Мандатың барда мамлекет арала

Саякатчы депутаттар
Депутаттарыбыздын ишмердүү-лүгү ЖК имаратында мыйзам жазуу менен эле чектелип калбайт эмеспи. Бери дегенде эле эл аралап турушу шарт. Азыркы учурда Кыргызстан эле эмес, дүйнөнү кыдырууга туура келген жагдайлар бар. Бирок антип саякаттоонун айрым учурларда канчалык зарылчылыгы бар эле деген суроо туулат. Дегеним, айланып барып эле акча маселе-сине такалабыз. Кайсы депутаты-быз канча мамлекетти кыдырып келгендигине назар салалы.

Байкасак депутаттардын баары эле саякатчы эмес экен, алсак С. Попов, Р. Шин, К. Кадыров, А. Төлөнов жана Н. Керимова чет өлкөгө чыгышкан эмес. Ал тургай чет өлкөгө баруудан баш тарткандар да бар экен, алар С. Ибрагимов, С. Сакебаев, Ж. Салахудинов жана А. Турсунбаев. Баш тарткандардын баары тең жакшы эле барам деп камынып турушкан эле, бирок бир аз сыркоолоп калып, ден соолуктун айынан саякаттай албай калышкан. Бир гана А. Турсунбаев "көп акча керек экен, барбайм" деп баш тартыптыр. Болгондо да Вашингтонго барбайм деди. А. Турсунбаевдин Вашингтондо жыл сайын өтүүчү жети күндүк сый тамакка барчу (ежегодный Национальный Молитвенный завтрак) жол чыгымдары, жатакана каражаттары Жогорку Кеңеш тарабынан каржылана турган болгон. Андыктан Азиз мырзанын анча акча коротуп, "молитвенный тамак" жейт элем океандын ар жагына барбай эле койдум дегени жөндүү болду. Мунусу менен жөнү жок саякаттагандарга үлгү болоор. Антпесе, бир эсе мамлекет эсебинен, бир эсе чет өлкөлүктөрдүн эсебинен деп жөнү жок жер кыдыргандар да жок эмес.
Ч. Абдуллаева депутат болгонунан бери 4 күнгө Астанага, 6 күнгө Душанбеге - эки иш сапарында тең аялдар маселеси боюнча барып келген. 9 күнгө Стокгольмго да барып келүүгө үлгүрдү. Р. Абдраимова 4 күн Санкт-Петербургда, 5 күн Душанбеде жана 25 күн Вашингтондо жүрүп келген. Б. Абдрасаков 4 күндүк мөөнөт менен Ереванда болуп, Армениянын президенттик шайлоосуна мониторинг жүргүзүп келген. Н. Айдаров 5 күнгө Бакуга барып, шайлоого мониторинг жүргүзгөн. Э.Акрамов 10 күндүк сапарлары менен эки жолу Венага илимий-медициналык максат менен барган.
Б. Акунов 4 күн Санкт-Петербургга КМШ, ЖККУ жана ЕЭКнун парламенттер аралык ассамблеясынын ишине катышкан. А. Арабаев чет өлкөгө көп чыккандардын арасында. Алсак, Санкт-Петербургга, Екатеринбурга, Литвага, Москвага, Токиого, Түркияга, Берлинге арты 3 күндүк, алды 10 күндүк мөөнөт менен барып келген. А.Арапбаев Санкт-Петербургду жана Стамбулду кыдырганы барган. Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Э. Арсалиев дээрлик баардык депутаттардын чет өлкөгө барчу документтерине кол коет, ал эми өзү эки жолу - Санкт-Петербургга жана Тбилисиге барып келген. О. Артыкбаев 5 күнгө Венага, 9 күнгө Токиого, 8 күнгө Кабулга, 6 күнгө Ханойго барып келген. Н. Атамбаев Берлинге, О. Аттокуров Жакартага барышкан.
Ч. Баекова бир топ жерди түрө кыдырган - эки жолу Азербайжанга, Санкт-Петербургга, Египетке, Венецияга, Лондонго, Швецияга, Брюсселге, Братиславага барган. Ал эми чет өлкөгө бир гана жолу баргандар: А. Тагаев жана М. Мамасаидов Стамбулга, А. Байбураева Тбилисиге, Ж. Жакыпов Кишиневге, А. Иманалиева, Б. Төрөбаев жана А. Бурканов Санкт-Петербургга, А. Кабаев жана А. Мамасалиев Бакуга, А. Каримов Берлинге, Ж. Кудайбергенов жана М. Мырзакматов Венага, А. Салымбеков Москвага, А. Шадиев Токиого барган.
Н. Байло Санкт-Петербургга, Токиого, Филиппинге барган. А.Байтиков Арменияны, Польшаны, Германияны аралап келгени бар. З. Бекенова Баку, Душанбе, Стамбул жана Берлин шаарлары менен таанышууга үлгүргөн. Б. Бешимов Астана, Каир, Вена, Брюссель жана Берлин шаарларын кыдырып калууга жетишкен. Ю. Данилов Санкт-Петербург жана Вена шаарларынын абасынан жутуп келген. Г. Дербишева Душанбе, Бангкок, Улан-Батор, Лондон жана Любляна шаарлары менен кенен-кесир таанышып келген. К. Жолдошев эки жолу Санкт-Петербургду, бир жолу Токиону көрүп келсе, И.Жунусов Стамбул, Баку шаарларын кыдырууга үлгүргөн. Ж. Жээнбеков Стокгольм жана Женева шаарлары менен таанышып келген. З. Жамалдинов Стамбул, Куала-Лумпур, ал эми Т. Жумабекова эки жолу Санкт-Петербург жана Улан-Батор шаарларынын абасы менен дем алып келген. А. Жээнбеков Австрия жана Вьетнамдын эл-жери менен таанышып келген.
