Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Балбанбилек

Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"
Вале-тудо, кикбокс, тайбокс, ушу-саньда, таеквондо боюнча спорттун чебери. Эрежесиз уруш боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону. Профессионалдар арасында Евразия кубогунун ээси. Доха, Греция олимпиадаларынын катышуучусу. Бирнече алтын, күмүш, коло медалдардын жеңүүчүсү. Бир уул, бир кыздын атасы. Келинчеги да спорттук чөйрөдөн болгондуктан дайыма колдоп турат. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун кулуну.


- Вале-тудо деген спорттун кандай түрүнө кирет?
- Бизче муну эрежесиз мушташ деп түшүнсө болот. Вале-тудо бул бразилче аталышы. Эрежесиз урушка спорттун көп түрлөрү кирет. "Боевое самбо", "кулатуу", "панкратион" ж.б. Вале-тудону Кыргызтанга эмгеги сиңген машыктыруучу Павел Федотов алып келген. Бул кишини билсеңер керек, окуучулары эже-сиңди Шевченколор кыргызды кыйлага таанытты, ошондой эле Акун Алмаз Кыргызстандын чемпиондугун бербей келатат. Мен дагы ошол кишинин окуучусу экендигиме сыймыктанам.
- Качантан бери эрежесиз мушташып жүрөсүз?
- 2001-жылдан бери. Профессионалдар арасында таймаштарга чыгып көптөгөн ийгиликтерге жетишип келатам. Спорт дүйнөсүнө бала кезимден эле аралаштым. Айылда жүргөндө өз алдымча эле табият койнунда машыкчумун. Борборго келгени тренер Павел Федотовдун колуна түшүп, спорттун биртоп түрлөрү боюнча спорттун чебери болдум. Чемпиондуктарды алдым.
- Эрежесиз мушташка, спорттун кайсы түрү менен машыкпасын катыша берсе болобу?
- Жок. Анүчүн чыгыш күрөштөрү менен машыккан спортсмен болушу керек. Мисалы "кикбокс", "тайбокс", "самбо", "дзюдо". Эрежесиз мушташуу өтө оор, андыктан баардык эле спортсмендин "духу" жете бербейт. Универсал болушу керек, күрөшүү, муунтуу, денени оорутуу ыкмаларын, колу-буттун иштегендерин өздөштүрүп анан мушташа берсе болот.
- Бул спорттун катаал түрүнө кирет эмеспи. Ден-соолугуңуз кандай?
- Албетте, жаракат албай койбойсуң. Ар бир мушташтарда майда жарааттарды алып жүрөм. Азырынча өтө катуу жабыркай элекмин. Мушташат десе эле кээ бирлер айтат экен, "булар жашы элүүдөн өткөндө жинди болуп калат" деп. Тескерисинче спорт адамдын ден-соолугун оңдойт, күч-кубат берет.
- Спорттун аркасы менен кайсы өлкөлөрдү тааныганга жетиштиңиз. Башка мамлекеттен "биз үчүн иште" деген сунуш болсо барат белеңиз?
- Мурдагы советтер союзунун баардык өлкөлөрүн кыдырдым. Андан тышкары Греция, Доха, Кытайда өткөн олимпиадаларга катыштым. Спортсмен үчүн чет өлкөлөргө чыгуу аябай керек. Көп-көп тажрыйбаны чет өлкөлөрдөн үйрөнүп келесиң. Ар бир адам үчүн өз мекени ыйык болуш керек. Мекенди сатууга болбойт. Андыктан кыргыз желегин таанытуу үчүн гана чет өлкөлөргө чыгып турам.
- Спортсмендер көбүнчө криминалдык чөйрөгө жакын болот дешет...
- Ар бир адамдын жеке пикири болот. Көбүнчө спортсмендерге көңүл бурулбай калганда ошондой көрүнүштөр боло калат. Криминалга аралашып, чет өлкөлөргө чыгып кетишет. Бизде дагы бир туура эмес түшүнүк бар. Спортсмен десе эле эмнегедир бандитти элестетишет. Бул элдин аң-сезимине сиңип калса керек. Спортту туура эмес жолго пайдаланбаш керек.
- Силерге мамлекет кандай көңүл бөлөт?
- Эчкандай. Биз өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз.




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??