Обончунун тагдыры
(Лариса Асанбекованын обончу Алтымыш Кадыровду эскерип "Обондоруң оболосун кылымга" китебинен үзүндү)

Мен аны менен 1997-жылы март айынын башында Таш-Дөбөдөгү ден соолукту кайра калыбына келтирүүчү ооруканадан таанышкам. Бир күнү менин ыр жандуу экенимди билген бир келин "Жүрү ыр угуп келебиз. Мени менен Ошто чогуу иштеген обончу ушул жерде дарыланып жатыптыр. Аябай жакшы ырдайт" деп калды. Мен анын сунушуна дароо макул болдум. Экөөбүз ээрчишип алып бешинчи кабатка бардык. Обончу өзүнөн улуурак киши менен бир палатада экен. Биз барган убакытта Алтымыш тамак жасап жаткан кези экен берилип алып.
Биринчи көргөндө ага анчалык маани деле берген жокмун. Себеби ошол кездеги ырчы, обончуларды жакындан тааныбасам дагы сыртынан баарын таанычумун. Алтымыштын аты мен үчүн тааныш эмес, белгисиз эле. Тиги келиндин аны жерге-сууга тийгизбей мактаганын угуп, "Ой муну эмне эле мактап атат" деп ойлоп койдум ичимден. Алтымыш ошондо мага баягы айылдагы үнү жакшы, жакшы ырдаган карапайым айылдык кишидей таасир калтырган. Ал күнү бизге ырдап деле берген жок. Дасторконун жайнатып кең пейилдигин көрсөттү. Анан өзү бышырган тамагын берди. Чынында аябай даамдуу жасаптыр. Дамы таңдайымда калган эле.
Ошондон тартып процедуралык бөлмөлөрдөн жолуккан сайын учурашып жүрдүк. Дагы бир күнү баягы келин "Лариса, Алтымыш аккардеонун алып келиптир. Ырдап берем деп силерди чакырып атат" деп келиптир. Жанымда жаткан Канышай эже менен Алтымыштын палатасына бардык. Өткөндөгүдөй эле дасторконун жайнатып, даамдуу тамактан ортого койду. Аккардеонун колуна алып обончу И. Аманбаевдин "Соң-Көл баяны", "Тоолук кыз болду периштем" аттуу ырларын ушунчалык жогорку деңгээлде ырдады. Ошондо үнүнүн уккулуктуу экендигин байкагам. Бирок, дале болсо анын обончу экенин сезгеним жок. Тек гана аткаруучу экен деп ойлогом. Ырдап бүткөндөн кийин "Сиз кечээ кайда элеңиз. Досторум аккардеон алып келишиптир. Тоого эс алып келебиз деп келишиптир. Сизди конокко чакырайын десем жок экенсиз" деди мага Алтымыш. Андан жогорудагы сөздөрдү угуп "Мени эмнеге конокко чакырат" деп аябай таң калгам.
Эртеси Канышай эженин туулган күнү болчу. Алтымыш эженин туулган күнүнө келди. Анан "Аясаң боло жыргалым" менен "Көлдөгү махабат" деген ырларын ырдап бул менин ырларым деп атпайбы. Эже экөөбүз "Ай-ий, "Аясаң боло жыргалым" сенин ырыңбы" деп таң калдык. Мен Алтымышка "Ырларыңды билем. Сен таарынба мага. Сендей обончуну уккан эмесмин" дегеним эсимде. Ошондо Алтымыштын ушунчалык карапайым экенин туйдум. Ал ырдаган сайын эл чогулуп тимеле коридорго батпай кеткен эле.
