Япончик
Криминалдык дүйнөнүн көрүнүктүү өкүлү, "Япончик" деген тергеме аты менен дүйнө жүзүнө белгилүү адам, кримавторитет Вячеслав Иваньков ушул жылдын 9-октябрында, 69 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. "Япончик" деген кошумча ысымынан тышкары ага "Японец", "Ассирийский зять" деп ар кандай чыгыш ысымдарды азиатка аз-маз окшошуп кеткени үчүн ыйгарышкан. Аны чыгыштын ысымы бир топ популярдуулукка жеткирген менен чыгыш кухнясы ага өлүм алып келди десек болчудай.

Минтип айтып жатканыбыздын себеби, Япончик 28-июлда "Тайский слон" япон ресторанынан тамактанып чыгып бараткан жеринен ичине ок жеген. Аны аткан киллер, (адатта киллерлер жүрөккө же башка атышат) курмандыгы курсагын компойтуп чыкса, дал курсакка атканда ичинин быт-чыты чыгып, кыйналып, азап менен өлсө деген тилек менен мээлеген. Бактыга жараша, Япончик ресторандан тамак ичпестен, чай гана ичип чыккан. Киллердин тилегин таш каап, жарадар алган курмандыгы "Тез жардам" машинеси менен түз эле "Сарык оорулуулар" жатчу бейтапканага жеткирилген. Эки жарым ай убакыт ден-соолугу менен алышып жатып акыры жаны үзүлүп тынды.
***
Япончикке каршы атылган октун таржымалын орган кызматкерлери үч версия менен караштырып жаткан убак. Биринчи версиясы - "бандиттик кландагы" конфликттен улам каршылашы Тариел Ониандын кишилери ушундай кадамга барышкан. Бул кылмышты Тариелдин оң колу, "мыйзамдагы ууру" Мераб Сухумский уюштурушу мүмкүн.
Экинчи версиясы - "Тариел Онианин өлтүрттү" деп, аларды жаман атты кылып, аларга каршы канга-кан согушун ачыш үчүн, Япончикти көзүн өзүнүн эле тарапташтары тазалаган.
Үчүнчү версиясы - Япончиктин "профессионалдык ишмердүүлүгүнө" байланыштуу. Япончик өзүнүн күчүнө, авторитетине катуу ишенгендиктен чечен, азербайжан улутундагы кримавториттердин аймагына да баш бага баштаган. Аларга караштуу курулуш материалдары сатылган рынокту дагы өзүнө каратып, ал жерге башкы "игрок" болуп ойногусу келген. Япончиктин мындай кадамы беркилерге жакпай калгандыктан, көзүн тазалаганга өтүшкөн. Аныстүнө, орус мафиясынын "өкүл атасы" мусулмандар үчүн авторитет деле эмес болчу.
Япончиктин өлүмүн изилдеп жатышкандар эмнегедир үчүнчү версия менен көбүрөөк баш катырышкан. Анткени ага каршы атылган снайпер мылтыгы Чечняда болгон контртеррорристикалык операцияда да колдонулганы ачыкка чыккан. И баса, дагы бир "мыйзамдагы ууру", Скиф кличкалуу Андрей Голубевдин өлүмү деле эл күткөндөй "воровской" чырдан эмес, "Щелковский" соода-маркетине тиешелүү жеке коммерциялык чырдан улам көз жумбады беле...
Дагы бир версия - болжолу, Япончик өлөөрдөн бир ай мурун Усоян (бул да белгилүү кримавторитет) экөө талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишине күбө катары чакырылышкан. Сот процессинде Москванын белгилүү "Восход" ири ишканасынын тегерегиндеги акционерлердин талаш-тартыш маселеси жөнүндө сөз болгон. Япончиктин өлүмү сөз болуп жаткан ишкананын чырына да тиешелүү болушу мүмкүн.
***
Көпчүлүктүн көңүл борборунда жүргөн Вячеслав Иваньковдун өмүр таржымалы керек болсо өзү өлгөндөн кийин дагы кызыгууларды туудура берет окшойт. Голливуд ал жөнүндө жок дегенде бир фильм тарттбаса, анда… Кызыгың түшкүр, Япончик өзүнүн "көлөкөдөгү" ишин 1960-жылдардын аягында мындан 15 жыл мурда каза болгон Монгол аттуу адамдын таалиминин астында баштаган.
