Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Сырмаек

Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит
- Балдай таттуу балалык деп коет эмеспизби. Алгач балалыгың жөнүндө айтып отурсаң?
- Туура балалык унутулгус. Мен таенемдин колунда чоңойдум. Эс тартып калганда таенем ооруп калды. 16-жыл ооруду. Ал кишинин баласы да, кызы да, болдум. Болгон түйшүк менин мойнумда. Үйгө кирип үйдүн, сыртка чыгып сырттын жумушун кылдым. Камыр жууруп нан жаптым, өзүмдүн, таенемдин кир-когун жуудум, деги койчу мен кылбаган нерсе калбады. Мүнөзүм шок тентек бала болчумун. Өтөле аша чапкан учурлар болду. Беш-алты балага атаман болуп алчу элем. Баарыбыз чогулуп, аркы көчөнүн балдарына барып таш менен согушчубуз. Канчанын башын жардым, башым канча жарылды. Караңгыда чоң жолдон өткөн унааларды ташбараңга алчубуз. Көптөгөн терезелерди сындырдык. Мектепте нан уурдап жегенди жакшы көрчүбүз. Себеби коңшу айылдын мектеби сегиз жылдык болгондуктан, калган 9, 10, 11чи классты бизден бүтүрүшчү. Алар келгенде сумкаларында сөзсүз нан, тамак-аш болот. Аны биз уурдап жейбиз. Директорго кармалып уруш угуп да жүрдүк. Кыздарга анча тийишчү эмеспиз. Бир жолу бизден бир жаш кичүү класстын кыздары биздин класстын балдарын бирден менчиктеп алып кат жазышыптыр. Бала болсок керек да ошол бизге катуу тийип, барып алып кыздарды "эмне антесиңер"- деп урган элек. Бир майрамда кыздар бизге белек беришти. Карасак дептер, калем, сыяктуу майда-баратка кир самын кошуп коюптур. Биз да кийин ошентип бердик. Жаман көргөн сабакка катышпайбыз деп класстын ичинде киши эптеп бата тургандай тумбочка бар эле ошонун ичинде бир саат бою камалып отурчу элек. Мындай нерселер унутулбайт экен.
- Алгачкы сүйүүңдү арнаган кыз жөнүндө эстеп отурсаң?
- Ошто жогорку окуу жайда окуп жүргөнүмдө Атыркүл аттуу кызды сүйдүм. Кечинде барам, комнатасына кирип алып отура берем. Сүйлөйүн десең сөз жок. Ал дагы отура берет, жатайын десе жата албайт. Ошентип жүрүп эле жетпей калдым. Билбейм жаштык кылдымбы, же түшүнбөстүк кылдымбы айтор бир күнү Бек Борбиев концерт менен келип калды. Ошол күн Атыркүлдүн туулган күнү эле. Куттуктайм деп жакшы эле даярдангам, бирок балдардын азгырыгы менен концертке кетип калдым. Концерттен кийин комнатасына бардым. Азыраак ичип алган болчумун. Же белек алып албайм десең. Аябай күткөн экен. Жайылган дасторкон, жасалган тамак баары ошол бойдон туруптур. Аябай ыйлады, алаксытып сооротуп койгонду билбей кетип калдым. Ошону менен ортобуз сууду десем болот. Бирок такыр унута албайм, өкүнөм. Ошко барганда сурамжылап коем. Азыр турмушта жакшынакай жашайт экен. Жетпей калган сүйүү чыныгы сүйүү деген туура окшойт.
- Достуктун кадыры кыйынчылыкта билинет дешет. Достукка кандайсың?
- Достукка бекем элемин. Бала кезден берки досторум дагы эле бар. Катышып турабыз. Негизи кандай болбосун бир мамиле түзгөн адам менен ошол алаканы улантып кеткенге аракет кылам. Бирөөгө катуу айтып ортодон убакыт өтсө да, бир жыл болобу беш жыл болобу учурап калсак кайрадан катышууга умтулам. Чыгармачыл чөйрөдө эң жакын досум деле жок. Ага убакыттын аздыгы себепкер деп ойлойм. Анткени ыр жаздырыш керек, клип тарттырыш керек, деп жүрүп эле бошобой калам. Баары менен мамилем түз, концерттерде учурашып калабыз.
- Досторуң сатып кеткен учур болду беле. Өзүң ушул жаатта кандайсың?
- Андай учурлар өтө көп да. Ушул жашка чейин канча адам менен достоштум. Канчасы сатып кетти. Бул менде тез-тез кайталанып тура турган көрүнүш. Өзүм өтө ишенчээкмин, ошонун айынан көп жапа тартып калам. Өзүм жөнүндө айта турган болсок, жана айтпадымбы достукка бекеммин. Балким, жаман жагым болсо керек. Адам өзүнүн катачылыгын айталбайт да. Мен жөнүндө, ошол мен сатып кеткен адам айтса жакшы болмок.
