Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Биз каякка баратабыз?

Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"
- Мирослав Жумабекович, Россия, Кыргызстандын ортосуунда мамиле чын эле сууп бара жатабы?
- Россиянын кыргызстанга тарына турган бир топ себептери бар. Эң биринчиси өткөн жылы Курманбек Салиевич Москвага барганда "Манас" аэропортундагы АКШнын террорчуларга каршы күрөшүүчү аскерий базасын кетиребиз" деп дүйнө жүзүнө жарыя кылган. Авиябазанын Кытай, Россия үчүн коопсуздук жагынан мааниси бар. Менин билгениме караганда Авиабазаны кыргызстандан кетирүү сунушу Россия тараптан чыккан жок. Кыргыз бийлиги тарабынан чыккан демилге болду.
Эл аралык дипломатияда бүгүн бирди айтып, эртең башка сөз айткан "кыргызчылык" жарашпайт. Булар ушундай деген пикир калат. Базанын атын өзгөртүп калтырып койду. Россия да жаман акыбалда калды. Бирок, Россия мындан эч нерсе уттурбайт. Негизгиси кыргыз бийлиги Эл аралык саясатта аброюн жоготту. Тышкы саясатта туруктуу саясат жүрүшү керек.
Президент Бакиевдин Москвага болгон сапарынан кийин 300 млн. доллар грант түрдө бизге беришти. 1 млрд. 700 млн. долларды Камбар Ата ГЭСинин курулушуна бермек болушту.
- Ошол каражаттар Авиабазаны кетирүү үчүн берилдиби же эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланышта макулдашылган жөн эле келишим беле?
- Эл аралык мамиледе эч качан жөн эле каражат берилбейт. Россиядан келүүчү каражат өтө терең саясаттын негизинде берилип жаткан. Россиянын укугу бар, бөлүнгөн каражаттар кайда кеткенин сураганга? Кыргыздар болсо мурдагы кредиттердей эле "талап" кетишти. Ошентип Кыргызстан Россиянын, Европа мамлекеттеринин алдында аброюн жоготту. Манас аэропортунда Европа өлкөлөрүнүн күчтөрү бар болчу. Мындай саясатты тышкы саясат тууралуу таптакыр түшүнүгү жок адамдар жүргүзөт. Кыргызстан Эл аралык коомчулукта ишенимсиз республика катары кабыл алынып калды.
- Мунун өзү тышкы мамлекеттер мамилесин мындан ары таптакыр үзөт дегенди түшүндүрөбү?
- Дипломатия катары сүйлөшүүлөр боло берет. Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт. Түбөлүк улуттук кызыкчылык болот. Улуттук кызыкчылык үчүн тышкы саясат жүргүзүлөт. Мындай саясатты түшүнбөгөндүктөн колхоздун жетекчилигинин деңгээлинде иштер болуп жатат.
Россия Борбордук Азияда өзүнүн таасирин сактап калганга катуу аракеттерди көрүп жатат. АКШны жана башка ири мамлекеттерди жакындатпай КМШда биримдик саясаты болсо деген тилеги бар.
- Республикабыздын Түштүк тарабына АКШ аскердик окуу борборун курганга аракеттерди көрүүдө. Бу да кандайдыр бир эл аралык чатактарды пайда кылбайбы?
- Кыргызстан ШОСко, ОДКБга кирет. Андыктан бул уюмга кирген өлкөлөр менен кеңешип коюушу зарыл болчу. Алар менен кеңешпей чечим кабыл алуу Казакстан, Өзбекстан, Россия , Тажикстанды тынчыздандырат.
- Камбар- Атаны куруунун канчалык зарылчылыгы бар эле?
