Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Майрам Акаева

Келиндин келгендегиси...
Биздин үйлөнүү үлпөтүбүздүн романтикалуу салтанаты Ленинградда өттү. Үлпөтүбүз кыргыз жана орус салттарына аралаш жүрдү. Жайкы каникулдун, кайталангыс буурул түндөрдүн мезгили эле. Бизди жаштык дем, бакыт жылоолоду. Кол кармашып, бирге тургандан артык эмне бар! Бирок, мезгил өз түзөтүүсүн киргизип, турмушка кандай туруктуу экенибизди сынады.
Институтту аяктагандан кийинки бөлүштүрүүгө ылайык, мен өз мекениме жөнөөгө тийиш болдум. Борбордук жогорку окуу жайына атайын кабылдоонун бир максаты-институтту бүткөндөн кийин ар ким өз республикасына барып иштөөгө тийиш эле. Аскар бул учурда Ленинграддагы так механика жана оптика институтунун (ЛИТМО) аспирантурасында окуп жаткан.
Албетте, Аскар мени менен чогуу барып, өз үйүнүн босогосун өзү аттатып, туугандарына тааныштырып, анан той өтсө эң жакшы болмок. Ушундай болсо, эзелки салтка да ылайык келмек. Тилекке каршы, аттиң, чогуу жөнөй албадык. Эки билетке акчабыз жок эле. Аскар мени жалгыз узатты, мен болсо кайнатамдын үйүнө өзүм барууга мажбур болдум.
Фрунзеден мени кайнагам, жеңем, балдары менен бирге тосуп алып, өз үйлөрүнө алып барышты. Ал жерде мени кайненем күтүп туруптур. Кыргыздарда мындайды элестетүү кыйын-жаңы келин жалгыз келатса... Бул көрүнүш калк каада-салтына шайкеш келбесе да, турмуш, жагдай ошондой болуп жатса кантебиз.
Коркконуман, сүрдөгөнүмөн дирилдеп, босогону араң аттадым. Эң алгач көзүмө урунганы эмне дебейсизби? Аскардын апасынын-кайненемдин нурлуу жана мээримдүү көздөрү! Ал эшикти өзү ачып, мени алкап жиберди. Отурарыбыз менен телефон чырылдап калды. Ленинграддан Аскар чалып турган экен. Кайрыш жеңем телефонду кайненеме сунду. Бирок ал адагенде телефонду арыраак жылдырып, алыстагы уулу көрүп тургансып жоолугун оңдоп салынып, боюн жасанып-түзөнгөндөн кийин гана адеп сактап акырын сүйлөшө баштады. Ичимден ойлойм: "Кудай-ай, апасы кандай гана жакшы киши! Уулун жана өзүн кандай ызаттайт!"
Салт боюнча андан ары Кеминге - чоң үйгө барышым керек эле. Ата-эне турган жерди "чоң үй" деп коюшат эмеспи. Апабыз (ал киши Аскар сыяктуу "апа", "апам", "апабыз" деп көндүм) айылга эртелеп жөнөп, андан кийин биз кайнагамдын үй-бүлөсү менен чыктык. Тоонун тар капчыгайын аралап баратканыбыз аликүнчө эсимде, кейпи, автолавкада чыгаар. Көпкөк асман көк кашка тунук суу, улам имерилген жол гана көрүнөт. Айлуу түн. Жымыңдаган сансыз жылдыз... Ажайып түндүн кооздугуна суктансам да, ар санаа башка келет. Кайындарым кандай болду экен, Аскар жанымда жок айылга барганым кандай болор деп убайым чегем.
Айылда чоң той беришти. Меймандар, агайын-туугандар арбын келишти. Бул менин турмушумдагы жөнөкөй сыноо эмес эле.
Буйрук ушундай экен, өз кайнатамды көрбөй калдым, бирок ал киши жөнүндө жакын туугандар менен коңшу-колоңдордон жалаң гана жакшы сөздөрдү уктум. Атабызды улуу-кичүү урматтап, атын айтпай Молдоке деп коюшчу, анткени өз мезгилине жараша жакшы билим алып, Токмоктогу белгилүү медресени да бүтүрүптүр. Акыйкат, адилет адам эле деп айтышканын көп уктум, айылда азыр да ал кишини ызаттап, терең урмат менен эскеришет. Балдары жалкоолонуп, убакытты текке коротконун жактырбай, баарынан келишпегени эринчээктик экен. Аскар Ленинградга аттанаар алдында эркек катары эки кеңеш бериптир: "Эр адамды ат жалынан оодара тартаар эки жаман нерсе бар: шарап менен тамеки. Экөөнөн тең алыс бол. Эгер колуңан келбесе, шарап ич, бирок, ченемин бил". Кандай акылман сөздөр! Башка бардык терс көрүнүштөр ушул эки балекеттен башталат эмеспи.
