Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Оппозицияда

Исмаил Исаков, генерал:
"Кызмат тууралуу Үсөн аке менен сүйлөшкөн эмесмин"
- Исмаил мырза, бүгүнкү күндөгү саясий кырдаалга кандай баа бересиз?
- Мен өлкөбүздөгү саясий кырдаалдын оор жана татаалдыгын 4 пунктка бөлүп карайм.
Биринчиси, бийликтин легитимсиздиги. Президент, андан мурун парламентке чоң фракция болуп келген депутаттар элдин добушуна ээ болушкан эмес. Алар бийликке мыйзамдарды бузуп, элдин добушун урдап, коркутуу ж.б жолдор менен келишкен. Ошондуктан элде азыр бийликке болгон ишеним жок.
Экинчиси, легитимсиз бийлик азыр мыйзамдарды одоно бузуп, өзгөчө адамдардын укугун тебелеп-тепсеп, оппоненттерин куугунтуктап, чындыкты бийликтин кетирген кемчиликтерин айткандарды коркутуп, урдуруп, "жасалма иштер" менен кылмыш ишин козготтуруп, кээ бирлерин каматтырып, кээ биринин өлкөдөн чыгып кетиши үчүн мажбурлап, криминалдык элементтер менен биргелешип, "өзүмдү өзүм билем. Өтүгүмдү төргө илем" саясатын жүргүзүүдө.
Үчүнчү пунктуна өлкөбүздө жакырлардын саны жылдан-жылга көбөйүп, коррупциянын гүлдөшү жана экономикабыздын өнүкпөгөнүн кошот элем. Анткени, өлкөбүздө 1,8 млн. эл жакыр жашап, коррупция күндөн-күнгө өсүүдө. Экономикабыз өнүккөндүн ордуна начарлап жатат. Башка мамлекеттер чек араларын жаап, газдын берилиши түштүктө токтоп, түндүктө 30 %га кыскарса, электрэнергиябыз түнү менен өчүрүлө турган болсо, кайдагы экономиканын өнүгүүсүн айтабыз. Өкмөттүн өзүнүн маалыматы боюнча газ тармагында 19 миң доллар жоголуптур.
Өзбекстандан 1000 кубун 240 доллардан алып, өзүбүздүн элге 312 доллардан сатса, ар бир 1000 кубунан 72 доллардан ашыкча пайда тапса, андан тышкары биздин территориядан өткөн газ үчүн транзиттик доллар кошсок, кайсы ажыдаар миллиондогон долларды жеп жатат экен дейсиң аргасыз.
Төртүнчүсү, тышкы саясат дагы биздин улуттун кызыкчылыгынын негизинде жүргүзүлбөй жатат. Кыргызстандын аброю эларалык деңгээлде төмөндөгөндөн төмөндөөдө. Буга Американын "Кыргызстандагы базасы" мисал боло алат. "База чыгарылат. Чыгарылбайт" деген мыйзамдардын кабыл алынышы. Өкүнүчтүүсү бул көрүнүш Орусия, Америка, Европа мамлекеттеринин алдында Кыргызстандын туруктуу, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык багыттын жоктугун көрсөтөт.
- Коомчулукта оппозиция бийликтин кысымынан суюлуп, идиректүүлөрү саясаттан кетип баратат деген кептер бар. Ушул пикирге кошуласызбы?
