Мурат Жураев, экс-депутат:
"Мен өзүмдү "Ата Мекенден" көрө албайм"
- Мурат мырза, сиз мандатыңызды тапшырып кеткенден бери коомчулукта кай бирлери "Алмаз Атамбаев менен пикири келишпей кетиптир" десе, кай бири "бийлик тараптан өзүнө да, бизнесине да кысым болуптур, ошон үчүн депутаттык креслодон кетүүгө аргасыз болуптур" деген божомол күч. Ошол божомолдордун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Чынын айтыш керек, мага бийлик тараптан өзүмө да, бизнесиме да кысым болгон жок. Бирок, ушундай чечим кабыл алууга туура келди. Анткени, 30 жыл айылга барбай элден алыстап кетсем да, 2005-жылы туулган айылымдан депутат болуп шайланып, элиме отчет берип, беш жылдын ичинде элимдин сүймөнчүлүгү, сыймыгы болдум. "Мурат келди" деп чогулуп, стадион толо келген элди көрүп, сыймыктанчумун. Баарынан кызыгы, 2009-жылы президенттик шайлоодо айылыма барсам баягы мени колдоп, мени менен сыймыктанып жүргөндөрдүн бири да жаныма келбей, оппозиция деп айланып өтүп калышты. Беш жылда элге таанылып, эки жылдын ичинде элден алыстап кеттимби деп катуу ойлондум да, элден алыстап кеткен болбойт, элим Бакиевди колдосо, мен да Бакиевди колдошум керек деген чечимге келдим. Анан Алмаз Шаршенович менен сүйлөштүм. Алмаз мырза менин позициямды түшүнүп, "радикалдуу кадамдарга барбасыңды билем" деп менин сунушумду түшүнүү менен кабыл алды. Ошондуктан ал киши тууралуу жаман сөз айта албайм. СДПКга адашып келип алыптырмын деп арман кылбайм. Адам катары патриот, Кыргызстан үчүн күйүп-бышкан киши экенин билем. Сыйлайм.
- СДПКга кандай максат менен мүчө болуп кирдиңиз эле?
- Алмаз мырзаны 2007- жылга чейин эле жакшы билчүмүн. Анын позициясы менин позицияма жакын эле. Ошондуктан Алмаз Атамбаев премьер-министр болгондо ага кирип, сиздин позицияңыз менин позицияма окшош экен. Сиз менен иштейин деп СДПКга мүчө болгом. Андан көп өтпөй партиялык тизме менен шайлоого бардым. Элге жолукканда дагы президентти жамандабай, бирок, элдин эртеңи үчүн баарыбыз биргелешип иштейбиз дегени жагып, СДПКдан депутат болдум.
- Мандатты тапшырганы позицияңыз өзгөрдүбү же жокпу?
- Албетте, өзгөрдү. Анткени, бир жылдын ичинде эле социал демократтардын позициясы өзгөрүп, "Ата мекен" партиясы менен биригип, радикалдуу оппозиция болуп калышты. Мен өзүмдү эч качан "Ата мекенден" көрө албайм. Менин позициям радикалдуу оппозиция эмес. Мен жакшыны жакшы, жаманды жаман деген адаммын. Бакиев келип баары жаман болду дегендерге да кошулбайм. Эл үчүн жасаган жакшы иштерин жокко чыгарганга болбойт да.
- Депутат кезиңизде Исхак Раззаковдун фондун жетектечи элеңиз. Азыр ал ишиңиз эмне болду?
- Мурда жетектечүмүн. Бирок, оппозициялык партияда туруп, фондду жетектеш абдан кыйын экен. Оппозиция болгондон кийин көп жерлерде тоскоолдук болуп, банктан эсеп ачсак дагы фонддун иши анчалык жүрүп кеткен жок. Фонддо иштеген адамдардын баары менин жагдайымды туура түшүнүп, азыр башка адамды шайлап алышты.
- Эмне менен алек болуп жатасыз?
- Мен куруучумун. Азыр куруучулук кесибим менен иштеп жатам.
- Өкмөттүн жаңы структурасына сизди да келет дегендер бар. Ошол чынбы?
- Мен мандатымды тапшырып жатканда эч ким менен кызмат тууралуу сүйлөшүп, макулдашкан эмесмин. Ошондуктан мындай сөздөр суу кечпейт десем болот.
- Кокус партиялык тизме менен парламенттик шайлоо болсо аттанасызбы? Сизди кайсы партиядан көрө алабыз?
- Парламент тарайбы, тарабайбы билбейм. Бирок, шайлоо болсо ойлонуп көрөм. Азырынча парламенттик шайлоодо баланча партиядан чыгам деп айтуу эртелик кылат. Анткени, мен биротоло бийликти жактаган же бир беткей радикалдуу оппозициядан чыкпайм. Акты ак, караны кара деп көрсөткөн орточул партиядан чыгам деген ниетим бар. Чындап эле парламенттик шайлоо болсо, азыркыдай эмес, бири-бирине тең ата болгудай болуп, үч партиядан тең 30дан адам келиши керек. Ошондо гана эл үчүн иштей турган жакшы мыйзамдар кабыл алынат.
- Камбар Ата-2 ГЭСи боюнча азыр коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Бул боюнча пикириңиз кандай?
- Президент "Камбар Ата-2ни" өз күчүбүз менен бүтүрөбүз деп айтып, ынандырган адамды жоопко тартышы керек. Анткени президент ошолордун сөзүнө ишенип, эл алдында өзүбүздүн күчүбүз менен бүтүрөбүз деп көп жолу айтты. Ага туура эмес маалымат берилгендин кесепетинен бүгүнкү күндө жаманатты болуп жатат. Бирөөсүн жоопко тартса, башкаларына сабак болот эле.
- Сиз бир эмес, эки чакырылышта депутат болдуңуз. Кайсы парламент купулуңузга толду?
- Үчүнчү чакырылыштагы парламент чындап эле абдан күчтүү, тандалган инсандар эле. Бир эле жаман жери бир мандаттуу болуп, 12 фракциядан турчу. Бир мандаттуу болгондуктан мыйзамды талкуулай келгенде ар ким өз районунун кызыкчылыгын көздөп туруп алчу. Президент ошол эле депутаттарды партияга бөлүп койгондо, чоң утуш болмок. Анткени, алардын ичинде дагы президентти колдогон депутаттар көп болчу. Ошол парламенттеги инсандар азыр депутат болсо, "Камбар Ата-2ни" кура албайбыз деген сөздөр чыкмак эмес.
Азыркы парламентти деле жаман дебейм. Бирок, система башкача болуп, "Ак Жол" партиясынан башка сунуштар өтпөй калды.