Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Рух дүйнө

Лариса Асанбекова, Академик парапсихолог:
"Саи Баба адамзатты кара күчтөрдөн куткаруу үчүн келген"
- Лариса эже, Индияга барып тирүү пайгамбарга жолугуп келдим деп атасыз. Айтканыңыз керемет жомоктой. Кеп башында сурап алайынчы, Саи Баба деген ким?
- Мындай адамдар жерге канча бир кылымдарды өткөрүп пайда болуп турат экен. Буга Кришна, Шива. Муса, Иса ,Мухамед пайгамбарлар деп түшүнүп, кудайдын жердеги өкүлү десек болот. Башкача айтканда аватар- кудайдын адам денесинде пайда болушу.
- Индия кантсе да рухий жагынан бийик эл. Асманда учуп жүргөндөр бар дешет. Саи Бабага окшош бир эле киши бар бекен?
- Азыркы жашоодо бирөө эле Рухий.жогорку деңгээлге жетип,левитация,материлизация, денесинен көп убакытка ( жаны) чыгып кайрадан өз денесине кайрылуу жана да башка адам акылына сыйбаган нерселерди жасай алган суфийлер,йогдор көп. Бирок Саи Бабанын деңгээлинде эч ким жок. Азыр жер планетасы башка бир мезгилге өтүп жаткан учуру. Ушул учурда жер бетинде кара энергия, кара күчтөр көбөйөт. Ушундай мезгилде Кудай жерге Саи Бабадай адамдарды, адамзатты кара күчтөрдөн сактап калуу үчүн жиберет. Саи Баба ошол үчүн жаралган деп айтылат экен.
- Кара күчтөр көбөйгөндө жаратылыш кырсыктары же болбосо ар кандай адамзаттык кырсыктар көбөйөт деп айтылат эмеспи?
- Ооба. Адамдардын ниет-пейили бузулуп, жер планетасына кара энергия толуп кеткенде жерде ар кандай кырсыктар жаралып , жер өзүн кара энергиядан тазалап турат.. Мына жакында ар кандай жер титирөөлөрдөн канча өмүр кыйылды Чыгышта Сунами болду, бул киши төрөлгөндөн бери Японияда атом бомбасы жарылды, Чернобыль окуясы ж.б.
- Саи Баба канча жашта?
- Саи Баба 1926-жылы төрөлгөн. Бул адам мурунку жашоосунда Ширди Баба болуп жаралган. Ширди Баба 1918-жылы каза болуптур Өлөөр алдында мен сегиз жылдан кийин Индиянын түндүгүндө төрөлүп өз миссиямды улантам деген экен.. Азыр Индиянын түндүгүндө Ширди деген шаар бар. Ширдинин максаты мусулмандар менен буддаларды бириктирип кудай жалгыз дегенди үйрөтүү болгон. Саи Баба болсо кудай бир жана кудай баардык жан жаныбарларда бар деп айтат. Саи Баба келечекте ким болуп, качан төрөлөрүн да айтып койгон. Кийин төрөлгөндө кудай бирөө эле. Сен да кудай, мен да кудай деп үйрөтөт экен. Бул кишиде баардык пайгамбарлардын белгилери бар экен. Тили чыккандан баштап эле акылман болуп,бардык нерсени билгендиктен эл устат деп кайрылышкан...
- Саи Бабанын ата теги тууралуу маалымат ала алдыңызбы?
- Атасы музыкант киши болгон. Саи Баба төрөлгөндө анын музыка, үн чыгарчу аспаптары өзү эле укмуштуудай мукам үн чыгара баштаптыр. Төрөлөр менен бала жаткан жер термелип жатканынан карап көрүшсө астында касиеттүү кобра жатып алып терметип жатыптыр.
- Айрыкча улуу адамдар жарыкка келерде энеси аркылуу аян да берилет эмеспи?
- Апасы кудукка сууга барса жашыл шар сымал нерсе келип көкүрөк тарабына кирип кетиптир. Анан тиги ээси ооп жыгылып калыптыр. Эсине келтиргенден кийин боюнда бар экенин билинет да эркек бала төрөлөт. Атын Сатья коюшат.. Сатья индия тилинде чындык, акыйкат дегенди билдирет. Окуусунун негизги өзөгү да чындык. Ал өзү "мен билген нерсени силер деле билсеңер болот. Силерде ишенич жок, коркуу сезими бар"- дейт. Ушул нерселерден кутулса адам баласы ар бири ушундай рух, дух абалына жетсе болот экен. Саи Баба эмне кааласа ошол буюм ошол замат колунда бар болуп калат. Колунан жыттуу дары порошоктор куюлуп турат. Менин жасагандарым байлык, атак даңк үчүн эмес. Анын баары адамдар үчүн. Мен эмнени ойлосом к ошол нерсе колумда пайда болуп калат- дейт. Саи Бабанын бул дүйнөгө эле эмес паралелдүү дүйнөгө да таасири бар экен. Мындайча айтканда көзгө көрүнбөй энергия түрүндө жашаган арбак ж.б ларга. Буларда убакыт, мейкиндик деген жок. Алар космосту ойлосо космосто болушат. Астралдык денелер жарыктын ылдамдыгынан да тез кетишет.
