Балбанбилек

"Олимпиадаларга барганда келгенче шашам"

Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, спорттун чебери Элдияр Шатманов бүгүнкү күндө "Аракет кылсаң берекет" деп кара жанын карч уруп, жан үрөп машыгууда. Ошондой эле Чымкент, Ташкентке азия оюндарына даярданганы кетти. Себеби, күзүндө боло турган Азия оюндары, 2012-жылы Лондондо боло турган олимпиада оюндары келатат. Ташкентке кетээринин алдында маектешип калууну чечтим.

- Канча жашыңан баштап спорт менен алектенип жүрөсүң?
- 6-классыман, тагыраак айтканда 12 жашыман. Ошол жылдары Токтогул районунда оор отлетика күчүнө кирип турган эле. Залга барып жазылып машыга баштадым. Ошол күндө биринчи машыктыруучум Майназаров Эсен Молдодосович агайымдын колунда 2 жыл машыктым. Агай үйгө барып бул баланы окутпасак болбойт деп ата-энемен суранып бул жакка жиберген. Өзүм дагы спортсмен болом, окуйм деп эле баса бергем. Бул жакка келгенден кийин агайлар жардам беришти. Баштаганда эле оор отлетикадан баштагам ошол бойдон оор отлетикада жүрөм.
- Жеке турмушуң жөнүндө айта кетсең?
- Биз алты бир тууганбыз, 3 бала 3 кыз, мен үчүнчүсүмүн. Менден улуу 2 байкем, үч карындашым бар. Бойдокмун, азырынча үйлөнөйүн деген пландарым жок. Буйруса 2-3 жылдан кийин үйлөнөм го.
- Спорттон тышкары эмне менен алектенесиң, машыктыруучу болом деген оюң барбы?
- Спорттон башка жумуштар менен алектенбейм. Бирок башка жумуштарга чакыргандар көп. Азырынча машыктыруучу болом деген оюм жок. Буйруса спорт күндөн-күнгө жакшы болуп келатат. Мурда мамлекет бизге анча карабачы. Азыр жакшы биздин президент Акматбек Келдибеков болгондон бери. Жакында азия оюндары болот ошол жакка барып жакшы ийгиликтерге жетишип, алдынкы орундарга жетүү деген гана ойдомун.
- Кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
- 2004-жылы Азия оюндары болгон. Ошондо 3-орунду алып калганда ызаланып, кийинки жылы 1-орунду алгам.
Окуп жүргөндө кышкысын кыздарды көп жыгытчуумун. Бир күнү бир кызды карга жыгытып алып, кар менен жуунтуп атып кулагындагы алтын сөйкөсүн жоготуп алгам. Апасы үйгө келип чоң уруш чыгарган. Кичинекейимде жоош болуп, чоңойгондо өнөрүм чыккан. Үйдөгүлөр дагы ошентип айтып калышат.
Биринчи жолу самолетко отурганда аябай коркком. Самолет жүрө баштаганда кыймылдайт го, ошондо денем чымырап чыгып, жүрөгүм шуу дей түшкөн.
- Чет өлкөлөргө барганда ошол жакта калгың келеби?
- Жок, мен чет өлкөлөргө көп жүрө албайм. Ал жактын шарты канчалык жакшы болгон учурда дагы, Кыргызстанды, туулуп-өскөн жеримди эч бир чет өлкөлөргө алмаштырбайм. Калып калбай эле олимпиадаларга барганда келгенче шашам. Кыргызстанды көрбөй калсам кусаланып жаман болуп кетем.
- Тамакты атайын режим менен ичесиңерби?
- Ооба, тамакты атайын режим менен ичебиз. Эрте менен каша, жумуртка, сыр, творог. Түшкүсү, менен кечкисин биринчи, экинчи. Дайыма ушул ыкманы колдонобуз.
- Олимпиада болордун астында машыктыруучунун көз алдында болосуңарбы?
- Албетте, баардыгы машыктыруучунун айтканындай болот. Убак сааты менен уктап, машыгып. Андан уруксаты жок эч нерсе кылбайбыз.