"Токтогулда биз жараткан образдарга өздөрүн окшоштуруп капа болушту"
Продюсерлик менен алектенип, режиссёрлукту өздөштүргөн Рысбек Жабиров "Талак" аттуу кинокомедия тасмасын тартты. Аталган тасмада башкы каармандын образын жараткан бийчи кыз Назикти жана милициянын ролун ойногон куудул Борончу байкени кепке тарттык.

- Борончу байке, "Талак" киносунда жараткан образыңыз купулуңузга толдубу?
- Чындыгын айтсам "Талак" тасмасында жараткан образым купулума толгон жок. Өзүмө дээрине жеткире аткара албагандай сезилди. Анткени мен ыр-күлкүнүн арасында жүргөн адам болуп туруп, темирдей бекем тартип сактаган милициянын ролун жаратып жатканымдадыр. Анан калса милициянын образын жаратыш үчүн ошол кызматта иштеген адамдар менен бир айдай чогу жүрүп, алардын кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун, алардын аткарган кызматы менен жакындан таанышып, өзүмө сиңирбегенимдедир.
- Турмушта талак деген сөзгө канчалык маани бересиз?
- Мусулман болгондуктан, "талак" деген сөздүн маанисин терең түшүнөм. Бул Алланын эң жаман көргөн сөзү болуп саналат. "Талак" деген сөздү үч жолу айткандан кийин үй-бүлөнүн бузулганы, никенин ажыраганы деп кабыл алса болот. Ошондуктан, ар бир сөздү айтардан мурун ойлонуп, ага маани берип, анан сүйлөш керек. "Талак" деген сөздү жөн жерден ойноп же тамашалап айтып коюуга болбосун аталган кинону көргөн адамдар түшүнүп алат. Өкүнүчтүүсү көпчүлүк адамдар "талак" деген сөздүн мааниси түгүл, никеге көп маани бербей калышты. Ошол нерсени коомчулукка түшүндүрүү үчүн мына ушул кино тартылды. Аталган кинонун тарбиялык мааниси чоң деп ойлойм.
- Кино сүйүүчүлөр аталган кинодон турмуштун ачуу чындыгынкүлкү менен кабыл алабы?
- Комедия - трагедияны коомго жеткирүүнүн жеңил жолу эмеспи. Ошондуктан адамдын жүрөгүнө, аң-сезимине таасир этсин десек, коомдогу терс көрүнүштөрдү комедия аркылуу бериш керек. Адамдагы кемчиликтерди түз барып айтсаң, ал сага таарынып, сөзүң катуу тийиши мүмкүн, а сатира, комедия түрүндө айтсаң айткан сөзүң адамга катуу да тийбейт, тескерисинче, ушул жаман сапатымды оңдойюн деп калат. Негизи эле комедия менен сатираны турмуштагы көйгөйлүү нерселерди коомго тамаша, каймана түрүндө жетирүүчү курал десек болот.
- Куудулдарды дайым күлкү коштоп жүрөт эмеспи. Киного тартылгандардын басымдуу бөлүгү куудулдар экен. Кандай күлкүлүү окуяларга күбө болдуңар?
- Съемка учурунда көп эле кызыктуу окуялар болду. Өзгөчөсү тасма тартылган айылдын тургундары биздин айылдагы айрым адамдардын образын чагылдырып коюпсуңар. Элден угуп алып эле кино тарта бересиңерби?" деп келип, бизге нааразы болгондору да болду. Алардын бизге капа болуп кайрылгандардарына турмушта мүнөзү, сапаты окшош адамдар боло берет турбайбы деп боорубуз эзилип күлдүк.





