Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Берки жээк

Лейла Сыдыкова, ЖКнын депутаты:
"Бийлик оппозицияга биргелешип иштешели деп кол сунду"
(Уландысы. Башы 3-бетте)
Муну менен бирге эле мал чарбачылыгы, техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүнү өркүндөтүү айыл-чарбачылыгындагы негизги жемиштерди бере турган мезгилге келээрин курултайдын катышуучулары айтып жатат. Андыктан мамлекеттик чиновниктер эл менен иштөөнүн жолдорун таап, биргелишеп кеңешип бирге иш алып барсак өнүгө алабыз деген ойлорун айтышты. Ачык айткандын баарын биз дүжүр атай берсек, анан сиз айткандай кол бала десек, анда биз кимге, ишенип кандай мамлекет курабыз. Ошол жерде 700 дөн ашык делегаттын ону өзүнүн жеке кызыкчылыгын айтып, жогорку бийлик өкүлдөрүнө кошомат кылса, калган 740ы түз эле өз ойлорун айткандыгын көрүп ичимден ыраазы болдум. Балким губернатор, аким же министрлер болсо мындай ойлорун ачык айтпай, жалган маалыматтарды айтышы мүмкүн эле. Бирок элдин чыныгы өкүлдөрү түз ой айтып, элеттин жана коомчулуктун көйгөйүн бийликке толук жеткире алышты.
Эгерде курултай ушул калыпта өз ишин жүргүзүп отурса, бийликтин толук кандуу иштешине жана жүргүзүп жаткан экономикалык реформаларына көмөкчү гана боло алат. Союз учурунда "элдик контроль" деген бар болчу. Мен курултайдын делегаттарын ошол көзөмөлдүк кылуучу органга да окшоштуруп жибердим.
Бирок курултайдын делегаттарынын ролу алардан да жогору, бийик деп айтсам болот. Анткени алардын бардыгы элдик шайлоодон өтүп, андан кийин элдин өкүлү катары делегат болуп келишти. Алардын арасындагы атпай журтубузга гана эмес, узун элдин уучуна-кыска элдин кыйырына таанылган кадыр-барктуу инсандарыбыз турат. Анан кантип делегаттардын бардыгын кол бала, дүжүр деп айта алабыз. Мына ушундай адамдарды дүжүр атагандар деле өздөрү араларына бир жаңы адам кошо албай, дүжүр оппозиция болуп жүрөт. Ушул топтор өздөрүнө тийиштүү ММКтары аркылуу элдин кадырлуу инсандарын "дүжүр" атап шылдыңдап, келекелеп жаткандыгы жалпы элибиз үчүн өкүнүчтүү. Мен муну улуттун айрым тескери кулк мүнөзү менен байланыштырып, түркөйлүк катары эсептейм.
- Лейла Чынтургановна, сиз айткандай түркөйлүктөн бийлик менен оппозиция келише албай жатабы?
- Биз жакшыны жакшы, жаманды жаман деп айтуудан тайсалдап, өзүбүздүкү эле туура деген ойго бекем ишенип алганбыз. Сөз менен орок оро берип, айрым фактыларды жетишкендиктерди көргүсү, айткысы келбегендер бар. Иштеген адамдан кемчилик кетээрин баарыбыз билебиз. Бирок сындагандардан эч качан кемчилик кетпейби деген суроону ошол сындап, бийликти ашата сөгүп жаткандар өздөрүнө суроо берип көрдү бекен деген ойго деле келем. Берген жок. Анткени андай суроо берип, өзүнүн аркасын кылчайып карагандан биздин радикалдуу оппозициябыз деген топтор өтө эле намыстанышат. Мунун өзү түркөйлүк деп ойлойм. Бийлик алар менен мунасага келип, биргелешип иштешели деп көп эле кол сунду. Андан натыйжа чыккан жок. Курултайга катышуу боюнча сунуштарын берди ага да көнүшкөн жок. Эми булар менен кандай сүйлөшүп, эмне кылыш керек мен түшүнө бербейм. Алар көтөргөн маселелердин бардыгы делегаттар тарабынан курултайда көтөрүлүп атайын иштер жүрүп, керек болсо мыйзамдар кабыл алынаары айтылды. Электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү боюнча жеңилдиктерди берүү туурасындагы Президенттин жарылыгы курултайдан кийин чыкты. Мына ушундан улам оппозициялык топтор койгон талаптарды чечүүнүн жолу бар экендиги курултайда ачыкталды.
