Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Билбейм неге кетпей койдуң эсимден

Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"
Бул өмүргө бир гана ирет келип, кубулжуган кайталангыс, булбулдай кооз үнү менен жумурай-журтка сиңип, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган Рыспайдын "Алмашын" укпаган, ал ырдын жаралыш таржымалынан кабары жок пенде кыргыз элинде чанда гана кездешсе керек. Эсимде, бала кезде "Алмашымды" угуп алып, Рыспайдай улуу таланттын сүйүүсүнө арзып, боздоткон Алмашты көрүүнү эңсегендер абдан көп эле. Ошолордун бири мен болчумун. Жакында ошол ырдын каарманы Байсалова Алмаш эжеге жолугуп, көпкө сүйлөшүп, суроомо жооп алып, жашы өтүп баратса да сулуу көздөрүнүн көркү өчпөгөн жамалына суктанып, мындан канча жыл башта болуп өткөн окуяны Алмаш эженин өз оозунан угуп, наристе, тун сүйүүсүн өмүр бою аздектеп, урматтап өткөн Рыспай акебиздин мөлтүр сезиминин тунуктугуна, тазалыгына, адамдык ариетинин туруктуулугуна таң калбай кое албадым…


Билбейм неге кетпей койдуң эсимден,
Бир кездеги бирге жүргөн
Алмашым.
Элестериң көз алдыма тартылат,
Эртели, кеч эсимдесиң,
Алмашым.
Жок дегенде бир көрүнүп койсоңчу,
Алыссыңбы, жакынсыңбы, кайдасың?
- Алмаш эже, Рыспай аке сизди жумурай журтка таанытып, атыңызды тарыхка калтырды. Чын-төгүнүн ким билсин, сиз менен Рыспай аке тууралуу эл ичинде кеп сөз бар. Алмаш Рыспайды башта деле жаман көрчү экен, ошол ыры үчүн баштагыдан да жаман көрүп калган,-дешет. Алмаштын күйөөсү Рыспай "Алмашты" ырдаганда телевизорун сындыра койгон дешет. Айтор эл ичинде сөз көп. Бирок болгон окуянын күбөсү өзүңүз турбайсызбы. Анда чындыкты өз оозуңуздан уксак…
- Рыспай деген биздин элге адашып келип калган бир булбул эмес беле. Табигат берген үнүнүн тунук булактай кооздугун, бийиктигин айт. Албетте, мен бул кайталангыс сапаттарын анын көзүнүн тирүүсүндө өзүнө айткан жокмун. Өмүр бою ал жөнүндө менин көөдөнүмдө ушул ой жайгашканы менен, бул сөз менин оозумдан чыккан жок. Кээде айтпаганыма өкүнөм, кээде ыраазы болом. Бирок мен кандай десем да Рыспай эл-журтунан өз талантынын баасын алды. Кайсыл жерге барбасын улуу-кичүү дебей сыйлап, көкөлөтүп урматтап турушаар эле. Көзү өткөндө да элдин канчалык баалаганын көрбөдүкпү. Ошондо менин Рыспайга эч тиешем болбосо да ичимден купуя сүйүнүп калчумун.
Эми калп айтпасам менин Рыспай менен кандайча таанышкан күнүмдөн бери уккуң келип атат да ээ? Мен бул туурасында ооз ачкан жок элем. Эгер Рыспай тирүү болгондо балким сага да эч нерсе айтпайт болчумун. Анда секелек кызмын. Совет районундагы Токтогул атындагы орто мектепте 6-класста окуйм. Рыспай менен бир топ бала Калинин деген айылдан келип интернатка жатып окуп калышты. Мен мектепке 9 жашымдан кирген үчүн өскүлөң болчумун. 15ке чыгып калгам да. Оюн-шоокту жакшы көргөн, шогураак кызмын. Рыспай дагы кружокко катышат. Көрсө ошол күндөрдө эле акырын көз кырын салып жүрүптүр. Анан эле бир күнү Рыспайлар менен келип окуган Тентимишев деген бала жактырганын баяндап мага кат жазыптыр, мен:
- Өз атын өзгөртүп Миша койгон,
Жатып алып нанга тойгон.
Кызыгып кат жазыпсың,
Катыңды тытып койгом
- деп ыр менен жооп жазып берип койдум. Бул окуя мектептин баарына тарап кетиптир. Ошондо Рыспай ошол балага экинчи Алмашка жолочу болбогун деп зекиптир. Бирок Рыспай экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон жок. 7-класста биз кайра райондун борборуна көчүп келе бердик. Мен ал кезде Сталин атындагы орто мектепте (азыр лицей) окуп калдым. Рыспай көптөгөн каттарды жазып, кыздардан берип жиберчү. Мен дагы кайсыл бала болду экен деп акырын кызыга баштадым. Бир күнү көрсөм арык, купкуу, бою узун, шыргыйдай бала экен. Көрсө ошондо эле оорукчан тура. Анан каттарды тындырбай жаза берди. Мен эми баламын да, анын мөлтүр сезимин балээге түшүнөмбү? Кайра кербезденип, ага сыртымды салып, кыйын болуп, көргөндө терс бурулуп кетчү болдум.
Кийин 10-классты Токтогул мектебинен бүтүп келип, Маданият үйүндө артист, мектепке көркөм жетекчи болуп жүрдү. Жашынан эле талант-шыгы ташкындап турчу. Келип эле кыздарды, балдарды чогултуп, кружок уюштурду. Өзү ырдайт, бизди ырдатат. Мени Алмакан дечү, абдан жылуу мамиле кылат эле. Мен болсо ал көңүл бөлгөн сайын бой көтөрүп, керсейип болбой калам. Аккордеон, мандалин үйрөттү. Беш ыргайды черткен болуп, аз-аз үйрөнүп калдык. Ийримде Сайракан деген сиңди курбум бар. Чогуу катышабыз.
