Катуу тийсе кап этпе!

Эзме Тагаев, чатакка жакын Конгантиев жана кылдан кыйкым издеген Текебаев
Көпчүлүк гороскоп окуйт, келээрки күндүн кабарын билейин деп. Анысы так болбосо да, айрым учурларда ар бир жылдыздын өкүлдөрүнө берген жалпы мүнөздөмөсү негизинен чындыкка жакын чыгат. Бул гороскопто адамдардын терс жактары чагылдырылган. Таарынбагыла! Андан көрө тааныштарыңарды жакшылап "тааный" жүргүлө.

Кой
Кээ учурда агрессивдүүлүгү чектен чыгып кетет. Жөнөкөйлүк жагы бар, бирок ошол эле учурда каардуу жана аскердик мүнөзү бар. Акыл чабыты жай иштейт, андыктан жөнөкөй нерселерди да оңой менен эске түйүп кала албайт. Одонолугу бар. Ачык-айрымдыкты жактырат, жан-дүйнөсүн жаап жашыргандан алыс. Пиво ичип алганда куйкум сөздүү шакаба - тамашаны жакшы көрөт. Бала чагында аскер адамы болууну же космонавттын карьерасын самайт, ошондуктан дайым чатак, мушташ чыгарууга жакын. Буларды үй-бүлө турмушунда акча карматуудан алыс кармаш керек, анткени баарын дароо эле жоготот, кайда жоготконун өзү да билбейт. Коомчулукта кербезденип калмайы бар, башкаларды байкабай өзү жөнүндө эле бир канча сааттар бою сүйлөп коюшу мүмкүн. Мас болгон кезинде козголоң, чатак чыгарганга шыктуу.
Мисалы: М. Конгантиев, И. Давыдов

Букачар
Майдачыл, эзме, кошоматчы жана ушакчы. Жашоодо шамалдын багытына карап иш кылат, жетекчиликтин айткандарынын баарын аткарат. Натурасында актер (өзүн альтруист кылып көрсөтөт, аялдар тим эле азап чегип аткан болуп көрүнөт), бирок чындыгында өзүн кайталангыс катары баалап, кыялында өзүн ааламдын чордонун кармап тургандай элестетип, баардыгын жек көрөт. Байлыкты сүйөт: байкатпай тынымсыз дүнүйө жыйнайт. Өзүнүкүн бербей калсын, бирок жакынынын акыркы көйнөгүн чечтирүүгө даяр. Мыкаачылыкка ыктаган эгоцентрист, сылык жана жароокер көрүнгөнү менен бала чагынан тарта картайганча үй-бүлөсүн каарып "террор" менен жашайт. Эч кимге, ал тургай өзүнө да ишенбейт. Жетише ала турган жеңилдиктердин баарын узурпациялап алууга ыктуу.
Мисалы: А.Тагаев, Ч. Баекова, Ө. Бабанов, М.Суталинов, А. Сабиров

Эгиздер
Интеллект жагынан да, сезим жагынан да түбөлүк балакай. Эс тартууга караманча каршы турат, жашоодо көбүнчө кимдир бирөөгө жармашып, картайганча мите курттай канын сорот. Жакшы көрүп жасаган жалгыз нерсеси - жоктон бар кылып сүйлөө. Аз окуйт, бирок баардык нерсе боюнча пикири бар, анысын да жума сайын он-он эки жолу алмаштырат. Жашы улгайып калганда жашоого жайбаракат мамиле кылып, сыртынан, четтен байкоо жүргүзүүгө өтөт. Көбүнчө актер же жазуучу болот. Акыл-эс жагынан да, физикалык жагынан да чыңалууну көтөрө албайт. Конок тосконду абдан жакшы көрөт, бирок жакшы болду дегенде чай, конфет менен гана сыйлайт, адатта өзүнүн ушак айың кептери менен сыйлап чектелет.
Мисалы: Т. Сариев, И. Исаков, А. Жекшенкулов, А. Келдибеков, З. Курманов

Бөйөн
Өтө кооптуу, аралыкка карабай алыстагыларга да коркунуч туудурат. Душманын жок кылып кумарын кандырууда интриганын устасы. Көзгө чөп салат, жанын жеп калп айтат. Патологиялык түрдө садист жана мазохист келишет. Максатына жетүү үчүн эч нерсенин көзүнө карабайт. Өзү жөнүндө жакшы пикир жаратуу үчүн күчүн да, каражатын да аябайт, бирок мунусун ишке ашыргандан кийин байкатпай аркадан канжар урат. Адамдын башынан аттап барып карьера жасайт. Эгер булар сага "Сенин достугуңду баалайм" деп айта турган болсо, демек бир саат мурун эле жетекчиликке сени шыбап койгондугун биле бер. Абийирди аттап өткөн анекдотторду жана порнографиялык фильмдерди жанындай жакшы көрөт. Өзүнүн сексуалдык эрдиктери тууралуу айың кептерди таратып, ошол эле учурда ага ынак болуп байланып калган адамдардын үстүнөн мыскылдаганды жактырат.
Мисалы: Т. Акун, Б.Калыев, С.Раев.

