БШКнын төрагасы Лисовскийдин жардамчысынын сөөгү өз кабинетинен табылды
Өткөн жумада "БШКнын жетекчиси В. Лисовскийдин жардамчысы өзүнүн кабинетинде каза болуптур" деген кабарды угуп, дароо ал жакка барганыбызда, тез жардам машинеси менен милиция кызматкерлери эчак ошол жерде ызы-чуу болуп жүрүшкөн экен. Ошол жерден эле формачан кызматкерлер өз ара " наркотиктиктен "передозировка" болуптур, чөнтөгүнөн да наркотикалык зат табылды" деп күбүр-шыбыр сүйлөшүп жатканын кулагыбыз чалды. Тилекке каршы, ичкери эч кимди киргизген жок… Редакцияга келип, уккан маалыматты тактоо максатында БШКнын кичинесинен чоңуна чейин телефон чалганыбызда телефонду эч бир адам көтөргөн эмес. Гезиттин жаңы саны чыгаарда дагы бир жолу тактаганга аракет кылдык. БШКнын басма-сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сатымбаевич "Алмаздын өлүмүн наркотиктен улам каза тапты деп айткан туура эмес маалымат болуп калат го. Туугандарынын айтымында жүрөгү токтоп калыптыр" деген гана пикирин билдирди. Ашыкча маалымат бере алган жок. Ал эми ИИМдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Бакыт мырзага кайрылганыбызда ал дагы Судмедэкспиртизанын жыйынтыгы чыкмайынча, маалымат бере албастыгын, качан гана алар өз жыйынтыгын чыгарганда "сводкага" чыгаарын билдирди. Эки жак тең ашыкча маалымат бергенден абайлап турушса, "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деген ойго да кетет экенсиң. Болбосо, Алмаз жүрөгү кармап калчу куракта деле эмес экен. Болгону 33 гана жашта тура. Кесиби- юрист. Шайлоо алдында БШКга чакырылган адистердин катарында келген. Иш билгилиги, тыңдыгы менен өзүн көрсөтө алгандыктан В. Лисовский өзүнүн жардамчысы кылып биротоло кызматка алып калганына бир айдын гана жүзү болуптур.




- Кандайсың? Эмне жаңылык?
- Жаңылык деле жок...
"Асман пресс" гезитинин мурдагы сандарында МАИнин мурдагы начальниги, маркум Рысбек Керимбаевдин үч кабаттуу үйү анын мурдагы жубайы Күлүйпа Керимбаева менен кийинки жубайы Чынара Турабахунованын ортосунда талашка түшкөнү туурасында макала жарыяланган эле. Биздин гезитти ошол макала туурасында Турабахунова сотко бергендигин соттун катчысынан оозеки түрдө телефон аркылуу кабардар болдук. Бирок, "Келип кагаздар менен таанышып кеткиле" деген катчы кыздын чакырыгына, колубузга эч кандай чакыруу кагазы келе электигине байланыштуу биз сотко бара албасыбызды билдирдик.
***
Эки күн мурда президентке мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо боюнча долбоордун биринчи бөлүгү жумушчу топ тарабынан сунушталды. Кандай жооп болот алдыдагы сандарда кабарлайбыз.
***
АКШ эми Борбордук Азияга өзүнүн атайын даярдыктагы аскерлеринин батальенун жайгаштыруу ниети бар экендигин билдирүүдө. Азырынча анын планы иштелип, анын үстүнө Борбордук Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин уруксатын күтүп жаткан учуру. Алардын мындай аракеттерин айрым саясий аналитиктер туура деп эсептешсе, айрымдары коркунучтуу экендигин божурашууда. Кээси болсо муну Россиянын отуна май чачуу катары баалашууда.
***
Оппозициялык партиялар кайрадан "биз барбыз" кыязында кырдан көрүнө башташты. Жакында БЭКтин белдүү мүчөлөрү баш кошуп, "Ата-Мекен" партиясы менен СДПК партиясын бириктирүү туурасындагы ойлорун ортого салышты. Президенттик шайлоодо 8% добушка ээ болгон СДПКнын лидери А.Атамбаев "Ата-Мекендин" лидери Ө. Текебаевдин колтугуна баш катып жатабы же тескерисинчеби, азырынча белгисиз.
***
Кыргызстанды өнүктүрүү фондунун жетекчиси Алексей Елисеевди президенттин уулу Максим Бакиев менен жакшы мамиледе экендиги, экөө классташ болуп андан жардамдарды алып тураарлыгы туурасындагы маалымат тараган. Көрсө Алексей мырза менен Максим бир университетти аякташкан экен. Бирок, классташ болушкан эмес. Елисеев туурасында эмне үчүн кеп козголгондугун айта турган болсок, ал жетектеген Кыргызстанды өнүктүрүү фонду аркылуу Орусиянын 300 миллион доллары, Камбар-Ата ГЭСине жумшалчу акча, Кумтөрдөн Ысык-Көлгө бериле турган миллион доллар жана АКШ транзиттик борбор тууралуу келишим түзүп жатканда убада кылынган 20 миллион доллар сарпталмакчы.
***
Улуттук байланыш агенттигинин стат-катчылыгына Алмазбек Кадыркуловду дайындоо туурасындагы премьер-министрдин жарлыгы чыкты. Алмазбек мырза мурда Билим жана илим министринин орун басары болуп келген.
***
Кечээ Балыкчыда 23-июлдагы окуяга байланыштуу кезектеги сот иши уланып, күбөлөр суралды. Кызыгы айрым күбөлөр мурда берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартышкан.
***
"Шайлоолор жаңы саясий кырдаалдын түзүлүшүнө таасирин тийгизди" деген "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев өзү жетектеген партия мурдагыдай эле оппозициялык партия бойдон калаарын билдирди.
***
Кыргызстандагы оппозициячыл мен-мен деген партиялардын бири катары саналган "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Айрым оппозициялык лидерлер өздөрүнүн саясий ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууга аргасыз болушту" деп билдирди. Деген менен оппозиционерлер күрөшүн токтотпой тургандыгын да айтты.
***
"Акыйкатчы Турсунбек Акунду атып кетти" деген маалымат коомчулукка тарап, "Чын-бышыгын билип бергилечи" деп редакциябызга байма-бай чалгандар эсибизди эки кылды. "Демейде журналисттер маалыматты биринчи укчу эле, силер кайдан уктуңар?" десек, "Айтышты" дешет. Бирок, ким айтканын так билген киши жок. Демек, кайсыл бир жаман ойлуунун жаман ушагы экен деп тим болдук. Тукенин андай деле жаманчылыгы жок эле го десең...
***
Күздүн күркүрөгөн күндөрүнө аралаш реорганизация дегендин добушу дагы улам катуулай баштады. Жакындан бери Маданият министрлиги Билим берүү министрлигине кошулат экен деген маалымат да желдей тарады. Экономика министрлигин болсо Каржы министрлигине кошот экен дегендер да жок эмес. Мунун арты кандай болоор экен?