Булардын койо турган талаптары да эми эскирип, өз жашоосун жашап бүтүп калды окшойт. Ачуу кыйкырык, айгай салуу менен биз эч нерсени чече албайбыз. Ошондуктан бийлик менен эл бири бирин уга билүү тактикасын үйрөнүшүбүз зарыл болуп турат. Биз бул тактиканы үйрөнө алсак гана чыныгы демократиянын чыйыр жолун тапкан болобуз. Эгерде бири бирибизди уга билбесек, мамлекетибизди сырткы же башка күчтөрдүн талоонуна түшүрүп, же болбосо кылымдар зарлап жүрүп эптеп жеткен эгемендүүлүктөн кол жууп калышыбыз ыктымал. Ушул негиздемелерге ылайык "ойноп сүйлөсөк да, ойлоп сүйлөсөк"- деген ойду айткым келип турат.
- Бизде курултайдын жобосу бар. Бирок конституциялык укуктулугу жок. Ошол жобонунун негизинде эле "Курултай" мыйзамдашып турабы?
- Эми бул сурооңузга мен, конституциялык норма деген эмне деген суроону коюп, андан кийин жооп беришим керек болуп калды. Анткени азыр биз конституциялык норма бузулду деп туш тараптан айгай салган саясатчыларды угуп, көрүп жатабыз. Бул эң негизгиси башкаруу системасынын табиятын аныктап, укуктук мамлекетти түзүүнүн жолдорун аныктоо менен жарандардын укук, милдеттерин коомчулукка жарыя кылуунун тааныштыруунун негизги формасы. Өзүңүзгө белгүү болгондой биз өткөн айларда баш мыйзамдын айрым беренелерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип, биринчи окууда кабыл алганбыз. Буга ылайык баш мыйзамдагы мамлекеттик катчы кызматы жоюлду, эми анын ордун толуктоону мамлекет башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын камсыз кылган 46 берененин 7 пункутуна ылайык Ынтымак курултайын уюштуруп, улуттук идеологияны жана жалпы элдик көйгөйлөрдү элдин жеке өкүлдөрү менен чечүү жолуна өттү. Бул улуттук демократиянын принциптеринин калыптанышына өбөлгө болду. Азырынча конституциялык укуктулугу жок деген ой-пикирлерге туура келбейт. Кудай буюрса эки айдын ичинде баш мыйзамдын өзгөрүү жана толуктоолору киргизилип жаткан долбоору толук кабыл алынса Ынтымак курултайы конституциялык укукка ээ боло алат. Мындан саясий оюн чыгарып, мыйзамсыз деген нерсени айтуу туура эмес деп ойлоп турам.
- Кечиресиз дагы бир мыйзамдуу суроо тулуп жатат. Курултайдын делегаттары кеңешүүчү бир маселени чече ала турган, укуктарга ээ болуп жатат. Ал эми Жогорку Кеңеш деле элдин көйгөйүн көтөрүп чечип келбеди беле? Эми сиздер элдин көйгөйлөрүн чечүү мүмүкүнчүлүгүнөн ажырап калдыңыздарбы?
- Эми биз бийлик табияты боюнча мыйзам чыгаруу бутагына киребиз. Биздин баш мыйзамдын 54-беренесинде бакыйып жазылып турат. Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти-мыйзам чыгаруу бийлиги жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган деп. Андан ары 58-беренени карасаңыз 32 пунктан турган милдеттерибиз ачык көрсөтүлүп жазылып турат. Ал иштердин бардыгы элдин кызыкчылыгына байланышкан милдеттер. Мисалы, чек ара маселеси боюнча мыйзам, бюджет, сот системасы, кылмыш жазык кодекси жана башка толгон токой иштерибиз бар.