Совет мезгилинде эң алгачкы жолу 10-жылга эркинен ажыратылып, бирок, маданият кызматкерлеринин жардамы менен эркиндикке чыккан. 1992-жылы Япончик өз алдынча ишкердик менен алектенип, эл аралык рынокко кадам шилтейт. Ити чөп жеп, бизнесинин аркасы менен АКШга сапар тартат. Бирок ал жерден да жөн жүрбөй талап-тоноочулук менен, ага кошумча "фиктивный брак" менен кармалып 10-жылга түрмөгө кесилет. Бул учурларда ал өзүн бул чөйрөдөгү адамдар арасында "яркий" лидер экенин көрсөтө алат. Ал түрмөдө отуруп адабий карьерасын да жөнгө сала алган. Балдар үчүн жомоктор, ырлар, өмүр баян камтылган "Шамалга каршы" китебин жазганга жетишкен.
Америка түрмөсүндөгү мөөнөт бүтүп баратканда Россия жазуучусун өз мекенине экстрадириция кылуусун суранышкан. Ошентип, күрөшчүл Япончик 2004-жылы өз мекенине кайтып келет. Вячеслав Иваньков "Мен өз мекениме кайтып келдим. Бул күн мен үчүн улуу майрам. Мекендештеримди көргөнгө абдан кубанычтамын. Анткени силер менин мекендештеримсиңер. А мен силердин бир бөлүгүңөрмүн" - деп сүйүнүчүн жашырган эмес. Россияда жашап жүргөн убакта Япончикти "киши өлтүрдү" деген күнөө менен бир нече жолу камашкан. Бирок, сот залынан оңой эле "күнөөлүү эмес" табылып бошонуп кетчү.
Мындай көрүнүштү кызыкдар адамдар (балким бийлик) "Япончик Москвага ар кандай криминалдык группаларды жөнгө салууга, ар кимдин бизнес кызыкчылыгын коргоп берүүгө арбитр катары чакырышкан" деп боолголошот. Тилекке каршы Япончик алардын үмүтүн актабай, өзүнүн миссиясын аткара албай кете берди…
Даярдаган Э.Мадиева




Жарыяланганга кайрылабыз
Мектептердеги "разборкаларга" чекит коюлабы?
же 16 жаштагы Нурактын өлүмүнүн себептери тактала элек...

"Асман пресстин" № 29 (2009-ж.) санына жарык көргөн "Мектептеги рэкетчиликтен дагы бир бала каза тапты" деген макала боюнча ИИМдин басма сөз кызматы жооп жөнөтүшүптүр. Аталган макалада каза болуп калган өспүрүмдүн атасы С. Токтоналиевдин "Талас областынын Бакай-Ата РИИБи тарабынан эч кандай чара колдонулган жок" жана "Уулумдун өлүмү боюнча эч кандай кылмыш иши козголгон жок" деген сөздөрү келтирилген. Андыктан, Талас областтык ИИБинин жетекчилиги тарабынан 2009-жылдын 21-август күнү КРнын КЖКнин 111-ст. 2-б. 1,4, 7-пп. менен козголгон 64-09-52 сандуу кылмыш иши боюнча тактама жиберилген.

2009-жылдын 10-июль күнү Бакай-Ата РИИБне Кыргызстан айылынын тургуну, 1959-жылы туулган Токтоналиев Садабай арыз менен кайрылып, анда 2009-жылдын март-апрель айларында 1993-жылы туулган баласы Нуракты Абдыбеков Расул жана Данияров Данил салык салып, өз ара чатакташуунун негизинде уруп, ден-соолугуна залал келтирген деп айтылган. Арыз Бакай-Ата РИИБнин кылмыштарды каттоо китебине №129 болуп 10-июлда катталган.
