Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Билгенден билелегиң көп

ДҮЙНӨДӨГҮ КЫЗЫКТАР
АХА ...
Енисей-тунгус тилинен которгондо ("Енеси") "чоң суу" дегенди билдирет.
Обь-коми тилинде "чоң эне" деген маанини берет. Бирок ал сылык айтылган "энеке" деген сөз менен маанилеш.
Амур-монгол тилинен которгондо "тынч" "жай" дегенди билдирет.
Монтевидео (Уругвайдын борбору) - испан тилинде "мен тоону көрүп турам" дегенди билдирет. Бул сөздү 1530-жылы Ла-Плата булуңуна биринчи түшүп жаткан фернандо Магеллан айткан.
Сахара - бул аталыш Африкадагы көчмөн элдердин тилинде "кең", "тегиз" жана "сыгылып суусу чыгарылган" дегенди түшүндүрөт.
Тынч океан - Бул Ф.Магелландын эмгеги. Ал сүзүп бара жатканда океан кокусунан тынч болуп калганда ушундай атка конгон. Бирок дүйнөдөгү эң оң толкундар, штормдар ушул океанда болуп турат.

ОХО...
1804-жылы япон сүрөтчүсү Хокусай Кацусика кудайдын сүрөтүн 200кв метр жерге тарткан. Ал красканы жерге чакалап төккөн да чоң шыпыргы менен эки жакка сүрө баштаган. Ошентип ал сүрөттү бүткөн. Бирок сүрөттө эмне тартылганын эч ким аныктай албай таң калып тура беришкен. Бир убакта бирөө бийик үйдүн башынан карап, ошондо гана кудай тартылганын байкаган.
Дагы бир жолу Хокусай жүгөрүнүн данына 2 таранчынын сүрөтүн түшүргөн. Сүрөт ушунчалык кичине болгондуктан, аны лупа менен көргөн.
Персия падышасы Кир өзүнүн армиясындагы ар бир аскерин атынан билген.
Грек мамлекеттик ишмери Фемистокл Афинанын 20000 жашоочусун бүт тааныган.

ЭХЕ...
Италиянын Камольи шаарында диаметри 5м. келген казан (сковородка) бар. Ал балык майрамында шаардын борборунун аянтына коюлат да, ага 260 гамон оливка майы куюлуп, 5 тонна балык куурулат.
Вашингтондо Президент Кеннединин ант берүү салтанатына арналып уюштурулган балга келген 15000 конок 10900 чыны кружканы, 130 официант костюмун, 600 салфетканы, 2000 дасторконду, 6000 күл салгычы, 72 стакан көлөмүндөгү кофейникти жана өтө көп миңдеген кашыктарды сувенир катарында көтөрүп кетишкен.
Канадада тиш доктурлардын кызматынан уйлар да пайдалана баштады. Тиши ооруган уйлар чөптү аз жешет, натыйжада сүттү да аз беришет. Ошондуктан аларга тиш салуу менен бул маселе чечиле баштады.






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??