- Сизди жактыраарын биринчи кантип айтканы эсиңизде барбы?
- Кандай десем, ал мезгилде кыздардын тарбиясына болгон талап өтө катуу болгон. Айрыкча биздин үй-бүлөдө. Эми жетилип келатсам, тоту куштай кулпунуп, чачым да узун эле. 9-10 класста тал чыбыктай буралып, жакшынакай көрүнүп калат эмессиңби. Татынакай кийинтип туруп, анан иниме кайтартып коюшчу. Ал менин жанымдан чыкпайт. Ошентип балдар менен сүйлөшмөк тургай, учураша да албайм. Рыспай болсо тынбай кат жаза берет. Сезимин билдирип ырларды жазат. Бет маңдай боло түшсөк "айланып кетейин" деп жалбарып да жиберчү. Бирок батынып жаныма келип, жакшылыктуу сүйлөй албады. Биздин урууну "бөрү" деп коет. Ошол бөрүлөрдүн аксакалынын кызымын. Бөрүмүн дегендин балдарынын баары мени кайтарышат. Анын үстүнө кудалаган жерим бар үчүн бирөө менен сүйлөшпөйм. Рыспай бир жолу киного чакырган экен. Инимди паралап, Алмаш экөөң киного келгиле, мен өзүм киргизем дептир. Иним кечке сурана берди эле, бардык. Баягы бөрүнүн балдары Рыспайды менин жаныма балээни жолотушабы, уруп коюшуптур аябай.
Экөөбүз эч качан катар басып сүйлөшкөн эмеспиз. Мага мугалим катары мамиле кылат эле, бирок көздөрүндөгү өзгөчө сезимди туюп турчумун. Түштөн кийин сабак бүтүп, мен үйдө болот элем, ал бир нерселерди шылтоолоп велосипед менен биздин үйдүн айланасында жүрө берчү. Кийин анан облустук фестивалга мектептен Сайракан экөөбүздү кошуп алышты. Кыргыз бийин бийлейбиз. Жигиттердин алдында ал, кыздардын алдында мен. Кол кармашып бийлеп калсак, байкушум ошого да сүйүнөт эле. Анда ал Тотуга үйлөнгөн. Үйлөнгөндөн кийин: - Алмакан сен теңиңе албай койдуң эле, мени тооткон кыздар деле бар экен деди. Ичим тыз дей түшкөнүн билгизбедим. Мейли ошондой эле болсунчу дедим. Бирок эртеси эле баягыдай армандуу каректерин кадап, көз албай тиктей берчү. Анан бир жолу: - Алмакан, сени жакшы көргөнүмдү Тоту билет экен. Сүрөтүңдү портрет кылып үйүмө коюп койдум эле, ушуну тытып салам деди. Мен ушул сүрөткө колуң тийген күнү сен ушул үйдөн кетесиң деп айттым - деди. Анан сен Тоту менен катташып жүр, мен сени көрүп жүрөйүн - деп калчу. Мен башымды гана ийкеп койдум. Бирок андай кылганым жок.
Бир жолу фестивалга Тоту болуп чогуу келдик. Концертибиз Оштон жарап, Бишкекке кетмей болдук. Бизди Алай мейманканасына жаткызышты. Сайракан экөөбүз бир бөлмө алдык. Үч орундуу экен. Бир аздан кийин Рыспай Тотуну ээрчитип келди. Тотуну ушул бөлмөгө кыздар менен жат деди да, эртең башың, тамагың ооруп калбасын деп дары ичирди. Тоту дагы ичинде кири жок, жөнөкөй келин болчу. Аккордеонун алып келип ырдады, анан Тоту мемиреп уктап кетти. Анан келип айтып атпайбы, силер менен отурайын деп Тотуга уйкунун дарысын берип койдум деп. Сүйлөшүп 12ге чейин отурдук. Кеткиси жок, анан дежурлар чыгарып кетишти. Каерде болбосун менин жаныма келгенге шылтоо таап алат болчу. Анан мен кыз бала болсом, ал жакында эле үйлөнсө, аялы кызгана баштады. Ал болсо чапташып эле менин жанымдан чыкпайт. Анан ошол жерде кыздарды кетирүү керек деген сөз болуптур. Ошол концерт койгондон кийин эле Алайкуунун маданият үйүнүн директору "кыздар, силерге уруксат эми, үйүңөргө кете бергиле" деди. Биз даярданып атсак, Рыспай бизди кетпегиле деп, эгер кыздар кетсе мен да Бишкекке барбайм деди. Биз кетип калдык. Кийин өзү жоолугуп: сен жок үчүн менин көзүмө эч нерсе көрүнбөдү, сенсиз мага эч нерсе татыган жок-деди. Унчукпадым. Эмне дей алат элем?
- Рыспай аке сизге кичине да жакчу эмес беле?
- Билбейм. Өтө жаман деле көрчү эмесмин. Сүйлөштүм эле деп басып кетсем деле болмок. Качырып кетейин деп канча ирет аракет деле кылып көрдү. Кулагыма сиңип калганбы, атам сени жетимге бербейм, ата-энелүү жерге берем дечү. Же Рыспайдын мага көңүлү барын бирөөдөн угуп калганбы, айтор атамдан коркот элем. Бирок Рыспайды да так кесе кагып кое албадым.
(Уландысы кийинки санда)
Даярдаган Жыпар Акунова, Ош шаары








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??