Журналисттин суроосун жоопсуз калтырбаган министрлер
Ар бир министрликте, Ак үйдө, парламентте, областтык адмистрацияларда атайын массалык маалымат каражаттары менен тыгыз иш алып баруучу, коомчулукка деле анча белгилүү болбогон басма сөз катчылары бар. Биз алардын айрымдарына эки суроонун тегерегинде кайрылып көрдүк.
1. Бул кызматка келгениңизге канча болду жана сизге жетекчиңиздин кайсы сапаттары жагат?
2. Жетекчиңиз журналисттердин суроосун жоопсуз калтырган учурлары болобу?

Махабат Маматова, Экономикалык өнүгүү жана соода министринин басма сөз катчысы:
1. Эмгек жолумду "Кабар" агентствосунда кабарчы болуудан баштагам. Ал эми Экономикалык өнүгүү жана соода министринин басма сөз кызматын 2008-жылдан бери жетектейм.
Жетекчим Акылбек Үсөнбековичтин билимдүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн жана сөз байлыгынын жогорулугун баалайм.
2. Менимче, Акылбек Үсөнбекович эч качан журналисттердин көңүлүн да оорутпайт, суроолорун да жоопсуз калтырбайт.

Тахир Турдиев, Каржы министринин басма сөз катчысы:
1. 2007-жылдан баштап финансы министирлигинин басма сөз кызматын жетектеп келатам. Марат Абдыразаковичтин мага жаккан сапаттары туурасында айтсак, тажрыйбасы мол, профессионалдык деңгээли жогору, жөнөкөй адис.
2. Менимче, анын журналисттер арасында кадыр-баркы жогору. Эч бир журналисттин суроосун жоопсуз калтырбайт.

Эркин Каимов,
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси:
1. Мен негизинен журналисттик эмгек жолумду УТРКада дикторлук кесиптен баштагам. Албетте, журналисттик кесип абдан кызыктуу да, жооптуу да кесип эмеспи. Өтө мол изденүүнү талап кылат. Парламеттин басма сөз кызматын болсо акыркы төрт жылдан бери жетектейм. Жетекчимдин мен баалаган сапаты - иштин көзүн таба билген, токсон депутат менен тил табышып иштей билген, иш билгилиги.
2. Суроо берген журналисттердин суроосун жоопсуз калтырбайт десем болот. Качан болсо дагы убактысынын жетишинче жооп берүүгө аракет кылат.

Бакыт Сейитов,
Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси:
1. 2007-жылдан баштап, ИИМдин басма сөз кызматынын жетектеп келе жатам. Андыктан качан болбосун жетекчимдин ишке так экендигин билем.
2. Массалык маалымат каражаттарына өзгөчө көңүл буруп, журналистер менен жакшы иштешет. Муну журналисттер деле танбаса керек.

Мухамеджан Суранчиев, Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин басма сөз катчысы:
1. Журналисттик кесип менен алектенгениме 15 жыл, ал эми Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министирлигинин басма сөз кызматын жетектегениме эки жылдын жүзү болду. Жетекчимдин жөнөкөйлүгүн, токтоолугун, күндө бир жалтыраган костюм кийе бербеген сапатын баалайм.
2. Ага кайрылып, суроо узаткан журналисттерге эч качан жок дебейт. Берилген суроолорго мүмкүн болушунча жооп берүүгө аракеттенет. Ошондуктан журналисттер үчүн ар дайым эшигибиз ачык.





Министрлердин басма сөз катчыларынын басымдуу бөлүгү "Жетекчим журналист-тердин суроосун жоопсуз калтырбайт" дешти. Ушул сөздүн канчалык деңгээлде чын-бышыгын билели деп "Кайсы министр журналисттер менен жакшы иштешет?" деп кесиптештерибизге суроо узаттык.

Манас Осмон,
"Апта" гезитинин башкы редактору:
- Көпчүлүк министрлерде журналисттерди тоготпогондой көз караш бар. Ошондуктан, журналисттер менен алака түзгүсү келбейт. Массалык маалымат каражаттарын кызматтан кетип же үйдө жумушсуз отурганда гана пайдалангысы келгендери да жок эмес. Менимче, гезиттин күчүн сезип, калемдин кудуретин аңдаган министрлер өтө аз. Алардын катарында Турсбек Мамашов, Айгүл Рыскулова, Акылбек Жапаровдорду атасак болот.

Арсланбек Сартбаев,
"Учур" гезитинин башкы редактору:
- Эмнегедир министрлер "Учур" гезитин оппозициялык маанайдагы гезит катары эсептешип, биз менен байланышкандан коркушат. Ошондуктан көпчүлүгү биз менен иштешпейт.

Азамат Кыязов,
"Аят пресс" гезитинин башкы редактору:
- Журналисттер менен тил табышып, басма сөздүн кадырын түшүнгөн министрлер чанда. Мисалы, Т. Мамашов, С.Раевдер.

Айзада Абазова,
"Кыргыз руху" гезитинин башкы редактору:
- Менин баамымда журналисттер менен тыгыз иштеше билген министрлер А.Жапаров менен эле М.Конгонтиев.

