Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Ичкүйдү

Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"
21-март күнү, таңкы саат төрттөрдө Калык Акиев-49 көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн короосунан "Атамекен" партиясынын Чүй облусу боюнча координатору Турат Мадылбековдун аялына таандык "Тойота RAV-4" үлгүсүндөгү автоунаасын кимдир-бирөөлөр атайылап өрттөп кетишкен. Ушул убакка чейин бул иштин бети ачылбагандыктан, окуянын чоо-жайын билмекке Турат мырзаны кепке тарттык.


- Кандайдыр бир себептерден улам машиналар күйүп кетип жатпайбы? Өрт ушундай кырдаалдан келип чыккан жокпу?
- Алгач мен да ушинтип ойлогом. Тилекке каршы эксперттердин айтымында атайын жасалган иш экени такталды. Кылмышкерлер машинанын терезесин талкалап, ичине күйүүчү май чачышкан. Бирок, күйүп баштаган машинаны кошунабыз көрүп калып бизге кабарлап, жалпылап өрттү өчүрдүк. Кичине кечиккенде айланасындагы машиналар да жарылмак экен. Ошол маалда биздин машинанын жанында Максим Бакиевдин орун басарынын автоунаасы да токтоп турган. Эгер өрт күчөп кеткенде, ал дагы кошо жарылмак.
- Бул ишти кимдер жасады деп ойлойсуз?
- Бул иштин ким тарабынан жасалганын билем. Бул жерде үч топ бар. Алардын ичинде милиция кызматкерлери, криминалдын чөйрөсү бар. Мен ким экенин ачык айтпай эле коеюн. Азыр ушул тапта мени аңдып жүргөндөр, ИИМдин жана кандайдыр бир уюмдун кишилери.
- Аларга эмне кылдыңыз эле?
- Өч алчудай буларга эч нерсе кылганым жок. Булар мени коркутуу маанисинде жасашкандыр. Буга чейин деле мындай көрүнүштөр болгон. Тактап айтканда үч жылдан бери асылып келишет. Мен коркуп же баш ийип калбайм. Ачык эле айта кетейин, эгер мага бирдеме болсо, ИИМдин генералдарынын колунан келди деп билсеңер болот.
- Кандай чара көрүп жатасыз?
- Мыйзам сатылып, бүт баары бийликти оозанып жатса, кандай чара көрө алмак элем. Бул машина жубайымдыкы болгондуктан, ушул чарага барышты. Өзүмдүкү гаражда болчу, ага тие алышкан эмес. Булардын негизги максаты, аялым, үй-бүлөм аркылуу мени коркутуу.
- Мынчалык асылууларга караганда, бул жерде кандайдыр бир сыр барбы?
- Булардын жаман ойунда Мадылбеков - Чүй облусундагы негизги обьект. Чүйлүктөр азыркы бийликтин эмне кылып, эмне жеп атканын менсиз деле жакшы билет. Бийлик акылга сыйбаган, жапайы, каразгөйлүк кылыктары менен калкты өздөрүнө карама-каршы үндөп жатат. Ал эми бул кырдаал, менин оозумду жабуунун айласы.
Маектешкен Анара Назаркулова




  Айланайын Акаев кайдасың?