Арадан эки күн өткөндөн кийин процедуралык бөлмөдөн жолугуп калдык. Алтымыш мени көрө коюп эле "Мен сизге арап жаңы ыр чыгардым. Келип угуп кетпейсизби" деп шар эле айтып жиберди. Мен аябай таң калдым. Мага обон чыгардыңызбы? Ап-ий бир көргөн кишиге эле ыр арнап чыгарсаңыз сиз чын эле "артистсиз" го деп айттым. Менден ушундай сөздү күтпөсө керек, кызыктай абалга туш болуп "Мен сизден башкага ыр арнап көргөн эмесмин" деп басып кетти. Мен аны күтүүсүз жерден таарынтып алганым үчүн өзүмдү оңтойсуз сездим. Ошентсе да мага арналган обонду уккум келип, Канышай эждени ээрчитип, Алтымыштын бөлмөсүнө бардык. Жанагы орой сөздөн кийин бизди күтпөсө керек, ал алапайын таппай шашкалактап калды. Биз орун алгандан кийин колуна Надырбек Алымбековдун китебин алып "Тагдырдын тапканы сен" деген ырды аткарып берди. Чынында сөзү менен обону төп келишип, ырдын кайрыктары кулагыма такыр башкача угулду. Ага чейин андай жакшы обонду уккан эмесмин.
Бул мага арналган эң биринчи обон болчу. Мезгилдин өтүшү менен ушул обондун аркасынан мага арналып далай обон чыгарын сезмек турсун, пенделикке салып, ушул ырды жаңы чыгарганына да ишенбей мурунку обонун эле ырдап мактанып койду окшойт, бир көргөн эле аялга обон арнаган жеңил ойлуу адам экен деп ойлогонум үчүн кийин аябай уялдым. Ырдап атып башкача көз караш менен мени уурданып карап аткан Алтымыш.
(Уландысы бар)





Мелис Макенбаев
"Пресс хата"
(Романдан үзүндү)
Түрмөнүн узунунан кеткен коридору...
- Алдыга бас! - катуу-акырын да эмес, буйрук берип көнгөн "конвоирдин" көнүмүш доошу Рысбектин артынан угулду. Дароо астыга түшүп бербей, кулак сыртын желпип өткөн үндүн ыргагына жараша, ортодогу аралыктын төрт кадамча экенин туюмунда болжолдой, "жалт" карады Рысбек - үн чыккан жакты карай. Ашып кетсе, үч же беш ирмемге дейре. Ушунун өзү ал үчүн жетиштүү. Эки "канвой" ырасында эле, андан төрт кадам ыраактыкта, бири узун бойлуу, кең далы, экинчиси далысы төрт бурчтанган, багалчактуу, чымыр жигиттер. Кыраа көзгө булардын Рысбекке карата бекеринен "конвой" катарында коюлбаганы белгилүү. Баштарында жаңы чыгарылган форманын үлгүсү - илгерки австриялык аскерлердикиндей - үстү жалпак, тегерек, маңдайында калканчасы бар баш кийим. Үстүлөрүндө жапжаңы "афганка". Ала-була, жердин түсүн берген көгүш, жашыл жалбырактын элестери чагылган шымдарынын багелектерин батинкелеринин узун кончуна тыкшырып коюшкан. Вьетнам элин кырып-жоебуз деп ждатып, ошонусу беттерине чиркөө болгон Америкалык солдаттар бир кезде ушундай батинкелерди кийишчү эле. Эки "конвойдун" тең белдеринде резинка союл, кайыш кобурада пистолет. Колдон келсе, колдоруна автомат деле алып, айдап жөнөшчүдөй. Буларга катуу эскертилгени көрүнүп турат. Тандалып алынган "конвой" жигиттер. Андыктан, Рысбекке карата - акырын да, катуу да эмес, бир калыпта буйрук бергендери ошол себептүү. Анүстүнө, ким болбосун, өзүнө татыктуу каршылашын сыйлайт. Бул да өзүнчө боксердук ринг сыяктуу. Оң тарабында - камактагы адам, "Кылмыш дүйнөсүнүн" тили менен айтканда "подзамочник". Экинчи тарабында - укук коргоочулар. Ырас, бул жерде, азбы-көппү, айырмачылык бар. Укук коргоочулардын колунда бийлик, мыйзам, андан ары тереңдетип карай турган болсок, кылмышкердин эркин сындыра турган СИЗО, анын көчүк айланбаган камералары, соттолгондон кийинки, жаза мөөнөтүн өтөөчү - Эмгек түзөтүү колониялары бар. Ага кошумча, мына бу "конвойдун" белдеринде салаңдаган резина союлдар, кобурадагы пистолеттер да жан-алдары калбай кызмат өтөшөт.
