Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  БИРБҮРКҮМ

Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
Бакиевдин "Ак жолчулары" азыр жол таппай кайсактап жүрүшөт. Түндө үйлөрүнө түнөбөй "үңкүргө" жатышты дешет. Бакиевди төшү менен тоскондор, эми атасын ушуну көрмөк деп атышат- дейт. "Ак жолчулар" эми кайсы жолду тандашат болду экен?


Бакиев качтыбы?
Кечээ кечки саат 8дерде бир нече терезелери караңгыланган ЖИПтер менен келген президенттин картеджи "Манас" аэропортундагы кызматчыларга ок атып, учуучу тилкени бошотуп бир топ киши самолетко түшүп белгисиз жакка учуп кетти.Бирок, бул самолет алыска жетпейт дешет. Кыязы жакын эле жерге жашырынышат окшойт. Айрым маалыматка таянсак Бакиев Акүйдө жатат дейт.


Акаев Бакиевге бийликти бер деди
Экс-президент Аскар Акаев "Эхо Москвы" радиосуна Кыргызстандагы кырдаал боюнча маек берди. Анда "президент Бакиев бийлигин таштап кетсе гана Кыргызстан элине жакшы жагдай түзүлөт" деген. Кайран Акаев Бакиевден ушинтип эски кегин алгысы бар. Ошондой эле Кыргызстандагы мурдагы (24-марттагы) окуяга да, бүгүнкү кырдаалга да АКШнын атайын кызматы Борбор Азияда демократияны өнүктүрүү үчүн кийлигишкенин айтат. 2002-жылдын мартында Аксы районундагы каргаша күнгө Бакиевдин түздөн-түз тиешеси бар экен. Анда премьер-министр эле. Акаевдин айтымында элди атууга Бакиев буйрук берген. Бакиевдин былыгы эми чыгат өңдөнөт.


Ата мекенчилер бийликте
Түндө оппозиция жыйын куруп, өз кишилерин кызматка коюшту. "Ата мекенчи Болот Шерниязов ИИМге, Акаев кезеңинде (24-мартта) ИИМ министри болгон Кеңеш Душебаев УККга башчы болду. Түндө буларды Текебаев тааныштырып келди.


Отунбаева комендант
БЭК кечээ кечинде "Медия формга" жыйын куруп, Отунбаеваны комендант шайлашты. Роза Исаковна элди талап-тоноо кылбоого чакырды. Ал ортодо "Народный", "Евразия" ж.б. магазиндерди, Жогорку Кеңешти талкалап, Башпрокуратураны өрттөп жиберишти.


КТРди талкалады
Кечээ күнү эл толкуну Акүй, Көкүй, КТРди тегеректеп турду. Анан эле биринчи каналды талкалап кетти деген кеп уктук. Угушубузга караганда эл эмес, КТР ичиндегилер оппозицияны жаманатты кылыш үчүн ушинти дешет. Ичибиз туз куйгандай эле ачышты. Башканы талкаласа да телеканалга тийбей эле койбойбу деп. Бул кимдин саясаты, жанагы гендиректор болгон каргадай болгон кара кыздын саясатыбы же?..








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??