Балакатка баш койгон ар бир бала алынын келишинче, абийиринин жетишинче тынбай эмгектенүүгө тийиш деген ишенимде экен. Жаштайынан чыйралтканы уулу Аскарга эң оор кыйынчылыктарды жеңип чыгууга көмөктөштү деп ойлойм.
Бейтааныш адамдар арасына жалгыз келүү мен үчүн кыйын эле болду. Элестетип көрүңүзчү: ата-эненин үйүндө өзүнүн келин болуу тою өтүп жатса... жаш келин жалгыз. Кимдин аркасына көз жашырарыңды да билбейсиң. Чыгыш аялдары үчүн бул, албетте, катаал сынак. Орто Азия үчүн дегеле ойго келбес нерсе. Ошентсе да, апабыз, жаңы таанышкан кайындарым ушунчалык мага кам көрүп, мээримдүү мамиле жасаганы көңүлүмдү өстүрдү. Бул биздин жаш үй-бүлөбүзгө бардык сыноолордон татыктуу өтүүгө дем берди. Аскар агайын-туугандарына, бардык акылдаштарына кадырлуу экени да маанилүү роль ойноду. Асыресе, анын Ленинградда чоң ийгиликтерге жетишип жатканын билишчү.
Кайнагамдын үйүндө жашап турдум. Бул да оңой иш эмес. Ырыс-ынтымактуу үй-бүлөнүн да өз түйшүгү, көйгөйлөрү болбой койбойт, ал бир бооруң болгон күндө да, үй ээлерин мейманда жүргөндөй эле абалга калтырат, кысынтат.
Бөлүштүрүүдө университетке туш келип, жумушка эт-бетимен кириштим: кечээки студентке бүгүн сабак берүүгө туура келди жана аспирантурага өтүү үчүн эң татаал экзамендерге даярдык көрө баштадым. Колум бошобойт, эч нерсеге чолоом тийбейт. Эми эстеген сайын минтип ойлой берем: Кайрыш жеңе кантип гана чыдады экен? Ал кишинин мүнөзү да жеңил эмес экенин, турмуш-шарттын оорчулугун: бүтпөгөн үй тиричилигин, жаш балдарын бапестеп, жаштардын кечки мектебинде дагы иштегенин эске алууга тийишпиз. Күз чукулдап калгандыктан, күнү-түнү менен консервациялоо менен алек, айнек-банка идиштер, компот, салат, маринад тимеле конвейердей агылат. Ал кезде ар бир советтик үй-бүлө кышка жашылча-жемиш камданчу эмес беле.
Кайрыш жеңе өзү кийим тигет, сайма саят, айтору, эң эмгекчил. Мен болсо, жеңемдин түйшүгүн бир азыраак жеңилтүүнүн ордуна китепканадан чыкпайм, үйгө келсем өз китептеримден, конспектиден баш көтөрбөйм. Жогорку окуу жайына сабак берүү бар күчүмдү, бүт убактымды алат. Мунумду ичтен жактырышпагандыктарын сезсем да, башка аргам жок: окуй бердим, студенттерди окута бердим. Дем алыш күндөрү Кеминге, апама жөнөйм.
Дүйшөмбү күнү Фрунзеге ишке баруу үчүн таң атпай автобуска түшүүм керек. Апам мени кантип ойготкону өмүр бою эсимден чыкпай калды. Кыргыздар жаш келинге катуу айтпайт эмеспи. Апам да алыстан айландыра, жумшак сүйлөйт: "Күндүн көзү көрүнүп калды, ысык чай ичели, айланайын, жанагы аптобус дегениң күтөөр эмес..." Кыскасы, баладай эркелетип, аяр мамиле жасайт.
Узатканы да өзүнчө шаан-шөкөт. Мени сөзсүз түрдө автобуска чейин коштой барып, айдоочудан жакшы жеткир деп өтүнөт, жүргүнчүлөрдөн көз сала баргыла деп суранат. Чын пейилден, ак пейилден бардыгына табыштайт. Турмуш ушундай майда нерседен кураларын бара-бара, жылдар өтө гана сездим. Мындай мээрмандык ар кимге эле буюра бербейт. Апаңызга айрыкча жылуу мамиле жасайсыз деп калышканда, мен минтип жооп берем: "Бул таалим толугу менен апама таандык". Ар пендени ардактап, аяп, ар биринин камын ойлогон Кудай сүйгөн адам эле кайненем!
Адамгерчилик мээрман мамиле көңүлүмдү кушубак кылды. Ардактуу апамдын камкордугун, кам көргөнүн ар дайым сезип турамын. Бир болгон иш эсимде. Абысындарым жемелеп калды: үй жумушуна жакшы кол кабыш кылбайсың, килемди бизге эмес, төркүндөрүңө алып бердиң...Кыскасы аялдардын боло берер ич күйдүсү.




