Жол ачкыла жаш режиссёрго

Студент кино тартканда
Кылым көчүн карыткан кыргыз киносунун бүгүн-эртеңкисине өз жүзү менен жол аччу жаш режиссёрлордун кино айдыңында жылт этишине эки аспектиде маани бериш керек. Биринчи аспектиси, бүгүнкү заманбап технологиянын шарапатында кыргыз кино тармагын жаңы планкага көтөрүү жана баштапкы форматтагыдан айрымаланган жаңы идеяларга жол салуу. Экинчи аспектиси, бул иделогия концепциясында коомду тазартуу. Мына ушундай нукта кино жаратсам деп бел байлаган студент Бекказы Садабаев. 23 жаштагы жаш режиссёр менен маектешип, анын жаңыча көз карашы, режиссёрдук ички туюму алыска чабаарын байкадык...

- Бекказы, студенттик түйшүктөн тышкары режиссёрдук түйшүктү жонго салып, жаңы тасма тартып бүтүптүрсүң? Кино тартыш керек, ага мамлекеттен каражат керек өңдүү маселе менен дөө-шаа режиссёрлор ооруп жатса, катардагы студент кантип кино тартты экен?
- Кино тартуу, жаратуу көкүрөк дилдеги менин негизги кыялдарымдын бири болсо керек. Адам өзү сүйүп жактырган иш менен алек болуп, өзүн бу жашоодо тапса, анда ал кишинин жемиши ошол болот. Менин каалоом, менин тандоом бул түйшүктүү кесипке байланган. Студентсиңби же дасыккан режиссёрсуңбу эгер көкүрөктө туюм жок болсо сен жакшы тасма тарта албайсың. Көрөрмандардын эмоциясын башкарсаң, анын жан дүйнөсүн жарып өтсөң сенин режиссёрлук бийиктигиң далилденет. Буга чейин такшалуу үчүн тасма тартып аны жалпы коомчулукка алып чыгуудан алыс болгом. Азыркы тапта көрөрмандарга жаңы тасманы тартуулоо алдында турам. Стипендия алган студент кантип кино тартты деп таң калыштуу карагандар болуп жатат. Ачык айтсам, бул тасма башка адамдардын колдоосунда тартылган жок. Бир туугандарымдын жардамы чоң болду.
- Кино тартууда негизги өзөктү сценарий түзөт эмеспи. Сценарий тандоо кандай болду?
- Кино сценарийди өзүм жаздым. Негизги өзөгүн драматург Асанбек Кулманбетовдун "Таштанды кыз" аттуу чыгармасы түзөт. Аталган тасмада бүгүнкү күндөгү кыргыз элинин жүрөгүн ооруткан, санааркаткан жаштардын аянычтуу тагдырлары чагылдырылат. Бул тасмада таштанды кыздын, баласыз үй-бүлөнүн трагедиясын ачып берүүгө аракет кылдым.
- Элибиздин социалдык турмушун чагылдырган тасмалар көп тартылууда. Бирок, айрым тасмалар элдин купулуна толбой жатат. Силер канчалык деңгээлде өз идеяңарды тасма аркылуу ачып бере алдык деп ойлойсуңар?
- Элдин сынына түшө элек тасманы кыйраттым, ойроттум дебейм. Бирок, көргөн кишини кайдыгер калтырбасына ишенем. Кандай деңгээлде тарттым ага эл баа берээр.
- Актёрлорду кандай жолдор менен тандап алдыңар?
- Актерлорду тандоо көп убакка созулду. Арасында кыргыз драмтеатрында иштеген, белгилүү жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун "Бетме-бет" тасмасында роль жараткан Бузурман Одуракаев сыяктуу тажрыйбалуу актёрлор да болду. Ошондой эле такшалбаган, актерлукка жаңы гана кадам таштагандар да болду. Жаңы муундун таланттарын алып чыксак деген көксөөмө дале жете элекмин.
- Качан экрандан көрө алабыз?
- Буйруса бир, бир жарым айдын ичинде жаштардын күчү менен тартылган алгачкы тасманын бет ачарына күбө болуп каласыздар.
- Азыр айрым жаш режиссёрлор өздөрү тарткан фильмдери менен кинофестивалдарга катышып, жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Биз сөз кылып жаткан тасма менен кинофестивалдарга катышайын деген ниетиң барбы?
