Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Бөтөлкө бурчу жок үйбү?

Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
Бүгүнкү күндүн арылбас чумосу аракечтик. Башкача айтканда канчалык жергебизде алкоголдук ичимдиктер көбөйгөн сайын эки кыргыздын бири бул маселеден кутула албай, арак азабын тартып келет. Мектеп жашынан баштап картаң абышкаларга чейин бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткендердин саны күн сайын өсүүдө. Азыркы учурда социалдык көйгөйлөргө саресеп салып чыксаң көбүн эсеси дал ушул атың өчкүр арактын азабынан келип чыккан жан кейиштүү окуялар.Канча деген үйбүлөлөр бузулуп, канча адамдар көчөлөп үй-жайсыз калып, канча деген көз жаштар ушул арактын азабынан агылбады. Ошол эле учурда ата-энеси бар туруп тирүүлөй жетим калган жаш балдардын жана жинди суунун айынан темир тор артында олтургандардын тагдыры үчүн ким күнөөлү? Арак чыгарган заводордун көбөйүшүбү же алкашка айланган адамдын өзүбү? Айтор башым маң... Уурматуу окурман сиз кимди күнөлөйсүз өзүңүздүбү же...


Уу заттар
Алкоголдук азыктардын курамында этил спирти бар. Этил спирти организм үчүн уу болуп эсептелет. Мисалы, заводдо жасалып, таза делген ичимдиктерде канча уу бар экенин мисалга келтирсек:
100 грамм аракта 45 грамм уу, башкача айтканда, этил спирти;
100 грамм шарапта 35 грамм уу;
100 грамм коньякта 47 грамм уу;
100 грамм самогондо 20-70 граммга чейин уу;
100 грамм пиводо 6-14 грамм уу;
100 грамм шампанда 18 грамм уу бар.
Ал эми колдон жасалган арактарда уунун өлчөмү мындан да көп. Анткени, аларга көбүнчө техникалык спирттерди да аралаштырып жиберишет.

Ичкилик ичиңди иритет
Алкоголь, анын ичинде арак ичилгенден кийин ашказандан канга 2 мүнөттөн кийин кошулат. Кан аны организмдин бүт клеткаларына ташыйт.
Алкоголдун эң бат жана ойрондоочу таасирине алгач көрүү, угуу, сүйлөө, ойлоо процессине жооп берүүчүү баш мээнин кабыгы жабыр тартат. Ошондуктан, адам тантырап сүйлөп, көргөнүн жакшы ажырата албай калат. Бир караан 2-3 болуп көрүнөт.
Мээнин түрдүү бөлүктөрүүнүн байланышы бузулат
Алкоголдон улам кан тамырлар кеңейип, кан мээге көп бара баштайт. Бул нерв борборлорун кескин дүүлүктүрөт. Ичкенде шайырдыктын келип чыгышы ушуну менен түшүндүрүлөт.
Алкоголь кандагы эритроциттерди (кызыл кан денечелери) жана лейкоциттерди (ак кан денечелери) зыянга учуратат. Натыйжасы анемияга, инфекциялардын бат жугушуна, кан агууларга алып келет.
Жүрөк. Ичкиликти көп ичүү кандагы холестеринди жогорулатат. Жүрөктүн миокард оорусуна, кантамыр ооруларына жеткирет.
Ичеги. Көп ичкенден ичегинин клеткаларынын түзүлүшү өзгөрөт да, тамак аркылуу келген керектүү заттарды, витаминдерди соро албай калат. Натыйжада, адам арыктайт. Ашказан дайыма сезгенүүгө кезигип, жаранын пайда болуу коркунучу жогорулайт.
Боор. Организмге кирген ичимдиктин 95 пайызын боор зыянсыздандыргандыктан, боор сезгенүүгө туш келет. Башкача айтканда, гепатитке, кийин циррозго учурайт.
Ашказан алдындагы без.
Бул орган инсулинди иштеп чыккандыктан, ичимдиктин айынан иштөөсү бузулат да, кант оорусу (диабет) келип чыгат.
Тери. Ичимдиктин айынан тери серпилгичтигин жоготуп, убагынан мурун картаят. Ошондуктан, ичкичтер жаш курагынан улуу көрүнөт.

Арак ичке киргенден кийин...
Көңүл айнууга 9,4 пайыз адам кезигет.
25 пайызы кусууга аргасыз.
Ичкендердин 44,1 пайызынын мүнөзү оор болуп чыга келет. Демек, урушту башташат. Кылмышка барышат.
40пайызы бардыгына кайдыгер болуп калат. Жакшы менен жамандыкты ажырата албай калат. Бирөөлөрдүн жамандыкка үгүттөөсүнө бат кирет.
30 пайызында жыргоо абалы келип чыгат. Жөнү жок күлүп, ар кимге кырчаңгыланып тийишет. Жан кумарына батууну эңсейт. Ушунун айынан кылмыштар жасалат. Керек болсо булар адамды өлтүрүп жатканын да себей калышат.

Аялга тийгизген таасири...
Бойго бүткөн кезде ичимдик ичүү болочок баланын майып болуп төрөлүүсүнө жеткирүүсү толук мүмкүн.
Бойго болгондон 3 айга чейинки мезгил түйүлдүк үчүн коркунучтуу мезгил. Бул кезде түйүлдүк өрчүй башатайт. Эгер бул аралыкта аял ичкилик ичсе, бала жүрөк оорулуу, жырык эриндүү (нышан), сырткы жыныс органдарынын жана башка органдардын кемчилиги менен төрөлүшү мүмкүн. Мындан тышкары бою өспөй, башы кичине, чалыр көздүү болуп төрөлүүсү да ыктымал.
Бала эмизген аял ичсе алкоголь сүт аркылуу балага берилет. Көп ичсе, натыйжасында баланын мээсинин өспөй, оорукчал болуп калуусу күтүлөт.
Ал эми баласы майып болуп төрөлгөн эне өмүр бою азап тартаары турган кеп. Андыктан кош бойлу эне өзүнүн кызычылыгын гана көздөбөстөн, ичиндеги бейкүнөө наристесинин да тагдырын ойлош керек.

Арактан чыккан айгай...
Кылмыштын 80 пайызы ичкиликтин айынан болот.
Ичимдик генофондду бузат. Кийинки 10 жыл ичинде ичимдиктин айынан оорукчан жана майып балдардын төрөлүшү өскөн.
Көп ичкен адам үйбүлөсү үчүн кам көрө албайт. Тапканын аракка жумшаганынан улам үйбүлөсү кедей жашайт. Толук кандуу тамактанбагандыктан, иммунитеттери начар келип, ооруларга бат учурашат.
Атасынын же энесинин же экөөнүн тең ичкенинен үйдө уруш-талаш өкүм сүрүп, бала нерв оорулуу болуп чоңоёт. Статистика боюнча бүгүнкү күндө ажырашкандардын 65%, мектеп окучуларынын арасындагы кылмыш иштеринин 55%, үй-жайсыз көчөдө калгандардын 75 пайызы дал ушул аракечтиктен келип чыккан. Ошондой эле арактан каза тапкандардын саны 55% га жеткен.
Минтип үңүлүп отурсаң, Кыргызстан бөтөлкө түбүнө түшүп кеткенби дейсиң. Көрсө, арактан азап гана тартат экенсиң. Жыргаган ким бар?
Анара Назаркулова








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??