Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Максим Бакиевдин пиво заводу
Кыргызстанды "менчиктеп" алган, орустарга жакпаган, АКШга ыктаган ажонун эрке баласы Максимдин дагы бир бизнеси табылды. "Учкун" басмасынын жертөлөсүнө пиво завод ачууну баштаган экен. "Учкундагылар" жайында кантебиз, ысыкта пиво жытына быкшыйбызбы деп жүрөк заада болуп жатышты эле. Эми сүйүнө бергиле. Макс пивзаводго "бакс" тапмак турсун, өз атын таппай турат.


Данчик дардаңдады эле
Минтип эл пикетке чыгып, Акүйдү каптап, жер-жерлерде элдик бийлик орноду. Данияр Үсөнов теледен оппозицияны ийге келтирем деп "үтүрөңдөп" атып ушуну кылды дешет. Премьер-министр Россиянын ММКларын күнөөлөп атып орустардын да каарына калды. Өткөндө Москвага барганда да Данчикти Путин кабыл албай, эшиктин сыртынан кеткен экен. Оппозиция күчкө кирди Даке. Эми сиз кайда качасыз?


Снайперчилер Прибалтикадан келди дейби?
Кече күнкү элдик митингде эл менен бийликтин кагылуушусунан 40 адам каза таап, 300дөн ашык адам жаракат алды. Учурда шаардык ооруканаларда бут коёрго жер жок. Баса, Акүй башына чыгып алып элди аткан снейперчилер Прибалтика өлкөлөрүнөн келген боевиктер экенин Россия сайттары жазып чыгышты. Кимдин балдары болду экен, ыя?


бишкек тонолду
Бишкекте кечки саат 8 жарымдарда "Военторг", "Народный" магазиндери, Киевский көчөсүндө жайланышкан "РИО" оюн залы талап тоноого учурап баштады.
Жогорку Кеңештин имараты да таланып, айрым адамдар буюмдарды кайтарууга аракеттерди көрүштү. Өмүрбек Текебаев ЖКнын имаратынан митингичилерди Ала Тоо аянтын көздөй алып кетти. Башкы прокуратуранын имаратына да адамдар киришип, кагаздарды, буюмдарды терезелерден ыргытып жатышты.


Бишкек тонолду
Бишкекте кечки саат 8 жарымдарда "Военторг", "Народный" магазиндери, Киевский көчөсүндө жайланышкан "РИО" оюн залы талап тоноого учурап баштады.
Жогорку Кеңештин имараты да таланып, айрым адамдар буюмдарды кайтарууга аракеттерди көрүштү. Өмүрбек Текебаев ЖКнын имаратынан митингичилерди Ала Тоо аянтын көздөй алып кетти. Башкы прокуратуранын имаратына да адамдар киришип, кагаздарды, буюмдарды терезелерден ыргытып жатышты.




Редактордон
Алгы сөз
Күндөр өтө берет экен. Гезиттен алыстап кеткениме көп болду эле. Кагаз тиктеп, гезит чыгаргандан алыс эле болойун дегем. Гезит иши чарчатат экен кишини. Жакшы эле качтым. Алгач билгениңди айтып жардам бер дешти. Анан билегиңди түрүнүп ишке кириш дешти. Жакшы эле качтым. Редактор болуш өлө кыйын дейм. Көгөрдүм,көгөрүштү. Болбойт экен. Окшошпойт экен. Айла жок, бирок "ай лов ю" дегендей эле болдум. Келдим...
"Асман пресстин" мурда чыгып жүргөнүн билем. Кийин жабылды, аты өзгөрдү дешкен. Андай эмес экен. Чыгып атыптыр. Көрсө көралбастар тузагына илинип кичине аксай түшкөн экен. Кайрадан жолго чыктык. Ошентип мен да "Асман пресске" кошулдум. Баса, азыркы чыгып жаткан гезиттердин баарынын кожоюну бар. Силердин кожоюн ким дээриңер бышык? Элине кызмат кылар максаты көкүрөгүндө уялаган, аял затына тиешелүү бардык сапатка ээ, кең пейил эжебиз бар. Ошо.
Сыртта жаз. Жаратылыш өз мыйзамдары менен жашап келет. Биздечи? Уйгу-туйгу кеп-сөз. Кымбатчылык, жыргалчылык. Кыйналган киши көп, жыргаган киши аз. Жандүйнөң, ой мүдөөң, ден-соолугуң, саясатың бузулуп барат. Бул коом жакшы жолдон бурулуп барат. Кыйын кезең. Василий Розановдун: "Мекениңди акыбети ашкан,байманасы ташкан кезде сүйүү анчалык кыйын иш эмес. Биз аны алсыз кезде, кем кезде, кор болуп жапа чегип жаткан мезгилде сүйүшүбүз керек" деген сөзү бизге жолдонгондой. Анан кыйшаңдап четте туралбадык. Бул дүйнөдө баарына кайдигер караган адам эң коркунучтуу дейт. Биз кайдигер болалбадык. Жараткан бизге берген турмуштун оор жүгүн аркалайлы дедик. Сөз алалы дедик. Сөз көтөрөлү дедик. Коомчулукта болуп жаткан абалды, окуяны, маалыматты чагылдырып элге суналы дедик. Сиз менен ой бөлүшүп, сөз курайлы,тарыхты тактап келечекке жол салганга кол кабыш кылалы дедик. Жашоодо жакшы күндөр бар. Өлкөбүз бай, элибиз жай турмушта жашаса деген тилегибиз бар.
Ошентип, жолго чыктык. Байдылда акын айткандай, энекем эптеп төрөп койгон мен да "Асман пресске" кошулуп баратам. Ал анда жолоочуга жолдош, сөзгө конок болуңуз урматтуу окурман!

Керим Айдаров





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??