Египеттеги пирамидалардын курулушу эмнеден, кандайча жасалганын азыркы илим аныктай албай келет. Булар техника менен эмес ойдун күчү менен курулган.
- Саи Бабанын үй бүлөсү бар бекен?
- Иса пайгамбардын деле үй бүлөсү болгон эмес. Ал баардык адамзат менин балдарым дейт. Саи-эне. Баба- ата дегенди билдирет. Ушул экөөсү бириккен.
- Материалдык байлыгы канчалык?
- Дүйнө жүзүнүн бир да президентинин резидентциясы Саи Бабаныкына жетпейт.болуш керек. Резиденциялары көп. Ашрам өзүнчө эле шаар ичиндеги шаар. Сеанс өткөргөн жерлери эле укмуш , мрамор,алтындар менен кооздолуп,хрусталь люстралар менен жасалгаланган.
- Анын байлыгы Индия экономикасына кандай салым кошот экен?
- Дүйнө жүзүндө андай ири долбоорлор жок. 8 млн. калкы бар Чинай, Мадрас деген эки шаарды, 1037 кыштакты суу менен камсыз кылган. 70 млн. доллар турган каналды курдурган. Жумушчулар Саи Бабадан бата алуу үчүн бекер иштеп беришкен. Индияда аба ырайы өтө ысык болгондуктан, суу жок , жерлер жарылып кетет. Ошончо элди бекер суу менен камсыз кылган.
Ооруканалары абдан көп. Бир Ооруканасында дүйнө жүзүндө мыкты деген 50 профессор бекер иштешет. Бүт баары акыркы үлгүдөгү жаңы технологиялар менен жабдылган.
- Ооруп баргандар акча төлөшөбү?
- Эч ким бир тыйын төлөшпөйт. Ар кайсы багыттагы мектептеринде,институт,университеттеринде бекер сабак берилет. Ашрамдын ичиндеги ашканаларда тамак беш сомдон.. . Ал тамактын продуктусуна кеткен гана наркы. Ар ким эмгек эс алуу (отпуска) учурунда Саи Бабадан бата алыш үчүн келгендер бекер иштеп берип кетишет. Бекер иштөө үчүн да кезекте турушат. Бирөөлөр жатаканада, дагы бирөөлөр тамак бышырат дегендей. Жатаканада тазалыкты жашагандар өздөрү карашат.
- Лариса эже,сиз Индияга кандай масатта бардыңыз эле?
- Биз үчөөбүз бир жарым ай жашадык. Бир айга бир киши 1300сом төлөдүк. Биздин акча менен эсептегенде.
Ашрамда эки ай жашаганга уруксат Парапсихология илими боюнча баардык окуулардан өтүп келе жатам. Москвадан Эниология,. Космо энергетика, Академия эниоинжинерияны бүткөм. Профессормун. Ар бир адамдын өзүнүн максаты бар. Маселен абдан бай адам менен кедей жашаган адамды салыштырсак. Дух жагынан байдын деңгээли төмөн болушу мүмкүн. Адам жаралганда бир деңгээлден бир деңгээлге өтүш үчүн жаралып, бир көрсөткүчө жогорлаш үчүн келет. Эң төмөнкү көрсөткүчтө жаныбарлардан кийин эле бомждар, андан кийинки керектөө муктаждыкты гана канаттандыруу үчүн келгендер, андан кийин маданият, чыгармачылык менен алпурушкандар, андан кийинкилер мен эмнеге жаралдым деген ойдогу изденүү абалындагылар, андан кийин, таза энергиялуу (Целители)(бирөөнү кармаса айыккан), духовный окууларды окуткан устаттар турушат. Буларды материалдык нерселер кызыктырбайт. Ушул деңгээлге жеткенден кийин адам, адам болуп кайра бул дүйнөгө келбейт. Башка энергияга өтүп кетет. Ал жакта да өзүнчө көрсөткүчтөр бар. Маселен периштелер да колдоочу, жандоочу болуп бөлүнүшөт. Ошол сыяктуу. Адамдардын жаралуу максаты эң аягында кудай энергиясына өсүп жетүү. Жана кудай менен биригип энергияга айлануу.
- Рим, Грек цивилизациясы дегендер болгон эмеспи. Духовный өнүгүүнүн мезгил, доору өтүп кеткен жокпу?
