Сыноптика

Убадачыл, чоң бизнесмен
Өкмөт башчы Данияр Үсөновду алыс - жакындан билгендердин сын таразасына салып көрдүк. Анын үстүнө учурда эмне кымбаттабасын премьер-министрге барып тийет эмеспи. Анда Данияр мырзанын дарегине сөз берели.

Асылбек Чоноров Бишкек шаары:
Данияр Акавдин мезгилинде бийликке оппозиция болуп жакшы эле жапа чекти. Революция болгондо эң биринчилерден болуп телерадиодон сүйлөп элге маалымат берип турган. Революцияга кошкон салымы абдан чоң. Жигит катары кыргыздын намыстуу, тайманбаган эр азаматтарынын катарына кошот элем. Жарыкты, коммуналдык кызматтардын кымбатташы премьердин ишине көлөкө түшүрүп жатат. Ал киши өкмөт башчылыгында отурган менен чыныгы бийлиги жок. Болбосо Данияр Үсөнов кыргыз үчүн көп эле иш бүтүрмөк. Кыргызга күйгөн жигит.


Акин Токтоналиев, Укук коргочу:
- Данияр Үсөнов чоң бизнесмен. Бакиевге окшоп өндүрүшчү эмес. Өндүрүшчү менен эптеп байлык жыйнасам деген бизнесменди салыштырып болбойт. Мындайлар эптеп эле байлык жыйнасам дегенден башканы ойлобойт. Мэр болгондо "Бактылуу лотерея" дегенди чыгара коюп, бюджеттен 70 млн. акчаны чачып жиберген. Ага чейин Либерман деген эл аралык калпычыга 500 миң доллар берип, ал акчасын өкмөттөн доолап жүрүп өндүрүп алган. Анткени Акылбек Жапаров Финансы министри болуп турганда "Данияр менден 500 млн. ду доолап жатат" деген эле.
Акыркысы премьер болуп турганда чөнтөк телефондорго 60 тыйындан кошулду. Телевизордон чыгып алып алар менчик фирмалар, биз алардын баасына тийише албайбыз дейт. Өкмөт башчы элдин камын ойлосо мындай сөздү айтпайт эле да. Жарыкты айтпай эле коёлу. Данияр революцияда көп акча чачкан ошол акчасын өндүрө албай жүрөт. Бакиев да ага карыз болгондон премьер кылды деп ойлойм.


Жыргалбек Турдукожоев, КСДП нын мүчөсү:
- Данияр Үсөновду ким билбейт. Казак туугандар да жакшы билет. Андан бери Россия да билип келе жатат? Чоң-чоң убаданы абдан жакшы берет. Премьер министрликте кичине убада болбойт да. Бирок, эч качан аны аткарбайт. Кечээ Ынтымак курултайында чиновниктерди кааласам 5 мүнөттө бошото алам деди. Чындыгында ал кишиде андай бийлик жок. Адам катары Революциядан кийин Либерманга 500 миң долларын алдатып жиберип элге бир дүң болгонун билебиз.


Өмүрбек Үметалиев Аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары:
- Бишкек шаарына Мэр болгондон баштап Данияр Үсөновго аксакалдар көп кайрылдык. Шаардагы жол кире акысын 5 сомдон 8 сомго көтөрүп салды. Мында аксакалдарды бир түйшүккө салды. Андан кийин вице премьер болду кымбаттаткандан кымбаттатып эле жатат. Бул киши өзү карыбайбы билбейм. Ушу жаш, бай бойдон жүрө береби? "Түндүк электрону бир долларга сатат элем деп атып,. 3 млн. го сатып жиберди. Улуттук байлыкты сатпаш керек эле. Кечээ аксакалдар "Нарынга барганда кичине жылуу сөз угабыз дедик эле аны да уга албадык" дешүүдө. Кымбаттаткандын үстүнө кымбаттатам деп келиптир. Жети миңдей киши жыйылган жерде аксакалдарга сөз бербей коюушуптур. Жети миң киши эл да, алар менен жылуу мамиле жасаса болмок. Кийинки муунга эч нерсе калтырбасак алар биздин көрүбүзгө түкүрөт го.