- Албетте, кыргыздын жаш, мыкты режиссёрлору өз тасмалары менен эл аралык фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп жатышат. Келечекте мен дагы ошондой кинофестивалдарга катышсам деген тилегим бар. Бирок, аталган фильмди фестифалдарга алып баруудан алысмын. Ал үчүн дагы көп такшалыш керек. Буюруса кийинки тарта турган тасманы фестивалдын талаптарына ылайыктап тартам деп пландап жатам.
- Кимге таасирленесиң?
- Никита Михалковго таасирленем. Анын кино философиясы менин жандүйнөмө жакын.
- Коммерциялык багытта тартылган тасмаларга сенин бааң?
- Көрөрмандардын табитин табуу ниетинде деле жакшы тасмалар коммерциялык багытта болсо да жогорку деңгээлде баалоого арзый турган кинолор бар. Чыгармачыл издөөдө акыры бир чекти кармаган тасма жаралаарын тастыктаган фактылар көп.
- Бекказы өзүң жөнүндө да кененирээк айта кетсең?
- Талас районуна караштуу "Арашан" айылында төрөлүп, өскөм. Үйдүн кенже баласымын. Мектепти "Манас" лицейинен окуп бүттүм. Учурда Кыргыз-Түрк-Манас университетинин коммуникация факультетинин радио-телевидение, кино искусство бөлүмүнүн 4-курсунун студентимин. Мына ушул факультетке тапшырып жатканда бир топ кыйынчылыктарды тарттым. Жаңы келген жылы туура эмес маалматтардан улам башка факультетке кирип алгам. Ал факультетте 2-курста окуп жатып радио-телевидение, кино искусство бөлүмүнө тапшырып өтүп кеттим. Ошо менен инжинердик кесибимди таштап өзүм каалаган бөлүмдө окуй баштадым. Мына ушундай талыкпас эмгектин, өжөрлүктүн арты менен кичине кезимден тилек кылган максатыма жетиштим десем болот.
- Францияга барганыңды да уктук эле. Ал жакка кантип барып калгансың?
- Сейтек балдар борборундагы "Байчечекей" этнографиялык бий ансамбили жана "Рахат" жаштар театры менен бирдикте музыкант болуп барып келгем. Чет жерге барып келгенден кийин мен кыргыздын чыныгы патриоту болдум. Мекен сүйүү бул башка нерсе экенин ошондо түшүндүм.
- Учурда жаштардагы эң көйгөйлүү проблема кайсыл деп айтаар элең?
- Мен азыркы жаштар арасындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири катары кайдыгерликти эсептейм. Кыргыз болуп туруп кыргыз экенин танган, кыргыз тилинде сүйлөгөндөн уялган жаштар мени абдан иренжитет.
- Кыргыз киносунун келечегин кандай элестетесиң?
- Кыргыз киносу 90-жылдардан бери аксап калганы баарыбызга эле маалым. Бирок, кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы 2-3 жылдын ичинде кайра жандана баштады. Элдин купулуна толгон да, толбогон да тасмалар жаралууда. Учуру келгенде иргелип отуруп сапаты мыкты тасмалар өз ордун табат. Бул темп менен кете берсек, бир канча мезгилден кийин Голливудду багындырган кыргыз тасмаларынын жаралаарына ишенем.
Жаркынай Кадыркулова





Кайда баратабыз?
Эмо, Гот субмаданияттары
Акыркы учурда шаарыбыздын айрым жаш өспүрүмдөрдүн арасында популярдуу болуп бараткан, стилдерди байкасаңыздар керек. Кеп учурдун модаларына айланган "Эмо" жана "Гот" стилдери жөнүндө болмокчу. Ушундай имиджди тандаган жаштар, улуу муунга өтө эле жага беришпейт. Анткени, көздөрүн карага боешкон жана пирстинг аталган майда сөйкөлөрдү каштарына, ээриндерине, мурдуларына салышкан улан-кыздарды жогорку муун өтө жактыра бербейт. Андай стиль айтылгандай эле экөө "Эмо", "Гот". Экөөнү эч качан алмаштырууга болбойт. Бул стилдер эки башка болгону менен жалпы окшоштуктары бар. Кара түскө басым жасашат. Готтор, эмолорго караганда кичине орой көрүнөт. Анткени, эмолор ачык түстөрдү кошуп кийинишет. Готтордун кийими жалаң кара болот.
