Cалат жаптыңбы?

Гүлнара Кахарова
Ырчылардын аты аталса эле концерт берет бекенби деп кулак түрүп калышат го. Биз күркүрөгөн күздө алардын кышка болгон камылгасы кандай болду экен деген кыязда ашканасын "тинткенге" аракет кылдык. Көз чаптырып, көңүлгө туура келгени болсо сиз дагы ырчылар жеген салаттардан кышта жеп тургандай ашканаңызды дагы бир түр салатка толтуруп алсаңыз болот.

10 литр салатка керектелчүү азыктар:
Эт - 3кг
Пияз - 4 чоң даана
Кызыл болгар калемпири - 5 кг
Көк болгар калемпири -
3 кг
Помидор - 15 кг
Капуста - 1 чоң даана
Чеснок - 5-6 даана
Ашкөк - 2 боо (куча)

Эт салаты
Даярдоо ыкмасы: Керектелүүчү азыктардын бардыгын жакшылып жууп, тазалап алган соң, жашылчалардын баарысын кубик түрүндө туурап алабыз. Алгач этти кадимки суу майга кууруп, аны чоң идишке салып алабыз. Андан кийин пиязды кууруп, эттин үстүнө салабыз. Кызыл, көк болгар калемпирин майга бир аз гана кууруйбуз да, аны чыгарып алгандан соң капустаны салып 5-10 мүнөт кууруп, аны дагы эттин үстүнө салабыз. Помидорду туурагычтан өткөрүп, даяр болгон томат согун казанга куюп, үстүнө куурулган азыктарды ( казанга салардан мурда аралаштырып алабыз) салабыз. Татымына жараша туз саласыз. Анан чеснок, ашкөктөрдү салып, бир аз кайнаганда эле даяр, буулаган банкаларга куюп, жаап коёбуз.

Гүлзат Байзакова
Баклажан салаты

10-12 литр салатка керектелүүчү азыктар
Сабиз - 5 кг
Кызыл болгар калемпири - 4 кг
Ачуу болгар калемпири - 0,5 кг
Баклажан - 4 кг
Пияз - 0,5 кг
Помидор - 5 кг
Чеснок - 0,5 кг
Ашкөк - 2 боо


Даярдоо ыкмасы: жашылчалардын баарысын алгач узун, ичке кылып туурап алабыз. Андан соң казанга азыраак суу май куюп, пиязды кууруйбуз. Пияздан кийин сабизди салып 10 мүнөттөй кууруп алабыз да болгар калемпири менен чогуу баклажанды салып, 10-15 мүнөт кууруйбуз. Татымына жараша туз салып коёбуз. Акырында тууралган помидорду, чеснок, ашкөктү салып 20-30 мүнөт кайнатып, даяр, бууланган банкаларга куюп, жаап коёбуз.

Кенже Дүйшеева
Куурулган салат
10 литр салатка керектелүүчү азыктар:
Суу май - 1 литр
Сабиз - 5 кг
Пияз - 1 кг
Кызыл болгар калемпири - 5 кг
Капуста - 2 чоң даана
Баклажан - 3 кг
Помидор - 5-6 кг
Райхан - 1 боо
Чеснок - 1 кг

Даярдоо ыкмасы: Керектелүүчү жашылчаларды жууп-тазалап алгандан кийин, аларды төрт бурчтук түрүндө туурап алабыз. Андан соң казанга бир литр майды куюп, биринчи пиязды кууруп алгандан кийин, тууралып даяр болгон жашылчаларды салып 10-15 мүнөт кууруйбуз. Татымына жараша туз салабыз. Куурулуп даяр болгондон кийин помидорду салып, жакшылап аралаштырып, 30-40 мүнөттөй кайнатып, бууланган банкаларга куюп, жаап коёбуз.

Диета салаты
10 литр салатка керектелүүчү
азыктар:
Сабиз - 2 кг
Помидор - 10 кг
Болгар калемпири - 7 кг
Баклажан - 1 чоң даана
Капуста - кичирээк 1 даана
Чеснок - 3 даана
Ашкөк - 2 боо

Даярдоо ыкмасы: Керектелүүчү жашылчаларды жакшылап жууп-тазалап алгандан соң, баарысын төрт бурчтук кылып туурап алабыз. Бул салат кадимки эле дымдама жасалгандай эле даярдалат. Казанга отту жакпай туруп помидорду салабыз, бирок май куюлбайт. Андан кийин калган жашылчаларды салабыз. Баарысын салып, казандын капкагын жапкандан кийин гана от жагып, кайнатабыз. Татымына жараша туз саласыз. Жарым саат кайнагандан кийин даяр бууланган банкаларга куюп, жаап коёбуз.

Жанетта Бобкова
Быйылкы кышка жүз банкадай консервация жаптым. Элүү варенье, калгандары салат. Биз үй бүлөөбүз менен приправаны жакшы көрөбүз. Ошондуктан бул салатты көбүрөөк жасап, бакалашкаларга куюп, муздаткычка сактап койдум.

Анжелика Бекболиева
Быйылкы кышка жакшы эле даярдык көрдүм. 70-80 банка жаптым. Алардын 20сы малина, 10у кулпунай, 10у алча. Малина вареньесин жакшы көргөндүктөн дагы жасап алам го. Ал эми салаттарды жасоодо апам жардам берип, биригип бадыраң жаптык.

Назира Жетигенова
Негиз эле мен кышка жакшы даярданам. Үйгө конок көп келгендиктен кышкы варенье, салаттын көп түрлөрүн жасаганга аракет кылам. Жалпысынан быйылкы кышка 150-200 банка жабайын деп турам. 70-80 банка варенье, калгандары салат. Азыр убактым аз болуп, салаттарды жасай элекмин.

Анапия Райымбекова
Быйылкы кышка карата 100гө жакын консервация жасадым. 50-60 банкасы варенье болсо, калганы салат. Негизи эле мен салатка караганда вареньенин түрлөрүн көп жабам. Себеби, биз үй-бүлөбүз менен таттууга жакынбыз.

Айчүрөк Иманалиева
Кышкы консервацияларды даярдоого мен аябай көңүл бурам. Билген салат, вареньемди акыркы банкам калгыча жаба берем. Себеби, булар кышта табылгыс витамин да. Быйылкы кышка салаттын, вареньенин көп түрлөрүн жасадым. Жалпысынан 200дөй банкам бар. Өткөн жылдагы кыштан айрымаланып, быйыл компоттун да түрлөрүн жасадым. 50-60тай банка варенье, калган банкаларга салаттын түрүн жаптым.

Мээрим Мураталиева
Өткөн жылдардагыдай эле быйылкы кышка да варенье, салаттын түрлөрүн жасап, камдап койдум. Кышка карата консервациянын көп даярдайм. Болжолумда быйыл 200-250дөй банка салат, варенье жасадым. Канчасы салат, канчасы варенье экенин так билбейм. Көпчүлүгү салат. Салаттардын баарысын өзүм даярдайм.

Гүлнара Тойгонбаева
Вареньелердин түрлөрүн айылдагылар жасап, мага берип жиберишет. Ошондуктан мен үчүн кышка карата варенье жасаштын зарылчылыгы жок. Ал эми салаттардын 3-4 түрүнөн 50 банкадай жаап коём.