Бабырбек Жеенбеков,
"Назар" гезитинин башкы редактору:
- Көпчүлүк министрлер "Назар" гезити менен анча жакшы иштешпейт. Оппозициянын арыгын чабат деп ойлошот. Бизди түшүнгөн министрлер саналуу гана. Алар М.Конгантиев. И.Айдаралиев. Үч күндөн бери А. Рыскулова менен байланыша албай убараланып жатабыз.


Эбин тапкан элчи болот

Ээрдеги элчилер
Кыргызстан эгемен болгондон бери элчилерибизге болгон кызыгуулар күч. Тээ СССР кезинен бери дипломатиялык жүктү аркалап келаткан профессиналдарыбыз да бар, кийинки мезгилде тийиштүү билими бар жаш кадрларыбыз да өсүп келатат. Бирок, ошентсе да дипломатияга тиешеси жоктугуна карабай элчи болуп калгандар да жок эмес. Айрымдарды ички саясаттан алыстатып, дипломатиялык сүргүнгө айдоо саясат үчүн кадыресе көрүнүш. Бирок, мындай кадамдар тышкы саясаттын профессионалдуулугуна кедергисин тийгизбейби деген ойго түртөт.

Асанов Бектур Жантөрөевич
Бул мырза мамлекет башчынын 2009-жылдын 1-июлундагы жарлыгы менен Кыргызстандын Пакистандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 1969-жылы Жалал-Абад областынын Сузак районунда туулган. Билими боюнча кыргыз тилчи - филолог. "Эркин Кыргызстан" партиясынын мүчөсү болуп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Элчи болгонго чейин дене тарбия, спорт, жаштар иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган. 2005-жылы март окуяларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы иш-аракеттери менен белгилүү болгон. Агенттиктен алынганда оппозиция айдыңынан көрүнө калып жүрдү эле, акыры Акүй элчиликти энчилеп берип тынчытуу чечимин кабыл алды. Пакистан регионалдык коопсуздук маселелери боюнча стратегиялык мааниси бар өлкө. Ары жагы Афганистан, Иран, капталында Кытай, ички бети Индия, бери жагы Борбор Азия өлкөлөрү. Геосаясый жактан маанилүү болгон бул өлкө коопсуздук маселелери боюнча приоритеттердин бири болушу керек. Анүстүнө Бектур мырзанын урду, фарс тилин мындай кой, англисче "ай лав ю"дан башка сөз билээринен шегибиз бар. Андыктан бул өлкөгө Бектур Асановдун элчи болуп барышы ойлондурбай койбойт.


Шарипов Жусупбек Шарипович
Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси. 1955-жылы 27-апрелде Ош областынын Кара-Кулжа районунда туулган. 1978-жылы Киевден инженер-курулушчу адистиги боюнча билим алган. 1990-жылы саратовдон партиянын жогорку мектебинен сабатын жойгон. Кыргыз, орус жана өзбек тилдерин билет. Эмгек жолун Жалал-Абаддын "Ошстрой" курулуш-монтаждык башкармалыгында мастер болуп баштап, кийин прораб, начальник болууга жетишкен. Кийин советтик кызматтарды аркалап, Ташкөмүр, Ош шаардык депутаттар советинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, Ош шаардык депутаттар советинде төрага орун басары болуп иштеген. 1992-жылдан тарта мамлекеттик кызматтарда - Ош шаардык мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, Ош областык газ чарба башкармалыгында башкарма, 1997-1999 жылдары президенттик администрацияда инспектор болуп иштеген. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь районунун, Ош шаарынын акими катары кызмат өтөгөн. 2000-жылы Ысык-Көл областына губернатор, Аксы окуясынан улам Жалалабадка губернатор болуп кел

ген. Учурда арабдардын Эр-Рияд шаарында жашап жана элчилик милдетин аткарып жаткан кербези.
Абдраимов Туйгунаалы Дүйшекеевич
Кыргызстан Түштүк Кореяга элчилигин кечээ жакында эле ачууга үлгүрдү. Бул өлкөдөгү кыргыздардын биринчи элчиси болуп дипломатияда аты-жыты белгисиз врач дайындалып отурат. Расмий билдирүүлөрдө дипмекеме жаңы уюшулуп жаткандыгын жана Туйгунаалы мырзанын уюштургуч жөндөмдөрүн эске алып дайындашкандыгы айтылган. Бирок, профессионализмге, компетенттүүлүккө карап кызматка коюу принцибин эске албай жүрө берсек, тышкы саясатыбыз дагы канчага чейин аксайт болду экен? Тышкы иштер министрлигине Кадырбек Сарбаевдин келиши кантсе да "кадровый дипломат" эмеспи, бул багытты жөнгө салат го деген үмүттөрдү жандырды эле. Анткен менен биздин министрдин элчилерге келгенде колу кыска болуп калат шекилдүү. Элчилерди кой, элчиликтердеги кеңешчи, атташелерден бери профилдик министрлик тарабынан эмес, жогорку жактын чечими менен бекитилип келаткандыгы айтылып жүрөт. Айтмакчы, элчи Абдраимовдун БШКдагы ишмердүүлүгү да кызык. Бир эсе кримавторитет маркум Рысбек Акматбаевдин депутат болом деши менен чууга айланса, бир эсе төрага Абдраимовдун өз кабинетинде президенттикке талапкер Жеңишбек Назаралиев менен чаламандын чак түшүндө акча талашып мушташып, күрөшө кеткендиги өтө эле кызык.