Кыргызстандагы мобилдик компаниялардын кожоюндары кимдер?
Мобилдик байланыш рыногу Кыргызстандагы жакшы өнүгүп жаткан тармактардын бири. Улуттук байланыш агенттигинин отчетуна таяна турган болсок, абоненттердин жалпы саны 2008-жылга карата 3 394 016 га жетип, мурунку жылга салыштырмалуу 1,6 эсе көбөйгөн. 2009-жылдын башына 8 оператор лизенция алышкан болсо, алардын жетөө үзүрлүү иштеп жатат. Эксперттер абоненттердин санынын өсүп жаткандыгын байланыш операторлорунун маркетинг саясатынын өзгөрүшү, кызматтарынын диверсификацияланышы, тарифтик пландардын ийкемдиги жана байланыш зоналарынын кеңейиши менен түшүндүрүп жатышат. Байланыш операторлорунун суммарлык кирешеси 2008-жылы 8 923,106 млн. сомду түзгөн. бул 2007-жылга (6127,798млн. сом) караганда 45,6% көп. Калктын 64,4% мобилдик байланыш менен, 566 оңой менен жете албай турган алыскы айылдардын 234 мобилдик байланыштын кызматынан пайдаланышат.
Кыргызстандын мобилдик байланыш рыногу негизинен: GSM 900/1800 стандарттагы "Beeline", "Megacom", "О!", CDMA 2000 стандартында "FONEX", "Nexi" жана DAMPS стандартындагы жалгыз "КАТЕЛ" операторлорунан турат. Бул операторлордун кожоюндары чет өлкөлүк инвесторлор. Анда алар менен кыскача таанышып алсак.
БИЛАЙН - 1992-жылы түзүлгөн "Вымпел-Коммуникации" ААКнын соода маркасы. Financial Times басылмасынын 2009-жылы апрелдеги тизмесине ылайык дүйнөдөгү эң ири деген 100 компаниянын ичинен 72-орунду ээлеген. Бул тизмеге кирген россиялык эки бренддин бири. Interbrand берген баасы боюнча Билайн брендинин наркы 7,43 млрд. долларды түзөт. Билайн бренди менен Кыргызстандагы оператордон сырткары Россияда, КМШда жана чет өлкөлөрдө көптөгөн компаниялар иш алып барат. Телекоммуникациялар тармагын тейлеген Вымпелком компаниясын Дмитрий Зимин 1991-жылы "Plexsys" фирмасынын ээси америкалык ишмер Оги Фабела менен өнөктөш болуп негиздеген. 1992-жылы Россиянын ТИМ имаратына коммутатор жана базалык станция орнотуп, алгач 200 абоненти бар бул ишкананын биринчи "звоногу" ошол жылдын 12-июнунда жаңырган. 1993-жылдын күз айларына карата беш базалык станциясы жана абоненттеринин саны 400гө жеткен. Билайн сода маркасы 1993-жылы жарыкка чыгып, сан ариптик DAMPS стандартына өтө баштаган. 90 жылдык тыныгуудан кийин биринчи орус компаниясы катары Нью-Йорк фондулук биржасынын листингине кошулган. 1999-жылга карата GSM-900/1800 стандартына өтүүгө жетишкен. GPRS жана MMS технологияларын биринчилерден болуп 2001-жылы киргизишкен.
2006-жылдын октябрынан тарта "Вымпелком" Кыргызстандык Sky Mobile компаниясын 400-500 млн. долларга баалап сатып ала тургандыгы тууралуу маалымат белгилүү болгон. Sky Mobile ага чейин Кыргызстандагы эң ири делген Bitelге ээлик кылып калган. Чыр ушул жерден башталган. Анткени Bitelдин кожоюндук укугун "Резервспецмет" жана МТС талаша баштаган. Бул менчик талашка Кыргызстанда 2005-жылы болуп өткөн март окуялары жол берген. Себеби Bitel Айдар Акаевдин мүлкү катары бааланып, анүстүнө Данияр Үсөнов баштаган комиссия баш-аламан иштей баштаган. Юстиция министринин орун басары Эмильбек Орозбаев мыйзамсыз түрдө Bitelдин кожоюну катары "Резервспецмет" компаниясын каттайт, муну кийин Марат Кайыпов жокко чыгарат. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурбек Турдукулов негиздеген Bitel 2000-жылы Айдар Акаевге, кийин колдон колго өтүп, аягы Англияны, алыскы аралдардагы оффшор зоналарын айланып келип, соттон сотко сүйрөлүп жүрүп акыры россиялык "Вымпелкомго" тийип отурат.