- Байлыкка кызыгасыңбы. Деги эле бай адам деп кандай адамды эсептейсиң?
- Байлык жөнүндө айтсак, мен өзүм баймын. Анткени ден-соолугум жайында, жакын адамдарым жанымда, аздыр-көптүр элге кадырым бар. Менин байлыгым ошол. Материалдык байлыкка келсек, азырынча тапканым өзүмө кенен жетет. Калганын убакыт айтсын. Чынында материалдык байлык, байлык эмес майлык деп коюшат го. Колдун кири сүртүп салсаң кетип калат маанисинде. Бирок материалдык колдооң болбой туруп, жан-дүйнөң балакет бай болсо дагы болбойт да. Экөө эриш-аркак болушу керек. Ар кимдин дараметине жараша.
- Көп суммада карыз акча алып көрдүң беле?
- Бул жашоо өзү ушундай. Аласа-бересе менен жашайсың. Болгон, убагында кайтарып бергем. Мындай маселеге адам так болушу керек.
- "Эр жигит эл четинде, жоо бетинде" дегендей чыныгы жигитте кандай сапаттар болуш керек?
- Аркандай. Спортсмен болуп дүйнөгө кыргыз байрагын желбиретип турсаң айтышат жигит экен деп. Ошондой эле бир саясатчы эл үчүн күйүп иштеп, таламын талашып, чындык үчүн күйүп-бышып турса аны айтышат. Же жөнөкөй эле көчөнү кесип өталбай жаткан кары кишиге жардам берип атса муну айтышат. Балким алардын да тескери сапаттары бардыр. Төгөрөгү төп келген болбосо керек.
- Кечиримдүүлүк, убадага кандайсың?
- Билбейм. Кымындай нерседен адамдын көңүлү калып калат экен. Мисалы, кечээ эле бир жигит, даяр ыр алам деп келген экен. Өзүм иштешкен аранжировшикке ээрчитип барып табыштап келгем. Акчасын берээрде бир ортомчу чыга калып, ошондон берип жиберген экен. Анысы ушу күнгө чейин бербей келатат. Анын айынан аранжировшикке мен уят болуп отурам. Кечиримдүү эле болушум керек, ушул убакка чейин бирөөгө кек сактап көрөлекмин. Адам болгондон кийин аркандай учурлар болот. Кээде убадамды аткара албай калсам, сөзсүз кечирим сурап барам.
- Ичкилик менен чылымды колдоносуңбу. Катуу мас болгонуңду эскерип көрсөң?
- Чылым чегем. Ичкиликти мурда бош кезде, чыгармачылыкка аралаша электе көп эле колдондум. Көбүнчө пивону достор менен обу жок ичкен күндөр көп болду. Аябай ылжып мас болгон эмесмин. Аябай көтөрчүмүн, оңой менен мас кыла алышчу эмес. Ичкенде жинденбегенге аракет кылам, колум ачык. Азыр эл көзүнө көрүнүп калдык. Ичкиликтен алыс элемин.
- Өкүнгөн нерсең кайсы?
- Өкүнүч көп. Кайсы бирин айтайын. Окуу жайды үчүнчү курс болгондо таштап койгонума өкүнөм. Жашоомдо көп эле нерселер болду. Баарын айта берсем жазып жетишпей каласың.
- Келинчегиң менен ажырашып кеткенгечи?
- Бул эми тагдыр да. Кайра калыбына келтирсе деле болот. Ажырашып атканда чоң таарынычтар болгон. Алиге жазыла элекпиз. Убакыт көргөзөт. Аябай деле уруш-талаш болгон эмес. Түшүнүшө албай калганда кеңешип туруп эле бөлүнүп кеткенбиз.
- Ата-энеңдин эмгегин актай алам деп ойлойсуңбу?
- Оо, бул абдан оор. Ата-энең чын дилден ыраазы болгондо эле акталды деп ойлобосоң айтыш кыйын. Арким аркандай айтат. Менин оюмча алардын көңүлү оорубаса, сыйлап-урматтап турсаң, сенин кылгандарыңа ыраазы болсо анан акталат болуш керек.
- Акыркы жаңылыктарың жөнүндө айта кетсең?
- Мына ушул жетиси күнү, эки күндүк сапар менен Казакстанга кетип атабыз. Ал жактан келээрибиз менен Ошко аттанам. Себеби кийинки ырларымдын эки үчөөнө клип тартуу мүмкүнчүлүгү болуп атат. Андан сырткары жалаң аккордеондун коштоосундагы эл угалек ырларымдын альбомун чыгарсак деген ойлорубуз бар. Жакында эле "Сен ыйлаба" деген ырымды даярдап бүтүрдүм. Жакында күбө болосуздар.
Маектешкен Кулмат ТУКЕНАЛИЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??