  Рабиха Алыбаева

Раатбек Санатбаев
Раатбек ордолуу Ош шаарында, болгондо да ыйык Сулайман тоосунун этегинде, үй-бүлөдөгү экинчи уул болуп төрөлүптүр. Ушундан улам, кээ бир уламыштарга ишенгиң келет. Көп кылымды карытып, чалкайып жаткан Керме тоонун чоң касиети жаңы, жарык дүйнөгө келген наристенин келечегине тоодой таалай ыроолосо керек деп ойлойсуң. Кантсе да, болочоктогу чемпиондун тагдырына үч миң жылдык тарыхы бар ордолуу Оштун, сандаган адамдар келип сыйынган Сулайман тоонун, сөөгү Көгартта жаткан Курманбек баатырдын, анан дагы атасы Калыбектин касиети арбак болуп колдогон купуя таасири бардай туюлат мага. Курманбек баатырдын арбагын атаганыбыздын себеби-булардын түбү айтылуу Курманбек баатырдын урпактарынан болот деген да сөздөр айтылып жүргөнү.
"Ата балага сынчы",- дейт го элибизде. Анын сыңарындай, атанын тилеги орундалганбы деп ойлоп кетем. Анткени Раатбектин бир окуяны айтып бергени эске түшөт...
"Бир жолу атам жана анын бир топ достору болуп Жалалабаттан айылга баратканбыз. Мен атамдын артында олтургам. Атам досторуна мактанып айтып атпайбы: "Кудай буюруса, көрөсүңөр, ушул уулум атактуу адам болот, дүйнөнү дүңгүрөткөн чемпион болот", - деп. Анда спорт дегенден кабарым да жок. Атама аябай жиним келип, араң бараттым. Кийин чоңойгонумда, спорт менен алектенип, чоң спортко аралаша баштаганымда атамдын тилеги келдиби, билбейм, адегенде Кыргызстанга, анан бүткүл дүйнөгө тааныла баштадым. Айылга барып, баягы атам мактанган досторуна жолуккан сайын, алар: "Кудай Таала атаңдын оозуна сала берген экен, балам. Мына, бүт дүйнөгө атагың чыккан балбан болдуң. Досубуз Калыбектин атасы Санатбай балбандын, бабаларыңдын арбактары колдоп жүрсүн. Өмүрлүү бол, айланайын!" - дешип, сүйүнгөндөрүнөн көздөрүнө жаш алып, баталарын беришет эле. Мен аларды көргөндө, "Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн" деген сөздүн маңызына терең түшүнүп, атамды көргөндөй бир топ жеңилдей түшөт элем. Апамды, атамдын курбу-курдаштарын, досторун тез-тез көргүм келе берет. Жүрөгүм негедир киндик каным тамган, туулуп өскөн жериме талпына берет, - деген Раатбек.
Чоң спортто эң биринчи иретте адамдын мүнөзү маанилүү ролду ээлейт. Анткени эрктин бекемдиги, эмгекчилдик, беттегенин бербеген, көздөгөнүн куру кетирбеген жигердүү адам гана ийгиликке жетери бышык. Раатбекте бул касиеттердин баары бар эле. Ойлойсуң, өзүнүн бир туугандарынан, теңтуштарынан айрымаланып, өжөр, көк, жаны тынбас эмгекчилдик кайдан келген деп. Жогоруда биз Раатбек Санатбаевдин атасы, чоң атасынын кимдер экендигинен учкай да болсо кабар айта кеттик. Эми сөз балбандын эне жаатынан болсун.
Баарыбызга белгилүү, Раатбектин энеси Дилбар эженин сырткы келбети уулуна өтө окшош. Бет түзүлүшү, узун бою, баскан-турганы бир караган кишиге: "Аа, Раатбек энесине куюп койгондой окшош турбайбы", - дегенди эрксиз оюңа салат. Ал эми тай изилдеп келгенде, апасынын теги да балбандык тагдырында аз эмес мааниге ээ болгондугуна ишенесиң.
Дилбардын балалык, тестиер кези аптаптуу Карасууда, Мөнөк айылында өтөт. Жеринен чыйрак кыз гүлдөй буралып, бат эле бой тартат, агасы Айтерим, эже-сиңдилери Гүлсайра, Ырыскандын жеңилин жерден, оорун колдон ала баштайт.
Дилбардын атасы Калы узун бойлуу, кең далылуу, өңдүү-түстүү, эмгекчил адам болгон. Калынын бир тууганы кыргыз элине белгилүү Топчубай Жусунов. Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры, атактуу пахтачы, колхоздун башкармасы эле. Ал тургай, Сталин менен кол алышып, Хрущев менен жолугушкандыгын айылындагылар узун сабак кеп кылып калышат.
Раатбектин таятасы болсо, ошол колхоздо бригадир болуп, өстүргөн пахтасынан мол түшүмдү алып, колхоздун экономикасын өстүрүүгө зор салым кошуп, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, социалисттик мелдештин бир нече жолку жеңүүчүсү болгон. Ал баарынан мурда адамды сулуу кылган да, улуу кылган да эмгек экендигин, "Эр эмгегин жер жебейт" деген макалды турмуш эрежеси катары тутунган инсан болгонун азыр да аны билгендер көп эскеришет. Ал үчүн балдарды эмгекке кенедейинен үйрөтүү керек экендигин какшап айтып, аны иш жүзүндө өзү көрсөткөн дешет.
