Абайла, кокуй Акүй угат

Токтоайым Үметалиева:
"Чарчаганга акым жок"
- Токтайым эже, айтсаңыз. Аял кишинин оппозиция да жүрүүсү оор эле болсо керек?
- Албетте, жеңил иш эмес. Бүгүнкүдөй элибиздин башына кыйынчылык түшүп, мамлекетибиздин эртеңки келечеги туңгуюкка келип такалып турганда кантип сыртта карап тура аласың. Бизден кийинки муундун,балдарыбыздын мамлекети болобу-болбойбу? Жерибиздин бүгүнкү кооздугу, жер кен байлыктары өзүбүзгө тийеби же чет өлкөлүк бирөөлөргө кызмат кылып калабы? Ушул коркунучтар бар. Мындан сырткары он беш жылдан бери менин да мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымым, өткөн эмгектеримди сакталышы үчүн жана келечекте Кыргыз мамлекетүүлүгүнө болгон ой пикирлеримди алдыга жылдыруу үчүн күрөшө берем. Негизги максат Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн сакталышына багытталат. Мисалга айтсак, Саны жагынан арбын Уйгур эли бир кезде саясатчылары, билермандары сатып кеткендиктен жери, мамлекети жок отурушат. Миллиондогон, бизден 5 эсе көп Курт элдерин көрүп келе жатабыз. Ал эми биз кичинекей болсок да мамлекетибиз бар .Чоң - чоң мамлекеттердин жолугушууларында Кыргыз мамлекетинин желеги желбиреп турганын көргөндө баа жеткис кубанычымды элимдин бактылуулугумду сезем. Биз ушул эгемендүүлүгүбүздү жоготпой келечектеги урпактарга сактап калууга милдеттүүбүз.
- Акыркы митингдерден байкалгандай (Роза Отунбаев баш болгон) аял саясатчылары эки тизгин бир чылбырды колго алгандай сезилет?
- Мен эң биринчи саясатчынын туруктуулугун баалайм. Аял, эркек деп бөлбөйм. Кандай саясатчы болбосун өзүнүн туура көз карашы үчүн күрөшсө колдойм. Мындай көз караш адамдын жан дүйнөсүнө бала кезден эле калыптанса керек.
- Кимдерди бул жагынан туруктуу саясатчы деп баалайсыз?
- Акыркы беш жылдагыны алып карасак. Өмүрүнө коркунуч келсе да көз караштарынын туруктуулугу жагынан чындыгында кыз-келиндерибиз алдыга чыгып келе жатышат. Мындай кыз-келиндерибиз өкмөттүк эмес уюмдарда, саясый партиялардын жетекчилигинде келе жатышат.
Азиза Абдурасулова, Бөдөш Мамырова, Роза Отунбаева, Чолпон Жакупова, Асия Сасыкбаева, Төлөйкан Исмаилова жана башкалар. Айрыкча Бөдөш менен Азизанын бийлик өткөргөн Ынтымак курултайында эркектер жалтактап айта албай жаткан саясый маселелерди, ойлорун айтып көтөрүп тайманбай чыкканына мен ойлойм жалпы кыргыз эл сыймыктанса болот. Акыркы мезгилде кыздарыбыздын курчуганы катары Роза Отунбаева баштаган курултайларды өткөрүү бюросун мисалга алат элем. Ушулардын баары үй бүлөсүнүн коопсуздугунан да элдин көйгөйүн жогору коюушуп,бүгүнкү бийликтин элдин жонунан кайыш тилген саясатына каршы чыгышып келе жатышат.
Парламентте отургандардан Карамушкина, Асел Кодурановага Динара Ниязалиевага окшогон кыздарды кошуп кетким келе.
Өзүм тууралуу кыскача айтсам коомдук саясатка аралашканыма он беш жылдан ашты. Бала чагымдан бери эле коомдук иштемин десем болот. Таластын Ленинпол айылындагы "Победа" колхозунда ар кандай жыйындарда аралашып, сүйлөп жүрүп тажрыйба топтосом керек. Экинчиден атам Бавланкулов Жумак республикада биринчи шактёр стаханович болуп СССРдин ВДНХсына сүрөтү илинген киши эле. Апам болсо эскиче кат тааныган молдо айымдардан болгон. Тарыхты камтыган жети китепке тете кол жазмаларын калтырып кеткен. Ошону чыгарсам деген ойдомун. Ушундай үй бүлөдө чоңойгонум мени бүгүнкү жасап жаткан иштериме себепчи болду десем болот.
