Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Мыйзам "чаккан" мээлер

Азыркы парламент "легендарлуу" боло алабы?
Депутаттар каникул сайын жайды жайлай жакшы эле эс алышат. Анан ооматы келип, шапар тепкенге да шарттары түзүлүп турса кантип баш тартсын? Айрымдардын ичинен "Тогуз ай бою толготуп мыйзам токуйбуз, эл деп жүрүп чарчайбыз, стресске кабылып. Парламентти таркатат дегенди укканда эс алып жатып эсибиз чыкты. Андыктан эс алууга толук укугум бар" деп өзүн өзү сооротуп да коет. Чындап эле чарчагандары да бар, андай депутаттарыбыз мээлерин жакшылап сергитип келбесе иш жүрбөй калат.

Бирок арасында уктап отургандары да жок эмес, эки жылдан бери жок дегенге ырымга бир демилге көтөрүп коюу колдорунан келбептир. Мунун себебин кантип түшүнсө болот? Алар ушунчалык эле жалкообу? Же байкабай башка иштерге аралашып алып, алаксып бошой албай жүрөбү? Балким алар канчалык аракет кылышса да болбой, мыйзам жазууга акыл-эс көрөңгөсү, билим деңгээли жол бербей жүрбөсүн? Мындай болушу толук мүмкүн. Анткени алардын арасында "Акжолго" кокусунан квотанын шарапаты менен, кызылдай акчанын күчү менен келип калгандары да жок эмес. Кандай болгон күндө да ар бир окурман береги тизмеге көз чаптырып өзү жыйынтык чыгарып алганы оң.
Алдына адам салбаган мыйзамчыларыбыздын биринчи бешилигине З.Курманов, К.Исабеков, И.Масалиев, А.Сабиров жана аялзатынан жалгыз Д.Молдошева кирет экен. Ал эми оозун ачып, оюн айтканга алы келбеген депутаттарыбыздын саны берки "отличниктерге" караганда алда канча көп болуп жатпайбы. Эгер ЖКнын аппаратынын берген отчетуна таянып айта турган болсок, мобул тизмедегилер чындап эле легендарлуу парламенттин депутаттарынан ашып түшчү түрлөрү бар экен: А.Арапбаев, Э.Арсалиев, Р.Шин, Т.Шабанова, Ж.Кудайбергенов, А.Кодуранова, К.Кадыров, Ж.Жакыпов жана А.Бурханов.
Дагы бир жагдай, медалдын экинчи жагын да эске алганыбыз оң, кеп мыйзам демилгелеринин санында эле эмес, сапатында. Демилгенин баары эле мыйзам болуп кете бербейт. Кайра-кайра окуудан өтүп далайы, айрыкча акжолчулар, сабатын депутат болгондон кийин жоюп жүрүштү. Активдүүлүгүн көрсөткүсү келгендер четтен чыгат. Кабыл алынбай четке кагылып, комитеттерде чабылып ара жолдо калган долбоорлордун көптүгү иштин чийкилигинен, депутаттын сабатсыздыгынан кабар берет.
Отчетто көрсөтүлгөн аралыкта кеп кыла турган кызыктуу бир топ мыйзам долбоорлору иштелип чыгыптыр. Мисалы, А.Салымбеков баштаган бир катар депутаттар Бишкек шаарынын Октябрь районун И.Раззаков, Биринчимай районун Ч.Айтматов, ал эми Свердлов районун Төкөлдөш району деп атын которуу тууралуу демилге. Аш-тойлорду теске салган долбоор да токулуп кетти. Диний уюмдар тууралуу кабыл алынган мыйзам убакыттан уттуруп кабыл алынса да эл бузар эмиссарлар үчүн жакшы эле сокку болду. БУУнун Кыргызстандагы координатору Нил Волкер ушул мыйзамдын өтүп кеткендигине күнү бүгүнкүгө чейин бармагын тиштеп отурат. Кызуу талаш жаратканы - аскер системасын коммерцияга айлантып жиберген мыйзам болду. К.Исабеков Кумтөрдү улутташтырабыз деген долбоорун сунуштаган, айнып кайра артка чакыртып алды. Социал-демократ Б.Бешимов "КР Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу" (87-09) мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизели деди эле, анысын акжолчулар эки колдоп четке кагып коюшту.
Өткөндө өлкө башчысы К.Бакиев ЖКнын трибунасынан "силер да легендарлуу парламенттей болгула" деди, азыркыларды легендарлуу парламент менен салыштырып өттү, ошолордон кем эмессиңер деген таризде. Ар бир чакырыктагы парламентибиздин баары эле легендарлуу боло берсе билбейм кайда барабыз? Азыркылар менен кайран легендарлуу парламентти салыштыруу - танк менен ташбаканы салыштыргандай эле кеп! Танк деген танк, а ташбакачы? Бу жарыктык ташбакаңдын ордунан козголуп коймогу эле бир тозок. Жомогунда деле, анекдотунда деле шылдың болуп жүргөнү эле болбосо, деле бирдемени кыйрата турган неме эмес. Бирок жанын жакшы сактайт, кичине эле коркунуч туула турган болсо бириң өлүп, бириң кал, мен аман болоюн дейт. Ташына башын катып жата берет. Душманга айбат кылганды кой, үн катып коюуга жарабайт. Кара жанын калкалаганы эле болбосо, бардык жаныбарлардын жаман сапаттарын чогултуп алган. Анча-мынча арстандарга анан кээ бир түлкүлөргө ушундан өткөн өнөктөш табылбайт окшобойбу, тап берем десең таш, алдайт элем десең аш болуп берет. Кулак-мээни да жебейт, балык тим эле, момпосуйдай болуп. Каалаганыңдай калчасаң болот. Анан азыркы "Акжол" парламент менен легендарлуу парламенттин кимиси ташбакага, кимиси танкага окшош болуп атат? Кандай кишилер эле танк менен ташбаканын айырмасын билбей калат болду экен?