К. Исабеков эки ирет Минск шаарына, бир ирет Москвага барган, андан сырткары Турциянын Анталиясына Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясын түзүү иштери менен ЖКнын эсебинен барып эки күнгө VIP жайдан орун алган, жумуш бүткөн соң депутат М. Исанова аркылуу өз чөнтөгүмөн деп эки күнгө узартуу алган. Ошол эле максат менен Анталияга М. Исанова да барат. Февралдын 20-23 күндөрү иш жүрөт. Бирок эки депутатыбыз эки күндүк узартуу алышкан, эки узартуу тең М. Исанова тарабынан узартылган. Анталияга ай сайын эле келип аттык беле бир чер жазып кетели дешсе керек? Антпесе экөөнүн тең бир убакта бирдей иштери чыгып калабы? Айтор, отчетто экөө биргелешип эки күнгө узартуу алышканы эле көрсөтүлүптүр. М. Исанова Анталиядан сырткары Венага, Ханойго жана Берлинге да барган.
А. Калмаматов үч ирет Россияга, Брюсселге жана 10 күнгө ажыга Меккеге барып келген. Ж. Каниметов эки ирет Санкт-Петербургду кыдырып келген. К. Карабеков Томск, Новосибирск, Алматы жана Грецияга барып келген. И. Карамушкина эки ирет Санкт-Петербургга жана Швецияга барган. А. Кенжебаева Санкт-Петербург, Жакарта жана Амстердам шаарларын кыдырып келген. Н. Койчубаков Берлин, Баку шаарлары менен таанышууга жетишкен. Х. Коркмазов Санкт-Петербург, Вена, А. Кулбаев Ереванды, Санкт-Петербургду кыдырып келген.
Г. Куликова Санкт-Петербург, Лондон, Москва шаарларын жана Швецияны кыдырып келгени бар. М. Кунакунов эки ирет Санкт-Петербургга барып келген. З. Курманов да чет өлкөгө көп чыккан депутаттардын катарында, эки ирет Казакстанга, эки ирет Санкт-Петербургга, Кореяга, Венага жана Берлинге барып келген. Д. Кыдыров эки ирет Санкт-Петербургга жана анталияга барып келген. И. Летова эки ирет Санкт-Петербургга, Венага жана АКШга барган. Б. Мамасеитова Душанбе, Ханой, Стамбул шаарлары менен таанышып келген. И. Масалиев Астана, Вена, Брюсселде болуп келген. Н. Молдобаев Вена жана Жакарта шаарларына барган. Д. Молдошева эки ирет Санкт-Петербургга жана Токиого барган. О. Назаров Женева, Бангкок, Токио жана эки ирет Санкт-Петербургга барып келген. Б. Наргозуев Жакарта жана Кувейт шаарларында болгон. Д. Ниязалиева Душанбе, Индиянын Гоа, Барселона жана Улан-Батор шаарларында болгон. Ал эми И. Өмүркулов Кейптаундан (Африка) башка жерге бара элек, андыктан Д. Ниязалиевадан Грецияга мен гана барууга укугум бар деп талашып жатканы жөндүү экен.
У. Ормонов Казакстан, Филиппин жана Түркия өлкөлөрүнө барган. Ажылыкка барган депутаттардын арасында Т. Орозалиев да бар. Меккеден сырткары Астана, Вена шаарларына барган. Р. Отунбаева Швецияга жана Тбилиси, Токио шаарларына барган. Ж. Рахимдинова Санкт-Петербургга жана Швецияга барып келген. А. Сабиров Санкт-Петербург, Ереван, Вена, Кувейт жана Москва шаарларына барган. Ш. Садыбакасова Санкт-Петербург шаарына барганды жактырат көрүнөт, катары менен төрт жолу барып келген. Андан сырткары Бакуга бир жумага барган. Санкт-Петербургду жактыргандардын арасында Б. Сан да бар, эки жолу барган. А. Сейтказиев да эки ирет орустун экинчи борборуна, бир ирет Стамбулга барган. Р. Сидоренко да Санкт-Петербург шаарына эки ирет барган соң, Швецияга барып келген. А. Сулайманов Белорусь, Филиппин өлкөлөрүнө барган. Г. Султаналиева он күндөп Швецияга жана Австрияга барып келген.
Саякаттоо боюнча лидерлердин катарында Л. Чынтурганова да бар. Санап көрөлү, үч ирет Санкт-Петербург, Москва, Алматы, Вена, Таллин жана Германиянын Гармиш шаарына барып келген. Р. Тагаев Россия, Түркия жана Австрияга барган. П. Түлендыбаев ажыга Меккеге баргандан сырткары эки ирет Бакуга жана Берлинге барып келген. А. Юсуров Санкт-Петербург жана Берлин шаарларына барып келген.
Саякатчы депутаттарыбыздын тизмеси азырынча ушул эле, мандаты бүткөнчө дагы далай мамлекеттерди аралашаары турган иш, аны да жазаарбыз аманчылык болсо. Бул саякаттоолордун айрымдары кыргыз мамлекетинин эсебинен каржыланса, кай бирлери чакырган тараптын эсебинен болгон. Депутаттар парламент ичинде интригаларга саясат талашып эле убара болбостон, чет өлкөгө "мен бар, сен бар" болуп да баш оорутушат. Анча-мынча депутаттарды теңине албай, айрым "карт бөрүлөр" чет өлкөгө чыгуу вазыйпасын менчиктеп алышты деп нааразы болгон депутаттар да бар. Алар же коноктон кур калган жаш балача таарынгандарын койбойт, же тигилер орун берип ооздорун басып койбойт.