Он беш жылдык саясый карерамда Кытайдын президентти Ден Цемин, Индонезиянын Супхарто, ОБСЕНИН элчилери Ян Кубиш дүйнөлүк банктын президенти Вульфенсон менен, жаш кезимде Анжела Девис, Луис Корвалан менен кол алышкан учурларыма сыймыктанам. Ушуга окшогон жолугушуулар менин укук коргоочу жана саясатчы катары калыптанышыма дагы өз кошумчасын кошуп кетти деп ойлойм. Мен бул жашоомо ыраазымын.
- Бийлик деле аялдарды ЖКга, Министрлик, ведомстволордун жетекчилигине алып келип жатат. Буга көз карашыңыз кандай?
- Негизинен оң көз караштамын. Биздин Кыргызстанга Жогорку Кеңешке көп партиялуулук жарабайт экен. Бир мандатту шайлоо системасын кайра киргизбесек болбойт. Республикага бир партиянын бийлиги келип калышына жана анын кандай абалда иш жүргүзөрүн баштан өткөзүп жатабыз. Жогорку Кеңеш расмий бийлик жерди сатса, бааларды көтөрсө, элди ачык айтканда тоносо да баш көтөрбөй макул болуп парламентте отурган биздин бир топ абийрсиз жигиттерден уялам. Бирок бүгүн болбосо дагы тарых мезгиликелгенде жоопко тартат.
Мурдагы округдан шайланып келишкен ЖКнын депутаттары учурунда Түндүк электро, Кыргызтелеком жана башка толгон токой кирешелүү ишканаларды бийлик сатмакчы болгондо саттырбай келишкен. Элдин үнү Жогорку Кеңеште белгилүү бир деңгээлде сакталып турчу. Депутаттарды кайра чакырып алуу элдин колунда болгон. Азыр партиянын мүчөлөрүн заматта уюштуруп, кайсыл депутатты болбосун депутаттык мандатынан ажыратып алуу коркунучу бар. Депутаттардын эл кызыкчылыгын талаша алышпай жаткандыгы, өз кызыкчылыгына өтүп кетип жатканыдыгы ушундан. Жогорку Кеңеште Роза Исаковна жалгыз кыйкырганы менен эч ким укпайт.
Республикабызда эң оор көйгөй социалдык маселелер чечилбей жатат. Социалдык маселелер боюнча бийлик туура эмес чечимдерди жасагандыктан эл менен бийликтин, оппозиция менен бийликтин ортосунда ажырым чоңойуп баратат.
- Саясий абал да болуп көрбөгөндөй чыңалып бара жатат? 2005-жылдагы көрүнүш кайталанып кетпейби?
- Мына Грецияда баалар болгону 15 пайызга жогорулады эле эки айдан бери эл толкуп жатат. Бизде ушул мөөнөттө баалар 300 пайызга өстү. Мындай учурда элде эки эле жол калат. Же эч нерсе айтпай мамлекеттен чыгып кетиши, болбосо нааразычылык акцияларын өткөрүүсү керек. Биз мигранттарды укуктук жактан коргоо боюнча атайын долбоор даярдап январдан баштап Россия, Казакстанда шериктештерибиз менен мониторинг жүргүздүк. Эгерде Январда Россиядагы метродо болжол менен беш кишиге жолуксак, ушул эле Февралда барганда саны 10-15ке жетип жатты. Бир, эки жыл коңшу мамлекеттердин убактылуу камоочу жайларында кыргыздын өспүрүм балдары жок эсе эле, өзгөчө аэропорттордо. Азыр 15-16 жаштагы өспүрүмдөр бул жерлерде көбөйүп кетти. Ушулардын баары ата энелерине жардам беребиз дешкендер же иш издеп баргандар. Азыркы мигранттардын басымдуу бөлүгүн 18ден 25ке чейинки жаштагы жаштар түзүп калышты. Булар мамлекеттин келечеги, элибиздин санын көбөйтчү курагында мамлекетти таштап жана башка элдердин жарандыктарын алып атат. Кыргыздын санын ким көбөйтөт? Россияда, Казакстандагы башка чет мамлекеттердеги жаңы төрөлгөн балдардын тили ошол мамлекеттин тилинде чыгып, кыргыз болуп чоңоюп жетилеби маселе ошодо. Алардын ордун кытайдан жана башка жактан келген жарандар басып, ошол балдардын эле ысымына арзан баага документтерди сатып алып ордуна калып жатышат. А бирок биздин балдар кайрылып келсе өзүлөрүнүн үйүнө кире албай, өзүн кыргыз экенин далилдей албай калуу абалына кабылуу коркунучу мүмкүн. Мунун өзү акырындап түпкүлүктүү элдин тамырына балта чабылып жатканын билдирет. Кыргыз улуту -жылдан жылга азайып баратат.
