүргүзгөнгө акчабыз жетет. Мынча акчабыз бар деп айталбайм. Ал жашыруун. Көрсөткүчүбүз боюнча Кыргызстанда 5-орунда турабыз.
- Бурул эже, мындан 5 жыл баштагы менен азыркыны эске салыңызчы. Анда кандай элеңиз да бүгүн кандайсыз? Өзгөрдүңүзбү?
- Анда өзүмдү, үй-бүлөнү багуу, тууган-тушканга жардам берүү, анан жабыр тарткандар менен биргеликте ишибизди кайра оңдоо менен алек элек. Башка улут үстөмдүк кылган, кыргыз улуту кыйналган жерде, базарларда аренда акыларын көбөйткөн мезгилде калыстык үчүн билек түрүнүп кирип барчумун. Базар ээлери туура эмес иш кылышса, карапайым элге болушуп кайнап жүргөн кезим болчу. Адам заманга, мезгилге, учурга жараша өзгөрөт экен. Ошол ишкерлер тонолгонго чейин акчаны бирөөдөн карыз алып, үйүн күрөөгө коюп дегендей иштеп жатышкан да. 2005-жылдары кредиттик багыттар жабык эле. Эл кредит алууну анча билген эмес. Революция болгондо өмүр бою иштеп таап, үй бүлөсүн, ата-энесин багып жаткан соода сатыгынан бир эле күндө ажырап калганы аябай эле оор болду да. 1000 адам жабыр тарткан. Анын үй бүлөсүн төрттөн эсептесең эле 4000 киши, тууган тушканын кошсоң, канча адам жабыркады? Бир бармагын кессе, бүт баары зыркырайт болду да. Ошол арендаторлор бала чакасын, ата-энесин, кайын-журтун баккандан башка дагы өкмөт салыгын, арендасын төлөп жатышат. Айтор, бу байкуш ишкерлер берип эле келе жатат. Революциядан соң, бизге бир жыл өткөндөн кийин, пикетке чыгабыз деп турганда өкмөт араң жардам берди. Ыйлап-сыктап атып өзүбүздү-өзүбүз бутка тургуздук. Ошентип мурда ишкерлер талабын талашкан жөнөкөй ишкер болсом, азыр коомдук ишкер айым болдум десем болот.
- Популярдуу болгон жакшы бекен? Популярдуулук эмне берет да, эмнени алат экен?
- Мурда көчөдөн көрсө жабыр тарткан аял дей беришчү. Себеби, телевизордон көп чыгып, жабыр тарткандарды коргоп жүрбөдүм беле. Азыр таптакыр башкача көз караш пайда болду. Жетекчи айым болдум. 21-мартта өткөн "Кош жылдыз" теледолбоорунан кийин популярдуулугум дагы өстү. "Кош жылдыз" деп калышты. Популярдуулук энергияңды алат экен. Кенен-чонон басалбайт экенсиң. Азыр ойлонсом, Революция болгону жакшы эле болуптур. Ишкерлердин деңгээли да өстү.
Болбосо, мурда ишкерлер бири-бирин тануучу эмес, иши да жок эле. Баягы жамандык болбой жакшылык жок дегендей азыр бириктик, бир уюмубуз бар. Салык кымбаттаса, калыстык жок болсо, башка көйгөй жаралса биригип жогор жакка маселе кое алабыз.
- Бүгүн кымбатчылык күчөдү ,эл буга нааразы болуп жатат. Сизден сурагым келет да. Сиз Бакиевди колдогуңуз келеби же...
- Курманбек Салиевичке көп нерсе жетпейт көрүнөт. Өзүбүздү алалы, биз бир жылга чейин өкмөттөн жардам алалбай жүрдүк. Бир жыйында арыз-муңду айтып чыктым. Ошондон соң, Президент өкмөткө, Усубакунованы чакырып бүт көйгөйүн чечип бересиңер деп тапшырма берди. Бир жума ичинде маселе чечилип, анан жардам ала баштадык. Андан кийин да көп сынды угуп, жардамын берип турду. Ушундан ойлойм да бул кишиге көп нерсе жетпейт экен деп. Анан эми хан деген качан эле жалпы элге жакчу эле. Иш болуп атат, үйлөр курулуп социалдык кызматкерлерге, артисттерге, спортсмендерге, таланттууларга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үй берип атат. Жакында эле орустардын "Минута славы" теледолбоорунун жеңүүчүсү Атай Өмүрзаков деген балага эки бөлмө үй берди. Эмгегин, талантын баалаганы да. Ишкерлерди колдоп эле жатат.
- Мен сизди түшүнүп турам, эгер опозициялык көз караш болгондо бийликти көөлөп бермексиз. Сиз эми бийликке көз карандысыз да.