Биздин негизги милдет элдин көйгөйлөрү менен жеринен, жакындан таанышып, аларга ылайык келген мыйзамдарды жазып, кабыл алуу менен анын аткарылышын Президенттен жана аткаруу бийлигинен талап кылууда турат. А курултайдын өзүнүн жобосу бар. Алар мыйзам чыгара албайт. Бирок эл менен бийликтин ортосундагы коомдук байланышты чыңдап, элдин көйгөйлөрүн атка минерлердей болуп жашырып жаап отура бербей ачык айтып, парламентке, Президентке жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө чечүүнүн жолун издештирүүнү кеңешүүчүлүк багытта сунуштай алышат. Алардын кабыл алган чечимдерин аткаруу бийлиги карап талдоо менен жыйынтык чыгарышы зарыл болот. Бул бийлик бутактарынын түздөн түз элдин көзөмөлүндө тургандыгын далилдейт.
- Курултайдан кийин сиздер эл аралап, курултайда көтөрүлгөн маселелерди элге жеткирип, эл менен бийликтин ортосундагы байланышты дагы бир жолу чыңдоо үчүн шайлоочулар менен жолугушуп жатасыздар. Эл курултайдын ишине кандай баа берип, көтөрүлгөн маселелердин түйүнү туура чечилээрине ишенип жатышабы?
- Эми эл курултайдын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер туурасында мурда эле кабардар болуп, бирок алардын чечилиш жолун күтүүдө. Ар аймактын булуң-бурчунан келген делегаттар өздөрүнүн өкүлдөрү койгон маселенин толук чечилишин күтүп жатат. Мамлекеттик экономикалык реформалардын жүрүшү туурасында элге маалымат жетпей жаткандыгы чындык экендигин аткаруу бийлиги да моюнга алып отурат. Биздин депутаттардын бир катары өкмөт башчысы Д.Үсөнов менен бирге Нарынга барып эл менен жолугушуп кайтышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мамлекеттик саясатка болгон шалаакы мамилеси байкалгандыгын депутаттар айтып келишти. Ошондуктан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү-эл менен бирдиктүү иш алып баруунун жолун таппай жаткандай сезим калтырууда. Мындай көрүнүштөр республикабыздын бардык аймактарында байкалууда. Экономикалык реформалар Президентке, парлмантке жана өкмөт курамына керектүүдөй болуп жаткандыгы жалпыбызды өкүндүрбөй койбойт. Эл курултайдын чечимдери толук аткарылаарына ишеним артып жатышкандыгын шайлоочулар менен болгон жолгушууларда толук байкадым. Курултайга болгон элдин ишеними зор десем болот.
Бактыбек РЫСАЛИЕВ





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
1-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Убадачыл
Данияр Үсөно

2-бет
Жер ээлөөчү Салымеков
3-бет
Үйүбүздөн үмүт кетти
4-бет
Абайла, кокуй Акүй угат
5-бет
Убадачыл, чоң бизнесмен
6-бет
Лариса Асанбекова, Академик парапсихолог:
"Саи Баба адамзатты кара күчтөрдөн куткаруу үчүн келген"

7-бет
Лейла Сыдыкова, ЖКнын депутаты:
"Бийлик оппозицияга биргелешип иштешели деп кол сунду"

8-бет
Астананы багынткан кыргыз балдары
9-бет
Жандүйнө
10-бет
"БАРДЫК НЕРСЕ КУДАЙДЫН БУЙРУГУ МЕНЕН"
11-бет
Сен тиккен теректер, сен калтырган келечектей сезилет
12-бет
"Сүйбөгөн жардан сүйүктүү уулум бар"
13-бет
"Олимпиадаларга барганда келгенче шашам"
14-бет
АЛГАЧКЫ САМЫН
16-бет
Назира Жетигенова, куудул:
"Аборт" жасатып, азыр сегизи калды






Яндекс.Метрика