- Акыркы жылдары оппозициянын лидерлерине, ошондой эле активдүү мүчөлөрүнө бийлик тараптан террор болуп жатканы коомчулукка белгилүү. Бирок, алар азайып, суюлуп, идиректүүсүнүн баары оппозициядан четтеп жатат дегенге кошулбайм. Кайсы жерде, кандай шартта болбосун алар өз принциптерине бекем турушат. Бийликтин катачылыктарын бетине айтсаң эле "сен душман, тополоңчу" болуп калган жеке кызыкчылыкты көздөгөн саясат болуп калбадыбы. Бул бүгүнкү бийликтин трагедиясы. Алар мындай терс көрүнүштөрдү Ө.Текбаевдин, А.Атамбаевдин, А.Бекназаровдун, Т.Тургуналиевдин, Б.Бешимовдун, И. Исаковдун оозун жапсак эле башкасы коркуп, унчуга албай калат деген түшүнүктө эртең эле ар бирибиздин ордубузга жок дегенде үчөө чыгаарын ойлошпой жатышат.
- Оппозиция банкрот болду дегендерге кошуласызбы?
- Оппозиция банкын же ишканасын, фирмасын сактап калыш үчүн бийлик менен күрөшкөн жок. Оппозиция өлкөнүн келечеги, элдин турмушун жакшыртуу үчүн ошондой эле адилеттүү бийлик системасын түзүү үчүн күрөшүүдө. Ошондуктан банкрот болгон жок. Болбойт дагы. Шайлоо учурунда БЭКтен чыккан талапкер А. Атамбаевди байкоочулары жана мүчөлөрү чакыртып алганыбызды моюнубузга алабыз. Бирок, оппозиция бийликтин бетин ачып, жүзүн элге көрсөттү. Бул дагы оппозициянын ийгилиги деп эсептейм. Бийлик бүгүнкү күндө буйрук чыгарып, кадрларды алмаштырып, алардын тагдырын чечип жатышат. Бирок, оппозиция моралдык, этикалык, нравалык, жактан бийликтен өйдө турарын жана элдин колдоосуна ээ экендигин унутпашыбыз керек. Бул дүйнөдө элдин колдоосуна ээ болгондон өткөн бакыт жок деп эсептейм.
- Исмаил Исаков эл арасында Үсөн Сыдыковду ортомчу кылып, бийлик менен сүйлөшүп, кызматка аттанганы жатыптыр деген кептер тарады. Бул сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Мен 1969-жылы "Ата Мекенимди ыйык коргоо үчүн,Элим үчүн кызмат кыламын" деп ант бергенмин. Ошол антымды ыйык сактап, эл үчүн кызмат кылып келе жатамын.
Ал эми Үсөн аке менен көптөн бери жолугуша элекмин. Сиз айтып жаткан маселе боюнча сүйлөшкөн да эмеспиз.
- Учурда Үсөн Сыдыков менен мамилеңиз кандай? Экөө таарынышып кетиптир деген сөздөр да арбын...
- Мамилебиз жакшы. Саламыбыз түз. Таарынышкан деле эмеспиз.
- Жакында эле депутат Руслан Шабатоевдин сөөгү табылды. Алмаз Атамбаев эл менен болгон жолугушуусунда "эбак эле өлгөн" деген маалыматты айткан эле. Элге айтаардан мурун силерге айтты беле?
- Руслан Шабатоев Алмаз мырзанын партиялашы болчу. Ошондуктан Алмаз мырза, аны табуу үчүн баардык тааныштарына чыгып, эбак эле өлтүрүлгөнүн уккан экен. Бирок, ичинде кири жок адам болгондуктан аны ачык айтып алды. Чындап эле жыйынтыгында өлтүрүлгөнү билинди.
- Сизге да бир топ кылмыш иши козголгон эле. Сотуңуз эмне менен бүттү?
- Сот процесстери бүтө элек. Сот учурунда мыйзамдардын, конституциялык нормага каршы экенин далилдеп бердик. Конституциялык сот аны туура деп тапты. Ошонун негизинде Жогорку сотко кайрылганбыз. Жогорку сот дагы биздин суранычты канааттандырды. Бишкек горнизондук аскердик соту 9-октярга чакырыптыр. Мага козголгон иш саясатка тиешелүү саясий "заказ" болгондуктан бул маселе көпкө созулушу ыктымал.