- Бийликке эмнеге көз каранды экем. Бул сурооңо каршымын. Биздин союз элдики, элдин акчасын алып иштетип атабыз. Киреше менен иштеп атабыз. Кымбатчылык жалпы элдин башына келип турат. Коорупция системасын мен айтканда эле оңолуп кетеби.
- Саясаттан сырт эле сүйлөшөлүчү. Адам өзгөрүп турат эмеспи. Өзгөрдүңүзбү?
- Өзгөрүү сөзсүз болот. Азыр элди жакшы көрөм. Себеби, мени ушул деңгээлге көтөрдү. Сезимим ар бир адамга, жакын тууган, досторго байланып калган. Мисалы, түнү чакырса да, күнү чакырса да кичине болсо да колумдан келгенин кол кабыш кылсам деп барам. Эл мага ишеним артып турганын көрүп сүйүнүп турам.
- "Кош жылдыз" теледолбооруна катыштыңыз. Ошол жерде аябай кенен тамак уюштурду дешет.
- Жо-ок, жалгыз эле мен эмес, ал жерде он төрт жуп болдук. Ырчылар эмес, экинчи жуп болуп катышкандар биригип уюштурдук. Анда депутаттар да болду. Режиссердон тил угуп, бир ырды кара терге түшүп араң даярдасак, анан кичине чай уюштуралык дедик. Чогулган акчага тамак-аш даярдаганды гана биздин ишкерлер аткарышты.
- Барабан каккылап, секирип бийлеп, ырдап аттыңыз эле, канча балл алдыңыз?
- 45 балл алдык. 350 билетти биздин ишкерлер алышыптыр. Аябай даярдык менен барышкан экен. Гүл көп болду, 150 гүл берилди окшойт.
- Ырчынын бир күнүн көрдүңүздөр. Ырчы болуш кандай экен. Оорбу же оңойбу дегендей...
- Жок, ырчы болуш кыйын эле болгудай. Биздин жаныбызда ырдаган ырчылар консерваторияны бүткөн билимдүү ырчылар. Менин түгөйүм Токтогул опера ырчысы, мыкты үнү бар экен. Талантты баалаш керек. Түйшүгү көп болот экен.
- Бурул эже, сыртта жаз. Жазда сүйүүлөр башталат дейт, ал эми атактуулардын артынан чуркагандар болот. Сүйүп калдым дейт. Жашырбай, жаппай эле ички сырды айтпайсызбы? Сиз ушундайга кабылдыңызбы?
- Жок, кабылбадым. Эми сүйүү деген менден илгери, жаш кезимде өткөн. Азыркы сүйүүм балдарыма, ишиме, кызматкерлериме, Кыргызстан, эли-жериме арналган. Бирок, сүйүү кары жашка карабайт дейт. Келип калса каршы эмесмин.
- Бай болгон кандай болот экен?
- Мен байлардын катарына кире элекмин. Байлар деп биздеги көрүнүктүү базар ээлерин, чоң-чоң ишканалары барларды айтса болот. Мен ички дүйнөмдүн жөнөкөйлүгү менен баймын. Жакындарым, санаалаштарым бар, мен ачка калам деп коркпойм. Ачка калсам, телефон чалсам нан көтөрүп келишчү адамдарым бар. Элге болгон ишеничим мени кедей кылбайт.
- Бош учурда эмне кыласыз? Кызматтык машинаны минип алып эле иш бүткөн соң үйгө жөнөйсүзбү?
- Убакыт тар. Бошой калсам "Бодофлекс" деген спорт түрүнө барам. Эртең менен чуркайм, муздак сууга түшөм. Өзүмдүн көнүгүүлөрүм бар, аны жасайм. Өзүмдүн ден соолугума, аялдык сулуулугума көп көңүл бурам. Өзүн карабаган аялды жактырбайм.
- Аялдык сулуулук деп атасыз. Сизде сүйүү болбосо, бирөөгө ашык болбосоңуз анан сизге эмне кереги бар ошол сулуулуктун.
- Өзүмө, балдарыма керек. Бирөө тиктесе да көркөмдүү болуп турганы жакшы го дейм.
- Азыркы заманда жаш жигиттер улуу аялдарга ашыкмын деп артынан чуркап жатышат. Сизге ушундай абал туш болсо не дээр элеңиз?
- Тең теңи менен тезек кабы менен деп жооп берем.
- Теңиңиз ашыкмын десечи?
- Эгер чын жүрөктөн ашык болсо көрөбүз да. Бирок, азыр андай бололек.
- Кайрадан 18деги кыз болгуңуз келеби?
- Акылы токтоло элек кыздан көрө, акылы токтолгон аял болгон эле жакшы.
Өткөндү кайра алалбайсың. Кудай буюрган күндү, жашты жашап жатабыз.
К.ПОЛОТОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??