Арстан
Бала кезинен эле мастыкка жана бирөөнөн акча өндүрүп, бир нерсе доолап алууга шыктуу. Башка иштерге келгенде булардан өткөн жалкоо жок. Бала чагында ата-энесинен, кийин досторунан жана тааныштарынан акча өндүрүп жүрүп отурат. Булардын чектен чыккан сыймыктануусу жана өзүнүн өзүнө болгон сүйүүсү бир топ адамдын жашоосуна залакасын тийгизип коюшу мүмкүн, ал эми тамаксоолугу кандай гана чөнтөк болбосун бат эле түбүнө жетип, эңшерип кое алат. Мунусуна карабай булар оңой менен семирбейт. Бүтүн дүйнө аны айланчыктап туруусун каалайт, ошон үчүн алар дайыма баардык жагынан биринчи болууга умтулушат. Мунусу ишке ашпай баратса өзүн ыңгайсыз сезип, чүнчүй баштайт. Жеке өзүнүн улуулугу, баалуулугу жана жаңылбастыгы тууралуу ишеничтүү сезими бар, бул сезимин дегеле жок кыла албайсың, оңой менен жеңе да албайсың.
Мисалы: К. Бакиев, И. Чудинов, Н. Турсункулов, А. Арабаев

Бийкеч
Негизинен ажар-пейили пилдикиндей, ал эми акыл-эси коендукундай болот. Майдачыл, сараң, эзме жана ажаандыгы да бар. Булардын педантисттик сапаты үйдө да, жумушта да адам чыдап көтөрө алгыс абалга чейин алып барат. Булар өзүлөрүнүн эзмелиги жана кычаштыгы менен кандай гана иш болбосун ишпалдасын чыгарат, кандай гана адам болбосун мээ кайыктыкка жеткирет. Турган жеринде эркин чыгармачылык менен иштей алышпайт, өзүнүн иш-аракетинин ийне жибине чейин иликтеген, зериктирме планын түзүп алып иштейт, жакындарынын каршы болгондугуна карабай бул адатын аларга да таңуулайт. Баардык нерседе чот кагып эсеп менен иш кылат, бирок дайыма оор, орчундуу жана эриктирме жумуштарды мойнуна алат. Ошол эле учурда булар интриганын мыкты усталары, душмандарын тукуму менен курут кылмайынча тынчый албайт.
Мисалы: А. Жапаров, А. Атамбаев, Р. Отунбаева, О. Назаров

Тараза
Бул жылдыздын алдында туулуш үчүн жолу болбогон пенде болуш керек. Эки колу тең бирдей - сол. Угуп таануусу, байкап билүүсү да начар. Ар-намысы, юмору жаңы калыптанып келаткан абалда. Качан болбосун акчасы жок, махабатта жолу жок, үйүндө да, ишинде да ийгилик коштобойт. Эч нерсеси менен таң калдыра албайт, тамшандырып жаркырап чыга албайт. Патологиялык түрдө чечим кабыл ала албайт, майда калтыракка алдырып коет, ошондуктан булар үчүн дайыма башка бирөөлөр чечим кабыл алат. Искусствонун билерманы болуп көрүнгүсү келет, бирок бул жаатта кыйратып эчнерсе деле билбестигин моюнга алышпайт. Көзүн жашылдантып башынан өткөргөндөрүн көп эскерет.
Мисалы: К. Ташиев, Э. Арсалиев

Чаян
Аныктамасы боюнча айта турган болсок жолу жок шордуу. Консерватор жана оппортунист, өзүм байкап билип алам деген ишеним менен жашайт. Анын көз карашын, ынанымдарын эч нерсе өзгөртө албайт, бирок талашып-тартышканды жакшы көрөт, мунусу да оппонентин маскаралап, өзүнө болгон ишенимин арттыруу үчүн болгон аракети десек болот. Коркуп кетип өзү биринчи кол салып ийүүсү мүмкүн, бирок адатта коркунуч сезе баштаса качып кутулат. Баарын, бирин да койбой канааттануу менен каралап, көө жаап кое алат, өзүн жасалма түрдө күчтүү жана ишенимдүү алып жүрүү менен кожоюн катары көрүнгүсү келет. Бирок иш жүзүндө бир топ нерседен коркот, жалгыздыкты жана тынчтыкты сүйөт.
Мисалы: А.Акаев, Ф. Кулов, С. Сыдыкова, Ж. Алиева