Жаштардын ушундай кийинүүсүнө эмне түрткү болгонун изилдеп көрдүк. Эң биринчи алар уккан музыка, аткаруучулар Кыргызстанда жок. Ошондуктан батыштын эмо ырчыларын жактырышат. Мисалы дүйнөгө белгилүү Америкалык эмо ырчы Аврил Лавингдин күйөрмандары, сүйүктүү кумирине окшошууну каалашкандыктан имидждерин өзгөртүшкөн. Гот стилине деле ушул себептер түрткү болгон. Бирок, алар башка рок жылдыздарга болгон кызыгуусу күч. Эң популярдуу германиялык рок группа "Токio hotel", ушул гот маданиятынын мүчөлөрүнө кирет. Айрымдарына мындай имджди тандоосуна музыка эмес, кийинүү стилдердин оригиналдуулугу түрткү болгон. Балким сиздин балаңыз да ушундай имиджди тандоочу болсо, ага каршы чыгуунун кажети деле жок. Бирок, чегинен өтүп кетпеш үчүн алдын ала шарттарды коюп, пирстинг менен ашыкча машыктырууга тыйуу салып, өтө ачык кийинбөө үчүн алдын ала айтып кою ашыкча болбос. Эң негизгиси түшүнүү менен мамиле кылып койсоңуз, бул кызыгуусу көпкө деле узабайт.
Эмо стил жөнүндө кошумча маалымат
Эмо терминдин чечилиши "эмоция" деген интернационалдуу сөздөн келип чыккан. Тактап айтканда, эмоцияларын, окшошкон табитин (музыкага, өңдөргө, темир зерлерге ж.б.) кийинүүсү менен көргөзүп, чөйрөдөн айырмалануу деп түшүнсө болот. Ал эми бул стилдин пайда болушуна түрткү болгон 80-жылдардагы түзүлгөн Америкалык "Embrace" группасы деп айтылат. Анткени, алар гитара менен жай жана эмоциялуу лирика ырларын ырдашкан. Азыркы учурда бул стилдин жанданышына дем берген топ "Emotion Boys (EB)" тобу болгон. Тилекке каршы аталган топ бир гана альбомдон кийин чыкпай калган. Кийин бул стилдин актуалдуулугун байкаган менеджер-продюсерлер эмо имидждеги ырчыларды чыгара башташкан. Мода дүйнөсүнө да жаңы эмо бренд кошулгандыгы, моделерлер үчүн да жакшы пайда алып келген.
Чыныгы эмолор темир акссесуарлардын коштоосунда, кара түс менен күлгүн түскө басым коюшат. Чачтары кара, кыздардын көкүлдөрү кыркылган болот жана көздөрүн карага боешот. Балдар дагы (өтө кызыккандары) көздөрүн боеп алгандары бар. Макияжда көз кара өңдө боелгону, эмонун биринчи белгиси болуп саналат.
Гот маданияты тууралуу
Гот маданиятынын пайда болушу вампирдик түшүнүктөргө байланыштуу. Эң биринчи бул маданияттын келип чыгышына "The Hanger"( Эки заманбап вампир жөнүндө) киносу түрткү болгон. Ал кинодогу "Bela Lugosi's Dead" деген коштолгон ыр популярдуу болуп, гот имиджинин калыптанышына таасирин тийгизген. Ошондой эле дүңгүрөп жаткан панк стили басаңдап, кийин "кара панк" аталыштагы жаңы агым пайда болгон. Панк музыкасы, оор рок музыкага алмашып, гот стилдин башталышына алып келген. Эмого караганда гот стили агресивдүү келип,өздөрүн күңгүрт дүйнөдө жашагандай алып жүрүшөт. Бул стилдин эң популярдуу музыкалык өкүлдөрү "Tokio Hotel", "Расмус". Азыркы учурда бул гот маданиятына кошулууга таасир берүүчүлөргө кирет.
Гот имиджинин жалпы көрүнүшү, кара кийим, узун, түз бөлүнгөн кара чач, темир чынжырчалар. Кыздар узун көйнөк, юбка, балдар кара классикалык шым, узун плащ кийишет. Беттерин куп-куу кылыш үчүн атайын упа колдонушуп, көздөрүнө кара, ооздоруна кызгылт помада коюшат.