Өз учурунда милицияга арыз менен кайрылбаганынын себебин С. Токтоналиев "Нуракты урган балдар өзүбүздүн айылдык балдар болгондуктан жамандыкка барбайын дегем" деп түшүндүргөн. С. Токтоналиев Тойчубек уулу Ж. атындагы орто мектебинде НВП сабагынан, жубайы Анара Осмоналиева дагы аталган мектепте чет тилинен жогорку класстарга сабак берген мугалим болушкандыктан, уулу Нурак окуган класска дагы сабак берип келишкен.
Ошондой эле Данил Данияров менен Абдырасул Абдыбековдордон көрсөтмө алынганда "2009-жылдын апрель-май айларында 9-класстын балдары форма кийбегендиктери үчүн чогулуш өткөргөндүктөрүн жана Садабай уулу Нуракты урбагандыктарын" билдиришкен. Алардын аталары болсо балдары Нуракты уруп койгондуктары үчүн Нурактын атасы Садабайга 1 кой жана 5000 сом акча беришкендиктери туурасында көрсөтмө беришкен. Бирок, Бакай-Ата райондук №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилиги тарабынан берилген көрсөтмөдө 2009-жылдын апрелине чейин Садабай уулу Нурак медициналык жардамга кайрылбагандыгын билдирилген.
2009-жылдын 18-июлунда каза болгон Нурактын өлүгүнө Талас областтык СМЭ бюросунун моргунда кароо жүргүзүлүп, сүрөткө тартылат. Бирок, СМЭнин корутундусу 20-июлда дайын болбогондуктан бул учурда кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. А негизинен СМЭнин корутундасында Нурактын денесинде эч кандай жараттын жоктугу, өлүмүнүн себеби болуп "Остеогеная саркома левой бедренной кости с метастазом в правое легкое" деген онкологиялык оору экендиги аныкталган (13-август №35 сандуу корутунду). Бирок, белгилүү болгондой Нурактын атасы Токтоналиев Садабай СМЭнин бул корутундусу менен макул эместигин билдирип, натыйжада Бишкек шаарына, комиссиялык СМЭ жүргүзүү дайындалган.
Окуяны териштирүүдө Садабай уулу Нурак Бишкек шаарындагы Балдар ортопедия бөлүмүндө 2009-жылдын 8-июнунан 19-июнуна чейин дарылангандыгы, ал эми 19-июндан 21-июнуна чейин Бишкек шаарындагы балдар онкологиясында "Саркома н/з левого бедра" деген диагноз менен дарыланганы аныкталган. Бишкек шаарындагы балдар ортопедия бөлүмүнүн жетекчиси Шамил Дүйшөнбаев Нуракка "Остеогенная саркома левой бедренной кости" деген диагноз коюлгандыгын, бул оору онкологиялык оору болгондугу жана эч кандай жараатка байланышы жоктугун билдирген. Ал эми улуттук онкология борборунун жетекчиси Д. Байзакова болсо 2009-жылдын 20-июнуна чейин Нурак балдар онкологиясында дарылангандыгы, оорусу күчөп кеткендигинен химиятерапияны жүргүзүү сунушталганда апасы "кийинки дарылоого каршымын" деген арызын жазып, тоого кымыз менен дарылоого алып кеткендиги туурасындагы көрсөтмөсүн берген.
Ошентип, 16 жаштагы окуучу Нурактын өлүмүнөн соң Нурактын апасы А. Осмоналиеванын арызынын негизинде, 17-августта бул факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому Талас облустук прокуратурасы тарабынан бузулуп, кошумча текшерүү жүргүзүү дайындалган. А. Осмоналиеванын арызында Тойчубеков атындагы орто мектепте 8-9-10-11- класстардын арасында "Мужсовет" деген чогулуштар өтүп, анда 11-класстын окуучулары Д. Данияров, Р. Абдыбеков, Б. Жакыпбек уул өз алдынча кийинки класстарга үстөмдүк кылып, мектеп формасын, окуучулардын тартибин шылтоо кылышып, ар кандай ыкмалар менен ур-соккуга алышкандыктары үйлөрүнө алып барып жумуш кылдырышкандыктары жана баласынын өлүмүнө себепкер болушкандыктары айтылат. Арызда айтылган "Мужсовет" деген чогулуштардын болуп келгендигин 9-10-класстын окуучулары дагы өз түшүнүктөрүндө жазып беришкен. Ал эми денелерине калган жараттар туурасында "катын" деген сөзгө калабыз дешип эне-аталарына айтпай келишкендиктери туурасында дагы билдиришкен. А мугалимдер мындай "мужсовет" деген уюм түзүлбөгөндүгүн айтышып, мектепте "Жаштар" жана "Аялдар" уюму бар экендиктерин тастыкташкан.