Аманбай Сатыбаев, "Элим үчүн, Элим менен" фондусунун жетекчиси:
"Кыргызстанга эл аралык уурулар келишти"
- Аманбай Гайназарович, Бакиевдин бийлиги сиздин өмүрүңүзгө көп эле коркунуч туудурду. Бир нече айлап камалып да чыктыңыз. Эмнеге чет өлкөгө кетип калган жоксуз?
- Менде качып кете турган коркок чалыш мүнөз жок. Ар бир кадамыма, сүйлөгөнүмө, жасаган ишиме жооп бергенди жакшы көрөм. Чөнтөк телефон кыргызстанга жаңы келгенде алган номурум ошол боюнча. Бүгүнкү күнү бир ишкердин мамлекеттен чыгып кетүүсү жакшылыкка алып барбайт. Кыргызстандын биринчи байлыгы адам ресурсу. Ар бир жаран кыргызстандын байлыгы. Мамлекет ошону өстүрүшү керек. Ишкерлердин эсебинен жаңы жумушчу орун пайда болуп, мамлекетке киреше кирет. Бизде таланттуулар,спортсмендер, ишкерлер сыртка чыгып кетип жатышат. Ошолор мамлекетибиз үчүн иштесе болбойт беле.
- Көрүнбөй кеттиңиз. Кайда, эмне иш кылып жүрөсүз?
- Жыйырманчы кылымда негрлер кулдуктан кутулушса, жыйырма биринчи кылымда кыргыз эли кулдук заманга кетип бара жатабыз. Эркиндик жылдан жылга жоголуп баратат. Акаевдин реформаларынын негизинде чыныгы эгемендүүлүгүбүзгө жетишкенбиз. 24-марттагы революциядан кийин көп адамдардын үнү угулбай калды. Бирок, биз мекенибиз, жерибиз үчүн жаныбызды берүүгө даяр адамдарбыз. Расмий бийлик туура эмес жолго түшүп алганын билип, сүйлөтпөгөнгө аракеттерди көрүп келет. Бир да эркин теле берүү калган жок. Бир жуманын ичинде "Ачык саясат" баш болгон бир топ гезиттер жабылып кетти. "Стан kg" электрондук теле берүүсүн жаап, кайра ачышты.
- Сиз кулчулук заманга кетип бара жатабыз дедиңиз. Бир партиялуу, тартиби катуу кытай мамлекети өнүгүп жатпайбы?
- Кытай бир партиялык түзүлүш болгон менен базар экономикасында иш алып барат. Эгерде кытайда көп партиялуулук болуп, адамдардын саясый эркиндигине жол ачылса экономикасы мындан да көтөрүлмөк. Конфуций "Эгерде жакшы президент болсо аткаруучу бийлик жакшы иштеп, эл жакшы жашайт" деген.
- Сизди Акаевчыл деген сөз али күнгө чейин ээрчип келе жатпайбы?
- Мен Акаевчыл эмесмин. "Элим үчүн, элим менен" деген адаммын. Бул кыргызстанда ар бир патриотко тийешелүү сапат. Элим деген адам кыргызстанды сактап кала алат. Өнүккөн мамлекеттерде ушундай адамдар көп болгондуктан, алар өнүгүп жатат. Бүгүнкү бийлик кыргыз элин дүйнөгө уят кылды. Кен байлыктарды уурдашып, чет мамлекеттерге алып кетип жатышат. Акаевдин убагында мындай уурулук болгон эмес. Жакшы киши жан дүйнөсүнө күч келгенде качып кетет. Бүгүнкү бийлик сырткы өлкөлөргө кыргызстанга барып ал жердин байлыгын тоносо болот экен деген түшүнүктү калыптандырып койду. Башка мамлекеттен качып чыккан эл аралык уурулар, Гуреевичке окшогондор кыргызстанга келип жатышат. Гуреевич жалгыз эмес.
- Сизди БЭКтен чыгарып салышкандыгы чындыкпы?
- БЭКтин кээ бир мүчөлөрүнүн мүнөзү мени коркута албайт. Мен душмандарды дос кылганга аракет жасайм. Ошто БЭКтин атынан митинг уюштуруп он күнгө камалып да чыккам. Кир болуп калган отургучтун үстүнө сүртүп чыгып сүйлөп, кайра түшкөндө сүртүп арчып койгонум үчүн камашкан. Камалып жатканда БЭКтин мүчөлөрү сөз айтып койгонго жарашкан жок.
- Ишкер катары колуңузду көкүрөккө коюп айтсаңыз. Ишкерлерге мурдагы бийлик жакшы шарт түзгөнбү же азыркы бийликпи?
- Акаевдин убагында ишкерлер патент системасына өтүп иштеп жатышкан. Мындайча айтканда кыскартылган салыктын түрү менен иштечү. Атаандаштыктын өнүгүүсүнө абдан жакшы шарт түзүлгөн болчу. Азыркы бийлик патентти он эсе кымбаттатып жиберди. Өткөн жылы жарык өчө баштап "тезек жаккыла" дегенден кийин кытайдын ток чыгарчу агрегаттары кыргызстанга агылып келди. Алар көп иштебей эле бузула берет. Ар бир орто ишкер агрегаттарды сатып алганга 100 миң сом кетиришти.
- Сизди Акаевдин мезгилинде бийликке таянып бизнесин жасаган дешет?
- Далили болсо ким менен болсун бетме- бет сүйлөшө алам. Ал учурда мен андай иш жасаганга кудуретим жок эле. Өзбекстандан келгендиктен мени колдогон бул жерде эч ким болгон эмес. Мени колдогон Аскар Акаевдин жалпы ишкерликке ачкан жолу, мыйзамдык шарттары болгон. Экинчиден менин ийгилигим жеке билимимдин негизиндеги болду. Андан башка мени эч ким колдогон эмес.
- Салыктарды төлөчү белеңиз?
- Ар бир салыкты алдын ала ашыгы менен төлөчүмүн. Мусулман тили менен айтканда зекет, кайрымдуулук иштерин көп жасагам. Ал иштерим үчүн сыймыктанып ар убак айта алам.
- Бакиевдин жанында баягы эле Акаевчылар жүрүшөт, революционерлерден эч ким калган жок. Сиз деле Бакиевге жакындап оокат кылсаңыз болбойт беле?
- Акевдин айлана тегерегинде ошол учурда эле душмандары көп болчу. Алар сырткы күчтөр (Америка, Россия) менен байланышып, ал кишини кетирүү жөнүндө ойлоно башташкан. Биз мындан да бай жашасак болот. Ал үчүн элден салыкты дагы да көп чогултуп, жаратылыштын байлыктарын ууру жол менен жыйып, ар кандай ууру жолдор менен баюуну көздөп калышат. Анан ошолор мамлекет башчысына мындай же тигиндей кылалы дешип, арам жолдорду сунуш кыла баштаганда падыша кой элди тоногон болбойт деп, аларга тоскоол болот. Анан алар мамлекет башчысын кетирүүгө кам көрүшөт дегендей. Тарыхта мындайлар көп эле болгон. Падышаны жок кылыш үчүн баласын атасына каршы коюушуп же падышага аялы аркылуу уу бердиртишкен. Ордо оюндарында мындайлар ар дайым болуп келген. Акаевдин тагдырына да ушундай көрүнүш туш келген. Мына ошолор азыр бийликке келишип, элди тоноп жатышат. Баары кымбаттады. Элдин жонунан кайыш тилип жатышат.
Назаркул Чокон







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??