Аксакалдык кеп
Ишенбай Абдразаков, коомдук ишмер:
"Өзүм үчүн бир байлык жыйнаган жокмун"
(Уландысы. Башы өткөн санда)

- Ошол илгерки замандан бери кыргыздар аябай өзгөрдү да. Мисалы, сенин балаң, неберелериң да өзгөрөт. Улуттук каада-салт, ой-жүгүртүү деле ордунда турбайт да. Бул да өзгөрөт. Бирок ошонун ар бир этабында ошого жараша иш кылыш керек. Азыр албетте Батыштын баалуулуктарынын баарын эле копия кылып көчүрүп алган жарабайт. Өзүбүзгө ылайыктуусун, жакынын алышыбыз керек. Ошону менен бирге өзүбүздүн каада-салттарыбыздын бизге жакшы кызмат кылып бере тургандарын тандап алганыбыз туура болот. Ошондо экөөнүн ортосунда синтез болот. Убакыт өткөн сайын коом менен кошо алар да өзгөрүп баштайт. Анан улам жаңыларын ала беребиз. Буга айрыкча жаштардын арасында креативдүү ой-жүгүртүү керек. Чынын айтыш керек, азыр бизде "ура, патриоттор" чыгып, эмне болсо эле ата-бабабыздын салты деп тырмышып атышат. Ошонун кээде кереги барбы? Бизге эмгек маданияты, ал үчүн билим керек. Бизде ысырапчылык, куру намыс көп болуп атат.
- Ошол эле учурда биздин уюткубузду кармап турган касиеттерибиз да бар эмеспи?
- Албетте. Биринчиден кыргызда намыс деген түшүнүк бар, жигитти намыс, коенду камыш өлтүрөт дейт. Бул - жигиттер аракетчил, айтканына турган, чынчыл болуп, ыпластыкка барбаш керек деген сөз. Адамды адам кылган намыс болот. Экинчиден, биз көчмөн турмуштан энчилеп калган экенбиз, талыкпай, маңдайдан тер агызып иштегенге жете албай жатабыз. Бизде билимге дилгирчилик бар эле, бул да эми чар жайыт кетип баратат. Мисалы бизде ынтымак деген бар. Бул ашар, кандай жакшы салт. Улууларга урмат дейбиз, бул эми нравалык түшүнүк дечи, сен аларды көрбөй калдың, илгери биздин карылар нускалуу болоор эле. Алар көпчүлүгү сабатсыз болчу, бирок эч качан ыплас ишке барган эмес, жамандан качып турушчу. Азыр бизде калп айтуу норма болуп калды. Карылар азыр коррупционерди, ууруну көрсө "жашаганды билген азамат экен" деп коет. Биздин жакшы салттар азыр терс жагына ооп баратат. Аларды матрицадай кылып, калыбына келтириш керек. Бизге пайдалуусун, бузулуп баратканын жандандырып, аны менен тим болбой, алар адамдын акыл-эсине эле эмес иш-аракетине сиңирүү зарыл. Антпесе кээлер жакшы эле ойлойт, бирок иши башка. Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба деген ушул болуп атпайбы. Сөз менен иш дал келбесе ишеним кетет, бул айрыкча бийликке тиешелүү нерсе.
- Сиздин кыргыз дипломатиясында өзүнчө бир чоң ордуңуз бар. Кыргызстандын учурдагы тышкы саясатына кандай мүнөздөмө бересиз?
- Биздин тышкы саясатты көп векторлуу деп коебуз. Бул туура саясат. Кээлер бир жактуу болобуз дейт, алардын ою боюнча орус менен дос болуп, эки жүздүүлүк кылбай Америка менен кас болушубуз керек имиш. Мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы болот. Кыргызстанга эмне керек, ким менен кызматташсак ошого жетебиз? Бизге эмне керек болсо, ошону ала тургандар менен жакшы мамиледе болгонду унутпашыбыз керек. Илгеркиге караганда дипломатиялык кадрлар өсүп келатат. Бирок элчи кылып кимди гана жөнөтуп аткан жокпуз. Коен сойсо да касапчы сойсун деп коет кыргыздар, ар бир нерсени профессионал жасашы керек. Ички абалды да жакшы өздөштүргөндө гана мыкты дипломат болот, протоколду эле билгенден дипломат чыкпайт. Мындай нерселер бизде абдан көп, дипломатияда эле эмес, баардык жакта болуп атат.
- Сиз багындырган бийиктикке суктанган жаштарыбыз көп. Андыктан сиздин жеке философияңызга кызыккандар да бар, жаштарга сабак катары өмүрүңүздө эмнеге өкүнөсүз жана сыймыктанасыз, ушул тууралуу айтып берсеңиз?