Буйрук ооздон чыга электе Рысбектин чагылгандай тездик менен карашы сактыктан же коркунучтан эмес, тырмактай бала кезинен бош убактысын кетирбей машыккан спортсмендин сезүү жөндөмдүүлүгү күчтүү өнүккөнүнөн болчу.
Тула бою "дирт" жыйрылып алды узун бойлуу "ковойдун". Эрксизден, кайыш кобурадагы пистолетине карай жылмышкан өз колун ички эрк менен токтотуп калды.
Рысбек экинчи кайталаткан жок, көнүмүш кыймылы, орто бойлуу, кең далылуу денесин каккан казыктай түптүз алып, эки ыйыгы анда-санда чайпалганы болбосо, булчуңдуу колдорун оорута кыскан кол кишендерге кайыл артына алган тейде , алдыга түштү. Кулагы арттан келаткан кадамдардын дабышында. Ушул сааттан баштап, дити, көзү, кулагы, сезими - жамысы биригип, сак болушу зарыл. Коркунучту эмес, сактыкты талап кылат азыркы абалы. Непада, бир гана мүнөткө алсыздыкка жеңдирип койсо, бала кезинен өзүн-өзү эр жүрөктүүлүккө тарбиялап жүргөн кыял-мүнөзүнүн көбүнөн ажырап калат. Темирдей, балким, андан да чың эрк керек. Ал болсо - адам. "Кызылдар" - ал өмүрдү жасабаган иштерди күч менен мойнуна алдырууга аракет кылып жатышат. Демек, жан чыгып кеткенге чейин таймашат. Рысбек бул аракети менен камактагылардын тили менен айтканда "несознанкада". Мойнуна таңуулап жаткан кылмышты караманча албаган "арестантты" жөн калтырышпайт.
Кызылдардын мыйзамы ушундай. Камалдыбы, демек, күнөөлүү. Көбүнчөсү, дароо эле ур-тепкиге алышат. Алдыңда кылмышкер олтурабы, анын тагдыры сенин колуңдабы? Чүкөнү өкчөгөндөй өкчө. Мурда, болбогон бир майда-чүйдө уурулук менен кесилген , колдору ар кимдин жумушун иштеп жүрүп тууралган, байкуш бекен? Артынан издеп алаары жок "бедолаганын" эмнесин карап турасың? Мындай неме "зонага" кетсе, коомдун эч нерсеси коробойт да?! Ансыз деле тиги, Ош базары, Аламүдүн базарынын тегереги алкаш-ичкичтерге толуп кетти. Папкедеги ачылбаган кылмыш иштеринен бирди тандап туруп мойнуна ил. Конкретно "грузить" эт. Багаар-көрөөрү жок, көрүнгөндө малай болуп, темселеп жүргөн немени түртө сал - "Кылмыш дүйнөсүнө". Мына, негизинен укук коргоо кызматкерлеринин иш алып баруу ыкмасы ушундай.
***
Ортодогу аралыкты бир өлчөмдө сактап басып бараткан Рысбекти астыда эмне күтүп турат? Рысбек камакка алынгандан кийин "рэкет" деген сөзгө байланыштуу көп легенда-имиштер абада калкып жүрдү. Анүстүнө эл да учуртканга маш эмеспи, чымынды төөдөй кылып. Бул имиштердин жаралышына шыкак болгон укук коргоочулардын өздөрү. Канчалык кара боекту көбүрөөк шыбап, сенсациялуу, элдин муун-жүнүн титиреткен деңгээлге чейин көтөрүп, көрсөтүшсө - алардын баркы ошончолук жогорулайт.