  Күнбүгүн

Оңдон, солдон шамал согот
Акыркы күндөрү кыргызстандын саясый айдыңында абал оорлогондон оорлоп барат. Эл аралык мамилелер да сууп туру. Россия тарап кыргыз жетекчилигинин акыркы кадамдарына нааразы таризде далысын ачык эле салганга өттү. Кыязы мындай саясаттын башталышы Путиндин мындан жарым жыл мурда Африка өлкөлөрүнө болгон сапарында журналисттин кыргызстандагы АКШнын аскер базасынын калтырылышына карата берген суроосуна " ар бир мамлекет ички маселесин өзү чечет. Кыргызстанда мындан ары окуя кандай өнүгөт? Ошого жараша болот" деген жообунун жыйынтыгыбы деген да ой келбей койбойт. Россияда кыйшык көз менен караган "күчтөр бар" экен деп, жашырганга аракет кылган менен ал жактын чыныгы көз карашын мамлекеттик деген теле каналдар айгине кыла баштады. Россиядан чыгып жаткан мындай маалыматтарга Президент Бакиевдин да чекеси тырыша түштүбү айтор, кечээги Москванын метросундагы жардыруулардан улам улуу өлкөнүн жетекчилигине көңүл айтканга шашылган жок.
Канткен күндө да мамлекет жетекчилери сууган мамилени сыртка чыгарбоого тийиш . Премьер министр менен ЖКнын төрагасынын көңүл айткан каты КТР ден окулду. Эки күн мурда расмий сапар менен Кыргызстанга келген ОДКБнын Баш катчысы Николай Бордюжа "Кыргызстан менен Россиянын ортосунда сууган мамилени көргөн жокмун" деп билдирди.
Улуу агалардын мындай аракетинен соң Акүй тараптан чыккан маалымат желаргысына караганда Максим Бакиевдин океандын ары тарабына, АКШга аттануу камылгасы катуу көрүлүп жаткандай. Расмий бийлик АКШнын этегин кармаганга аракет кылса, оппозициянын ана башы А. Атамбаевдин Россияга ат тезегин кургатпай барганы оппозиция Россиянын этегин кармачудай болуп турат. Жакынкы чыгыштагы мусулман мамлекеттер менен да мамилебиз дурус эмес. АКШнын авиабазасы Манас аэропортунда турганда Иран, олку-солку болуп турган Ооганстан менен туруктуу мамиле түзүү жакынкы келечекте ишке ашчудай эмес. Кыргызстанга болгон коңшулардын мамилеси (Тажикстандан башка) да күн өткөн сайын сууп барат. 2005- жылга чейин экс-президент Акаевди үлкөн жыйындарда баса калып сүйлөгөнгө көнүп алган Ислам Каримов кыргыз жетекчилиги алмашкандан бери андай жыйындарда Курманбек Бакиевге үнүн көтөрө чалып сүйлөй албаган менен Ташкент саясаты боор тарткан жок. Камбар Ата ГЭСинин курулушун жактырбай туру. Борбордук Азияда лидерликке умтулган Казакстан менен Өзбекстандын бул маселеде азырынча тили бир.
Олдоксон саясаттан улам эл аралык мамилелердин сууганы аз келгенсип Оппозиция тогуз талапты бийликке койгонуна эки жумалап барат. Бийлик тараптан ак же көк дей элек. Акүй элдин кымбаттоодон улам пикетке чыкканынан кичине кооптонгондой болду. Бирок, оппозициянын сунушуна мурда кандай мамиле кылса дал ошондой түрдөн жанчудай эмес. Оппозициялык маанайдагы массалык маалымат каражаттарын мурда кандай муунтса, дал ошондой муунтуп, бааларды арзандатууга ниети байкалбайт. Кечээ Нарынга өкмөт башчысы жоон топ министрлерди ээрчитип барып элге тоолуу шартта берилчү 50 пайыз жеңилдиктин калтырыларын билдирип тим болду. Эл өздөрү күткөн жылуу сөз уга алган жок. Данияр Токтогулович жергиликтүү оппозиция өкүлдөрүнүн ана башына акимчилик орунду сунуш кылуу менен чектелди.
Ал ортодо БЭКтин өкүлдөрү жер жерлерге эл кыдырып кетишкен эле. Коркконго кош көрүнөт болдубу, айтор ЖКнын депутаттары шайлоочуларына упчу эмизгени тарашты. Кимиси жемиштүү кайтат көрө жатарбыз.
Назаркул ЖООШБАЕВ