"Төрт жыл убактымды уттурганыма өкүнөм"
Улуттук биринчи каналдын "Сделано в kg" теледолбоорунда финалга чыгып, "Девушка мечта" аттуу ыры менен коомчулукка аз убакыттын ичинде белгилүү болуп, өз күйөрмандарын топтоого жетишкен ырчы Тилек Каныметов сахнадан алыстап кеткен эле. Күйөрмандарын кубандырып Тилек кайрадан сахнага чыгууну максат кылып, учурда чыгармачылык менен алектенип жүргөн кези.

- "Сделано kg" теледолбоорунан кийин эмне үчүн чыгармачылыктан алыстап кеттиң?
- Аталган теледолбоорго кастинг жүрүп жатканын массалык маалымат каражаттарынан угуп, өзүмдү сыноо максатында катышып калгам. Чындыгында ошол учурда менде ырчы болсом деген калоо жок болчу. Ошондуктан, "Сделано в kg" теледолбоорунан кийин чыгармачылыкка баш-отум менен киришкен эмесмин.
Башка да пландарым бар болчу. Ошол пландарымды иш жүзүнө ашырсам деген максат менен ырчылыкты таштагам.
- Сыр болбосо кандай пландар эле? Ал пландарың ишке аштыбы?
- Бизнесмен болгум келчү. Анан ошол иштер менен алектенип жүрүп арадан төрт жылдын өткөнүн байкабай калыпмын. Анын ортосунда жеке турмушумда да көп маселелер болуп кетти. Чынын айтсам, бизнес мен үчүн эмес экен. Бизнестен ийгиликке жетем деген адам куу, эки жүздүү болуш керек экен. Жан-дүйнөм да, алган тарбиям да мындай нерселерге жол бере алган жок. Менин бактым чыгармачылыктабы деп чыгармачылыкка кайра кайтып келдим. Анын үстүнө ырчылыктан алыстаган төрт жылдын ичинде өзүмдү сахнанын адамы экенимди жан-дүйнөм, табиятым чыгармачылыкка жакын экенин түшүндүм. Төрт жыл текке кеткен убактымды чыгармачылыкка арнабаганыма өкүнөм.
- "Девушка мечта" аттуу ырыңар менен аз убакыттын ичинде күйөрман топтоого жетишкен элең. Азыр ошол күйөрмандарыңды топтой аласыңбы?
- Туура, ырчылар бир канча убакыт массалык маалымат каражаттарынан чыкпай, жаңы ырларды, клиптерди чыгарып турбаса коомчулук аны унутуп калат. Менин биринчи ырым да клипим да ийгилктүү жаралгандыктан жаштардын жүрөгүнөн орун алып, хитке айланган. Көп болбосо да, жетишээрлик деңгээлде күйөрман топтоого жетишкен элем. Ошол күйөрмандарымды эми топтой алар-албасымды убакыт көрсөтөт го.
- Учурда жаш эстрада ырчылардын саны көбөйүүдө. Көмүскөдө калып кетем деп коркпойсуңбу?
- Сахнага жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчылардын баарында мындай коркунуч болсо керек. Бирок, мындай коркунучтар мени аксатпастан тескерисинче чыйралтат деп ойлойм. Анткени, мен тобокелчиликке барып көнүп калгам. Анан дагы ар бир ырдын угарманы, ырчынын күйөрманы болот деп эсептейм. Кыргыз эстрадасында өз күйөрмандарымды, ордумду табам деген тилегим бар.
- Башка ырчылардан кандай өзгөчөлүкүңөр бар?
- Бир гана ырчылардын гана эмес, бул жашоодо жашаган ар бир адамдын башкаларга окшобогон айрымачылыктары болот деп ойлойм. Андыктан, менин дагы эстрада жылдыздарынан кандайдыр бир деңгээлде өзгөчөлүгүм болсо керек.
- Демөөрчүң барбы?
- Демөөрчүлөрүм жок. Чыгармачылыгыма досторум ар тараптан жардам берип колдоо көрсөтүп келишет.
- Пордюсерлер менен иштешесиңби?
- Продюсерлер менен иштешпейм. Кудай берген талантымды жакындарымдын, досторумдун жардамы, өзүмдүн күчүм менен эле элге тартуулайын деп жатам.
- Кимди кумир тутасыңар?
- Кумир деп айтсам туура болбой калат го. Музыкага өчпөс из калтырган Майкл Джексондун талантына баа берип, аябай сыйлайм.
- Ырчылардын арасынан кимдер менен жакшы мамиледесиң?
- Эстрада ырчыларын алдыңкылары деп эсептелген Мирбек Атабеков, Омар, Ома, Азат Болотбек ж.б. жакын досторумдан болот.
- Алдыда кандай пландарың бар?
- Орус тилинде "Две реки" аттуу жаңы ырымды жаздырып, аранжировкасын жасатып бүттүм. Буйруса, жакында бул ырды радиолордон угуп каласыздар. Өзүм кыргыз болгондон кийин кыргызча ырдоо менин башкы милдетим деп эсептейм. Ошондуктан, дагы бир кыргызча ырдын үстүндө иштеп жатам. Андан сырткары ушул ырларыма жакында клип тартайын деген жакшы ойлорум бар.
Жаркынай Кадыркулова





