Эй, 7-кабаттан жерге түшкүлө!

Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
Өткөн жума өлкөбүз үчүн саясий окуяларга бай болду. Чу дегенде эле ОДКБнын генералдык катчысы Н.Бардюжа, Славакиянын Президенти И.Гашпарович жубайы менен келсе, андан кийин ат тезеги сууй электе БУУнун генералдык катчысы Пан Ги Мун мырза жубайы менен келди. Жубайларын кошо ала жүрүүнү эсил кайран союз кезде рахматы болгур Леонид Брежнев баштап берип, аны азыркы дүйнөнүн дээрлик бардык башчылары ийгиликтүү турмушка ашырышып келет. Кеп алардын кимди ээрчите келгенинде эмес, кеп алардын жергебизге жасаган сапарынын максаты менен жыйынтыгында. Протоколдун алкагында откон жогорку денгээлдеги жолугушуулар жөнүндө бийликтин бакма маалымат каражаттары жакшы эле кан какшап обон созушту. Дагы да далай ыр,жомок кылып айтышаар. Ал эми ошол эле учурда БУУнун имаратынын алдындагы укуктары тебеленген журналистердин нараазычылык акциялары коз жаздымда калып, ал туурасында бир ооз да кеп болбогону иренжитпей койбойт.
Кара кылды как жарып, акыйкатты жазган эркин басылмалардын бир катары азыркы күндө жабылып, канчалаган кесиптештерибиз бош калышты. Натыйжада ансыз да өсүп жаткан жумушсуздуктардын катары дагы да өстү. Ушул өңдүү терс жагдайлардын баарысы чогулуп келип адилеттикке чаңкаган элибиздин кыжырдануусун жаратып, аларды митинг, пикеттерге чыгууга мажбур кылууда. Ошондон уламбы айтор, азыр эки адамдын башы бириксе эле саясаттан кеп согуу өнөкөткө йланып барат.
Жергебиздеги жумушсуздуктун күчөшү, электр жарыгынын өчүшү, тамак-ашка, ар кандай төлөмдөргө болгон баалардын асмандашы карапайым калкыбызды аргасыздан саясатка аралашууга мажбур кылып отурат. Элге көп нерсенин деле кереги жок. Болгону свет өчпөй, баалар өспөй, нан таап жегенге иши болсо болду.
Оппозиция өкүлдөрүнүн кан какшап Акүйгө коюуп келишкен талаптарынын негизин да ушулар түзөт. Бирок мурдун балта кеспеген бийлик төбөлдөрү укса да укмаксан, көрсө да көрмөксөн. Албетте, бул эл менен бийликтин ортосундагы ажырымга алып келери бышык. Ал эми тентек оппозиционерлерди теске салууда тээ Акайычтын тушундагыдай дүжүр чалдарды ортомчу кылуу салтын да азыркы бийлик мыкты өздөштүрүп келет. Натыйжада бийлик элге кызмат кылбастан, эл бийликке кызмат кылып жаткандай туюлат. Себеби экономикабыз эңшерилгенден эңшерилип, элибиз өзүн-өзү эптеп багып жан сактап келишсе, ал эми өкмөт акебиз элибизден түшкөн салыктын эсебинен эптеп тунгуюктан чыгып келет.
Ал эми коррупция менен күрөшүү өз натыйжасын берип, натыйжада калкыбызга мурда болуп көрбөгөндөй ар кандай социалдык колдоолор көрсөтүлө баштады дегенге ишенуу кыйын. Бул негизинен кирешеден түшкөн салыктын жогорулашынан болуп жаткандыгы куралданбаган көзгө деле даана көрүнүп турат.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек маяналары жогорулады деп ооз көптүргөнүбүз менен мунун баарысы мурунку квартал, майрамдар сайын берилүүчү кошумча эмгек акылардын алынып салынышынын эсебинен жүргүзүлүп жатканы маалым. Андыктан мындай ат жүрүштөн эч кандай деле чон айрымачылыктын жоктугун көп эле мамлекеттик кызматкерлерден укканыбыз бар.
Баш алмашкан менен система алмашмайын бакубат жашоо болбооруна бул мезгил аралыгында дагы бир ирет ынангандай болдук. Ал эми өткөн жылы жасалган мамлекеттик башкаруу системасынынын реформасы азырынча эч кандай жемишин бере элек. Албетте, анда айрым бир мүчүлүштүктөр да жок эмес. Бир чети буга сөзү менен жасаган иши төп келбеген азыркы бийликтеги жомокчу Андерсендердин катарынын коюулап баратканы сепеп болуп жаткандай.
Биздин жерибиз бай, элибиз татыктуу. Болгону бизге бир гана эли жери үчүн күйгөн патриот, адилет, калыс жана акыйкат иш алып барган бийлик бешенебизге буюрубаптыр…
Бүгүн Кыргызстан 1991-жылдагыдан кем эмес айрылыш жолдо турат. Андыктан аттуу баштуу бийлик төбөлдөрү өз тегерегиндегилердин гана алкоосуна маарышпай, мамлекетибиздин бүтүндүгү, келечеги үчүн акыл калчап кур сөздөн конкреттүү ишке өтүшсө оң болор эле деген ой.
Б.Кытайбеков




  Көчөмаек

- Бизге, Кыргызстанга демократия керекпи?

Аяз, 83 жашта, Талас облусу:
- Албетте бүгүнкү күндө демократия керек. Бирок, мамлекетибизди азыркы күндө эркин мамлекеттердин катарына кошуу кыйын. Анткени элдин мүдөөсүнө, ойюна бийлик каршы чыгып жатат. Ачык жазган, ачык айткан уул-кыздарыбыздын үстүнөн үстөмдүк кылууда. Ошондуктан карапайым калк эл бийлиги үчүн күрөшү керек.


Максат, 34 жашта, Бишкек шаары:
- Эркиндик көпчүлүккө эле эмес, жеке башыбызга да керек. Менин көз карашым боюнча азыркы учурдагы ММК кызматкерлерине кысым жасоо, демократиялуулукка жатпайт. Жаштар биз дал ушул эл бийлиги үчүн күрөшүүгө чоң күчпүз. Андыктан башты ийип олтура бербестен, алга деген ураан менен чыга турган учур келди деп ойлойм.


Кеңеш, 74 жашта, Ысык-Көл облусу:
- Демократия мага да, сизге да, элге да керек. Демократиянын жеткен чеги элдин үнүнө кысым жасабай, бут тоспоо. Ал эми бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк бийлик бизди алкымдаган убак. Башкача айтканда башты эркин көтөрүп бийликке эчким каршы сүйлөй албай калды.


Гүлбахор,
35 жашта,
Бишкек шаары:
- Эл бийлиги, элдин үнү албетте керек. Бирок ошол эле учурда атайын чектөө болуусу шарт. Чектөө болбосо ажонун сөзүн эч ким укпай калат. Ошондуктан ырас, ажону эл шайлагандан кийин, ал элдин кызыкчылыгын биринчи орунга койюшу керек.


Мурат,
45 жашта,
Кара-Кулжа району:
- Башка өлкөлөргө караганда бизде, демократия бар. Демократия десе эле ашепке сүйлөөнүн кереги жок. Бирок, элдин камын ойлобой, өз кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик мурастарды сатуу туура эмес.


Авина СМАНОВА