Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Тарых кайталанды

Бишкек кайрадан күйдү
Талас облусунан башталган жергиликтүү курултайларды өткөрүү демилгеси облус администрациясын басып алуу менен аяктаганы маалым. Бишкекте эрте менен Шабдан баатыр (Алматинская) көчөсү менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги "Медиа Форум" имаратынын жанына кечээ эрте менен курултайга катышуучулар келе баштады. Ошол учурда милиция кызматкерлери да 5, 6 автобуска толуп ташылып келип турушту. Эрте менен эрте Атамбаевди, Текебаевди кармап кетиптир деген сөз желдей тарап жатты. Башчылары жок болгондуктан алгач 2 миңдей адам эки жактан курчалган милиция кызматкерлеринин арасында ары, бери сүрүлүп жатты. Ошол мүнөттөрдө митинге келген катышуучулардын катары тездик менен көбөйгөндөн көбөйдү. Кыязы бийлик тарабынан башчыларын кармап кеткенден кийин элди күч менен таркатуу мурда эле максат кылынса керек.
Саат 12 ден өткөндө алгач укук коргоо кызматкерлери тарабынан тумчуктуруучу газдар, холостой октор атылганда сүрүлгөн эл менен кагылышуу башталып, милиция кызматкерлери чегинүүгө аргасыз болду. Арадан 10, 15 мүнөт өтүп милиция кызматкерлери токмок жешип, куралдарын, машиналарын тыштай качууга аргасыз болушту. Ошол учурда ким тарабынан жасалганы белгисиз төрт машинага өрт коюулуп да кетти.
Ал жерде бир да милиция кызматкерлери калбагандан кийин Шабдан Баатыр көчөлөрү аркылуу беш миңдей адам укук коргоо органдарынын эки машинасы менен Ала Тоо аянтына бет алышты. Жол жүргөн сайын адамдардын саны көбөйүп отурду.
Саат бирлерге жакын Ала Тоо аянтына 20 миңдей адам кирип келишти. Түз эле Ак үйдү карай бет алышты. Аянтта алгач тумчуктуруучу газдар атылып жатты. Башкаруусуз калган эл кимдин сөзүн угаарын билбей ары, бери сүрүлүүгө душар болуп турду. Ак үйдүн короосуна жакындаган адамдарды Ак үйдүн үстү тарабына жайланышкан снайперлер ок менен тосуп алып жатты. Окко учкан адамдарды кишилер көтөрүшүп, ооруканаларга алып кетип жатышты. Митингичилерге шаардын батыш тарабынан күчтөр келип кошулду. Кечке жуук 20 га жакын адамдар окко учкандыгы маалым болду. Башкаруусуз калган эл толкуп турду.
Ала Тоо аянтындагы мамлекеттик желектин алдындагы эки солдаттын былк этишпей бир топко чейин тургандыктары элди таң калтырбай койгон жок. Акыры провакациячылар тарабынан сырткы айнектер талкаланып кеткенде өз алдыларынча посту токтотууга туура келди.
Митингдин башаламандыгынан пайдаланган кандайдыр бир күчтөр бар экендиги байкалбай койгон жок. Терезелери тумчуланган, мамлекеттик номурлары жок кымбат баалуу машиналар Киев көчөлөрү менен катуу ылдамдыкта келишип, көчөдө ары бери өтүп жаткан адамдарды койдуруп кетип да жатты.
Деги элибиз, жерибиз аман болсунчу. Ушундай башаламандыктын кимге кереги бар эле. Бейкүнөө адам өмүрлөрү кыйылып жатканы гана өкүнүчтүү.
Президент К. Бакиев кечке жуук Бишкек, Нарын, Талас, Чүй облустарына өзгөчө абал киргизүү туралуу мыйзам долбоорун даярдап, ЖКга жөнөткөнү маалым болду. Ал эми ЖК кургуйга кирип кеткени качан.
Сокулук районунун борборундагы маданият үйүнүн жанында элдик курултай өтүп, Т. Сариевдин бошотулушун талап кылып жатышты. Кечке жуук камалган оппозиция лидерлери бошотулду. Алардын кеңешүү үчүн "Медиа Форумга жыйылганы маалым болду.
Нарында, Талас облустарында, Аксы, Сокулук, Токмокто элдик бийлик орногону тууралуу маалыматтар келди. Таласта Ички иштер министри М. Конгантиевдин барымтага алынып тургандыгы айтылууда. Эрте менен Нарында жыйылган элге оппозиция өкүлү А. Бекназаров чыгып сүйлөп, губернатор А. Акматалиевди эл тарапка өтүүгө үндөдү. Губернатордон жооп болбогондон кийин жыйылган эл облустук акимчиликке киришип, элдик губернатор шайлашты. Милиция күчтөрү каршылык көрсөтүшкөн жок.
Назаркул Жоошбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??