Өмүртөрө Жаңкабылов, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын тең төрагасы:
"Ичкен кудукка түкүрбөңүз, Досбол аке"
- Өмүртөрө мырза, башкаруу системасынын реформасынын негизги картасы ачыла элек. Бирок, ажо шайланыштан кийин "Жаңы Кыргызстан" партиясындагылар жаңы кызматтарга илинет деген кеп учугу болгон. Бу сапар партиялаштарыңызды жаңы орундардан көрө алабызбы?
- Шайлоо демекчи, биздин партия өз позициясын бекемдеп, президенттин кандидатурасын колдоп, жер-жерлерде, шайлоо участкаларында 3500дөй байкоочубуз иштеди. 545 субьекти жөнгө салдык десек болот. Ал эми сиздин негизги сурооңузга келсек, биздин партияда мамлекеттин бир учун алып кеткенге даяр, билимдүү кадрлар бар. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алдын ала айтуу менимче эртелик кылат.
- Мына кечээ жакында түштүктү кыдырып келиптирсиз. Өзгөрүүнүн жаңы багыттарына элдин пикири кандай экен? Сиздердин партияга деле элдин нааразычылыктары болгонун жашырбай деле койсок болот?
- Партиянын турмушу же ишмердүүлүгү бир шайлоо менен эле чектелип калбашы керек. Биздин коомчулукта партиялар шайлоодо гана ойгонгон тенденция бар эмеспи. "Жаңы Кыргызстан"партиясы бу тенденциядан алыс коомчулукта саясий процесстерде өз активдүүлүгүн жогото элек. Ал эми элдин нааразычылыктары боюнча айтсак жок эмес, бар. Түштүктү кыдырганда, өзгөчө Баткенде биздин партиялашыбыз Нур уулу Досболго карата нааразычылыктарын ачык айтышты. Мамлекеттик кызматта алгылыктуу иштей албагыны төө кыядан өтө электе партияны жоюш керек деген далалатына түкүргөн элдер да болду. Мындай нааразычылыктарды протоколго киргиздик. Эми чындыгында бу киши кызматка "Жаңы Кыргызстан" партиясы жана Үсөн Сыдыков аркылуу келди да. Кызматы жокто партиядан айлык алып, кеңседе олтуруп, бийликке барганда кечээкисин унутуп калганы көп нерсени айгинелеп коёт. "Ичкен кудукка түкүрбөңүз", Досбол аке деп айтаар элем. Президенттин башкаруу реформасы кагаз жүзүндө калбай, ишке ашса деген элдин ойлору бар экен. Элдин ишенимин акташ керек.
- Нур уулу Досбол боюнча түшүнүктүү болду окшойт. Партиялаштарыңыздар бийликке баргандан кийин эле партиясын унутуп калышат. Эмнеге?
- Бийликтин кумары болсо керек. Эми бу да саясий лидердин саясий абийрине да байланыштуу болсо керек.
- Оппозициянын солгундоосунан кийин Исмаил Исаков кайрадан партияга кирет деген имиштер болду эле. Буга эмне деп жооп бермекчисиз?
- Андай сунуш менен ал киши кайрылган жок. Эгер биздин партияга пикирлеш болуп, ой-максаттар бир чыкса, жок деген сөз айтуу кыйын. Муну эми партиялык кеңеш чечет.
- Дагы бир партиялаштарыңыз Марат Кайыповдун саясий тагдыры билинбей кетти. Угушубуга караганда сот процесстерин башынан өткөрүп жатыптыр…
- Ал киши биздин партияда саясий кеңештин мүчөсү. Сот процесстери жыйынтыкталса, саясий аренадан көрөсүңөр.
- Революциянын 5 жылдыгын өткөрүү идеясын Үсөн Сыдыков көтөрүп чыкты окшойт. Революционерлердин таарынычын беш жылдыкка утурлап жазмакчы деген сөздөр да болуп кетти окшойт?
- Топчубек Тургуналиев менен Азимбек Бекназаровдун таарынычтары жалпы революционерлердин таарынычы эмес да. Чыныгы революциячылар карапайым эл. Алардын пикирин сөзсүз эске алыш керек. Алардын эмгеги чынында көмүскөдө калды. Жер-жерлерге барганда эски бийликте кызматтан түшпөгөндөр азыркы бийликте жүрүшөт деген нааразычылыктар бар. Мына ушунун баарын эске алып, беш жылдыкты өткөрүү керектигин Үсөн Сыдыкович белгилеп олтурат.






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
8-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
КИМДИН КАНЧА АЯЛЫ БАР?
2-бет
Камбар-Ата сатыкка коюлушу мүмкүн
3-бет
"Говорить" Кыргызстан
4-бет
Өмүртөрө Жаңкабылов, "Жаңы Кыргызстан" партиясынын тең төрагасы:
"Ичкен кудукка түкүрбөңүз, Досбол аке"

5-бет
Эбин тапкан элчи болот
6-бет
Кыргызстандагы мобилдик компаниялардын кожоюндары кимдер?
7-бет
КНУ снова
в переполохе

8-бет
Кимдин канча шакеги бар?
9-бет
Диета кармоо зыяндуубу?
10-бет
Сүймөнкулдун кош сүйүүсү
11-бет
"Жашың өтүп калганда жүрөк менен эмес, акыл менен сүйүп калат экенсиң"
12-бет
Супер келинчек
13-бет
Супер келинчек ким болот?
14-бет
"Күйдүм чок" Атайдыкы эмес, Айманбеттикиби?
15-бет
Обончунун тагдыры
16-бет
Карылар менен ырчылар кезигишип...










??.??