Рысбек коридордо баратат. Тагдыры не болот? Ал темир торго түшкөндөн тартып, түрмөнүн чөйрөсүндө - адамдын эркин сындырып, аны малга чейин теңөөгө аракет кылган, кубаттуу делген, зор механизм ага карай багытталганын билген жок. Кайдан билсин? "Кылмыш дүйнөсү" дем алып жашаган, белгилүү да, белгисиз да "империяга" биринчи ирет баратса.
(Уландысы бар)




Майрам Акаева
Келиндин келгендегиси...
Ушинтип кирсек, кайненебиз бизди колдойт дешсе керек. Апам анда үндөбөй кантип чыдаганын билбейм. Бир сөз катпай, унчукпай олтура берди. Кичүү келин болгондуктан, мен да үндөбөй, абысындарыма ооз ачпай олтурам. Бирок, ичимен ойлойм: "Кайрыш жеңе, мейли, иш үчүн сындасын, Калбүбү жеңе кантет?" Жатаар кез келгенде кайненем жуурканымды оңдоп-түзөмүш болуп, акырын айтты: "Айланайын, балам, аларга көңүл бурбай эле кой". Ушинтип айтканын эстейм жана эч качан эсимден чыгарбайм.
Илике 1984-жылы төрөлгөндө биз Фрунзеде жашап калганбыз жана кайненем жашы илгерилей түшкөнүнө карабай мага абдан кол кабыш кылды. Ал менин атам сыяктуу 20-кылым менен куракташ эле. "Сиз сыяктуу кадырлуу кайнене болоюн дейм, апа, бирок, бул касиет сейрек адамдарга гана таандык го", деп калдым бир ирет. "Балам, деди адатынча, аракет кылсаң, берекет дегендей, колуңан келет". Андан бери болгон аракетимди жасап жүрөм. "Баш кошкон балдарыма кайненем сыяктуу жакшы апа болууга тийишмин" деген аруу тилек ар дайым санаамда.
Апабыз табиятынан акылдуу жан эле. Өтө сейрек иучуроочу ички маданиятка ээ болуп, сылык-сыпайы жана дилинде кыйышпастык болчу. Турмуштук акылгөй түшүнүгү, агайын-туугандай жана жалпы эле адамдар менен мамилеси таң калтырчу. Эс тутуму да укмуш эле. Шашканда мен көп китепти бирдей окуй берем. Кай жакты караба, чачылып жаткан китептердин ичинен өзүмө керектүүсүн таппай кайсалап калганда, апам жардамга келип, издеп жаткан китебимди тышынан карап таанып, "мобул эмеспи, балам!" деп таап берчү. "Кандай сергек!"- деп ойлойм таңыркай. Эгер ал билимдүү болсо, эгер жакшы билим алса, чоң ийгиликтерге жетээри бышык эле, чиркин!
Менин өз инилерим менен сиңдилериме жасаган мамилеси да ичимди жылытчу апамдын. Кыргыздарда туугандык байланыштар күчтүү болгону менен өз ара кыжың-кужуң чыкпай койбойт: же сеники үйгө көп келет, же меники көбүрөөк сый көрөт дегендей. Андайлар ар бир үй-бүлөдө болот.
Бир ирет иним келип, бул семестрде стипендия албай турганын айтты. Жемелеп жатам: "Эми кантип жашайсың?". Апам ортого түштү: "Эчтеке эмес, бүгүн "үч" алса, эртең "төрт" алат. "Беш" дегенге да жетет буюрса. Ушул үчүн да жемелейби? Экзамен тапшырбай калдыбы? Учуру келсе тапшырат". "Апа, - дейм, - эмки экзамен жарым жылдан кийин". "Эмесе, жарым жылдан кийин тапшырат", - дейт жооткото.
Биз менен бирге жашаган кичүү сиңдим Санатка айрыкча ичи элжиреп мамиле жасачу. Апам аны атынан айтпай эркелетип, "Алчаш" дей турган.