- Бизге Камбар Ата 2 он, он беш жылга чейин эч кандай кереги жок. Биз өзүбүздүн ички муктаждыгыздан сырткары үч эсе электр энергиясын көп өндүрүп жатабыз. Сырттан электр энергиясын эч ким албаса анда бул асманга кетип жатка эле акча. 1 килловат энергия 1 цент болсо 15 млрд. килловат энергияны саатына чыгарсак 150 млн. доллар болот. Мынчалык энергияны эч ким албаса эмнеге чыгарабыз? Камбар- Атанын курулушу Советтер союузунун мезгилинде 40 пайызы бүтүп калган болчу. Эми ошону биз жасап жатабыз дешүүдө.
ГЭСтерде светтин чыгуу наркы ТЭСге караганда абдан эле арзан болот. Бирок, ГЭСтин иштөө абалы жаратылышка байланыштуу. Бир жылы суу аз, бирде көп болот. Ошон үчүн жылуулук чыгаруучу ТЭСтерди куруу керек. Кышында суунун аздыгынан кышкы электр энергиянын жетишсиздигин Камбар Ата 1, 2 ни курганда толтура албайбыз. Ошондуктан ГЭСтерди курууну токтото туруу керек.
Мамлекеттин коопсуздугунда эң биринчи элдин кызыкчылыгын камсыздоо, экинчи жалпы коопсуздукту сактоо керек. Жалпы коопсуздук ар кандай тармактарга бөлүнүп кетет. Эгемендүүлүккө жеткенден бери коопсуздук маселелерин чече албай келе жатабыз. Бул өтө өкүнүчтүү. Бизге эки мамлекет башчысы тең бийликке кокустан келишип, улуттук байлыктарды талаганды өнөкөт кылып алышты.
- Кошуна мамлекеттер менен да мамилебиз сууп бара жаткансыйт?
- Назарбаев, Каримов карт бөрүлөр. Мамлекеттик курулуш, түзүлүш дегенди жакшы билишет. Кошуна мамлекеттер менен жакшы мамиле болбосо болбойт. Мамиле түзө албагандыгыбыздан коңшулар да катуу талаптарды коюушууда. ГЭСтерди курганга Эл аралык экспертиза керек дешүүдө. Мындай иш аракеттер коңшулардын күнөөсү эмес, кыргыз бийлигинин күнөөсү үчүн болуп жатат. Мамиле түзө албасак сырткы инвестиция келиши оор. Сырткы инвестициясыз биз экономиканы көтөрө албайбыз. Инвестициялык шарт жок. Сырткы саясаттын туруктуулугу, финансылык туруктуулук жана коррупция болбошу керек. Бул эрежелер сакталбаса чоң инвесторлор келишпейт.
- Максим Бакиевдин жакын арада АКШга бара тургандыгы тууралуу маалыматтар айтылып жатат?
- Максим Бакиев ким катары кетип жатат? Жеке ишканасынынбы же мамлекеттин кызыкчылыгы үчүнбү? Дүйнө жүзүндө агентствонун жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгын чечкен учур боло элек. Тышкы иштер министри, Премьер-министр, Президент сырткы мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
- Каражат алып келгени барат турбайбы?
- Эмнеге Премьер-министр каражат сурабайт?..





Бактыңан көр же баксыңан көр кыргызстанда демократия барбы?
СЭМ байке кайдасың?
Кыргыздын тоолору алыстан көрүнөт эмеспи. 90-жылдардын башында океандын ары жагынан учуп чыккан "демократия кушу" кыргыздын ала тоолоруна келип конгонун дүйнө эли жакшы билет. Чынында Акаевдин мезгилинде "адашкан" сымал алыскы (демократиядан алыс) чакан мамлекеттердин биринде пайда болгон демократиянын жашап, иш жүзүнө ашып кетиши башынан эле күмөн болчу. 90-жылдан баштап эле кыргызстанда башталган рыноктук, саясый реформалар айрым үлкөн коңшулардын (өзбекстан, казакстан) бүйүрүн кызытпай койгон эмес. Демократиянын жел аргысы менен түштүк тарапта пайда болушкан өкмөттүк эмес уюмдардын аракети Ташкент бийлигин чоочутуп турчу. Андай кооптонуулар азыр деле сакталып келет. Россия анда өзүнүн ички саясый, экономикалык чатактарынан башын көтөрө албай жаткан.