- Муну эми тагдыр деп да коет. Өткөн нерсеге өкүнүү пайдасыз нерсе. Бир нерсеге жетем десең талбай аракеттенип, бүгүнкүнү эч убакта эртеңкиге калтырбаш керек. Өмүрдү текке кетирбей, артымда аз болсо да из калсын деп мүмкүн болушунча аракеттениш керек. Эл сени жакшы иштериң менен эскерип турсун деген кредо болушу зарыл. Ийгилик өзү эле келип калбайт. Буга аракет керек. Кыргыздын төмөндөгүдөй абдан бир орой сөзү бар, айта турган болсом "көчүгүңдөн көк түтүн чыккыча" иштеш керек. Мисалы, япондор азыр дүйнөдөгү узак жашаган калк, бирок алар өтө мээнеткеч келишет. Анан кээде студенттериме "силер бирдеме болсо эле эс алабыз деп каласыңар, япондор эс алганды кийин эле үйрөндү, бирок япондор эң узак жашайт. Канчалык көп иштесеңер ошончо көп жашайсыңар" десем күлүп калышат. Эми мунун чындыгы да бар да. Эмнеге өкүнөсүң десең ошондон улам чыгып атат, кээде арзыбаган нерсеге убакытыңды, аракетиңди жумшасаң ошол үзүрсүз калса ошого өкүнөт экенсиң. Жаш кезде колдон келишинче иштеп бердик, бирок биз иштеп берген мамлекет кулап калды. Көп нерсе текке кеткен экен. Ушуга кантип өкүнбөйсүң? Өкүнгөн менен пайда жок, болоору болду.
- СССР кулабаса биз анын ичинде субъектиси болуп жүрө берет элек да. Эгемен болбойт элек да.
- Анын башка жагы да бар, субъект болуп жүрө бергенибиз менен ал жерде союздун аркасы менен ишке аша турган бир топ экономикалык пландар бар болчу. Ошолор бүтүп калганда фундаментибиз бекем болуп калат эле. Эртеби-кечби биз бары бир эгемен болот болчубуз. Эрте эгемен болгонубуз менен көп нерседен кур жалак калып атпайбызбы. Өзүбүздүн колдон келбейт экен, мисалы, энергетикалык тармактагы чатакты алалы. Ташкөмүрдөгү жарым өткөргүч заводу өңдүү көп обьекттер бар эле. Эгер ошолорду өз убагында бүтүрүп алганыбызда азыр көпчүлүк учурларда ханга салам бербей калат элек. Экинчисиден, экономикалык байланышты дароо үзүп жибербеш керек эле. Мисалы англичандар колонияларын акырындан, байланышты тарс үзүлбөгөндөй кылып этап менен бөлдү. Биз дароо кол үзгөндө көп тармагыбыз токтоп калбадыбы. Буга ким күнөөлү дегенде, биринчиден орустар Ельцин баш болуп өзүлөрү күнөөлүү. Эгемендүүлүк албетте жакшы нерсе. Бирок ага акырындан, материалдык база менен келгенибизде пайдасы көбүрөөк болмок. Эми азыр деле жакшы, дегеним көп нерсе созулуп кетип атпайбы. Эл да кыйналып кетти. Жанагы кур калган нерселердин ордун толтурганга азыр толук шартыбыз бар. Ошону эл өзү сезип, чымырканып аракет кылсак көп нерсеге жетебиз. Ар намыс ушул жерде керек. Кыргыз космоско учуп барганда эмнеге келдиң десе жөн эле дептир дегенди анекдот кылып жүрүшпөйбү. Биздин кенебестик психологиябыз бар.
- Сиз бала чакта советтик духта тарбияландыңыз, мисалы мен биринчи класска барганда эле эгемен Кыргызстандын мектебине барып калдым. Эки мезгилдин жаштарынын айырмасы, мүмкүнчүлүктөрү кандай болду? Мисалы, сиз бала кезде кимге суктанып, кимден таасир алгансыз?
- Чынымды айтайын, ишенесиңби, менде мобуреки менин кумирим дегендей кишим болгон эмес. Таасир алган десең, бир топ кишилер болоор эле, суктанчу элем. Мисалы, Карл Маркстын ташка тамга баскандай таамай жазгандарын окуп таң калчумун. Анын да чийки жактары бар экен, алар эми кийин билинди, бирок бул башка кеп. Бир эле адам бир өмүрдө бүт баарын камтый албайт экен да. Аны шакирттери да бузуп жиберди. Кийинчерээк Ататүрккө баа берип жүрдүм. Себеби, чачыранды болуп бараткан өлкөсү жок болуп кетпейт эле го, бирок азыркынын жарымын жоготуп жибере турган кезде, баарына кайыл болуп кайраты менен өлкөсүн алып чыкты. Өлкөм деп жеке турмушун да унутуп койгон. Айта турган андай кишилер көп. Кичине бала кезимде бир кинодон адвокатты көрүп аябай таасирлегем. Атууга кетип бараткан адамды актап чыгарат. "Ой атаң гөрү, мен да ушундай болсом, атылып жаткан адамды сактап калгандан жакшы эмне бар" деп жүрүп, бирок адвокат болбой калдым. Тагдыр экен. Эмне менен сыймыктанасың деп атасың, мен өмүрүмдө жамандыкка барган жокмун, адилетсиздик кылган жокмун. Чоң кызматтарда жүрсөм да өзүм үчүн деп бир байлык жыйнаган жокмун. Азыр ойлонуп көрсөм туура эле кылган окшойм. Анткени абийирим таза. Мен ушунума сыймыктанам деп айтсам болот. Калгандарын айтып жатасың, бирок кыйратып ийген деле иш кылган жокмун.
Эки муундун өкүлдөрү деп сурап калдың, азыркыны биздин заман менен салыштырып болбойт. Биз мектепке барганда кагаз, карандашы жок барчубуз. Муну азыр неберелериме айтсам "не может быть" деп ишенишпейт. Ал эми азыркы жаштарда бүт мүмкүнчүлүктөрү бар. Ишеним болбосо, жинди болуп кетпейсиңби, андыктан жаштарга ишеним бар. Бирок камтама болгон жагым да көп, себеби жаштар терс жактарга көбүрөөк ооп кетпесин деп бушайман болом.