Жаачы
Көбүн эсе кубанычы койнуна батпаган макоодой көрүнөт, чындап эле көпчүлүк учурда ушундай. Булардын маңыроо оптимизмин жана орунсуз көк беттигин башына кирпич түшсө да койдура албайсың. Булар менен беш мүнөт маектешкен соң кыска убакыттын ичинде кыйнап өлтүргүң келип кетет. Бала кезинен бери эле ким болбосун баарына өзүнүн жолдоштугун жана акылга сыйбаган идеяларын таңуулай берет. Бирге жашай турган болсоң көп сандаган убара-машакаттарын тартуулай турган агрессивдүү оптимист. Калп айтканды жана ойдо жокту таап айтканды жакшы көрөт, мунусун жеке пикиринде көбүнчө жакшылык үчүн кылып жатам деп ойлойт. Көңүлү көпчүлүктү, ит бекер ичип-жеп шапар тебе турган шаан-шөкөттүү чоголуш, жыйындарды сүйөт.
Мисалы: Т. Керексизов, Н. Тулеев, М. Эшимканов, М. Султанов, А. Рыскулова

Текечер
Ырайымсыз, таштай муздак жана жан дүйнөсүн оңой менен козгой албайсың. Үйүндө - жандарм, ишинде - тиран. Өмүрүнүн маңызын башкаларды басмырлоодон жана тирандык кылуудан көрөт, кылдан кыйкым издейт, табиятынан тамашага жок. Балдарын урат, жубайын да террор менен кармайт. Өзүнөн алда канча чоң күчтөн жана психологиялык басымдан улам гана коркуп артка чегинет. Интеллекти чектелүү, фантазиясы да алыс баралбайт, бирок, кекчил жана жамандык кылгандарды эч унутпайт: эч кимге эч нерсени эч качан кечирбейт. Акыл-эсинин жана психологиялык жөндөмдөрүнүн минималдуулугу - кемсинүү сезими менен, жеке урматына болгон зор сезими менен айкалышкан. Мындай айкалышуу табиятта өтө сейрек кездешет. Жетекчилик орундарга көп эле көз арта берүүсүнүн негизги себеби да ушул.
Мисалы: Ө. Текебаев, Н.Байло.

Суу пери
Реалдуу турмуштан алда канча алыс калган фантазер, кыялкеч. Берген карыздарын алалбайт, алган карыздарын да эсинен чыгарып бербейт. Берген убадаларын көп унутат, иштегенди жаман көрөт. Жакындарынын көзү жокто артынан ар кандай кептерди айтат. Орой гастрономияга жана одоно фантазияга жакын. Эс алуусун кайдагы бир жер болсо деле өткөрө берет, анткени "дүйнөнү сактап калчудай" болуп акчасынын баарын башкаларга жумшап салган болот. Адамзатын сактап калчудай болгон маанилүү (жаман оюнда) долбоорлору чачтан көп.
Мисалы: А. Салымбеков, Ө.Абдуллаева, А. Мусаев, Б. Бешимов

Балык
Жалганы, митаамдыгы жок жашай алышпайт. Бул жагынан айрым учурда аша чаап кеткендигинен улам кайсынысы калп, кайсынысы чын экендигин өзүлөрү да биле албай калышат. Өзүнө өзү каршы чыгат. Тынымсыз чебелектейт, бирок калп үчүн калп айтам деген принцибинен улам мунусунун бир да пайдасын көрбөйт. Мындан сырткары булар өзүлөрүн психоаналитик сезип, башкалардын ич кийимине чейин казып аңтарганды, анысынан улам таап алган чоочун бирөөнүн сырлары менен соодалашканды жакшы көрөт. Эмгектенгенди, аны кой дегеле бир нерсе кылганды жаман көрөт, ал тургай билбейт дагы. Балыктарды кайсы бир ишке мажбурлай албайсың, баары бир, эптеп айласын тапса да колдон суурулуп качат.
Мисалы: А. Мадумаров, Д.Үсөнов, Э. Сатыбалдиев, К. Исабеков, И. Өмүркулов