Таблицада 2007-жылдын декабрынан тарта 2009-жылдын июнь айына чейинки аралыкта мыйзамчыларыбыздын кимиси кандай иштегени - кимиси канча мыйзам демилгесин көтөргөндүгү келтирилген.





Парламенттин
Аксакалы - Бейшенбек Акунов
Кичүүсү - Максат Кунакунов
Сулуу, сымбаттуу мырзасы - Азиз Турсунбаев
Сулуу, чырайлуу айымы - Мария Исанова
Оор салмактагы мырзалары - Алишер Сабиров, Зайнидин Курманов
Эң арык мырзасы - Аскарбек Шадиев
Бойлуу мырзасы - Арапбай Төлөнов
Бойлуу айымы - Чолпон Абдуллаева
Бийчи мырзасы - Бакыт Төрөбаев
Ырчы айымы - Чолпон Баекова






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
17-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТАКЫР МЫЙЗАМ ЖАЗБАГАН ТОГУЗ ДЕПУТАТЫБЫЗ БАР
2-бет
Кандайсың? Эмне жаңылык?
- Жаңылык деле жок...

3-бет
Ишенбай Абдразаков, коомдук ишмер: "Акылдуу оппозиция өлкөнүн бактысы"
4-бет
"Говорить" Кыргызстан
5-бет
Азыркы парламент "легендарлуу" боло алабы?
6-бет
Бакиевдин командасына
кимдер келсе... кимдер кетсе... кимдер калса...

7-бет
Аскар Акаев:
"Бул үйдө өмүрүмдүн калганы өтсө дегенмин"

8-9-бет
Ооз ачканда
10-бет
2005-жыл биздин жеке турмушубузга төңкөрүш алып келди
11-бет
Студент кино тартканда
12-бет
Лариса Асанбекова, академик, эниоинженер, парапсихолог:
"Биз тазаланышыбыз керек"

13-бет
Эфирден эмчекке
Азис Шаршенбаев:
"Журналистикага да, медицинага да билимим жок эле келдим"

14-бет
Түстөр сиз үчүн...
15-бет
Келиндин келгендегиси...
16-бет
Cалат жаптыңбы?










??.??