Деген менен 11-класстын окуучуларынын өздөрүнөн кийинки класстардын окуучуларына жасаган зомбулуктары туурасында 23-май күнү 9-10-класстардын окуучулары мектептеги Парламенттин тартип министри баш болгон чогулуштардагы ар түрдүү жазаларга нааразы болушуп, териштирүү жүргүзүүнүн уюштурушкандыктары белгилүү болду. Мындай окуучулардын өзүм билемдик аракеттери туурасында ошол учурларда гана билишкендигин мектептеги мугалимдердин айрымдары айтып беришкен. Ошентип, А. Осмоналиеванын арызы боюнча 2009-жылдын 14-августунда жүктөлгөн милдеттерге өз учурунда салкын мамиле кылышкандыктары аныкталгандыктан Тойчубеков атындагы мектептин директору Б. Момбекова, чарба иштери боюнча иштеп келген М. Абдыбеков, тарбия иштери боюнча орун басар А. Сапарбаева, окуу бөлүмүнүн башчысы Г. Алыбаева өз ыктыярлары менен жумуштан бошоого арыз жазып беришкен.
Тергөө амалдарын жүргүзүүдө Тойчубеков орто мектебинин директорунун тарбия иштери боюнча мурдагы орун басары Б. Кожобекованын берген көрсөтмөсүндө мектепте Парламент уюштурулуп, ал уюмдун тарбия министри болуп Теңдибек уулу Данияр дайындалгандыгын билдирген. Мугалим Мира Абдысаматова дагы сурак учурунда 2008-жылдын жаз айларында кокусунан класска кирип калып, 8-9-10-11-класстын окуучулары өз алдынча чогулуш өткөрүп жаткандыгына күбө болгондугун жана ошол учурдагы завуч Б. Кожобековага эскерткендигин айтат. Мектепке жетекчи болуп Б. Момбекова дайындлгандан тартып тарбия иштери боюнча орун басар Б. Кожобекова менен өз ара пикир келишпестиктер көп болгондуктан окуучулардын өз билгендерин жасоого шарт түзүлгөндүгүн да сурак бергендер айтып беришкен.
Күнөөлөнүп жаткан тараптар дагы тергөө менен катар эле С. Токтоналиевдин доосу негизсиз экендиктерин айтып келишет. 25-август күнү облусттук, райондук жетекчиликтерге, прокуратураларга, РИИБ башчысына Оро айыл өкмөтүнүн төрагасы менен бирдикте окуучуладын 15 ата-энесинин колу коюлган арыз түшкөн. Анда Нурактын эне-атасы өз убагында баласын карабай, оорудан өлгөн баласынын өлүмүнө башкаларды күнөөлөп, өз кызыкчылыгына пайдаланып жаткандыктарын билдиришкен.
Ушул жерден 2009-жылдын 4-сентябрында №198 сандуу, КР КЖКнин 170-ст. 2-б. 1, 2-п.п. менен №64-09-58 сандуу кылмыш иши козголгондугун дагы белгилеп кетсек болот. Анткени тергөө амалдарын жүргүзүүдө Тойчубек уулу Ж атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү кийинки класстын окуучуларын зомбулук көрсөтүү менен опузалап акча талап кылып келишкендиктери аныкталган. Бирок, суракка алынган окуучулардын айрымдары өз түшүнүктөрүндө мындай коркутуулар болбогондугун көрсөтүшкөн.
Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат. Азырынча Бишкек шаарына дайындалган СМЭнин корутундусу дайын боло элек. Бул иштин аягы кандай бүтөт ким билсин. Бирок, "Керкисинде да, кемигинде да бар" деп кыргыздар айтмакчы, күнөө мугалимдеринде да, окуучуларда да, ата-энелерде да бар шекилдүү.
Окуя боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын дагы жарыяламакчыбыз.