Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Дилазык

Саи Бабага сапар
Лариса Асанбекова. академик, парапсихолог
Эң алгач сөз болгон
Мен Саи Баба жөнүндө мындан 8-9 жыл мурун угуп, аябай кызыгып калгам. Парапсихология илимин терең түшүнүп окуш үчүн уккан билген окуулардын барын окуп жүрүп, дагы бир "Калки" деп аталган окууга барып калдым. Калки -освобождение дегенди тушүндурөт экен.
Бул окуу Индиядан чыккан. Калки окуусун таратуучулар Москвадан келген орустар болгону менен, чыгыштын маданиятына терең түшүнгөн адамдар эле. Биринчи ступенге көп адамдар чогулдук. Биз бири- бирибиз менен таанышкандан кийин кимдин кайсы окууларды кайсы, шаарларда окугандыгы тууралуу сөз болуп кетти. Равиль аттуу татар жигит Индияга көп жолу барганын,Саи Бабанын кереметтери тууралуу кызыктуу көп нерселерди айтып барыбыздын Саи Бабага болгон кызыгуубузду арттырды. Колундагы Саи Бабанын сүрөтү түшүрүлгөн шакекти барыбызга көрсөтүп,бул шакекти Саи Баба абадан эле колу менен материлизовать этип, колуна такканын айтканда бир ишенип, бир ишенбей суроолорду жамгырдай жаадырганбыз. Ошондон баштап "Саи Бабаны бир көрсөм" деп тилек кылып койдум. Кийинки жылы Андрей деген менин окуучум Саи Бабага барып келгенин айтып түгөтө албай менин кызыгуумду дагы арттырды. Андрей мага белек катары Саи Бабанын китебин жана Саи Баба жөнүндөгү дискти берди. Китепти окуп чыгып, дискти көрүп, эми Саи Бабага барууну максат кылып койдум. Окуучум Андрей "Саи Бабага жок дегенде бир айга барыш керек, же болбосо көп убакытка барсаңыз өтө жакшы болот"- деген сөзүн эстеп ынгайлуу шарт болбой жүргөн. Ошондон бери убакыт сааты быйыл, жыл жаңырары менен келиптир. Ойдо жок жерден , кыска убакыттын ичинде бардык маселелер менин пайдама чечилди. Көптөн бери көксөгөн максатыма жетип, жердеги тирүү пайгамбар адам Саи Бабаны көрүп келгениме кудайга (Саи Бабага) чексиз ыраазымын.
Ыйык китептерде жазылгандай эң алгач сөз болгон, кудай, болсун!-деди анан бары болду дегендей.Курман айтта бир топ адамдар үйдө олтуруп ,мен эмнегедир Саи Баба жана анын кереметтери тууралуу сөз кылып калдым. Кызыгып угуп олтурган 3-4 адам "жазында барып келбейлиби" деп калышты. "Мейли чогуу барса барып келебиз"- деген бойдон тарадык. Жаны жылдын алдында Замира мага телефон чалып, Саи Бабага кандай барыш керек, канча каражат керек экенин, ал тургай Саи Бабага көп жолу барып жүргөн адамдарга да жолукканын айтып, "жаны жылды тоскон соң барып келбейлиби?"- деген сунуш киргизди. Виза, билеттер эки күндө даяр болуп, Замира, Самира, мен жолго чыктык.