Назик Исраилова:
"Санжардын урганы, орой мамилеси мага катуу тийди"
- Баш каармандын ролун аткарарда кандай сезимге туш болдуңуз?
- Үч жыл мурун "Колокольчик" киносунда башкы каармандын ролун ойногом. Актриса болом, киного тартылам деген оюм деле жок болчу. Рыспек байкенин сунушунан кийин макулдугумду бердим. Ошондуктан сценарий колума тийгенде кубанган деле жокмун. Башкы ролду мага ишенип берип жаткандан киийн алардын ишеничин актайын деп аракет кылдым.
- Куудулдар менен иштешүү кызык бекен?
- "Бир ырчы, бир куудул, эл тараза, эл сынчы" деген концерте деле ырчыларды, куудулдарды бий жаагынан мен даярдачумун. Ошондон кийин куудулдар мени мугалими катары кабыл алышат. Көптөн бери чогуу иштешип жүргөндүктөн бири-бирибиздин мүнөздөрүбүздү да жакшы билип калганбыз. Ошондуктан алар менен иштешүү кызык экенин билем.
- Кинодо "Талак" деген сөздү укканда кандай кабыл алдыңыз?
- Талак деген сөздү мурун өзүмдөн улуу адамдардан угуп жүрчүмүн. Бирок, көп маани берип, бул сөздүн күчүн сезген эмесмин. Кинодо жолдошум "талак" деп кыйкырганда аябай жаман болуп кеттим. Күйөөгө тийбей жатып талак деген сөздү укканыма бир чети ызааландым. Кинодо роль жаратып жатканымды билип турсам да "Талак" деген сөздү уккан сайын денем дүркүрөп жатты.
- Турмуш курбай жатып, эркектен токмок жегенде ыза болдуңузбу?
- Мен турмушта айтканынан кайтпаган өжөр, кайраттуу, чыдамкай, бетке айткан кызмын. Кинодо болсо, мен жоош, ыйлаак келиндин образын жараттым. Өзүм турмушка чыкпай жатып жолдошумдан токмок жеген мага аябай эле өөн көрүндү. Санжар биринчи мас болуп келип жаакка чапканда кино экенин билип турсам да, жиним келип, ызаланып, мисирейип, ыйлабай тура бердим. Рысбек байке "ой ыйлап койчу, сен образ жаратып жатасың" деп урушуп жатып араң тарты. Өмүрүмдө эркектен катуу сөз укпаган жаным Санжардын урганы, орой мамилеси мага аябай эле катуу тийди.




Табышуу
- Кыйналып кеттим.
- Эмнеден?
- Жалгыздыктан.
Убагында үйлөнүүгө көп көңүл бурбай жүрүп 30га да чыкканы калдым. Үй-жайым, машинем жана бизнесим бар. Ылайыктуу кыз издеп жатам. "Срочно" аял алышым керек. Турмуш курууга даярмын деген татынакай, ыймандуу кыздар кабарлашкыла. Мен жактан баардыгы 100% даяр.
Азик 0707 79 -95-55
YYY
Турмуш курушум керек. Убакыт өтүп жатат. Мен дагы баардык айымдардай эле бала жыттап, эне бактысына ээ болгум келет. Жүрөгүмдүн ачкычын таап, жылуу сөзүн, таттуу мамилесин аябаган жигиттер менен таанышам. Жеңил ойлуу жигиттер убара болбой эле койгула.
Маха. 0772 91-42-46
YYY
Сулуу кыздар чалгыла, жаштыкты жаштай өткөрөлү. Достошобуз, сырдашабыз, ыгы келсе баш кошуп да алабыз. Жок, турмуш курбайм десеңер, бирге көңүл ачып жүрүүгө даярмын. Анча-мынча проблемаңарды чечип берүүгө кудуретим жетет. Бирок, маяк берип тажатмай жок.
Алтынбек 0556 50-15-51
YYY
Жайдары, турмуштун оорчулугун, жокчулукту көтөрө билген, акча жок деп кулактын кужурун ала бербеген жакшы кыздар менен таанышкым келет. Жылдызыбыз келишип калса, үйлөнүүгө да даярмын.
Боки 0550 96-86-55
YYY
Кыз-келиндер жалгыздыктан тажап турсаңар, мага чалгыла. Эриктирбей, эч нерседен кем кылбай, жарпыңарды жазып берем. Чалсаңар, өкүнбөйсүңөр. Анонимдүүлүккө гарантия берем.
Рахат 0777 40-66-10
YYY
Ар нерсенин өз убагы менен болгону жакшы экен. Турмушка чыкпай калгандарды көрүп корком. Убактым өтүп кете электе теңимди тапкым, эне болгум келет. "Баймын. Мага турмушка чыгасыңбы" деген сөздү укканда итиркейим келет. Кыскасы, бактымды байлык менен өлчөбөйм.
Нури. 0554 68-27-76
YYY
Эх чиркин, жалындаган жаштыгымдын тез өтүп жатканына өкүнүп жатам. Ар бир күнүмдү майрам кылып өткөрүүгө жардамдаша турган кыздар менен таанышам. Бардык шартым жетиштүү.
Улик. 0551 81-71-31