Жайкы каникул маалында Калыбек менен Дилбар балдарын таятасыныкына дайым жиберип турушкан. Ошондой күндөрдүн биринде, ата-эне "дем алып" жүргөн балдарын сагынышып, кайынатасынын үйүнө айылдап келишет. Келсе, балдары таятасынын чарбасында иштеп, бети-баштары карала-торала, чачтары какмар-шакмар, тамекинин ширесине чапталышып, ботала болушкан, жалжылдап көздөрү эле калган. Муну көрүп, боору ачып, ичтеринен: "Эс алып, ойноп жыргап келишет десе, булар таза куруп калышкан турбайбы", - деп атасы Калыбек нааразы болгонунан сыртка чыгара албай, капа болот. Айрыкча, тестиер Раатбектин колдору кесилип, өңү шапайган. Ата-энесинин нааразы түрүн көргөн Калы таята мыйыгынан жылмайып тим болот.
Акыры балдары бети-колдорун жууп, түшкү тамакка отурганда, таэнеси таттуу кылып жасап берген кесмесин апылдата ичишип, бактагы мөмө-жемиштерден тартынбай жеп, анан нары эс алганы кеткен уулдарынын колу-буту узарып калган ата-энеге Калы ата күлүп: "Балдардын жанын тындырбай, эзип иштетиптир деп ичиңер ооруп турганын түшүнүп турам. Бирок, балдарды кыймыл, таза аба, анан адал эмгек чыныгы адам кылып тарбиялайт. Мына азыртан нандын кантип, кайдан табылаарын билип өсүшсүн да", - дейт. Таятасы Калы, баарынан Раатбекти өзгөчө өзгөлөнүп жакшы көрүп, андан келечекте кандай болбосун мыкты адам чыгаарына бекем ишенчү. Кез-кезде Раатбектин балбылдаган таза, ишенчээк көздөрүнө тигиле карап, маңдайынан сылап: "Сен биздин ата-тегибизди тартып, балбан, көкүрөгү кенен, шер адам болосуң",- деп эркелетип, алкап, мээримин төкчү экен. Анан да, байбичесине айтып, сүт үстүндөгү каймакты алдырып, ысык нан менен жедирчү экен. "Бул баламдын жарык маңдайында, кудайым ырыска шерик, дөөлөткө март жаратканы көрүнүп турат",- деп пайгамбарлык кылган экен. Аттиң, дүйнө!
Раатбектин чынчылдыгы, баштаган ишин акырына сөзсүз чыгарууга болгон аракети ошо кенедей кезинде эле сезилген. Таятасы Калы аба өз менчик жерине тамеки эгип өстүрчү. Тамекинин мыкты сортун таап, анын сырын билип, мол түшүм алчу. Күзүндө терип кургатып, аны кайрадан мамлекеттик баада пунктка өткөрчү. "Эс алууга" келген жээн-неберелери айрыкча ушул түйшүгү күч тамекиде иштешчү. Таятасын Раатбектин өзүнө берилген "тапшырма-нормасын" ашыгы менен аткарганга жасаган аракети аябай кубандырчу. Берки бир туугандарындай иштен жалактап качып турганын таятасы эч бир көргөн эмес. Ошондуктан таятасынын мээрими төгүлүп, батасын бергени да куру бекерден эмес эле.
Берки бир туугандары: Орунбек, Нурлан, Бакыт, Акылбек да таятасынын назарына илинип, алкышына татыктуу болгон. Бирок, шоктук, оюнкараактык аларды жеңип кетээр эле. "Аман болушса, булар да бир адам болоор",- дечү таятасы Калы.
Бир жолу Раатбектин иниси Орунбек бала кездеги окуяны айтып берип, мени күлдүрдү:
- Таятам Раатбекти бөтөнчө бизден бөлүп, өтө жакшы көрүүчү. Тамеки тергени келгенде, баардыгыбыз эле бирдей тергендей болчубуз, бирок Раатбек терген үймөк дайыма биздикине караганда ашыкча болуп чыкчу. Таятам Калы эмгек акы бөлүштүрө келгенде Раатбекке 200 рубль берсе болобу. Биздин ичибиз күйүп, таятамдын акча каткан жерин аңдып, бир күнү Акылбек экөөбүз таап, пачкасынын арасынан билгизбей акча сууруп алдык. Ай, бала кез ай! Раатбекке эрегишип ушул ишке барганбыз.
Үйдө эркек балдар көп болгондуктан, ызы-чуу түшүшүп, үйдү үч көтөрүшүп эле күрөшүп жатышчу. Үстөмдүк кылып бараткан Раатбекти көргөн атасы Калыбек ичинен кудуңдап сүйүнүп, анын күчүнүн беркилерден артыкча экенин баамдачу. Жубайы Дилбардын тынчсыздаган абалын басып: "Апасы, кейибе, эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун" деген. Ушинтип бышып, өздөрүнө бек болуп өскөнү жакшы", - деп сооротор эле. Кээде, бир тууган эжеси келгенде, балдарын күрөштүрүп, алар менен мактанса, эжеси: "Ботом, башкалар үйүндөгү дүйнөсү, мал-мүлкү, акча-пулу менен мактанат. Сен ушул кичинекей балдарыңдын күрөшкөнүнө мактанасың",- дечү. Анда Калыбек: "Эже, менин ушул сөзүмдү кийин эстээрсиң. Оу-у, бул Раатбегим аман болсо, дүйнөгө атагы чыккан балбан болот. Мен буга катуу ишенем!"-дээр эле.
Бардык балдардай Раатбек балалыктын миң түрдүү кызыгын көрүп, унутулгус күндөрдү өткөрдү. Алар жашаган "Спутник" кичирайону шаарга белгилүү аймак болчу. Анткени, чектен чыккан тентектер да, мыкты окуган кыздар-балдар да ушул райондон көп чыкчу. Бардык шаардык балдардай эле, алар да класстын, көчөнүн атын, абийирин "сакташчу".