Делиге Бишкектен түз учкан самолет болбогондуктан Алматы шаарына такси менен тез эле жетип бардык. Самолет Дели шаарына аман- эсен конуп жерге түшөр замат кышкы кийимдерибизди чечип кирдик. Бизде кычыраган кыш мезгили болсо, Делиде 25 градус ысык экен.
Таксист бизди алдайм деп...
Мен буга чейин соода иши менен Индияга байма -бай каттап жүрчүмүн. Ошондон бери Индияга акыркы сапарым мындан 15 жыл мурун болгон экен. Айлананы сагыныч менен сыдыра карап, мен көргөн Индия сыртынан бир топ өзгөргөнү көзүмө дароо эле көрүндү. Адамдарынын сабырдуулугу, токтоолугу, адамкерчилиги ошол бойдон калгандай сезилди. Индия элинин өз тилинен башка эл аралык тили англис тили болгондуктан дээрлик көбү англис тилин билишет. Самолеттон түшкөндөн баштап,англис тилин билбегениме биринчи жолу өкүндүм. Мектептен немец тилин окугандыктан англис тамгаларынын туура айтылышы эмес, окулушун да жакшы билбегендигимди өзүмдүн кемчилигим катары көрүп кеттим. Үчөөбүздүн ортобузда жалгыз Замира гана тил билгендиктен, ар бир сөздү сурай берип аны да тажаттык. Замира чет өлкөгө көп чыккандыктан чала- була үйрөнүп алган экен. Документтерибизди текшерүүдөн өткөрүп жатып , кезекте тургандарга көз чаптырсам казактар көп экен. Биз эми эл аралык аэропорттон,ички аэропорттко кандай барабыз деп ар кимден сурап жүрсөк бир индус колун жаңсап, "мени ээрчигиле " дегендей белги берди. Аркасынан ээрчитип сыртта таксилердин токтогон жерине алып келди. Замира келген максатыбызды түшүндүрүп, ички аэропортко жеткирүүсүн өтүндү. Айдоочу менен Замира ар кайсыны сүйлөшүп, биз Самира экөөбүз тил билбегендиктен утур -утур "эмне деп жатат" дегенден башка эч нерсе түшүнбөй жаттык. Эмнегедир айдоочу бизди башка жакка алып бараткандай сезим келип туруп алгандыктан "ички аэропорт мынчалык алыс эмес эле, кайда баратабыз, сурачы" деп Замираны тажата баштадым. "Коркпогула, мен билетти кайсы жерден алыш керек экенин көрсөтүп берем"- деп бир кассага алып келди. Айдоочу менен офисте олтурган адам өздөрүнчө бир нерселерди сүйлөшүп, анысы телефон менен ар кимге чалып, анан бир топтон кийин биз бара турган шаарга билет бир кишиге 25000 рупий дегенде эле алдап жаткандарын түшүнүп тынчсыздана баштадым. Замира айдоочу менен урушуп, кайсы жерден алып келсе кайра ошол аэропортко жеткирип коюшун талап кылып жатты. Самира ушул эле сөздөрдү тиги түшүнбөсө да орусча айтып, эки жактан жеме уккан айдоочу "ички аэропот эртең мененкиге чейин жабык, мейманканага алып барайын"- деп чыкты. Талашып тартышып олтуруп, бизди бир мейманкананын жанына алып келип "ушул жерден түшкүлө"-деди.
(Уландысы кийинки санда)