Кеминге кайсы бир жолу кичинекей балдарым менен баргам. Эрте туруп, өз чүрпөлөрүм менен гана алекмин: суу жылытам, үтүктөйм, буламык жасайм, жемиштин ширесин ичирем. Ал эми анда чоң үй-бүлө, чоң чарба бар эмес беле. Апам минтип сурашы мүмкүн болчу: "Эмне үчүн өз балдарыңды гана карайсың?" Антүүгө толук акылуу, бирок лам дебеди.
75 ке чыгып калса да, бүт чарбаны мойнуна алчу: уйду да саайт, тамак асат, үрпө-чүрпөлөрүн, меймандарды текши коноктойт, мен баягыдай эле өз балдарым менен алек, ал эми үйдөгү келини болсо уйкусу канганча уктап, түшкө маал гана турат, үйдүн бардык жумуштары апамдын мойнунда.
Айрыкча кышында апабызга кыйн, бирок эмгекчил мүнөзүнөн түк жанбайт. Чыдамына чек жетпейт экен деп ойлочумун кээде, бирок уулдарынын үй-бүлөсүндөырыс-ынтымак болушу үчүн ал бардыгын көтөрө билүүгө даяр эле. Апамдын асыл өрнөгү ар дайым көңүлүмдө жашайт.
Кайненем төрт келиндүү эле, төртөө менен тең тил табыша билчү. Бирөөнү жамандап бир ооз сөз айтканын эч уккан жокмун. Бирок, адамды колдоого келгенде жарты ооз жылуу сөз тапса да, аянбай айтып калчу.
Өзүм зор урматтаган улуу кайнагаларым жөнүндө жылуу пикиримди билдирбей койгонум жарабас. Алардын аттарын өздөрүнүн көзүнчө оозанбашка аракет кылсам да, ак кагазга түшүргөнүмдү акелерим туура түшүнөөр. Бардыгы бул үйдө беш уул болгон. Тун уулу Күчөр Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинград алдында каза тапкан.
Кыргыз келиндери өз агасын "байке", кайнагасын "аке" дейт эмеспи. Бирок, алгачкы күндөрдөн тартып эле Аскардын агаларына өз агамдай кайрылып, "байке" деп калыпмын. Мындай мамиле аларга да жакса керек деп ойлойм, анткени кыздан бир тууганы жок эмеспи. Алардын бардыгына мүнөздүү белги - бири экинчисине жана бардык адамдарга камкор мамиле жасоо, боорукерлик жана туура жүрүү. Албетте, бул сапаттар аларга ата-энесинен, айрыкча апамдан өтсө керек. Эң улуубуз Чилтен байке пейили кең, ачык адам эле. Өз дооруна жараша билим алып, тарыхка кызыгып, санжыраны дурус билчү. Биздин үй-бүлөгө, балдарыбызга, айрыкча Айдарга өзгөчө мамиле жасай турган. Тилекке каршы, азыр арабызда жок. Жаткан жери жайлуу болсун!
Аскар менен Ленинградда баш кошконубуздан кийинФрунзеге мен мурдараак келип, кайнагамдын - Болот Акаевичтин үйүндө, ынтымактуу, эмгекчил, акниет жана тартиптүү үй-бүлөдө жашаганымды айткан элем. Болот байке өтө мээрман адам. Уулдарынын ичинен ал Асел апага көбүрөөк окшойт. Ишке жоопкер мамилеси менен мени таң калтырат. Кээде температурасы көтөрүлүп, ооруп калса да ордунан туруп, ишке жөнөчү. Балдарына, аялына, туугандарына, айтор, бардыгына көңүл бурат, бардыгы андан үмүт этет. Мындай жар жана камкор ата сейрек учурайт. Мага ар дайым жылуу мамиле жасап, өз түйшүгүм көптүгүнөн улам үй ишине жакшы каралаша албай жүргөнүмдү билдирбей, колдоп турчу.