  Табышуу

- Кыйналып кеттим.
- Эмнеден?
- Жалгыздыктан.
Махабаттын туу чокусуна чыгарып, жаныңды сууруп, кайра салып кое турган тажрыйбалуу… кыз-келиндер менен таанышам. Ананимдүүлүккө кепилдик берем.
Арзымат 0777 12-12-30
YYY
Турмушка чыгам, түгөйүмдү тапсам деген кыздар "срочно" байланышкылачы. Силердин телефон шыңгыратышыңарды чыдамсыздык менен күтөм.
0543 81-42-11
YYY
Эх жаным, келчи, келчи,
Мен жетейин кадырыңа.
Эх жаным, келчи келчи,
Махабаттын аралына.
Сиздин телефон чалууңузду күтөм.
Жыргалбек 0772 80-82-37
YYY
Көлдүн шумкарымын. 30 жашка чукулдап калдым. Башкалар сыяктуу теңимди тапкым келет. Турмушка чыкчу көлдүк, чүйлүк ажарлуу, акылдуу, ыймандуу кыздар байланышкыла. Табышып калсак жаңы жылга чейин үйлөнөөрүбүзгө кепилдик берем. Бирок, обу жок маяк берип тажатпагыла.
Замир 0773 47-02-01
YYY
Төрт тарабы төп келген 30 жаштан 35 жашка чейинки жигиттер менен таанышам.
Айжаркын 0559 17-69-81
YYY
Чырайлуу, ажарлуу, көтөрүмдүү кыздар чалгыла, жаштыкты жаштай өткөрөлү. Таанышалы, сырдашалы, көңүл ачалы ыгы келсе үйлөнүп да алабыз.
Асылбек 0554 30-30-18
YYY
Сүйгүм, махабат торуна чалынгым, турмушка чыккым, эне болгум, бала жыттагым келет. 28 жаштан 33 жашка чейинки жигиттер байланышкыла. Бир көрүп эле жата салам дегендер убара болбогула.
Алия 0550 72-75-39
YYY
35-күздүн доорун сүрүп жатам. Айчырайлуу, наздуу, жароокер, кылыктанып жарпыңды жазып, ырахат тартуулай билген кыз-келиндер менен таанышкым, пикирибиз келишип калса турмуш кургум келет.
Арстан 0770 31-03-74
YYY
Сүйгөн менен жубайыма канааттанбай жатам. Ага байкатпай мени ыраазы кылчу кыз-келиндер менен таанышам. Чалсаңар өкүнбөйсүңөр. Анча-мынча проблемаңарды да чечип берем.
Бердибек 0772 62-22-29