"Ордо" жөнүндө орчундуу ойлор
ТҮРКИСТАНГА ЗИЯРАТКА БАРУУ
Аталардын Баталарынан айтылган көп нерселер туура чыгып, кээ бир айтылгандар ай, күнүнө чейин дал келип, менин Ордого болгон кызыгуумду ого бетер арттырды. Түркистанга зияратка бир айда бир жолу Кыргызстан, Казахстандын ар кайсы жериндеги Ордолордон чогулган пенделер, шакирттер барышат экен. Бишкектеги Ордодон куран окуп, бата кылып жолго үч маршрут такси менен Тараз шаарына түштөн кийин жөнөдүк. Казахстандын постунан "Кайда, кандай максат менен бара жатасыздар?" деп сураганынан "Зияратка" десек жолубузга ак жол тилеп, бат эле өткөзгөндөрү мени таң калтырды. Тараз шаарындагы ордолордун бирине түн ортосунда келдик. Узунунан салынган үйлөргө эркектерди өзүнчө, аялдарды өзүнчө киргизип орун таап жайланыша бериңиздер деп жер төшөк салынган бөлмөлөргө киргизди. Биз барган мезгилде бизден башка да группалар толтура экен. Эртең менен эрте туруп даарат алып, жуунганга чыксак, дагы толтура группалар келип калышты. Булар Татарстан, Казакстан, Башкирия, Россиянын шаарларынан келгендер экен. Эки жүздөй адам үч-төрт жумшак автобуска тизме боюнча группага бөлүнүп түшкөндөн кийин Түркистанга сапар алдык. Биз түшкөн автобуста Орустар, башкырлар, Алматылыктар жана Бишкектин ордосунан башка Таласстын ордосунан жана Ала- Буканын ордосунан келген кыргыз, өзбектер бар экен. Автобуска олтуруп жайланышкандан кийин 3-4 адамга орун жетпей ортодо туруп калышты. Шакылдаган, кырктар чамасындагы казак аял: "Силер сынактасыңар, пенделерге кызмат кылып, түшүндүрүү ишин жүргүзүп тикеңиздерден тик туруп барасыздар"- десе тамашалап жаткан экен деп ойлогом. Көрсө, ал адамдар шакирттер, башкача айтканда ак куу, шумкарлар, сарбаздар экен. Алар Аталардын сынагынан сынбай өтүш үчүн, кызмат өтөп барышы керек экен. Мисалы жолдо карай Туркистанда кандай мазарлар бар, кайсы Ата кайсы кылымда жашаган жана эмне үчүн касиеттүү жана башка көп маалыматтарды тынбай кезек-кезеги менен айтып барышы керек экен. Автобус оордунан козголуп,бир аз жүргөндөн кийин сарбаздардын бирөө ясин сүрөөсүн окуп, ак куулардын бирөөсүү болгон ата-бабалардын аттарын атап багыштады. Жолдо карай ак куулар утур бири биз бара турган Аталар жөнүндө маалымат беришип, пенделер уктап кетпешине көз салып баратышты. Уктап кетсе даарат бузулат. Жолдо карай ар ким өз тилегин айтып, кудайдан суранып, эмне максатта зияратка баратканын унутпай барыш керек. Келме келтирип, ойлору жалаң кудай жөнүндө болгону жакшы. Маршрут Акбура- Атанын маршруту деп аталат экен. Негизи Түркистандын маршруту төрт маршрутка бөлүнөт. Карабура-Ата, Байдибек-Ата,Укаш-Ата жана Акбура-Ата. Ар бир маршрутта бирден керемет бар. Мисалы биз бараткан Акбура -Атанын маршрутунда эки аска таштын ортосундагы жаракадан өтүү. Кара энергиясы бар адамдар арык болушса деле ал жаракадан өтпөй калышы мүмкүн дейт. Ошентип кечке маал Арыстан-бабанын мазарына жеттик. Бул жерде да бир нече үйлөр жана көп киши олтургудай тапчандар жасалып, зияратка келгендерге шарт түзүлүптүр. Бизден башка автобустар келгенден кийин, жакын эле жерде жайгашкан Арыстан бабанын мазарына бардык. Мазардын айлана тегереги таптаза, аллея жолдор салынып,гүлдөр тигилген таза жер экен. Мазар мечит сыяктуу куполдору бар, кооз килемдер төшөлүп, эки чоң бөлмөдөн турат. Биринчи бөлмөдө, чоң бешик сыяктуу, үстүн кооздоп жасалган ак жабуу менен жабылган, Арыстан - бабанын кабыры бар. Эркектер биринчи кирип, алып келген актыктарын кабырдын үстүнө жаап, анан аялдар актыктарын жаап бүтөөрү менен куран окулуп, Арстан- бабага жана жанында жаткан Карга- баба, Лашын - баба, ж.б аталарга багышталды.
(Уландысы кийинки санда)
Лариса Асанбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2009-ж.:
1-бет
ЭЛ ТОЛКУСА СЕЛ БОЛОТ
2-бет
Жогорку Кеңеш жоюлдубу?
3-бет
Максим Бакиевдин пиво заводу
4-бет
Бишкек кайрадан күйдү
5-бет
Экс- коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов:
"Сырткы саясатта түбөлүк душман, түбөлүк дос да болбойт"

6-бет
Ак үйдө Андерсендердин катары көбөйүп жатат
7-бет
Турат Мадылбеков, "Атамекен" партиясынын мүчөсү:
"Эгер мага бирдеме болсо, ИИМ генералдарынан көргүлө"

8-бет
Бурулкан УСУБАКУНОВА, "Бурул жана кайра жаралуу" кредиттик союзунун жетекчиси:
"МЕНИН ИШЕНИЧИМ МЕНИ КЕДЕЙ КЫЛБАЙТ"

9-бет
Жаз, сүйүү жана жандүйнө
10-бет
Саи Бабага сапар
11-бет
Гүлжигит Сатыбеков, обончу ырчы:
Нан уурдап жеген Гүлжигит

12-бет
Ата-бабалардын жыл санаты
13-бет
Рыспайдын Алмашы:
"Рыспай түшүмдө бейиште жүрүптүр…"

14-бет
Рактын згырыгы дамды йбанга йлантат
15-бет
Эмил Токтогонов, вале-тудо федерациясынын президенти:
"Өз арабабызды өзүбүз сүйрөйбүз"

16-бет
Билгенден билелегиң көп










??.??