Бүгүнкү күнү Ала-Тоо жергесиндеги демократиянын эч кимге кереги жок болуп турган учуру. Экономикалык абалын кичине болсо да жөндөп алган Россия улуу токойлордун арасынан башын көтөрүп, тышкы саясаттын камын көрүүгө астейдил киришкени да байкалбай койбойт. КМШ мамлекеттерине баягы союздун мезгилиндеги "агалык" милдетин аркалоого аракети күч. Алгач ушул чөйрөдө таасирин күчөтүп алуу башкы максат. Андан ары алыскы өлкөлөрдөн, Венесуела өңдүү ымалаш мамлекеттерге муктаж болуп, кол сунуп турган учуру.
Акаевдин мезгилинде ара- торо кыргызстанда демократиялык көрүнүштөр басаңдап жатат деп кыйкырып калчу АКШ тарап, "Манас" аэропортунда жайланышкан террорчуларга каршы күрөшүү аскер базасына, утурумдук кызыкчылыктарына байланыштуу үн катпай туру. Ошентсе да өкмөттүк эмес уюмдары аркылуу бийликти сындай берери анык дечи. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондон кийин "бир колу менен сылап сыйпагансып, бир колу менен бүлүндүрө" берерине шек жок. Эгер өз кызыкчылыктарына туура келсе узак жылдар кыргыз демократиясын унутуп коёру да турулай иш.
Бийликтин ичкени
ирим, жегени желим
Кыргыз демократиясынан улам өздөрүнө көлөкө түшүп жаткан коңшулар 24-марттагы революциянын терс жактарын мамлекеттик телеканалдарында "демократия курсаң ушундай болот" дешип, байма бай көргөзүп жатканын жакшы билебиз. Албетте, коңшулардын коомчулугунда да бул аракеттер өз жемишин берди. Карапайым элди иренжитти дегендей. 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциядан кийин да кыргыз жергесине демократиянын кереги барбы же жокпу деген суроо жаңы бийлик билермандарын түйшөлтпөй койгон эмес. Себеби, ошол учурдагы "революционерлердин" алдында эки гана жол турган болчу. Биринчиси, элдин талабын канаттандырып мурдагы мыйзамсыз бир ууч адамдардын колуна чогулган байлыктарды мамлекетке кайтаруу. Бийликтеги коррупцияны азайтуу. Конституцияны өзгөртүп бийлик бутактарына элдин ишенимин кайтарып берүү. Ушул талаптардын негизинде "биз революция менен келдик, революциялык жол менен кетишибиз керек" деген кыйкырыктардын кулак жарып турганы да эсибизде. Бирок, тилекке каршы элдин кызыкчылыгына эмес, байлык, бийликти көздөгөн жеке кызыкчылыктарга басым жасалып, экс- президенттин жана анын айлана тегерегинде мыйзамсыз жыйналган ишкерлердин байлыктары көмүскө түрдө тартып алына баштаганы маалым. Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине карама каршы иш аракеттердин акүй тараптан жүргүзүлүп жатканы республиканы авторитардык бийликке алып барары белгилүү болуп калган болчу. Себеби, экинчи ирет бийлик баягы көндүм элдин, мамлекеттин байлыгын талап тономой жолуна түшкөндөн кийин бир гана сталиндик репреция кылуудан башка жол жок экендиги жыл өткөн сайын дайын болуп жатты. ММКларга болгон кысым, аларды жабуу, жеке саясый ишмерлерге болгон куугунтук артка жол жок экенин ачыктан ачык көргөзүүдө. Оппозициянын талаптарын тоготпогонсуган бийликтин азыр ичкени ирим, жегени желим эле болуп жатат. Анткени эл кысымга, кымбатчылыкка чыдабай баягы 24-марттагыдай пикетке чыкты. Эми эмне болот?..
Бетти даярдаган Назаркул Жоошбаев











кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??