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
17-сентябрь, 2009-ж.:
1-бет
ТАКЫР МЫЙЗАМ ЖАЗБАГАН ТОГУЗ ДЕПУТАТЫБЫЗ БАР
2-бет
Кандайсың? Эмне жаңылык?
- Жаңылык деле жок...

3-бет
Ишенбай Абдразаков, коомдук ишмер: "Акылдуу оппозиция өлкөнүн бактысы"
4-бет
"Говорить" Кыргызстан
5-бет
Азыркы парламент "легендарлуу" боло алабы?
6-бет
Бакиевдин командасына
кимдер келсе... кимдер кетсе... кимдер калса...

7-бет
Аскар Акаев:
"Бул үйдө өмүрүмдүн калганы өтсө дегенмин"

8-9-бет
Ооз ачканда
10-бет
2005-жыл биздин жеке турмушубузга төңкөрүш алып келди
11-бет
Студент кино тартканда
12-бет
Лариса Асанбекова, академик, эниоинженер, парапсихолог:
"Биз тазаланышыбыз керек"

13-бет
Эфирден эмчекке
Азис Шаршенбаев:
"Журналистикага да, медицинага да билимим жок эле келдим"

14-бет
Түстөр сиз үчүн...
15-бет
Келиндин келгендегиси...
16-бет
Cалат жаптыңбы?










??.??