Вымпелкомдун негизги акционери "Альфа-Групп" (44%). "Альфа-Групп" консорциуму 1989-жылы Герман Хан, Михаил Фридман жана Алексей Кузьмичев тарабынан негизделген. Учурда Россиянын эң ири финансы-өндүрүштүк группаларынын бири. Консорциум структурасы оффшорлорду аралап отуруп аягы барып гибралтардык CTF Holdings Ltd компаниясына барып такалат. Жогорудагы үч ишкер так ушул компаниянын акционерлери. Алардын ичинен Герман Борисович Россиянын еврейлер конгрессинин президиумунун мүчөсү. Тапкан кирешесинин көпчүлүк бөлүгүн Европалык еврей фондуна жардам катары берет. Еврей фонду бейөкмөт уюм катары еврейчиликти (еврейство) жана толеранттуулук идеяларын өнүктүрүү менен алектенет. Forbes журналы Герман Борисовичти 4 млрд. доллары менен дүйнөлүк байлардын арасынан 132-орунду берген.
МЕГАФОН . 1993-жылы негизделген. 2008-жылга карата жүгүртүүдөгү акчасы 7,05 млрд. доллар, таза кирешеси 1,78 млрд. долларды түзгөн. Алгач Александр Малышев тарабынан жабык типтеги АК катары "Северо-Западный GSM" болуп ишин баштаган. Скандинавиялык Sonera (Финляндия), Telia International AB (Швеция) жана Telenor Invest AS (Норвегия) компаниялары ири инвесторлорунан болгон. 2002-жылы компания ребрединг жүргүзүп, натыйжада "Мегафон" ААКна айланган. Бул учурда компанияга бир топ башка байланыш компаниялары да башын бириктирген. 2000-жылдары ММКларда компаниянын кожоюну Россиянын байланыш министри Леонид Рейман экендиги тууралуу маалымат тараган. Бирок бул маалымат министр тарабынан четке кагылган, ошентсе да 2006-жылы май айында Цюрихтин арбитраждык соту Леонид Рейман компаниянын акциялар пакетинин бенефициардык кожоюну экендигин тааныган. 2008-жылдын май айынан тарта россиялык ири ишкер Алишер Усмановдун "АФ телеком холдинги" компаниянын 39,3% акциясын алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Келишимдин болжолдуу баасы 5 млрд. доллардан кем эмес болгон.
2008-жылы компания грузин скандалына кабылган. Кененирээк айта турган болсок, грузин бийлиги компанияга Түштүк Осетияда жана Абхазияда байланыш кызматын пираттык негизде иштетип жатасыңар деген дооматын койгон. Бул чатакта АКШ бийлиги Грузиянын дооматын колдоого алган. Интернет талаасында да 2006-жылдын башында Мегафон компаниясы фирмалык белгисин NBAнын расмий сайтынан уурдап алган деген маалымат тараган. Бирок, компаниянын өкүлдөрү фирмалык белги биринчи болуп Мегафондо жасалгандыгын жана NBA Мегафондун белгисин алгандыгын далилдеген соң, NBA расмий сайтындагы "жандуу" статистикасынын белгисин алмаштырган. Ушуга эле окшош белгини гректердин Emporiki банкы колдонуп жүргөндүгү белгилүү.
"FONEX" бренди менен белгилүү болгон "Актел" компаниясы казакстандык "FONEX Invest Group" инвестициялык холдингине кирет. Холдинг эки рынокто - "АкТел") Кыргызстанга жана 2007-жылдан тарта "CATEL" компаниясы менен азербайжандарга кызматтарын көрсөтүп жатат.
Кыргызстанга мобилдик байланышты биринчилерден болуп алып келген КАТЕЛ учурда калктын 1,1% гана тейлеп калган. Эксперт консалтинг агенттигинин билдиргенине караганда 2007-жылга карата Кыргызстан байланыш рыногу төмөндөгүчө бөлүнгөн: Sky Mobile - 60%, "БиМоКом Лтд" - 29%, "АкТел" - 10%, КАТЕЛ - 1,1%, "СоТеЛ" - 0,3%. Жаңы муундагы 3G үлгүсүндөгү байланышты кийинчерээк ачылган NEXI компаниясы сунуштап келет. Бул үлгүдөгү байланышка чет элдик алдыңкы компаниялар, ошол эле Билайн менен Мегафон да россиянын аймагындагы кардарлары менен өтө башташты.
2009-жылы кыргыз рыногу "Нур Телекомдун" "О!" бренди менен толукталды. Азырынча чакан аймакты камтыган бул фирма GSM стандартында иштейт. Аналитиктердин айтымында, бул компаниянын ишке кириши менен Билайн менен Мегаком да тарифдик саясатын кескин ийкемдештирүүгө аргасыз болушкан. Арзан тарифтик планы менен сунушталгандыктан калк арасында кадыресе кабыл алынган, аны менен катар бул компанияны Максим Бакиевдин компаниясы экен деген да айың кептер тарап кеткен.