- Материалдык цивилизация менен духовный цивилизация чогу жүрөт. Албетте, бирде биринин деңгээли жогору, бирде төмөн болушу мүмкүн. Азыркы төрөлгөн балдар индига деп айтылат. Алар жаңы тили чыга баштаганда эле техникага кызыгып, компьютерлерди,соткалардын өчүрүп-күйгүзгөндү биле баштайт. Азыркынын балдары башкача деп коюшат эмеспи. Улуу муундагылар техниканы билишпейт. Анткени жан техниканы көргөн эмес.
- Жолугушуу кандай болду?
- Саи Баба турган жерде энергия башкача. Ал киши жер планетасынын кармасын өзүнө алгандыктан азырынча баспай калыптыр. Жолугушууга бир киргенде 20 миң киши кирет. Ошолордун алдынан коляска менен Саи Бабаны алып өтүп бара жатканда элдер калоо-тилектерин жазган каттарын бере башташат. Каттарды колуна алгандан кийин суроо талаптар, тилектер аткарылып баштайт. Ошондо дагы кара ниетте жазылган каттарды албайт экен. Окубай эле эмне тууралуу жазылганын билип турат. Сен тарапты караганда эле кандайдыр бир күчтүү энергия, толкунга туш болосуң. Анан кандайдыр бир жагымдуу жыт келет. Бара турган адамдар катты бул жактан жаза баштаганда эле билип турат экен. Ошол учурда бир сааттай кудайды мактаган ырлар ырдалат. Кудайга жакындоонун үч жолу бар. Биринчиси ар кандай ырым-жырымдар, салттар. Экинчиси кудайды мактоо- үн. Үчүнчүсү медитатция жасоо. Же элге кызмат кылуу. Саи Бабанын айтуусу боюнча үндөр космоско тез жетет экен.
- Кыргыз тилинде эле сыйынса боло берет бекен?
- Алар келмени мантра дешет. Биз кадимки эле келмени ( Алхамду лиллох ж.б) келтирип отурдук. Келме касиеттүү күчкө ээ. Куранда мындайлар көп. Негизгиси тилениш керек. Нээт кылсаң кудай берет. Муну-тигини бер деген материалдык дүйнө. Мындан сырткары духовный ой аркылуу кудай менен байланыш болот. Канча жылдан бери мен дагы даярдыкта болсом да, кармадан тазалана баштаганда белимен кыймылдабай калдым. Саи Бабанын шакирти мени тез эле айыктырды. .
Шаардын ичинде бир тоо бар экен. Анын чокусунда бак өсүп турат. Анын жанында үңкүр бар. Саи Баба бала кезден ошол үңкүргө кирип ойночу экен. Беш жашында үңкүрдө отуруп медитация кылып жатса, бул бактан эмне кааласаң алсаң болот- деген үн чыгат. Анан бала кезинде эле элдерге ошол бактан алма, алмурут, жүзүм кааласа бутактарынан үзүп бере берчү экен. Ким кааласа ошол бакка каттарын илип койсо тилектери аткарылат. Каттар жыбырап илинип турат. Саи Бабага берген менен илген бирдей эле дешти. Чынында эле эмне тилесең аткарылат.
Маектешкен А. Бостон
P,S Лариса Асанбекованын "Саи Бабага сапар" аттуу макаласын ушул маектен кийин берели дедик. Буйруса жомоктогудай дүйнө,тирүү пайгамбар, жан дүйнө, жашоо маңызы, үмүт, тилек, ак кара ж.б. адам болуу үчүн издеген дүйнөңү ушундан табарсың. Эмкиде күт.





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
1-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Убадачыл
Данияр Үсөно

2-бет
Жер ээлөөчү Салымеков
3-бет
Үйүбүздөн үмүт кетти
4-бет
Абайла, кокуй Акүй угат
5-бет
Убадачыл, чоң бизнесмен
6-бет
Лариса Асанбекова, Академик парапсихолог:
"Саи Баба адамзатты кара күчтөрдөн куткаруу үчүн келген"

7-бет
Лейла Сыдыкова, ЖКнын депутаты:
"Бийлик оппозицияга биргелешип иштешели деп кол сунду"

8-бет
Астананы багынткан кыргыз балдары
9-бет
Жандүйнө
10-бет
"БАРДЫК НЕРСЕ КУДАЙДЫН БУЙРУГУ МЕНЕН"
11-бет
Сен тиккен теректер, сен калтырган келечектей сезилет
12-бет
"Сүйбөгөн жардан сүйүктүү уулум бар"
13-бет
"Олимпиадаларга барганда келгенче шашам"
14-бет
АЛГАЧКЫ САМЫН
16-бет
Назира Жетигенова, куудул:
"Аборт" жасатып, азыр сегизи калды






Яндекс.Метрика