Айыл жериндеги жашоочулардын малы бар. Шаар жериндегилер бир комнатада жашаса же жумушу жок болсо тамагына тыйын таба албай калды. Атайын изилдөөлөргө караганда эптеп жашаш үчүн жети миң сом айлык керек экен. Кымбаттаган электр энергиясынын, комуналдык кызматтардын акчасын эл төлөй албайт.
- Президент Бакиевдин мындан ары бизге Кеңешме демократия ылайыктуу экен деген сунушуна кандай карайсыз?
- Ынтымак курултайында Кеңешме демократия ата-бабалардын салты бизге ылайыктуу экен, шайлоо баркын кетирип бүттү дешти. Кеңешме демократия дешип эки жылда бир дежурларды чогултушуп каалаган кишилерин президентке шайлап койгулары бар. Илгери кыргыздардын мындай жыйындарында кыйын чыкма уруу уруулардын башчылары, бетке түз айткан баатырлар катышкан. Ынтымак курултайында болсо жер жердеги аткаруу бийликтери өңчөй өздөрүнүн тилинен чыкпаган жарандарды жыйнап келип баары шумдук деп жыйынтык чыгарып койду. Демократиялык кеңешме эмес. Бир үй бүлөнүн диктатурасы болуп жатат. Эл аралык коомчулук да ушундай баа берди.
- Чарчадыңызбы? Кечээ эле Ынтымак курултайында сизди милиция кызматкерлеринин эки бакандай болгон жигиттери эки колтугуңуздан алып дыргаяктатып сүйрөп бара жатканына күбө болгон элек? Койгула балдар силер эркек мен эне, аял кишини сүйрөгөндөн уялбайсыңарбы деген жоксузбу?
- Чарчаганга акым жок. Албетте адам болгондон кийин чарчабай койбойсуң. Бирок, бүгүнкүдөй мамлекетибиздин келечекти тандоо учурунда четте кала албастыгым канымда. Чоң чоң атам Суранчи ажы деген болгон. Аксыда ушул кезге чейин анын атындагы жайыт бар. Орусиянын Скобелев генералы келгенде чоң атам ошол учурдагы алтын тыйындарды бир чаначка салып чогултуп, бир коюн союп, элди жупуну кийиндирип, тыйындарды генералга берип, элди сактап калган экен. Азыркы мезгилде бизди чет өлкөлүк мафияларынын кызыкчылыгына салып берип элди таратып жиберүү максатына мамлекетти бир адамды менчигине өткөзүп берип атканын көрүп кайсы кыргызмын деген адам эс алып жата алат.
- Азыр биз кайсы конституциянын негизинде жашап жатабыз? Баш мыйзам бары жогу билинбей, мыйзамдар сакталбай калды?
- Дегеле баш мыйзам 2005-жылы 24-мартта тепселген ошондон бери мыйзамсыз "талаада" жашап жатабыз. Президентибиз Указдын негизинде бир нече конституцияда жок уюмдарды түзүп жатат. Указ конституциядан төмөн турат. Конституцияда жок органдарга баш ийип бийликти басып алган органдар мамлекеттин атынан иштеп жатат. Ушул жол менен кетсек мамлекетибиз жок болушу мүмкүн. Акаевдин мезгилинде бир гезитке айып салынса канча жаңжал көтөрүлчү. Акыркы беш жылдыкта журналисттерге болгон буйрутма өлтүрүүлөрдүн, кол салуунун эле саны отуздан ашып кетпедиби. Гезиттердин, ал эмес чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттардын жабылганы канча. Чындыгы бар гезиттер басмаканадан басылып чыкканда алып коюу кадимки көрүнүш болуп калды. Азыр Кыргыз мамлекетибиз сакталсын десек баарын таштап эл үчүн биржакадан баш, бир жеңден кол чыгарып мыйзамсыз иштерге жол бербей токтотушубуз керек.
Назаркул ЧОКОН